Эмне болуп жатканын, Эшикке чыгып айкөлүм, Айлананы карагын, - Сен элечи Кыргылым, Мен элебес экемин, Канаке, чыгып карайын, Айланаң эмне экенин, — Эшикке чыгып эр Манас, Төрт тарапты карасы, Карада кыргыз эл турат, — Кубулуш кандай болгон? — деп, Көл жал турат кеп сурап. — Башы сыйкыр жумуш, — деп, Кыргыл айтты божурап, Так ошондо эр Манас, Муну айтып сүрдөнөт: — Сыйкырчылар ал кайда? Чакырып келгин маңдайга! - Алдырып келди Кыргыл чал, Ачып көздү жумганча. Ошондо Манас түрдөнүп, Кабак чытып сүрдөнүп, Сыйкырчыга акыйып, Ирмебей тиктеп чакыйып, Кеп баштады жапырып: — Оңолбогон шойкондор, Теңдиги жок иш кылып, Өткөндөгү сыйкырды, Ал да кылды сен кылдың, Эки тарап тең кылдың, Теңдиги жок ушундай, Мындай ишти не кылдың?! Ушулардын ичинде, Айыпкерсиң баарыңар, Айтчы теги ким кылдың? Дүйнө эли мунун укса, Маа кылбайбы чоң шылдың, Өчүң бар деп ханында, Өңгөнү өрткө таштаба, Кары-жашы, ажыз бар, Карегиңдей асыра! Адамга келген чыр болсо, Азаматы тың болсо, Капталдан кызыл кан кечип, Андан кырбайбы! - Толкундап Манас кеп айтты, Кеп айтканда бек айтты, Абаң Бакай кеменгер, Жагалмайдай айланып, Аксакалын жайкалтып, Айтып турган убагы: — Айланайын жан досум, Айтканга кулак сал досум, Теңин кылган иш эмес, Тетиктүү жери бар, досум, Сен кечинде келгенде, Беймаал жерден күн жаады, Кара нөшөр кар жаады, Кыйан алып кеткели, Кылкылтап барып тас калды. Сыйкырдын баарын чогултуп, Алакеңдин айтканы: “Сен да сыйкыр экенсиң, Көз менен көрүп мен билдим, Оогандын сыйкыр экенин. Кыргызды калып кар басып, Же болбосо сел алып, Айрылбайлы баарыдан, Айла менен кек алып. Кар жаадырдың аларга, Кыргыз калсын карада” Айтты эле Алмамбет, Он бир сыйкыр балага. Сыйкырдын баары ыкыйып, Билгенибиз ушу, деп, Турду баары шылкыйып, Билбей калдым канткенин, Эр Алмамбет сактады, Бул кыргызды иш кылып, Жолборстон чыкпайт жан жебес, Бөрүдөн чыкпайт мал жебес, Душман деген душман да, Чынаача сыйкыр кылаарда, Качан салган саа кеңеш? - Манас ачпай кабагын, Өзгөртпөстөн сыйагын, Алмамбетти ошондо, Эшиктен туруп чакырды, Ачуу чыккан үнүнөн, Алмамбет билди баардыкты,
Жай басып барды жанына, Угайын деп жардыкты. Айкөл көрүп Алмаңды: — Арстандын бири сен дагы, Чара издеп дикилдеп, Чабалдар табат айланы, Оогандын элин куткаргың, Өлбөсүн бекер кырылып, Майданга беттеп баралы, Теке маңдай турушуп, Уруш менен алалы, - Сөздү угуп Алмамбет, Анык арстан экен, деп, Айтып турду мындай кеп: — Зыйансыз болбойт ар жумуш, Зыйаны болот угуңуз, Кыргызга салып кыйынды, Баштады ооган сыйкырды, Эркине койсо ооганды, Кар менен чүмкөп талааны, Салбайбы бизге балааны? Сыйкырларды чакырттым, Жогун издеп таптырдым, Оогандыкка өнөрүң, Туйдурба деп тапшырдым. “Алың келсе душманга, Амал кылгын” деген бар, Айланы жумшап ар түрдүү, Токтотуп койдум ар кандай, Адамы сак оогандын, Ат жагында зыйан бар. Айтаарыңды билгемин, Ошондуктан ооганды, Түймөлөп жолун түйгөмүн, Топчудагы бүчүдөй, Түйүнүн чечип ийеин, - Деп ошентип эр Алмаң, Жайын айта койуптур, — Болуптур, досум болуптур. Мындан кийин түбөлүк, Мындай кылыш болбостур, - Алмамбет айтат: - айкөлүм, Айал кылып угуп тур, Күн чыгыштын баары шум, Эр белгиси бул эмес,
