← Манас 6/6

Баатырдын үнүн укканда, Бакырыгы чыкканда, Алмамбет кайра толгонду, Ар түрдүү акыл ойлонду: «Ушул тушта болчу эле, Күмсарынын ач бели, Ар жагында болчу эле, Чоң Жолойдун көп эли. Капталдан чыгып алганбы, Атышып калба салганбы? Ашыккандан баатырым Мага жөнөп калганбы?» Чачылып Алмаң санасы, Чатыркөлдөй чайпалды, Аккула минип калкайып, Арстан жетип барганы. Арстан Манас кеп айтат: — Ой, Алмамбет, — деп айтат, Жадоочу чөлдүн бойунан, Алла деп атка мингени, Айдалып жолго киргени, Күнү кырк бир күн болду, Түнү кырк бир түн болду, Эсеп кылсам экөөнү, Сексен эки күн болду. Андан бери карасам, Айландыра санасам, Азык ичип көчпөдү, Ат чалдырып өтпөдү, Уучтаган колду жазбады, Уктап уйку канбады. Көпчүлүгүн карасам, Көшүүн тартып алыптыр Жол жүрө албай калыптыр, Уйкуда көзү сүзүлүп, Өлүүчүдөй үзүлүп, Уктаган көп шылкылдап, Уйкунун же деп дартынан, Жүрө албаган себептерден, Чыга тартып артынан, Артып жүргөн андан көп, Мине албай атка өбөктөп, Өйдө бол деп жөлөктөп, Антип жүргөн мындан көп. Аскерге көңүл бөлбөсөк, Али бир күн жол жүрсөк, Кол кырылып кетер дейм, Убалы бизге жетер дейм, Кондурсак бүгүн бекер дейм. Байатадан карасам, Кыргыл чал арып калыптыр, Кыйар бала Бозуул, Онбашы болуп алыптыр, Өлөмүн деп арз айтып, Өткүр Кыргыл дарт айтып, Не дегенин билбедим, Тим жүргүн деп тилдедим, - Анда Алмамбет кеп айтат, Арстанга бек айтат: — Жарабаса жаралгын, Жалган болсо хандыгым, Хандыгын алып тойсоңчу, Качып жүргөн бир кулду, Калабалуу жумуштан, Калас кылып койсоңчу! Өтпөс болсо өкүмүң, Экөө болсо өкүмүм, Өкүмүм алып койсоңчу, Өлөт экен Кыргыл деп, Өкүрүгүң тойсоңчу! Ырас – чыным айтканда, Кылымда мындай кол болйбойт, Кыргыл чалың өлбөсө, Кыйаматты көрбөсө, Кыргыздын иши оң болбойт! – Атын санга салганы, Ачуусу менен Алмамбет, Алдыга кетип калганы. “Кудай бардыр, Кыргыл, — деп, Кыргыл доңуз кылдың! – деп, Кыргылдын тилин алам деп, Кыраан баатыр Алмамдан, Дегеле жаман сындым” – деп, Арстан Манас албайып, Туруп калды далдайып. Эр Алмамбет баатырың, Алдына минген Сарала, Кулжадай башы кылдылдап, Кундуздай жүнү жылтылдап, Баладай жалы балкылдап, Учкан куштай калкылдап, Маңдайыңда кашкасы, Айга окшош жаркылдап, Туйагын жерге мылгытып, Тумарын көккө ыргытып, Аз жүрүшпөй мол жүрдү, Жана он алты күн жол жүрдү. Кобулдуунун өзөнгө, Конулсун деп шол жерге, Баашалык доол кагылды, Капчыгай ичи жагырды. Кудай берип салды, деп, Кулап жүргөн андан көп, Аттарына карабай, Сулап жүргөн мындан көп. Аттарын киши тутпады, Акырет кетчү немедей, Аңтарып көзүн уктады. Айаттын кара суусуна, Ат чубады ушуга, «Ай! айлап» Алмам тоскону, Тосконуна болбоду. Жадаганда Алмамбет: — Каңгай, каңгай, каңгай! — деп Калдай, калдай, калдай,” – деп Кадимкидей бакырды, Каңгайча