← Манас 3/3

— Айаштар, келдим бул жерге, Кебим бар айтар силерге. Кырк бир тамда зары бар, Арстан тапкан көп дүйнө, Бузулду пейли баатырдын, Көз жеткис жерге жөнөргө. Ушул келген элдерде, Аттуусу бар атсыз бар, Аты арык, чабал бар, Жону жоор жаман бар, Кабыргадан эт качкан, Карс муун болгон кары бар, Тор эти толбой шылкылдап, Кемирчек муун жашы бар. Аттан алсыз болгонун, Абыдан байкап баксаңар, Тоодо жүрүп кор болгон, Башынан нокто тийбеген, Токсон миң бизде субай бар, Семетей жаш ат минер, Ылайык деймин ушулар. Андан кала бергенде, Алдуусу бар алсыз бар, Камдуусу бар, камсыз бар, Пулдуусу бар пулсуз бар, Телегейи тең эмес, Жетиги бар кеми бар, Андайларын чогултуп, Өзү тапкан дүйнөсүн, Садага кылсак ал кандай? Аман болсо Семетей, Андай нечен табылаар, - Кара калпак кыргагы, Кабыландын Сыргагы, Каныкей сөзүн макулдап, Кадимден маш эр Сыргак, Калтырбай кебин бүт жазды. Борончуну чакырып Кагазды ага тапшырып, Керней менен сурнайын, Экөөн бирдей тарттырып, Жалпы журтка жарыйа, Жаздымы жок айттырды: — Топ эшиктен кирбесин, Турнадай сапка тизилсин, Аппак экен жакшы деп, Күмүш алып албасын, Байланып жүрүп ат жооруп, Балээге башын салбасын, Бир табактан зар алсын, Эки табак албасын, Эки табак алам деп, Чыгар жерге барганда, Уйат болуп калбасын. Аты жогу ат алсын, Аты жоору дагы алсын, Аты кары жаш алсын, Кармап берер киши жок, Көрсөтүп туруп агытып, Кошуп ийип ат алсын. Ат алчуулар таң эртең, Дайардалып шайлансын, Кардыгачтын кыпчактан, Ошол жерден кармасын, Ат алганга мен бармын. Казынан оозунда, Кирер жерде Алмамбет, Чыгаар жерде Чубак бар, Келгендер муну байкасын, - Сыргактын сөзүн угуптур, Борончу кабар кылыптыр, Алтын алчу немеси, Кырк миңге саны толуптур, Ат алчуусу отуз миң, Мындай сонун болуптур. Эртең менен болгондо, Эл жайыкка толгондо, Казыначы куу жигит, Чимирик болгон кол ийик, Кашына Каныш ээрчитип, Кайырма жака киш ичик, Желбегей Каныш жамынып, Эки жеңи салынып, Казына оозу ачылды. Чубап кирди бир-бирден, Бир табактан алтынды, Салып алып сүйүнүп, Чыгып жатты кужулдап. Кызыл алтын жанында, Табагы кызыл алтындан, Сары алтындан жанында, Табагы сары алтындан. Күн бешимге барганда, Келбей киши калганда, Каныкей келип караса, Кырк тамдагы казына, Алты тамды бүт алган, Жетинчи тамдын төрүндө, Жыйган жүктөй зар калган, Андан башка казынага, Адам басып барбаган. “Алган менен жетөөнүн, Түбү куру калбаптыр, Түбү жаман болбойт го, Түртүшкөн душман болбойт го, Теги куру калбаптыр, Тебишкен жоосу оңбойт го” – Деп ошентип Каныкей, Шыбырап алды билгизбей. — Укурук тандап салды, — деп, Отуз миң ат алды, — деп, Сыргак айтып жеткирди, Черүүнүн санын аныктап, Дептерге салып бекитти. Эртең менен зор Бакай, Айкөл шерди баш кылып, Он төрт ханды жан кылып, Кеңеш үйгө киргизип, Айтты сөзүн билгизип: — Атым Бакай болгону, Чогулуш мындай болбоду, Чогулушкан черүүбүз, Элүү төрт илек толгону, Бейжинге барып келгиче, Баш кишиңер ким болот? Азаматты бекитпей, Армандуу болуп калбаңар, Айткыла ушул майданда, Аркада өсөк жайбаңар, Абалдашып азыраак, Аңгеме куруп алыңар, - Анда Манас муну айтат: — Андай болсо угуңар, Улуу-кичүү баарыңар, Хан көтөрсөк Үрбүнү, Жарайбы сизге бул кандай? Менинмче мунун жөнү бар, - Жабылыша чур этип: — Болду, болду, — дешти эле, Анда Үрбү алдырап, Буларды айта кетти эле: — Акылым менин аз эле, Өз тууганым каз эле, Көрүнгөнгө тороңдоп, Көп киши мага жат эле. Атты чабат таптаган, Алысты көрөт чактаган, Акмактардан экемин, Абалын билбей мактанган, Мен көрбөгөн жер экен, Мен билбеген эл экен, Ушул ирет хандыкты, Бергенибиз чын болсо, Абаң Бакай карыны, Хан көтөрүп алалы, Карып калган кезинде, Абакемдин көңүлүн, Бир көтөрүп салалы. Айкөлгө жаккан иш болсо, Айтканыңар чын болсо, Алып калсак Бейжинди, Бир күн да болсо тагын бер, Бейжинде элдин