Керексиз элге ушунун, Кесирген кек болбосо, Кереги эмне уруштун? - Айтып болуп Алмамбет, Этегин желпип жиберет, Жердин бети карарып, Сел кеткен жок шар агып, Көөнү тынып оогандын, Күлүп калды жай алып, Чынаача калды чыдабай, Ат өлгөнгө арданып, Алайа күндү карады, Козу түш болуп калганы, Айтылуу сөзү эсинде, Анда кайдан жай алды? Кеңеш билчү бийлерин, Кептин жайын билгенин, Келтирип баарын Чынаача: — Кекейтип күлүк минейин, Кечикпей эми кирейин, Кабылан жерде кыргыздын, Кара боорун тилейин, Тизмегин бузбай келгенин, Тирсегинен илейин! - Деп ошентип баркылдап, Чынаача өкүм сөз айтат. Ишенбейм дегенсип, Мөтө чечен баш чайкап: — Атыраңдайт ар адам, Аттардан аттар басаган, Азаматты тим кордоп, Апыртма сөзгө уйалам. Күүлөнө берет ар адам, Күлүктөн күлүк басагаан, Кохардын барбай баркына, Күрпүлдөөгө уйалам. Чыңыртып дарга ассаң да, Чындыкты кантип жашырам? Сен турасың, Чынаача, Кыйратам деп алактап, Араң келдиң кечинде, Колу-бутуң шалактап, Көзүң кайнап тереңде, Кирпигиң топо, чылпактап, Сыйкырчыңа бакырдың, Атын атап чакырдың, Казаттын бузуп каадасын, Өзүң мурда чакырдың, Кымбаты болбой кыргызга, Калың журттун улуусун, Карга көөмп батырдың. Минерине бир жылкы, Калганы жок угуп кал, Кара аскердин баарысы, Жөө калышты салпаңдап, Жөө басып барсак калың кол, Бакма каздай талтаңдап, Аттуу алар турбайбы, Арстандай бир жалмап! Бекеринен темтеңдеп, Келгени жок сени издеп, Жедигер менен Кыйбаны, Талап алдың эки жыл, Анан келди намыс деп, Жөө болсоң да уруш деп, Бу айтканың кандай кеп? Оолугуп калсаң барарсың, Күчүң жетсе аларсың, Кабарын угуп жүрөбүз, Маңдайдагы Манастын. Азуулуу тиши батпаган, Айтылуу шери адамдын, Андан кокус жеңилсең, Анда кандай кылаарсың? Өзүң жатып ооганда, Коңурбай менен таанышып, Убада сөзүң байлаштың, Тынч жаткан кыргыз элине, Тийишип барып кол салып, Баатырдын көбүн жайлаттың. Өлүмдөн жокпу күмөнүң, Оолугуп барып катышып, Өлүп берип жүрбөгүн! Карчашып көрдүң кармашта, Жетпеди алың Манаска, Кандай айла табабыз, Алмамбет, Чубак, Сыргакка? Күрпүлдөйсүң алактап, Көңүл бурбай бул жакка, Эркиңе койбой эңкейтет,
Эрдиктин жолу ал башка, - Мөтө мындай айтканда, Шыбырак түшүп жалпыга: “Мөтөнүн сөзү чын — дешти, Улугубуз Чынаача, Ойлонбоңуз сиз, — дешти, Намыс кылбай кыргызга, Тартуу тармак беришип, Таарынышпай дос болуп, Жарашып калсак биз” — дешти. Угуп туруп Чынаача, Ачууланып аларга: — Барбагын мени дегендин, Байанын ойлоп мен билдим, Айаган кеп ал эмес, Ап-айкын чыкты бир элес, Пейлиңди билдим силердин, Кем чактапсың эрдигим, Кара тоодой карааным, Кайерде турат кемтигим? Тирүү туруп мал берип, Чынаача коркту дедирип, Кантип басып жүрөмүн? Ажалым жетсе өлөмүн, Арстан Манас дегенге, Көрсөтөмүн өнөрүм! Токугула атымды, Токтобостон жөнөймүн, Бар турса жаным көөдөндө, Багынууга өгөймүн, Башын кесип алмадай, Канын суудай төгөйүн! - Ачууланып Чынаача, Черүүсүнө акырды, Топ-топ болуп чубуруп, Майданга барды акыры, Аты жок черүү жөө чубай, Жүрөгү чыгып сандалап, Жаман түндүн битиндей, Келе жатат самсаалап.
