Токтоно албай Чынаача: — Жүз элүү миң эл барсың, Бириң калбай каптагын, Алың келсе байлап ал, Тоодой болгон Манасын, Белгилеп болдум бул элдин, Колунан жумуш келерин, Айлаңар жетип, ал келсе, Тез болуп калса силерге, Чубак, Сыргак дегенин, Жана Сарала атчан бирөө бар, Элдин турат четинде, Байкашымча караанын, Арзан киши дебеймин. Белдүүсү төртөө көрүнөт, Белсенип жоого кирери, Кырктан ашык көрүнбөйт. Шол төртөөнү баш кылып, Кыркын түгөл байлап кел, Алдыңа салып байлап кел! - Деп бакырып Чынаача, Жарлык кылды калкына, Бүткүл ооган жалпыга, Асабанын баарысы, Кыргызды карай кылкылдап, Жылып келе жаткандай, Жердин бети былкылдап, Балбандын баарын торунан, Баардыгын бирдей агыткан. Астынкы ээрди шакылдап, Кулактары шалкылдап, Эркегинде айалча, Көнөктөй эмчек балкылдап, Мас болгон буура сыйагы, Тамандары тапылдап, Кудай бетин салбасын, Айтып бүткүс айбатын, Чакчалекей будуң-чаң, Аркада чаңы жөө туман, Оогандын эли каптады, Ошону көрүп Алмамбет, Мына бу болду айтканы: — Кыргыл баштап онуң кал, Абакемди сактап ал, Калган отуз ойулгур, Уккун кебим, оңбогур, Азык-түлүк чатырды, Асырап кал аныңды, Ок-дары менен тон арткан, Оорактагы баарыңды, Ажырашса азыктан, Кетирип койот шайымды. Байкадым баарын мен — деди, Чекелеп уруш кыл, — деди, Бейлеп турат оогандык, Чалынаарың тор, — деди, Энөөлүк кылсаң кокустан, Жатаар жериң ор, — деди. Чыйпы, Мыйтык, Чөндөкө, Кылжыр менен Күрөңкө, Биз билебиз сыйкыр, деп, Кыйкырасың тим күндө. Бешөөң бөлүн, чекке чык, Урушту байка көз салып, Чүмкөлсө кара тунарык, Келерин байка кандай ык. Оогандын Апы, Напысы, Андан башка сыйкыры, Чоң кастыкты кылбасын, Азык-түлүк чатырдан, Абаң Бакай баштаган, Ажырап калып жүрбөйлү, Кыргыл баштап кыркынан, Дайарданып сен бешөөң, Асманда учкан чымчыктан, Жерде жүргөн Коңурдан, Бирөөнү чала кармабай, Көзүңдү ачып байкасаң, Деп ошентип Алмамбет, Болду толук айтып кеп, Байкастоого кууларды, Белгиледи буларды. Кайнаган ооган эл келип, Байлоодо жатып бук болгон! - Баатырдан нечен эр келип, Агытып ийди үч пилди, Булаңдатып тумшугун, Дүмүрөңдөп жүгүрүп, Такыр баары бүт келип, Чуулдашат аламан, Бирине бири дем берип. — Алакандай кыргызга, Акыр-такыр салам, — деп, Ай-ааламдын бар кегин, Манастан бүгүн алам, — деп, Койколоңдоп талаада, Желип жүрөт Чынаача. Кырк миң торчу анда бар, Колунда кыйма чынжыр бар, Аларга мыктап жарлыгын, Берип жүрөт Чынаача: — Он миңден төрткө бөлүнүп, Төрт баатырга барыңар, Бирден тилди алыңар, Келтирип туруп кыйамын, Керилтип торду салыңар. Пил жетпеген бир топко, Пилден күчүм кем эмес, Мен Чынаача өзүм бар. Апы, Напы баштаган, Алтымыш барсың сыйкырчы, Бөлүнүп четте калыңар, Манас менен келгенге, Мени билбес жинди элге, Сыйкырды чындап салыңар. Олтурарга жай таппай, Жээрине нан таппай, Ачкалыктан кырылсын, Азык-түлүк, мал-мүлкүн, Ажыратып алыңар, Акыр-такыр заманды, Башына бачым салыңар! - Күпүлдөгөн Чынаача, Минген аты бир башка, Сопол куйрук, жыртак көз, Кызыл ээк, тайкы жал, Алдында минген бууданы, Ак чаар экен ыраңы, Ал качырдан жалгашкан. Жылкы окшобос бир жагы, Быкта бакай, тик туйак, Кууш көөдөн, шал кулак, Чуркаса куйрук шодоңдоп, Көзгө суук кодоңдоп, Чынаача турду булуйуп, Туу түбүнө бурулуп. Чубак, Сыргак бой уруп, Аралап кирди көп элге, Адам аккан бул селге, Торун топтоп кармашып, Тобу менен жармашып, Эр Сыргакка он миңи, Тегеректеп тор салып, Канча тордун ичинде, Сыргак калды капталып. Жойкумасын эр Сыргак, Кармай алып сабынан, Сууруп алып кабынан, Бир булгалап ийгенде, Чириген танап эмече, Быдырап баары сөгүлдү, Торлору бир жүз сексенче. Байлоодогу балбандар, Басташкан элди жаргандан, Экөө келип капташты. Жойкуманы кындады, Найзаны кармап ыргады, Өкүрүп атын сабашып, Ойрон Сыргак баатырга, Жетти булар жанашып, Качырып барып эр Сыргак, Кылт эте берди буйткарып, Калды булар адашып. Айланып артка болгончо, Аттарын сабап чойгунча, Капташа түшкөн бирөөнү, Как далыга муштады, Сыргак сайган оңобу, Эңкейсе өйдө болобу? Бул ааламдан