— Көгала атым көп эле, Көңүлдө мындай жок эле, Айкашка атым көп эле, Акылда мындай жок эле. Сарала атым сан толгон, Чаар атым миң болгон, Нокто, жүгөн тийбеген, Үстүнө адам минбеген, Ойдо-тоодо көп атым, Кайсынысын кааладың? Оторго жайса жөн баспайт, Торала атым топ жазбайт, Жөндү айтып туптуура, Каңгып өтүп бир жакка, Атап айткын десеңер, Азыткы болгон калмакка, Аныктап айтып берсеңер. Жөндү айткын десеңер, Жөөлүгөн калмак-кытайдан, Жөнүн сурап берсеңер. “Ит ичпеген ашынан, Үмүт кылат дечү эле”, Бөрү менен төө дагы, Ойноп калат дечү эле. Алмурут чыккан жерлерге, Итмурут чыгып турарбы? Атымды сурайт бул калмак. Мындай кудай урарбы?! - Анда Алмамбет муну айтат: — Калкың укса, — деп айтат, Башында бай Дербиштин малы экен, Маралдай сыны бар экен, Кең Ташкендин ойунда, Бокмурундун тойунда, Кунанында аттан чыгыптыр, Куйундай сызат экен деп, Кутманбай жайын угуптур. Текечи каалап алыптыр, Текечи кулдун кулунан, Сен алыпсың даң менен, Алтымыш тогуз мал менен, Ошол атың Көгала, Сурап турам дагы да, - Мында Көкчө турабы, Карап калып алайа: — Алдынан жоосу кабылса, Артка качкан шер эмес, Илинбесте оорлук, Ийилип кеткен бел эмес, Айтканыңа макул деп, Атымды берер мен эмес! Ат-тонун сурап бул кытай, Катышкалы турабы? Алма баштуу ак бараң, Атышкалы турабы? Камыш чыккан саздаңга, Балтыркан чыгып калабы? – Анда Алмамбет кеп айтат, Ачууланып бек айтат: — Алмурут жыгач сенсиңби, Итмурут жыгач менминби? Жан бага албай темселеп, Жаныңа, Көкчө, келдимби? Балбандыкта, акылда, Ар жактылуу кемминби? Каш санаган курбуга, Караан баатыр дейсиңби? Атаңдын көрү ит Көкчө, Адам болбой кет Көкчө, Айтканча антип уйалбай, Акыретке кет Көкчө! Таптым деп жакын тууганды, Жоодо жүргөн экенмин, Таптым деп тегиз досумду, Ордо жүргөн экенмин! – Алмамбет колун тартканы, Калбаны катуу баштады, Кармаган колу Көкчөнүн, Үзүлүп кете жаздады. Көк сүлөөсүн көркөм бөрк, Ыргып түштү башынан, Ага Көкчө ардыкты, Кылды деп шылдың олтурган. Ичип Көкчө аракты, Кызымтал болгон убагы, Жалаа сөздөр тепчисе, Жан кейибей турабы? — Кулду карма, муузда! – деп, Көрүнөө айтты жарлыкты, Көзү көрбөй күүгүмдөп, Көшүгөндөй үргүлөп, Тайанып жатты жастыкты. Агеркеч Көкчө жар экен, Акылга мукам жан экен, Агеркечке жумушкер, Куйту күң деген бар экен. Куйту күң келсе суйсалып, Көбүргөн тунук суу алып, Зор Алмамбет эр Көкчө, Эрегишкен сурданып. Акырын койуп тунугун, Артына секин бурулду, Агеркечке айткалы, Аста жылып суурулду. Алыстап али кете элек, Айкырыктар угулду. Эмне шумдук болду, деп, Кайта чуркай салыптыр, Буудайбектин үйүндө, Бажылдакка барыптыр. Шыкаалап үйдү караса, Кызык сөзгө батыптыр, Буудайбек айтып күбөлүк, Бузук чыгып калыптыр! Ойон Алма жалгызды, Ортосуна алыптыр, Кол салууга жакындап, Обдулушуп калыптыр, Уккандарын Куйту күң, Агеркечке айтыптыр. Агеркеч угуп шашылып, Дүрүйө көйнөк жазылып, Кулдарды кудай алсын, деп, Бачымдап басып ашыгып, Капшытты ачып караса, Өзгөргөн абал башкага, Ата уулунан алтымыш, Алмамбет турат жапжалгыз. Агеркеч доошун салгалы, Көкчөгө айтып калганы: — Көкчө баатыр, не болдуң? Акылың кайда жоготтуң? Асылганың бир киши, Эл укса уйат эмеспи,
