← Манас 1/3

Хандардын келиши, Бакайдын хан болушу

Таң агарып атканда, Тараза жылдыз батканда, Сүзүлүп таң бозоруп, Супа салган чактарда, Арстан Манас баатырың, Уйкусунан ойгонуп, Ордунан туруп толгонуп, Эшикке чыгып айкөлүң, Даарат алып жатканда, Түрсүлдөткөн бир аттын, Дүбүртү кирди кулакка, Кылчайып артын караса, Ажыкеңдин Карткүрөң, Байлануу турат кадаада. “Келген экен Ажым, — деп, Койо элек отко экен, Сууду бекен деги?” – деп, Басып барып карады, Чылбырынан кармады. Чыйралып чылбыр калыптыр, Сууп калган экен, деп, Ээрин Манас алыптыр. Жүгөнү менен ноктосун, Шыйрып алды башынан, Арам өлгөн Карткүрөң, Башын жерге салбастан, Куйругун салып сыртына, Ойноп кетип калганы, Арасы алты күндүк жол, Үйүр болгон аттарга, Тоо башына күн чала, Ошого жетип барганы. Укмушу бар ушундай, Байыркынын малдары, Ажыбайдын Күрөңүн, Манас отко койгон, деп, Айтылып ушул калганы. “Кара мүртөз кан ичме”, Деп айтууга эп келбейт, Минтип турган Манасты. Аңгычакты болбоду, Ажыбай дайны дуу болду, Ал–жай сурап билүүгө, Ак ордого эл толду, Күн жабыкка түшкөндө, Ажыкең чочуп ойгонду. Желбегей чапан жабынып, Эки жеңи салынып, Эр Манастын үйүнө, Басып кирди далыйып, Кыраандын баары ошондо, Кырка отурган кырк чоро, Эшиктен бийи киргенде, Бары турду дүрбөшүп, Улуктугун урматтап, Төрдөн орун көрсөтүп, Төрөлөр жакка өткөзүп, Аш-тамагын татканда, Дастарконун жыйганда, Манас турду муну айтып: — Кана, баатыр Ажыбай, Келдиңби эсен көөнүң жай? Жумушуң жөнү кандайча, Бардыгын айткын жашырбай, - Ажыбай анда мындай дейт: — Буйрук кылып кат берген, Бузулбас баашам сен болсоң, Буйрук алып колума, Булуттан күлүк ат минип, Барган киши мен болсом, Барбачу киши болобу, Барбаган ойго койомбу, Жети күндөн күн болжоп, Билермендик мен кылдым, Бул күнөөмдү арстаным, Кечирсеңиз болгону. — Андай болсо, Ажыбай, Айбанбоз күлүк мингиниң, Ашыга жолго киргиниң, Алты сан кара ногойду, Эстек, нойгут ошондо, Койбой баарын жыйнагын, Кой семизин ылгасын, Алыстан келчүү хандарды, Конок алсын, сыйласын, - Анда Ажыбай баатырың, Ачып көзүн каранып, Алдынкы ээрдин жаланып, Айбанбозду алдырып, Үстүнө токум салдырып, Айылдан чыкты кайрылып. Арыгансып калбастан, Ажымдын артып өнөрү, Кеңкол өөдө жөнөдү, Шылтоологон эмесин, Камчыга шыбап бөлөдү. Кочкоруна асемдеп, Кош коңгуроо тактырган, Козголбогон эчен бай, Кокуйлатып сабаган; Текесине тектеп, Тел коңгуроо тактырган, Термелбеген нечен бай, Телпеңдетип сабаган, Кайаша берген эмесин, Чоң Кеңколго камаган. Жакып байга караган, Жаакташка конду эле, Бакай хандын конушу, Майбулакта болду эле, Жамгырчыга караган, Жайылмада болчу эле, Текечинин конушу, Тетиги турган кең Тескей, Шыгай хандын элдери, Чоң артууну жээктей, Бир келки аппак жабуусу, Эр Чубактын айылы, Карабуура, Чаткалдан, Алмамбетке караган, Жергенин Сарыталаага, Жергелеп тартып конду эле, Шык алып ногой толду эле, Капсалаң менен күн өтүп, Хан келер кези болду эле. Сүйлөгөндөн эринген, Жеңилген нечен мырза көп, Желбегей чапан жамынган, Жеткилеңдүү жаштар көп, Тоту