жоголду. Куму сакадай быжырап, Дагы келип торгоду, Ыргытып жатат алыстан, Эчен темир торлорду, Акылы жок, айла аз, Байкаса Сыргак болжолду, Сырын билип сыздырып, Сырттан Сыргак жойлоду. Экинин бири энтеңдеп, Эми келди дектеңдеп, Ачып көрдөн алгандай, Жерден чыга калгандай, Желмогуздай жаланып, Жан-жагына каранып, Кичине барча дөбөдөй, Миң батман күрзү колго алып, Күркүрөгөн куушта, Жолборстой болуп үн салып, Беттеше турган кез болду, Келбеттүү Сыргак найза алып, Качырган ооган кара тоо, Качпай Сыргак бет алып, Кайнаган курттай чогуудан, Кабылды келип кол салып. Күүлөп урган күрзүсүн, Күчү менен чабаарда, Эр Сыргактын денесин, Жерге нандай жабаарда, Томолонуп атынан, Тар кезеңге тыгаарда, (Табылат айла эчен түр, Чегинен ашкан кыйарга), Жанагы кийин келгени, Кош колдоп күрзү шилтеди, Телкызылдын тизгинин, Тең кармап Сыргак силккени, Көнүкү болгон тулпары, Бута атым артка кеткени, Күрзүсү жерге киргени, Ыкшап тартып алганча, Баатыр көк жал жеткени, Жата тургун эми деп, Как өпкөнүн тушу деп, Эти жок такыр колтукка, Мылгытып найза жиберди, Ылдамдап копшуп имерди. Сөөктөрдү аралап, Өпкө-жүрөк жаралап, Аркы такыр колтуктан, Учу чыкты мулт этип, Алдында минген атынан, Оодарылды шылк этип. Оогандыктын эр Сыргак, Тор салар шайын калтырбай, Сайып кирди жүдөтүп, Жолборс көргөн маралдай, Качып берди дүрбөшүп, Кылчайып артын карабай, Караганга жарабай, Айбаты тайып жүдөшүп, Үйрөткөн пилин жиберди, Көрсөтүп эрен Сыргакты, Тебелеп аны кел, дешип, Тумшугунун учунда, Коргошун, коло аралаш, Орнотуп койгон чойун баш, Томураңдап пил келет, Дүк-дүк желип далбаңдап, Тумшугу анын булаңдап, Пилди көрүп эр Сыргак: “Адам эмес айбандан, Качып берсем уйат” — деп, Эшик эндүү ай балта, Кыйамына келтирип, Чабайын, деп, чокуга, Телкызыл ылдам, пил кашаң, Айласын мунун кылсам, деп, Карап турат кабылан. Буйдалбай пил жеткени, Булгалап мурдун шилтеди, Жазгыра берип чаптырбай, Жандай түшүп эр Сыргак, Чокуга койуп өттү эми, Пил толгонуп болгунча, Оролто тумшук сунгуча, Онду койуп жиберди. Пилдин башы кызыл кан, Пил түңүлүп жанынан, Кайра тартып калыптыр, Качып жолго салыптыр, Аркасынан эр Сыргак. Өчөшүп кууп алыптыр, Көрүп турган оогандык, Келе жаткан жолуна, Жер торду көптөп жайыптыр. Сыйкыр менен жасаган, Пилин торго албаган, Тогуз кабат темирге, Оролуп Сыргак эр калган! Качкан пилди кармады, Тордун учун байлады, Сүйрөтүп алып кетсек, деп, Аты менен Сыргакты, Билектей камчы кезешип, Пилди булар айдады, Сүйрөтүп жөнөй бергиче, Алмамбет келип калганы. Жүйрүндө берген ак шамшар, Ага сыйкыр өтөбү, Сыйкырдын күчү жетеби? Пилди ичке мойундан, Таарый чаап өттү эми. Сыйкырдын баары төгүлдү, Тордон Сыргак бөлүндү, Байкап көрсөм Сыргакты, Бир ажыдаар көрүндү, Белсенип турган оогандык, Бекерге каны төгүлдү. Күүсү менен найзанын, Көмөлөтүп баратат, Бет алган жагы чуркурап, Туш-тушуна тарашат. Акбалта уулу Чубакты, Жоо бөрүсү чунакты, Он миңче торчу топ болуп, Тегеректеп тап койуп, Эки балбан ороңдоп, Бир пили желип тороңдоп, Ортосуна алыптыр, Ыкыс берип калыптыр. Ойротто жок эр Чубак, Опол тоодой кайкалап, Жой болот кылыч-зулпукар, Сууруп кындан алыптыр, Суудай канын агызып, Шумдуктуу уруш салыптыр. Канча катар тор салды, Катары менен кыйратып, Калың жерге жол салды, Эрегишкен эки эрдин, Ээ дээрге алын келтирбей, Элине тирүү кетирбей, Эбин таап жалмады. Сойлотуп Чубак эрлерин, Пил менен калды булкушуп, Тарткандай улак жулкушуп, Тумшуктан Чубак алыптыр, Тумшугун сууруп ала албай, Туруп пили калыптыр. Сууруп алып канжарды, Мууздап пилди салганы, Пил менен жүрүп кармашып, Билбей өзү калганбы? Атаны кайран эр Чубак, Беш кабат торго байланды! Байлаган менен Чубакты, Алып кете албады, Болгун, тарткын, болгун, деп, Бабырашып жатканда, Баатырыңдын ач албарс, Ага сыйкыр даарыбас, Тирүүлүктө пендеге, Мындай сонун табылбас, Кынынан тартып алыптыр, Кызыл кыргын салыптыр, Бошотуп тордон ошондо, Кутулуп Чубак калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.