Ааламга даңы ар жерде, Алмамбеттин ар иши! Бизге болду бак-таалай, Азып мында келиши, Ар кайдан айдап арбын мал, Атаңдай энчи бериши, Сарарка бардың самсаалап, Алтайды кайра жер кылды, Азып келген Алмамбет, Андан башка не кылды? Душманыңды кем кылды, А тууганыңа дем кылды, Алмамбет мында келгели, Күңдөрүң алек кийген жок, Күчүгүң сүткө тийген жок, Келиндер каймак жалабай, Кемпирлер майды карабай, Жардыларың бай кылды, Чайнаганын май кылды. Көчө албаган казакты, Көк жайыкка жайлатты, Танасы жок казакка, Таптатып күлүк байлатты. Келинге кете кийгизди, Керегин журтка тийгизди, Кеңирсип жаткан калмактын, Келтирип берип жылкысын, Кер жорго атка мингизди. Кенендигин билгизди, Султанга суп тон кийгизди, Сүрсүгөн эттен жегизди, Суу-сууда жаткан жоолордун, Сууруп келип жылкысын, Сур жорго атка мингизди, Султандыгын билгизди, Ыңырчаксыз казакка, Ак каңгы ээр токутту, Кечилдери минбес жоргого, Келиндериң койкойтту, Каматкыдай текече, Кургурда күнөө ушубу?! Келбирип калмак турчу эле, Керилип камчы урчу эле, Желеңди кыркып күн алыс, Ээ кылбай жылкың куучу эле, Ийинге баарын сийгизди, Эрендигин билгизди, Ардактаган бийлериң, Аркасын кимге тийгизди? Ачпайсыңбы көзүңдү? Албайсыңбы сөзүмдү? Жыгылууга жапжакын, Көрүп турам өзүңдү! - Анда-санда Алмамбет, Жаш баладай эрбеңдеп, Маңдайында жүргөнсүйт, Бирдеме кылып делдеңдеп, Жер айланып жаткансыйт, Буту өөдө чыккансыйт, Суу бетинде кемедей, Толкун жарып жылгансыйт, Акылын жыйып байкаса, Агеркеч жары тургансыйт. Машаадай болуп кыңылдап, Бирдеме сүйлөп жаткансыйт, Ооздору ормоңдоп, Далай сөздү айткансыйт. Келе калып эсине, Тиктеп турат чекийе, Эми кулак салыңар, Эр Көкчө сөзүн угуңар: — Баштабайт катын элимди, Башынан билем эбиңди, Айыргалы келипсиң, Алмамбет арам эриңди, Тулумчалап серкедей, Сойбосом сенин териңди! Абийиримди кетирдиң, Аз келгенсип меники, Алганым элең шерменде, Арбыптыр куртуң сеники! Карматып алып келгенде, Жаман жериң тилгенде, Жайымды шондо билерсиң, Жайдак атка мингенде! Ажыратпай чегиңди, Айтып турган кебиңди, Эриңе көмөк болгонуң, Эл ичинен билинди, Эски күң, эми сүйлөбө, Көбөйтүп ички киримди! – Ушуну айтып шылк этип, Башы тийди жастыкка, Көзү жетти Агеркеч, Буудайбек кылган кастыкка. — Көчүүгө катар нар чирке, Көрбөдүм беле кырк сирке? Арылттым эле сиркеңди, Азабың журтка тийгенби? Өлтүрсө үстөм болгонуң, Өлбөй кытай кутулса, Көрүп турам жаныңды, Көкчөнүн мыкты болгонун, Көй төрөң колдоп койгонун! Ырысы журттан бөксө, — деп, Ыйманы качкан Көкчө! – деп, Каймана тыштан Агеркеч, Басып жүрүп урушуп, Караандыкка чыдабай, Улам турат буулугуп. Дагы башын көтөрдү, Алмамбетти көз көрдү, Мастыгынан айтат деп, Канчаны Алмаң өткөрдү. Күрс дегиче жөтөлүп, Көөдөнүн чындап көтөрүп: — Көк сүлөөсүн бөрк жаткан, Коломтодо от жаккан, Албайсыңбы бөркүмдү, Алмамбет кулду көрдүңбү?! - Ал Көкчө кылып өкүмдү, Белгисин берди өлтүрчү. Казактын баары камынып, Баары турду жабылып, Канжарды кыйгач камдашып, Кармай албай кол салып, Кайраты артык арстанга, Катыла албай жармашып, Канын тартып ичине, Бирин-бири карашып. Казактын көрүп түрпөтүн, Ошондо үзүп үмүтүн, Алмамбет жаны карарып, Болгонсуду күнү түн. Көкжал Алмаң күркүрөйт, Ээрдин тиштеп сүрдөнөт, Кабагын чытып бүркөлтүп, Ач жолборстой түрдөнөт, Келбетин көрүп баатырдын, Казактар бойу