← Манас 1/4

Каныкейдин алынды болушу, Алмамбеттин Аруукеге үйлөнүшү

Эриккенде Алмамбет, Эрен Манас баатырга, Эрмектешип келем, деп, Атына минип алыптыр, Айлына Манас барыптыр. Аттуу туруп Алмамбет: — Арстан барбы мында – деп, Накылайдын үйүнөн, Эшикте туруп сурады, Үйдүн ичи ызы-чуу, Оңой киши угабы? Эшикке чыгып эсиркеп, Накылай анда мындай дейт: — Байбичеден баш булгап, Бастырмагы кыйын кеп, Баштагысы бир жөндүү, Маа жолобойт быйыл, — дейт, Бастырып андан кеткени, Карабөрктүн үйүнө, Хан Алмамбет жеткени. Чукул келди Алмамбет, Бир неме уруп дүмпүлдөйт, Баа-чаасы өтө арбындуу, Угулбай ачык күңкүлдөйт, Көрүм көргөн бакшыдан, Беш алтоо бардай кептенди, Аттуу туруп Алмамбет: — Арстан барбы мында? – деп, Эшиктен туруп кеп берди. Ал Карабөрк катыны, Даңкайып чыгып акыры: — Канышынын кашында, Жаткандыр төрөң дегени, Какшыгын Алмаң билбеди: — Каныш деген ким? — деди. Көз жүгүртүп көркүнө, Көрө элек белең жеңеңди? Кашкаңдаган кара бет, Накылай сулуу дегенди! “Карабөрк менен Накылай, Катыным деп ойлоптур, Карасам бүгүн бул Манас, Кадимкидей бойдоктур. Чоң болгондо чор сүйлөп, Чогоол өскөн экен, — деп, Баатырлык менен балбандык, Мындай жерде бекер, деп, Айкөл Манас айалдан, Адашып калган экен, — деп, Алты күндүк ааламдан, Армандуу жүрүп кетер” — деп. Алмамбет кетти бастырып, Арстан үчүн ачынып, Айылды барса аралап, Аккула минип албайып, Аккүбө тону далдайып, Айкын көзгө таанымал, Ак кулжадай каркайып, Арстан Манас баатыры, Алдынан чыга калганы: — Кайда бардың баатыр? — деп, Кабарың укпай калдым, — деп, Жайын сурай салганы. Анда Манас байаны: — Өзүңө издеп катынды, Имиштеп угуп аңызды, Кыз чалыгар бекен деп, Кыдырып жүрдүм айылды. Жар чакырып кыргызга, Кыз барбы деп кыпчакта, Кырк жигитим чаптырдым, Кыйыркы сансыз кыштакка, Анда Алмаң мындай дейт, Айалдарын сындайт дейт: — Кечээ келип мен бүгүн, Арбыбасын дүрбөңүм, Катын алам дебеймин. Катындан кайгы жебеймин, Мени койуп кабылан, Өзүңдүн камың кылып бак, Карабөрк менен Накылай, Катыным деп ойлопсуң, Карап көрсөм мен бүгүн, Кадимкидей бойдоксуң, Алмамбеттен кеп угуп, Айалың болбойт, деп угуп, Алакеңден эр Манас, Бастырып өтүп кете албай, Накылай менен Карабөрк, Же үйүнө барып түшө албай, Бай Жакыптын үйүнө, Барып түштү бул экөө. Эртеси Алмаң ойгонуп, Эрте туруп ээлигип, Кашатка чыкты желигип, Айланага көз салып, Карап турса зеригип, Акбалтанын Чубагы, Ойондун бири бу дагы, Буулумду кийип желбегей, Бул дагы келип калганы, Эригип турган Алмамбет, Чубактан мындай сурады: — Айкөл Манас баатырдын, Зайыбы канча, эр Чубак, Анда Чубак мындай дейт: — Накылай менен Карабөрк, Бул экөө Манас зайыбы. Кылды кыйыш бөлбөгөн, Ала жип аттап өтпөгөн, Бүгүнү менен эртеңин, Опол тоодой так көргөн, Жатты тарткан жакындай, Кадыры эрге алтындай, Куйулма ооздуу ширин сөз, Кокойгон мойун, жалжал көз, Бети кызыл чыландай, Карахан кызы Каныкей, Кастарлап алган зайыбы бар, Топ жубандын ичинде, Чолпондой болгон дайыны бар, Айтылып жүргөн өр кыздай, Анын кайдан айыбы бар? Үзүлгөндү улаган, Ыктын баары ошондо, Жыгылганды жөлөгөн, Шыктын баары ошондо. Көкөтөйдүн ашында, Кошо бирге барды эле, Кызматы жагып карыга, Кошойдон бата алды эле, Көкчөкөз