— Алла деп атка мингенде, Алыскы жолго киргенде, Уктап уйку канбайсың, Уучтаган колду жазбайсың, Азык ичип көчпөйсүң, Ат чалдырып өтпөйсүң, Жол жүрүүгө кандайсың? Өгүз өтмөк, тай өтмөк, Өрдөшүнө барганда, Кол эсебин алганда, Жанбашың жерге тийгизип, Жай аласың ошондо, - Айчыгы алтын кызыл туу, Асмандата аштады, Айсарала алкынып, Алакең жолду баштады, Тырмактай чырым алганы, Тизгинин бура тартпады, Ат жабдыгы жаркылдап, Айкөл жүрдү балкылдап, Артыкча сүрдүү көргөнгө, Артында колу калкылдап. Көз чымырын албастан, Бутун сунуп жатпастан, Бели ооруп зыркырап, Көчүктө дарман калбастан, Кылым кол бары кыйналып, Кыйын болгон убагы, Кыйла терси мурдатан, Кыргыл буга унайбы? Кырктын башы Кыргыл чал, Кыркында көпкөн жинди чал, Анык шайы чын кетип, Жүрө албаган дартынан, Онбашысы Бозуул, Каржалганда Кыргылдын, Айтып турган сөзү бул: — Ой, онбашым Бозуул Жаныма жакын дос уул,, Жадоочу чөлдүн бойунан, Алла деп атка мингени, Айдалып жолго киргени, Күнү кырк бир күн болду, Түнү кырк бир түн болду, Эсептесем экөөнү, Сексен эки күн болду, Селдей аккан аскердин, Үстүнө каран түн болду. Чырым уйку албадык, Чиренип бирден жатпадык, Чай кайнатуу деген жок, Чымындай даам татпадык. Атым Кыргыл болгону, Алтымыш жашка толгону, Мүңкүр кылган жалпыны, Мындай кордук болбоду, Бул бадирек кытайдын, Жаныма батты чоңдугу! Кылым түрктүн алашы, Кыйналган жаным карачы, Не болгондур байагы, Кыйынсынган Манасы?! Атагы түрк алашы, Айдалган күнүм саначы, Ал эмне ьболгонун билбейим, Акимсинген Манасы? Анда Бозуул кеп айтат: — Койгун, Кыргыл, — деп айтат, Жашы менен карыбыз, Кыйналып келет жаныбыз, Ошондой жарлык чыгарган, Ойрон Алма ханыбыз, Миң күнү жүрсө каржалбас, Манас экен залыбыз. “Бака, балык тили бир” Айкөл калбайт кабарсыз, Ашыкпагын Кыргыл чал, Айткан сөзүң пайдасыз! - Анда Кыргыл күүлөнүп, Боз уулга сөйлүнөп: — Кыйынчылык болду деп, Кырасыңбы колду деп, Кыйкырган бойдон барбасам, Кыркылып калсын сакалым, Кылымга калыш макалым! - Алдындагы Акборчук, Атын санга салганы, Бастырып кетип калганы. Жолуккан элден кеп сурайт: — Жолу каткан Манасты, Көрдүңөрбү? — деп сурайт: — Кеңгиреген Манасты, Көрдүңөрбү? — деп сурайт, Көргөн элдер кеп айтат: — Өрттөнүп өлсүн канкоруң, Өгүнү эле биздерден, Өтүп кеткен, — деп айтат. Билбегендер кеп айтат: — Бу кимиси? — деп айтат, Миңбашысы жок чалбы? Билинбеген шок чалбы? Он башысы жок чалбы? Ойротто жок шок чалбы? Азаматтан кем эмес, Айтор оңой неме эмес, Каңкорду карап элеңдеп, Катуу жүрөт тепеңдеп, - Артуу-артуу Сарыбел, Аркырап аккан сары жел, Арсактардан артылып, Бир белестен караса, Аккула менен албайып, Эки этеги салбайып, Алп мүчөсү көрүндү, Ала тоодой дардайып. Бараанын көрүп бакырды: — Бадирек Манас,токто! — деп, Баатыр Кыргыл чакырды. Кыргылдын үнү чыкканда, Кыйкырыгын укканда, Анда Манас ойлонду, Артын карап толгонду: “Ушу тушта деди эле, Күмсарынын ач бели, Ар жагында деди эле, Чоң Жолойдун көп эли. Сезип Жолой калганбы, Сандаган таңгыт атышып, Элге кабар салганбы? Ашыккандан Кыргыл чал, Мага жөнөп калганбы?” - Деп ошентип баатырың, Атын бура турганы. Кыргылдын ичи кызыл чок, Кыраан Манас баатырдан, Кыйышып калар жери жок: — Бадирек Манас, чоңдугуң, Баш жутуучу зордугуң, Качып жүргөн бир кулду, Калк бийлетип зор кылдың, Калың журттун барына, Капталдан кара шор кылдың! Эсепсиз, Манас, чоңдугуң, Эркиме койбос зордугуң, Элкин келген бир кулду, Эл бийлетип зор кылдың, Элибиздин баарынын, Эсинен кеткис шор кылдың! Жадоочу чөлдүн бойунан, Жазылып жаткан ойунан, Алла деп атка мингени, Айдалып сапар жүргөнү, Апта