Манастын Алмамбетти кабыл алышы
Арстан баатыр Алмамбет, Аты менен келүүгө, Ачылуу турган эшиктен, Атту салам берүүгө, Түз бастырып өттү эле, Карап койбой черүүгө. Урматын Манас кылууга, Оолактан атын алууга, Эки желдет жүгүрүп, Жейрендей болуп түйүлүп. Жете келип бир желдет, Чылбырынан кармады, Тегинен мойун ийбеген, Тизгинге бенде тийбеген, Ачуусу келип Алмамбет, Катуу кармап бек силкип, Кармабагын, деп силкип, Чылбырды сууруп алыптыр, Чыканагы бирөөнүн, Чыгып кетип калыптыр. Аңгычакты болбостон, Ажыкең жете барганы, Айтып муну салганы: — Сапат берип тайбасам, Сабагыңды байкасам, Сары алтындын кенисиң, Сапарыңыз кут болсун, Самап бизди келипсиң, Куйругу кучак буудайык, Азуусу болот арстансың, Ак дин издеп баскансың, Амири менен алланын, Алтайдын жолун ашкансың. Акыр заман журтуна, Айтылып калар дастансың, Капаланып чыгыпсың, Казактардын элинен, Арстан эрге жолуктуң, Ашмуранын белинен. Өкүмү эки болбогон, Өзүн кудай колдогон, Өкүмү күчтүү төрөбүз, Өткүрлүк кылып койсоңуз, Биз өзгөчө кордук көрөбүз. Жарлыгы жалган болбогон, Жаратканы колдогон, Жаасы катуу төрөбүз, Жайылдык кылып койсоңуз, Жалпыбыз бирдей өлөбүз. Кара сууга кан куйган, Канкор эрдин бири ошо, Айтканынан жанбаган, Анткор эрдин бири ошол. Дүнүйөнү чайкаган, Түлүктүү эрдин бири ушул, Түндөсү чырым албаган, Сүлүктүү эрдин бири ошол. Беш тараптан жоо сайса, Кетет деп көөнүн албаган, Бекемдик жайы дагы бар, Нуска менен сөз сүйлөп, Чечендик жайы дагы бар, Кызыр даарып мурунтан, Абалы болгон чагы бар. Аттуу барсаң тил албай, Бирге келген бешөөбүз, Төгүлүп кетет каныбыз, Кесилип кетер саныбыз, Бүт өлөбүз барыбыз, Эп келсе бизге баатырым, Аттан түшүп алыңыз,- Эптүү Ажым айтып кеп, Алмаңды алды жылоодон, Кол тийгенде жылоого, Козголуп кетүү кыйын иш, Алмамбет кирди ыйлоого: — Өлбөй тирүү бар туруп, Өнөрүн көрдүм жалгыздан, Көтөрбөскө не чарам, Көтөрдүм башка салганын. Карып болгон хандырмын, Кайгыга баткан жандырмын, Төмөн турган төрөмүн, Муну кимден көрөмүн? Мурунтан ишим бузулуп, Тактадан тайган төрөмүн, Тагдырым кимден көрөмүн? Не да болсо эр Манас, Көрүнөө конгон сыймыгы, Бу жерде эми ким угат, Боздогон менен ыйымды? Деп ошентип Алмамбет. Аттан оой калганы, Көрүшүүгө Манаска, Асталай басып барганы, Салакалуу кайран эр, Салам айтып салганы, Арбактуу Манас, эр Бакай, Алик алды барк этип, Айдай жүздөр жарк этип. Баатырларды аралай, Башкасына карабай, Отургандын баарысы, Кол сунууга жарабай, Абакеси Бакайга, Кол узатты жайма-жай. Эр Бакайдан кол алып, Төрө Алмамбет баатырың, Төр жагына жол алып, Ортодон алды орунду, Ойон эрди карачы, Олутун таап олтурду. Колун сунуп акыры, Айбаттанып Алмаңдын, Козголуп Манас акылы, Алмамбет жүргөн жеринин, Чарт айрылган эринин, Чактап билген эр Манас, Нөөкөргө көзүн имерди, — Алып кел бачым тамак, — деп, Ашпазга буйруп жиберди: Баатыр Мажик көтөрткөн, Бал чайкаган кымыз бар, Чагарак күмүш карк алтын, Чарадай болгон айактар, Мелтилдете куйушун, Мемиреше сунушун, Байкап туруп барың ук, Баатырлардын жумушун. Кош колдоп айак сунуптур, Абакеме сунгун, деп, Алакең айтып туруптур, Бакай эрдин малыптыр, Эңкейе басып Ажыбай, Алмаңа суна калыптыр. Ачкалыгын билгизбей, Аз гана жуткан кылт этип, Башы калды шылк этип. Көздөрү барат алаңдап, Көкүрөгү кур этип, Кирпикке кирпик илинип, Ачкалыгы билинип, Өлө түшүп тирилип, Тамак ичти акыры, Олтуруп бойун тер басып, Тулку бойу бүт жашып. Анда Манас кеп сурайт: — Ой азамат, -деп сурайт, Бейпайлык менен бекерче, Жүрүптүрсүз ачка, — деп, Айлында