ханын бер. — Бул айтканың акыл, деп, Сөзүңө Үрбү, макул, — деп, Тууга желек байлады, Турган жерде Бакайды, Хандыкка минтип шайлады. Тогуз миң төөгө тон артып, Тогуз миң төөгө дан артып, Тогуз миң төөгө ок артып, Төрт тогуз миң котолоп, Бейжиндин жолун төтөлөп, Абаң Бакай белендеп, Чубатып жолго салыптыр, Коргонуна барыптыр, Ордо баккан жигиттер, Баатырдан кабар алыптыр. Арстан Манас эр айтып, Ордо баккан элге айтып, Калганын түбүндө, Катар сайган терекке, Алтымыш аркан салдырып, Айабай мыктап таңдырып, Сандолун деген замбирек, Ак курчтан соккон сайлатып, Копурук салып козготуп, Өз ордуна токтотуп, Колодон сүмбө урдуруп, Куржун башы дарыны, Кулагына куйдуруп, Коло чойун, коргошун, Жаткан уйдай огу бар, Ичи кызыл дат болгон, Атпагалы көп болгон, Нуршапдар менен от берди, Атканда дүйнө солк этип, Чайкалды тоонун эгизи, Чайпалды көлдүн тегизи, Курма тамдар кулады, Төшөктө чалдар туйлады, Беймал тоок кыйкырды, Бешикте балдар ыйлады, Ат-атына жабылып, Аттанып колу чубады, Айылдан черүү козголду, Аттанууга чак болду. Шооруктун кызы Накылай, Эми акыл ойлоду: “Акборчукту жетелеп, Ак дейилди жабайын, Жолу кичүү болсо да, Хан баласы Каныкей, Атың менен тонумду, Катар тартуу кылайын, Сурап келип абамды, Өз колуман даам берип, Батасын алып калайын” Акборчукка Накылай, Жолборстон үртүк жаптырып, Ак дейилда, асыл тон, Аты менен кошо алып, Жетелеп келе жатканда, Каныкей калды жолгошуп, Тура калып Накылай, Алдынан утур жол тосуп: — Менин жолум улуу, акыл аз, Сенин жашың кичүү, элге баш, Баанайы менен баатырдын, Баарыга болдуң кадырлаш. Бактылуу менен байлашып, Багым өткөн, билбепмин, Күчтүү менен күрөшүп, Күчүм кеткен, билбепмин. Алдыңа атым тартулуу, Асыл тонум жабулуу, Алдыңа келдим Каныкей, Абамды бергин бир күнү, Биздин үйгө түнөсүн, Күнү да болсо бейбагың, Тилесин андан күнөөсүн, - Каныкей анда мындай дейт: — Келгениң чын, эжеке, Жалганы жок кебиңде, Үйүңө барып түнөйт деп, Айта албайм дегеле. Жашырбаймын, жаппаймын, Чынын айтып барайын, Барбайын десе абамды, Баргын деп айта албаймын, Барамын десе туйтуңдап, Барба деп тосо албаймын, Сен экөөңдөй жалганды, Чындай айта албаймын, - Ушуну гана айтканы, Каныкей бура тартканы. ОлуйаКошой, зор Бакай, Эрмектешип олтурган, Кошой анда кеп айтат: — Кадимтеден сырдашып, Кана, Бакай курдашым, Байатадан бир ишти, Байкабадың, туйбадың, Ат жетелеп, тон алып, Ар жактан келди бир катын, Жолун тосуп алдынан, Утурлады бир катын, Туткатташты бир далай, Айтчы, Бакай, угайын, - Анда Бакай муну айтат:

— Эрегишкен эки күң, Экөө тең сенин келиниң, Кечөө Көкөтөйдүн ашына, Көп жыйындын башында, Хан Манас менен бир туруп, Каныкей бата алганда, Ичи күйүп Накылай, Арыптанып бир далай, Жалгандан кеп курап, Алты жылы эр көрбөй, Салбар болду Каныкей, Ичинде болуп дүм өйүп, Манас жүрдү сыр бербей, Алмамбет келип Көкчөдөн, Алынды болду Каныкей. Хандар келип сиз келбей, Калган күнү кечинде, Жолунан тосо барам, деп, Батасын алып калам, деп, Жолуңду тосуп Накылай, Көчүп барды Оролмо. Туйунуп калып Каныкей, Кардыгачтын суусуна, Көпүрө салып ошондо, Напага салып өзүңдү, Алып келди үйүңө, Билсем деле билбесем, Бир жаңылыш кетпесем, Ат тартышып жүргөндүр, Сени сурап бул күндө. Аңгычакты болбостон, Каныкей кирип эшиктен, Карап туруп жүгүнө: — Шооруктун кызы Накылай, Баатырдын улуу зайыбы, Ат жетелеп, тон алып, Сизди сурап келиптир, Бир күн мейман болсо деп, Такилип кылып үйүнө, - Кыл мурутун кыйшайтып, Борсулдап күлүп хан Кошой: — Кекти берген каапырга, Кек сактабайт мусулман, Алыскы жолго барганы, Камынып калдык биз мындан, Кабыланды кошо алып, Бирге барып келели, - Байгамбардай зор Кошой, Мына муну дегени. Олуйа Кошой баш болуп, Накылайдын үйүнө, Конокко кетти он төрт хан, Муну мындай таштайлы, Айкөлүңдүн Бейжинге, Аттанганынан баштайлы.