ураан чакырды. Каңгайдын атын укканда, Калдайлап уран чыкканда, Уйкулуу көзүн ачыптыр, Карбаластап калыптыр, Жыгылып мүргүп турушуп, Кочкордой маңдай койушуп, Далдастап булар турганда, Алмамбет кылды жарлыкты: — Ат–атыңды карма! – деп, Арам өлгөн кырылгыр, Анан жатып жырга! — деп, Баландын аты жоору деп, Жолдошуна ошонун, Тийет экен оору деп, Оң кулагым укпасын, Угуучу болсом, калайык, Билесиңер өзүңөр, Жаныңдын тирүү чыкпасын! – Аттарын аскер байлады, Алмамбет көөнүн жайлады. Черүүнү баары күбүрөп: — Кудай бардыр калмак, — деп, Ушинтип жүрүп бул калмак, Барыбызды кырмак, — деп, Аскер жатып калыптыр, Колдун баары жалпайып, Уктап жатып алыптыр. Алмамбет баатыр ошондо, Аскерден көөнү жайланып, Жанына доол байланып, Күн эсептеп, ай санап “Кырмузшаанын Мурадил, Ханга ылайык келбети, Кароолчу эле бир чети, Кызыларттын Сеңирге, Жылда бирден келүүчү, Келген маалы болуптур, Кетүүгө күнү толуптур, Бачымраак барсам, — деп, Басташып жүргөн капырдын, Башын кесип алсам, — деп, Андан кийин Бейжинден, Бейкут чалгын чалсам” – деп, Ойуна түшүп ушул кез, Жолго түштү бачым – тез, Айалдабай жол жүрүп, Ат айабай мол жүрүп, Орчундун кызыл суусуна, Алмамбет жетип караса, Казанбактай кара таш, Суу түбүндө калдырап, Үзүктөй болгон ак муздар, Суу үстүндө калкылдап, Түрүлүп көбүк буу агып, Түрмөгү менен чөп агып, Таштын башы коройуп, Аттай, төөдөй балыктар, Серпинди менен ар жерде, Өлүп жатат торойуп. Чоңдугун суунун билбеди, Сараланы камчылап, Чуратып сууга киргени. Кирген кезде жоголуп, Бара түшүп оңолуп, Ортосуна барганда, Алы келбей калганда, Сарала ат акты улактай, Алмамбет барат тумактай, Салаңдай түшүп Алмамбет, Суулуктагы төнөлүк, Сол бармагын өткөрүп, Ит балдак уруп алыптыр, Сараланы жетелеп, Кашатка чыга калыптыр. Султан Алма баатырың, Чоң Бейжинде турганда, Солкулдап турган жаш чакта, Сууга кирип жүрчү экен, Суунун жайын билчү экен. Суксур мойун Сарала ат, Силкинип суусун жайбаңдап, Султан Алмаң ошондо, Суудан чыкты саламат. Булуту жок, күн ачык, Кийимин жайып кургатып. Бешимде Алмаң барыптыр, Мелчемдүү жерди чалыптыр, Шашып келген душманы, Шашкеде кетип калыптыр, Жаткан жерин караса, Жаадан калган огу бар, Канжадан кырып таштаган, Жолум үйдөй чогу бар. “Кез алдынан каапырдын, Бир чыкпадым акыр, — деп, Талабым келбей такыр, — деп, Чамбыл ала чаң кылып, Кызыл ала кан кылып, Кылычтап башын албадым, Сонун күлүк аттарын, Топтоп айдап барбадым, Соогат деп элим талашса, Калбайт эле арманым?”

Деп өкүнүп бир далай, Жол аруусун билгени, Жолуна Алмаң киргени, Кайта келип Алмамбет, Жараганы керекке, Алдындагы Сарала, Аса байлап терекке, Башына мамык жастанып, Жатып калды жай алып, Муну мындай таштайлы, Коңурбайдын сыйкырлуу, Кароолунан баштайлы.