← Манас 1/6

Манастын жети ханды чакыртышы

Казак-кыргыз чамалаш, Калган элдер аралаш, Калмак менен айылдаш, Капалда жатчу көп алаш. Жиберип колун Коңурбай, Алаштан башка уруунун, Бир кылына тийгизбей, Түк кишиге билгизбей, Түп көтөрө чаап алды. Өлтүрүлдү калбастан, Өлөсөлүү чалдары, Журтта калды тирүүлөй, Кызыл муштум балдары, Конушка куйун ойнотуп, Чөө бөрүдөй жалмады, Жакшыраак көзгө токтомдуу, Туткучтай эме калбады. Төөсүнө жүгүн арттырып, Толгоо салып тарттырып, Өзүнө койун айдатып, Болгунуң деп шаштырып, Айбаты бар жигиттен, Айдалган элге баш кылып, Эр-катындын ыктуусун, Иш кылуучу мыктысын, Келин-кыздын баарысын, Боз уландын жамысын, Жөөлөтүп айдап олтуруп, Кангайга сүйрөп айдатып, Эрлерин кул кылганы, Күң кылып кызын алганы, Өз жерине кетирбей, Тентитип айдап салганы. Он жылда араң жыйылып, Өлбөй тирүү калганы, Качып жүрүп самсаалап, Кыргызга жете барганы, жайдары Манас арстаның, Мындан кабар алганы. Алоокеден бер жакка, Калмактардын кылганын, Бирден бирден эске алды, Пейилинде кылды убада, Бейжинге чейин барарда, Менменсиген калчага, Бейпайлуу күндү салаарды. Бейкут жаткан жан сактап, Элге бүлүк не салды? Эртеси кечке ойлонду, Эми кандай кылаарды. Күн бешимге барганда, Эшикке чыгып баратып, Кылчайып туруп кабылан, Каныкейге муну айтты: — Ой, байбиче Каныкей, Сарамжал алып иш бүтүр, Эртең менен болгондо, Мен олтурган ордого, Такта олтурган хан келет, Таажысы бар жан келет, Эбегейсиз эр келет, Төрт тарабы тең келет, Качыргандан кан чыккан, Кармагандан жан чыккан, Кара кулак шер келет, - Каныкей айкын биле албай, Кайрадан жооп ала албай, Кылчайып артын караса, Кызыл-тазыл боо таккан, Кыдырата үй тиккен, Кырк чоронун айлы экен. Кыргый мүчө, кымча бел, Кырмызы көйнөк тасма бел, Барынча кийип буралып, Белдемчи белде чубалып, Хан баласы Каныкей, Кирип келсе айлына, Ырчы уулдун үйүндө, Чуркураган үн чыгат: Кечте, дешип кыйкырып, Кел бери деп чакырып, Кумалагын чачышып, Тиз бербейм деп качышып, Байымды жедим ат алып, Бол камын, деп шаштырып, Чатыраш менен чакмакташ, Жип катмай, чычкан жүгүрүк, Дымбырдым боло калышып, Ойноп жатат кутуруп, Каныкей кире маңкайып, Ойуна кедин кыстарып, Мындай деди тапшырып: — Эки жигит аттанып, Суусамырдын сыртында, Тескейде биздин субай бар. Алты айгырдын үйрүнөн, Ондон тандап бээ бөлүп, Кечки дигер мезгилде, Ордо баккан элдерге, Бүт тапшырып бериңер. Алтымыш болсун санаты, Кем болбосун карачы. Кайдасын казып кол бакыр, Жан казан ашын сагынып, Калган бейм ал баатыр. Алысыраак бир жерге, Сапар кылмак болгон бейм, Алакандай кыргызга, Азап кылмак болгон бейм, Кайра басып Каныкей, Көп дүйнөсүн карады, Ошондо арстан Манастын. Дүйнөсү ташып толгон кез: Алтыны аттын башындай, Ак жамбы сайдын ташындай, Кохары төөнүн башындай, Күмүшү какыр ташындай. От жакпаган он үй бар, Мейманкана беш үй бар, Ашманкана алты үй бар, Эт бышырган эки үй бар, Чоролор кирчү бир үй бар, Каныкейге караштуу, Баш-айагы жыйырма беш, Катар турган үй мындай. Айыл-апа жандардан, Келин-кызы барлардан, Чакыртып келип андайдан, Айуу талпак алдырып, Ала кийиз салдырып, Тикмелерин ачтырып, Түрлөмөсүн жаздырып, Бурчу келген жерлерге, Көмөрүп койгон чыныдай, Көрчөгөсүн бастырып, Карылар ордун, хан ордун, Калган жерден арттырып, Кара көрпө көлдөлөң, Тыштаган манат жайдырып, Зиркирете салдырып, Жаштар келчү жерине, Кара макмал, сур макмал, Байандоосун жаздырып. Түндүгүн түрпү тептирген, Керегесин керттирген, Айабастан жасатып, Абдан мыктап келтирген, Чамгарагы жылткалай, Заңгыраган чоң сарай, Санжыргасы бир далай. Жел боосу жез чынжырдан, Ыгы менен кылдырган, Баш босого сом алтын, Жан босого ак күмүш, Керегесин көктөбөй, Сары жез менен тээктеп, Төтөгөнүн этегин, Төрт эли кундуз жээктеп. Бастыргычы дейилда, Баардык боосун терген жип, Тегиричи кажары, Чийи жибек чырмалуу, Кырчоосунда чачысы, Мончоктору тагылуу, Сыпатын толук толтурган, Эшиктин тышын ойдурган, Бүркүт менен жолборстун, Сүрөтүн чегип койдурган. Анардай кызыл түндүгү, Кардай аппак үзүгү, Көргөн жанды таңдантып. Тигип койгон ак үйдү. Бекер күндөр болгондо, Төрөсү менен Каныкей, Төр жагында жатуучу, Аким-бийи бир жакта, Ойун ойлоп жатуучу, Ортосунда кырк чоро, Ордо салып атуучу. Эпчи жакта Тазбаймат, Казан асып жатуучу, Ошончонун баарысы, Жай-жай менен батуучу, Жыйын кылган мезгилде, Жети жүз адам батуучу, Ырасын айтсам учурбай, Үй чоңдугу ушундай.