эмес ай кетти, Алмадай беттен нур кетти.. Суналтып бутту жатпадык, Суудан кашык татпадык, Катардан чыгып эркиндеп, Карыш жерге баспадык, Кан азайып тамырда, Каржалып өлө жаздадык. Теңөөсүз балбан ханыбыз, Биздин темирден эмес жаныбыз, Айыпка мени буйурсаң, Али эле канжар салыңыз! Алтымыш аша жашадым, Агарды куудай сакалым, Мындай шумдук көрбөдүм, Айдоодо жүрүп өлгөнүм. Кара нээт калмак кул, Каршылык иши мына бул, Каршылык эмес не болду, Калкыңан кайрат жоголду! Узун сапар кылууга, Уруштурбай Кытайга, Убара кылбай кырууга, Алмаң ичте бекинип, Алыстан бизди айдады, Арстаным Манас, билбейсиң, Ал ушундай жайлады! - Кырданып барган Кыргыл чал, Жайылданып алыптыр, Жанынан кечип калыптыр, Кыраан Манас баатырга, Кыйла сөз айтып салыптыр. Анда Манас кеп айтат, Ачууланып бек айтат: — Жайылып койдой баспайсың, Түшкүчө төрдө жатпайсың, Кезеги келсе ушундай, Кенедей даам татпайсың! Өлүм менен өмүрдүн, Ортосунда жаныбыз, Айланабыз бүт душман, Алыс калган шаарыбыз. Койгун, Кыргыл такыр, — деп, Тим жүргүнүң акыр, — деп, Жашы менен карыбыз, Ушул келген барыбыз, Кыйрагандай сөөктөр, Кыйналып келет жаныбыз, Кандуу майдан белеги, Кайдан келет жабырсыз?! - Атын санга салганы, Балтырып кетип калганы. — Жарабады сөзүм, — деп, Акырайа бир тиктеп, - Эртеден кечке чапкылап, Чаңга толду бетим, — деп, Катуу жүрүп ашыгып, Ооруп калды көтүм, — деп, Казатың менен куруп кал, Калмагың менен чирип кал, Кытай, кыргыз кырылып, Бардыгың жерге кирип кал! - Муну айтып кобурап, Туруп калды Кыргыл чал. Муну мындай салыңыз, Онбашысы Бозуул, Андан кабар алыңыз. “Бул жоболоңдуу чал эле, Жолтоосу кыйла бар эле, Жоголуп кокус кетер, — деп, Жолтоосу мага жетер, — деп, Калабалуу чал эле, Калбасы кыйла бар эле, Качып кокус кетер, — деп, Калбасы мага жетер” — деп, Тогузун айдап топулдап, Артынан жүрүп сопулдап, Жолуккан элден кеп сурайт: — Жолу каткан бир чалды, Көрдүңөрбү? — деп сурайт. Жолуккан элдер кеп айтат: — Эми эле бизден өттү, — деп, Алмамбет менен Манасты, Аралаш сөгүп кетти, — деп. Жете келсе Бозуул, Кыргыл турат кеңгиреп, Кырданып келип Бозуул, Кыйла жаман сүйлөнөт: — Онбашы деген улукмун, Ушул бүгүн мен сага, Оңой болуп турумун, Оолугуп жалгыз бастырсаң, Байлатып алып урамын! Өлсөң өзүң өлө кой, Өлүмдү сонун сен көрсөң, Кыйаматты көрө кой! Өлүгүң жерге таштабайм, Өзүмө калба баштабайм. Как белиңден бүктөйүн, Алдыңдагы Акборчук, Арта салып жүктөйүн, Кутулдум зөөкүр бир чалдан, Кудай шүгүр шүк деймин. Өгүз өтмөк, тай өтмөк, Өрдөшүнө барганда, Кол эсебин алганда, Эсебиң эсен беремин, Эгер андай кылбасам, Манастан балээ көрөмүн, Ажалдан мурда өлөмүн, Каарына калып ким жүрсүн, Хан Алмамбет төрөнүн. Өлтүрсөм башың алармын, Өктөгө өзүм калармын, Кыргылымды өлтүрүп, Кыйынсынып кеттиң неге? — деп, Кыраан Манас баатырдын, Кыйыгына калармын, Кыйаматка барганча, Кылайган тешик шоола жок, Туйугуна калармын! - Анда Кыргыл кеп айтат: — Болду, Бозуул жолборсум, Күмжам болор жеримде, Күйө турган жолдошум, Онбашыны чыгарган, Ойрон кытай оңбосун! - Муну койо туруңуз, Манас менен Алмамбет, Эми алардан кабар угуңуз. Атагы чыккан кыргыздан, Айкөл Манас арстан, Күндү катка салыптыр, Күн эсебин алыптыр, Түн эсебин алыптыр, Түндү катка салыптыр, Кыргылдын айткан сөзүндөй, Сексен күн болуп калыптыр. Айчыгы алтын кызыл туу, Асмандата аштаган, Кол баштаган Алмамбет, Сарала менен теңселтип, Жол баштаган Алмамбет, Алмаңдын көрүп караанын, Арстан Манас акырды: — Алмамбет! — деп чакырды, Ач кыйкырык асманда, Ак келтедей чаңырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.