куштай сыланган, Кыргоол сындуу кыздар көп. Муруту чыгып келе аткан, Керилген жаадай улан көп, Атка бергис кунан көп, Кызга бергис жубан көп, Жасалгалуу үйү көп, Салтанаттын түрү көп. Эртең хандар келет деп, Эл күтүнүп турганда, Суусамырдын белинен, Дүркүрөгөн чаң чыгат, Асманда мунар буу чыгат, Будургуган булуттай, Ак асаба туу чыгат, Алдынан тосуп караса, Коркуп калган Кокондук, Аргымагын кекейтип, Көк кебичин тепейтип, Жүргөн экен жол менен, Айры сакал Сынчыбек, Алтымыш санча кол менен. Кол эсебин алды эле, Колду катка салды эле, Баштан барып Сынчыны, Шыгай хандын айылына, Бир түшүрүп жанды эле, Үй башына эсептеп, Үчтөн конок алды эле, Айылдын көбүн мындан бил, Чайканды болбой калды эле. Артынан хандар чыкпады, Ал түнү жатты, таң атты. Абаң Бакай кеменгер, Алмамбет, Чубак эки шер, Сыр найзадай койкойгон, Сырттан Сыргак кайран эр, Аттарын алып токутуп, Дайарданып турду эле. Аңгычакты болбоду, Бурананын белинен, Булуттун алды четинен, Буркураган чаң чыгат, Бөлөк-бөлөк туу чыгат, Кой маараган сыйактуу, Кулакты жарган дуу чыгат. Алдынан тосуп караса, Айбаты элден башкача, Элеман байдын Эр Төштүк, Жетимиши санча кол менен, Кара жерди сойултуп, Жүргөн экен жол менен. Алдынан тосуп күтүнүп, Алып келип Төштүктү, Жамгыр чыга түшүрүп, Черүүнүн санын алышып, Чоң дептерге салышып, Үчтөн кылып бөлдү эле, Айылдын көбүн андан бил, Мага кана конот, деп, Таарынгандар болду эле, Төө жайлоонун белинен, Калкылдаган кол чыкты, Кара кочкул чаң чыкты, Абакең Бакай алкылдап, Алмамбет, Чубак шалкылдап, Алдынан тосо барышты, Арстан Сыргак жаркылдап. Кендирбайдын Керкөкүл, Жаңыдан колун кураган, Жалманган жоодон жанбаган, Табы күчтүү кор экен, Тамылжып турган зор экен, Ээрчитип келген кишиси, Жыйырма беш сан кол экен. Кол эсебин алышты, Эсепти катка салышты, Текечинин айылы, Ошого түшүп калышты, Катардагы ар бир үй, Үчтөн конок алышты. Эшилменин кумунан, Сурнайдын үнү чуркурап, Асман туман буркурап, Абаң Бакай кеменгер, Алмамбет, Чубак, эр Сыргак, Алдынан тосуп караса, Кулетендин эр Агыш, Токсон бир санча кол менен, Келип калды котолоп, Керүүлөй тартып жол менен. Кол эсебин алышты, Колду катка салышты, Эр Чубактын айлына, Баштап жүрүп калышты. Төө тыныштын тараша, Көз жүгүртүп караса, Кернейдин үнү барпылдап, Асабалар каркылдап, Алкынып турган аттары, Алтындуу саадак жаркылдап, Казактардын хан Үрбү, Келген экен жол менен, Жетимиш беш сан кол менен. Колду катка салышты, Кол эсебин алышты, Таарынып жүрчү эле, деп, Жакыпбайдын айылына, Жапырт баштап барышты. Аңгычакты караса, Капканын кара тоосунан, Уйулгуп чаң созулду, Учу бирге кошулду, Алмамбет менен зор Чубак, Ач жолборстой эр Сыргак, Алдынан тосо барышты, Абаң Бакай жол баштап. Буудайык хандын Музбурчак, Сакалы келген бир кучак, Саадагы күмүш, карк алтын, Салтанаттуу көп казак, Жеткен экен жол менен, Сексен төрт санча кол менен, Кол эсебин алды эле, Колун катка салды эле, Өзүмдүн досум дегенсип, Көк жоргосун түйүлтүп, Куйругун жерге шүйүлтүп, Баштап Бакай жөнөдү.