атып Манасты, Жарадар болуп өлөрдө, Айыктырып алды эле, Алаштын элин байкасак, Айалда андай аз эле, Накылай менен Карабөрк, Кара баштуу айалдан, Кашкайа чыккан жамандан, Катындын тилин албайт, деп, Тазбайматты алдаган, Далыга уруп жандаган, Атын берип азгырып, Тон беришип жаптырып, Каттама берип, эт койуп, Казы-карта таттырып, Алдына койуп аракты, Айабастан мас кылып, Көп санаадан козгошуп, Көз жашы менен дат кылып, Тазбайматты барганча, Таттуу кеп менен шат кылып, Кобурашып кээ бирде, Коноктоп аны жаткырып, “Чубак менен Каныкей, Ушундай” — деп айттырып, Каныкей менен Манасты, Как ошентти жат кылып. Айкөлүм конгон туурга, Адашып барып кономбу? Жамандыкты самасам, Жакшылык көрүп оңомбу? Алалык күмөн бар болсо, Арстан Манас оңойбу? Азыркыдай керилтип, Алтын такта койорбу? Каардап Манас катынын, Самаркандын Карасуу, Алып барып таштады, Алты жыл болду Каныкей, Ак жерден күйүп какшады. Айталбастан мен жүрөм, Сабырдан билбей башканы. Жыртык кара үй берген, Жырык кара үй берген, Жайдын күнү болгондо, Күнгөй бетте кондурат, Кыштын күнү болгондо, Тескейлетип кондурат, Чубактан угуп абалды, Кастыкты Алмаң байкады, Агеркечке чапталып, Алмам да мурун аксады, Кайерде болсо кастыктын, Кабылат экен капканы! “Эр эшиги сом темир, Эритүүгө жан керек, Арстан эмес алсызга, Алатоодой ар керек, Арстан менен Канышка, Арга тапсам белем, — деп. Шек алдырбай Манаска, Барып аны көрөйүн, Сынга толсо Каныкей, Ак жеринен болгон иш, Алынды кылып келейин”. Ошол күнү кечинде, Туйдурбастан эч кимге, Күндү жайлап Алмамбет, Чөп саргайган мезгилде, Сонор кылып койду эле, Үйүнө кетпей кабылан, Ошол жерге конду эле. Таң эртең турса арстан, Ак кары сонун жаалган, Жаштын баары жабылып, Ат-атына камынып, Айкөл Манас шер баштап, Кырк чоронун баарысы, Калбай жөнөп калышы. Каргылуудан ит койбой, Алгырдан шумкар куш койбой, Асынып мылтык алышып, Арстандын баары жарышып, Алмамбетти ээрчитип, Жүрүп кетти эргишип. Келгин келип болуптур, Көлдөр кууга толуптур, Токойдо кыргоол кулпунуп, Топ-топ болуп тоодактар, Куйругу жок мултуйуп, Каз-өрдөк келген кез, Каркылдап жүнүн жеген кез. Досуң Манас баатырдын, Шумкарын Алмам көргүн, — деп, Абаң Бакай, айкөл шер, Алмамбет, Чубак эрендер, Кыргыл баштап кырк арстан, Кыраан Сыргак - кеменгер, Сууну бойлоп барышты, Тамашага канышты. Ит агыткан элдерди, Адыр бойлоп бар, деди, Кыргыл баштап кырк арстан, Бузулбастан кал, деди. Арстаныңдын Акшумкар, Түлөктөн чыгып жетилген, Сегиз айдан бер жакка, Учпай туруп эриккен, Эркине койсо күн бойу, Эринип калбайт тебиштен. Тумандап үстү буулаган, Толкуну күчтүү шабырдан. Тоо көчкөндөй күркүрөп, Келгиндер учту дүркүрөп, Агытылган Акшумкар, Көл бетинде зыпылдап, Бара түштү кыпылдап, Көп өрдөктү качырды, Туш-тушуна бир өтүп, Түздү көздөй жапырды. Тобун бузбай тоодак тээп, Каркыра, турна, казды тээп, Катары менен таан тээп, Учурбай көлдөн өрдөк тээп, Кайырма менен чүрөк тээп, Качкандарын бөлөк тээп, Сарала мойун соно тээп, Салыңкы канат кунас тээп, Агын сууну жээктеп, Канжыгадан ашканын, Куйушканга тээктеп, Кечке дейре куш салып, Кекилик менен чил алып, Калың көздөй бет алып, Токойдо жүргөн бугуну, Топ-топ жүргөн