дүркүрөйт. Ачуусу чындап келгенде, Атадан качан тайманган? Албарс миздүү кылычын, Алоокеге суурган. Алактаган Коңурдун, Алапайын куурган, Коркпой жалгыз Алмамбет, Кытайга салып чуулган, Эрендерин сойлотуп, Кызыл канга жуурган, Жаалы келип жүзүнө, Адам бакпай түсүнө, Учу кайкы, мойну түз, Сырты калың өткүр миз, Кылычын кындан суурганда, Кыйкырып Алмаң турганда, Калтыратып муунду, Катыла албай турушту. Алмаң күйүп от болуп, Азыраак акыл токтолуп, Ар ишин ойлоп кийинки, Туруп калды токтолуп. “Хан Көкчөсүн баш кылып, Казактын төрүн кан кылып, Катардагы кишиси – Кайкалап турган бийлерин, Камыштай кертип чабаармын Кай мурасты табармын? Эр изинен таймак жок, Достук антын актайын, Тынчы жок деп Алмаңдын, Жаман атка калбайын, Бузукту билбей ээрчиген, Буртактын канын чачпайын. Каапыр менен мусулман – Баарысына жоо болсом, Кайда барып турармын? Бүрдөп турган жаш чырпык, Бүдөөгө келбей сынаармын, Итчилик кылса бул кылсын, Азыраак сабыр кылайын. Кайыр, мындан кечейин, Касыгып буга нетейин? Казактын жүктөп өлүгүн, Кай муратка жетейин? Башымды алып кутулуп, Башка жакка кетейин”. Катуу жаңжал кызыкта, Чапташып турган бузукта, Эр Көкчөнүн Карагул, Төрт көнөк сүттү көтөрүп, Эшиктен кирди мына бул, Ата уулун караса. Алдырашып алыптыр, Бирин-бири карашып, Жалдырашып калыптыр. Бир сайганда өлбөйбү, Канжарында уч болсо, Качырып барып албайбы, Билегиңде күч болсо. Кайгуулдашып турабы, Жүрөгүңдө курч болсо, Миңи болсо коркобу, Жалындап турган өрт болсо, Жолборс чочуп калабы, Жүздөй бөрү торосо, Учпай бүркүт конобу, Алдынан соксо борошо. — Каалганы мен тостум, Кармагыла кучактап, Ур, өлтүр – деп, - бычактап! - Карагул барып дардактап, Каалгасын жапканы, Кулачын кере жазганы. Казактардын баатыры, Калдайып карап турбады, Колунда эле дапдайар, Канжар менен бычагы, Асманда мөндүр жаагандай, Оолак туруп ыргытты. Соотунан өтпөдү, Шаңгырттап жерге түшкөнү. Булчуң этин кечпеди, Бармак басым кеспеди, Кичине жерден чек чыгып, Алмаңдын этин тешпеди, Бычак менен канжары, Калды жерде жалтырап, Бет алып жүрдү эшикке, Эр Алмамбет буластап. Чоптор өтүк такасы, Чойулуп Алмаң тепкени, Чортоңдогон Карагул, Бет алдынан кеткени, Боконо сөөгү морт кетип, Богу көттөн шорт кетип, Кабыргасы карс этип, Кара оозунан кан кетип, Жер кучактап жыгылды, Отко башы тыгылды, — Көтөргүн, — деп, - башыңды - Көй кашкалар жыйылды. Жөлөгөнгө болобу, Алмамбет тепкен оңобу? Нан болуптур Карагул, Өзү келип катылып, Соңу болду мана бул! Көтөрүп башын жастыктан, Дагы Көкчө оңолду, Чомочоктоп турган эл, Көзү көрдү ошону. — Жумушуңар эмне? – деп, Көкчө сурап калганы, Төрдө турган төрөлөр: — Мурдар кул түпкө жетти, — дейт, Мурасыңды талкалап, Өлтүрүп таштап кетти, — дейт, Кадырман болгон качкын кул, Калмак түпкө жетти, — дейт, Абабызды өлтүрүп, Анан жолго түштү! – дейт. Анда Көкчө кеп айтат, Кочуралган элге айтат: — Өлүгүн өлсө көрөрбүз, Кечки салкын бешимде, Көр каздырып көмөрбүз, - Карбаластап ашыгып, Карагулдун өлүгүн, Калдайтып барып жаткырып, Ачынып бийлер турганда, Үстүнө актан жаптырып: Казатка минчү Кылжейрен, Алмамбет минип аттанып, Батышты карай бет алып, Теминип атын жөнөдү, Тоодой караан калдайып, Кутулдук калмак кулдан, деп, Казактар калды шаңданып.