Барча тоодой далыйып, Жоо жарагын салынып, Башына туулга көмөрүп,
Алдына чокмор өңөрүп, Өлүмдү койуп унутуп, Чынаача чыкты көгөрүп, Калканын тартып далыга, Чарайна чатып алдына, Аттанып чыкты камына, Аккула менен болкойуп, Арстан Манас зоңкойуп, Сырнайза колдо койкойуп, Көкжеке бутта чойкойуп, Эркештенип шаңданып, Туурага кылыч байланып, Эрениң найза карманып, Кырк баактыр турат жарданып, Чынаача менен бет келди, Салгылашаар кез келди, Чынаачанын кыйалы, Бүгүн алам деп келди. Апкаарытып шаштырып, Арбагын баштан качырып, Ала койсом экен деп, Чынаача тийди жапырып. Ийинде мылтык, колдо жаа, Ойрон болгон Чынаача, Чымырканып баатырга, Чындап найза урду анда. Элебей да, кенебей, Күркүрөгөн ооганды, Бучкагына теңебей, Зым-зым этип зымырап, Ай мейкин зоодой зымылдап, Какпай дагы жөн койуп, Карап турду зыңгырап. Отуз кулач чоң найза, Күч жыйнап урду Чынаача, Тараша кетип талаалап, Сынып кетти кырк барча. Кебелбей да, телтейбей, Чочугансып чекчейбей, Мелтиреп карап турганга, Чынаача батып убайга, Кыйын жумуш, мүшкүл күн, Болуп калды ооганга, Ачуусуна жеңдирип, Кылычын алды Чынаача. Айкөл Манас ошондо, Куланын башын урганы, Сырнайзасын ыргады, Ыдыгына Чынаача, Чыдап тура албады. Калкын карай калдаңдап, Качып берди далбаңдап, Аккула менен аргытып, Артынан чаңын баргытып, Элине кире бергенде, Как далыга бир койду, Минген аттын үстүнөн, Учуп кетти далп этип, Кайдасындай кара баш, Жерге тийди шалк этип, Тегеректеп каптады, Оогандын элин чур этип. Томолонгон Чынаача, Ыргып туруп ордунан, Өзүнүн кылып каадасын, Курун салып мойнуна, Олтура калды чөк түшүп, Эр Манастын жолуна. Көп өткөн мурда баатырлар, Алардын өзгө салты бар, “Суурулган кылыч кабынан, Сунган мойун кеспейт” деп, Ушундай жерде айтылган. Колунда найза арстаның, Бура тарта бергенде, Тоңкочуктап Чынаача, Таазим кыла кетти эле, Бастырып кетти айкөл шер: — Болду, баатыр, болду, — деп, Акылга дыйкан кеменгер. Ал аңгыча Чынаача: — Кеп билги, Мөтө, бешти ал, Кечикпестен жолго сал, Кабылан Манас төрөнү, Хан ордого баштап бар, - Киши койуп Чынаача, Мөтөнү элчи салганы, Чынаача кебин бүт айтып, Мөтө чечен барганы, Киши койуп Акун хан, Карап жүргөн жакынтан, Чынаачаны маа бер деп, Сурамак болуп Манастан. Акун хан менен Мөтөнү, Чынаачаны чакыртып, Акун ханга өткөрдү, Ал жерден алчу мүчөнү. Чынаачадан кеп угуп, Коңурбай менен Жолойдун, Жибек жүктөп, чай жүктөп, Миң төөсү келет, деп угуп, “Кербендин башы Көкчөкөз, Эки сапар ал мага, Келип кеткен көзмө-көз”, Бул кепти Манас дагы угуп, Көкчөкөздүн кабарын, Анык угуп бар жайын, Кубулжуп жүзү Манастын: — Курбалдашым, Акун хан, Алдынан тосо барайын, Көкчөкөздөн кек алып, Коңурбай менен Жолойдун, Чай, жибегин бүт алып, Анан келип Акун хан, Айлыңа барып жанайын, Чынаачаны, - эр Манас, - Акун ханга бердим, — деп, Мыкты болсоң, Чынаача, Дагы бир күн келгин, — деп, Ошол күнү дагы бар, Ошол Манас менмин, — деп, Көкчөкөздү көрсөм, — деп, Көксөп Көкжал желпинет. Муну мындай таштайлы, Көгөрүп калган Манастын, Көкчөкөздү өкүртүп, Жарганынан баштайлы.