кайберен, Кутулган бирөө болбоду, Эртеден кечке сонордо, Куру калган бир жан жок, Бары болду олжолуу. Күн бешимге барганда, Кетерине калганда, Ырчуул менен Бозуулга, Алмамбет айтат мындайча: — Алгыр экен кушуңар, Каз-өрдөк болду тушуңар, Алынбай агып көп кетти, Агынды бойлоп багыңар, Тебилсе сыртка сыйлыгып, Убал болот алыңар, Сайранга дагы батыңар, Айактан өйдө кагыңар. Ылдыйлап кеткен удургуп, Марал болсо табылар, Эми алар нетиптир, Эки баатыр кетиптир, Аркасынан Алмамбет, Сарала менен желиптир, Саздаңдын тектир дегенге, Салып жетип келиптир. Ырчуул, Бозуул баатырлар, Чыга калса кашаттан, Алдында тиккен төрт үй бар, Төрт дөбөдөй көрүндү, Салакасы үйлөрдүн, Кыргызда жок кыйасы, Ырчы менен Бозуулдун, Аркайда кетти кыйалы: “Мурда жүргөн бул жерде, Мындай эме жок эле, Карып болуп Каныкей, Как ушул жерде жатчу эле, Бизге бүгүн көрүнгөн, Периштеби, пендеби? Же болбосо жер соңгуп, Периден көчүп келгенби?” Көрө салып машыркап, Аңкыйып карап калыптыр, Аңгычакты артынан, Алакең жете барыптыр, Бакай менен Эр Манас, Алмамбет, Чубак катарлаш, Хандын кызы Каныкей, Хан Бакайга барбады, Алмамбет атын албады, Айкөл Манас баатырдын, Чылбырынан кармады, Жалпысы түшүп калганы. Эшик ачып киргизип, Эптүүлүгүн билгизип, Эзген курут, кошкон май, Боорсок, токоч дапдайар, Дастарконго койду эле, Кыйарлык менен Алмамбет, Кыраанга назар бурду эле, Тап бүркүттөй кылыйып, Дастарконго кол салбай, Тартынгансып турду эле. Кудай берсе ынтымак, Кайда качат дөөлөт-бак? Кырааным, чай ичкин, — деп, Алмамбет айта салды дейт. Албасам көөнү калар, — деп, Айады арстан Алмаңды, Айкөлүң эми турбастан, Табакка аста кол салды. Дастаркон жыйып Каныкей, Конок камын көргөлү, Ашкана үйгө жөнөдү, Кетеринде баарына, Жекендос салып алдына, Мамыгын койуп башына, Кээ бирөөнө айттырбай, Жөлөнчүк койду артына. Келберсиген айкөл шер, Кенебеген кайран эр, Башы тийип мамыкка, Уктап кетти аз гана, Дайарланып тамагы, Каныкейдин аңгыча, Үйгө келсе арстаны, Сунуп ийип буттарын, Кириптир катуу уйкуга. Алмамбетти Каныкей, Көрбөсө да көргөндөй, Билбесе да билгендей, Бирге жүргөн эмедей, Дайарланды даам, — деп, Тастайып карап турду эле. Манасты Алмаң ойготту, Санаты кырк төрт киши эле, Тойгуча жеди тамагын, Алмамбеттин акылын, Байкап эми карагын: — Ырчы уул, Бозуул баатырлар, Аттанып жолго салыңар, Төө башына төрт аркан, Казыналык нарлардан, Үстүндө кому барлардан, Буйласы жез танаптан, Алтымыш нарды белендеп, Күн чыгар маал келгин, — деп, Андан башка баатырлар, Бир үйгө баткың баарыңар, Жалгыз жанды кыйнабай, Өзүңөр орун салыңар, Деп ушинтти эр Алмаң, Кыргыл баштап кырк чоро, Бир үйгө барып жатышты, Тизеден баткан былкылдап, Жууркандан алышты, Асыл буйум анда бар, Өз эркинче жазышты. Абаң Бакай, Алмамбет, Кыраан Сыргак, шер Чубак, Айкөл Манас, Каныкей, Ошол үйдө калганы, Кечирим сурап Алмамбет, Манаска кебин салганы. Алмамбет айтып байагы, Күмөн кылган Чубакты, Күбөчү кылды ал күнү, Арам көргөн Чубакты, Алмамбет, Чубак, эр Сыргак, Күбөчүгө жүрүптүр, Калыска абаң Бакай бар, Арстан Манас күлүптүр. Төртөө чыгып бир үйгө, Төрөлөр барып жатышты, Айкөл менен Каныкей, Ошол үйдө калышты, Адашып кастык айынан, Алты жылда табышты...