адам даркан бар, Адырда жүрөт аркарлар, Аркардан неге атпайсыз? Аркардын этин татпайсыз? Айлуу түнү жайыкта, Ат өргүтүп жатпайсыз? Курбулуу жерде кулжа бар, Кумдай кийик мында бар, Кулжаны неге атпайсыз? Кулжанын этин татпайсыз? Ат чалдырып акырда, Айылда неге жатпайсың? Тектирлүү жерде теке бар, Текени неге атпайсыз, Теңирим берген ырыскы, Текенин этин татпайсыз? Тербелбей неге жатпайсыз? Эңкүүлөрдө элик бар, Ээн сайда жейрен бар, Андан неге атпайсыз, Алардын этин татпайсыз? Баткактуу жерде арал бар, Аралдуу жерде марал бар, Баткакта жүрсөң батпайсыз, Маралдан неге атпайсыз? Маралдын этин татпайсыз? Алтымыш айры мүйүзү, Бурчтуу жерде бугу бар, Байланып жүргөн огуң бар, Бугудан неге атпайсыз, Бугунун этин татпайсыз? Буруу жерде жатпайсыз? Муңдуу эрдин муңу бар, Муңдун да өз жолу бар, Жан аманат карыздыр, Жан бакмактык парыздыр, Айат келген киши бар, Пайгамбарга периште, Айтып келген иши бар, Алдыңда минген Кылжейрен, Алыстан келген жылкы окшойт, Ийниңдеки алмабаш. Атканын жутчу мүлк окшойт, Алаңгыр жаа, сур жебе, Ал жок болсо бир неме. Кийген кийимиң башкача, Поруму турат кытайча, Ат жарагы салтыңыз, Айрыкча турат жалпыңыз, Атаңыз ким, атың ким? Айтып берер жайың деп, Ал үчүн сурап турам тим,- Деп ошентип эр Манас, Айтып сөзүн токтоду, Акылы терең Алмамбет, Айтып сөзүн козгоду: — Айлыңда адам даркан бар, Адырың толгон аркар бар, Аркарыңды атармын, Аркардын этин татармын, Ак кайыңды аралап, Ат өргүтүп жатармын, Антип жанды бакканча, Атамдын этин татармын. Кобурлуу жерде кулжаң бар, Кумдай кийик мында бар, Кулжаңды макул атайын, Куйкалап этин татайын, Корголоп зоонун түбүндө, Курушуп бир түн жатайын, Кунсуз жанды бакканча, Кубаарым этин татайын. Эңкүү жерде элик бар, Элигиңен атайын, Эт-сорпо кылып татайын, Ээн жерде чүйгүндөп, Эт бышырып жегинче, Энемдин этин татайын. Баткактуу сууда арал бар, Аралыңда марал бар, Маралыңан атайын, Маралдын этин татайын, Антип жанды бакканча, Бабамдын этин татайын. Түйшүктөнүп жүргөнчө, Торойуп өлүп катайын. Бурчту жерде бугуң бар, Белге таңган огум бар, Муңум жок киши кептенип, Бугуңду неге атайын? Бугуңдун этин татпайым, Булгап этин жегенче, Мууздап өлүп жатайын. Алты атамдан жети атам, Билишинче кубарсан, Аш ойлогон киши эмес, Азып келе койдум деп, Ал ишти кыла койгондо, Алмамбет андай киши эмес, Алты атамдан жети атам, Түшпөгөн алтын тагынан, Босогосу сары жез, Болуп өткөн кубарсан, Аркы атабыз Сылаба, Сылабадан Солаба, Солабадан Солала, Солаладан Сорандык, Шол жактан болот биздин жик: — Өзүмдүн атым Солалы, Эркелетип кийинче, Сошойа, деп ат койду, Талашканым жер болду, Таалайым андан кем болду, Атышып чыгып тогоштум, Коңурбайга жолгоштум, Жалгыздыктын айынан, Жалтаарып чыккан жолборсмун. Азып келип Алмамбет, Айдарканга эл болдум, Акырында казактан, Кара жерге тең болдум, Азып жүрүп талаада, Агып жашым сел болдум. Капкасы бийик кара тоо, Уйадан учкан балапан, Канатым талып жыгылдым, Ыгын билбей конордун, Караган менен көз жетпей, Ырыскым кайда болордун, Ата-энеден айрылган, Канатым сынып кайрылган, Безип жүргөн бир жанмын, Кесирим кара какырды, Кезип жүргөн бир жанмын. Басарыңа жерим жок, Батарыма элим жок, Басып жүргөн бир жанмын, Өз элиме кас болуп, Жазып жүргөн бир жанмын. Батарыма жер таппай, Качып жүргөн бир жанмын, Кетмен өтпөс керүүнүн, Кече-күндүз арыгын, Казып жүргөн бир жанмын. Кара жерден ак жолду, Ачып жүргөн бир жанмын. Таттуу жанга туз чылап, Татып жүргөн бир жанмын, Бир башымды миң башка, Баалап жүргөн бир жанмын.