← Манас 3/3

Кепечелик үйү жок, Керилип жатар төшөк жок, Тарсылдап мөндүр урганда, Маанектерге үңкүр жок, Каран күн башка түшкөндө, Каргадай жалгыз жолдош жок. Барар жерин биле албай, Тунарып көзү тумандай, Денесинде дарман жок, Канын соруп алгандай: Боору ачып буркурап, Бирөө чоктон баскандай, Көзү жашка жык толуп, Мыйаз туурап жаткандай: Алмаңдын башын маң кылып, Казактын ичтен жаң кылып, Алмамбет чыгып ал үйдөн, Каалгасын кан кылып, Көкчө достон айрылып, Бара жатса бастырып, Элесин көрүп Агеркеч, Эң эле калды шашылып: — Токтой тургун, айаш, — деп, Колун булгап чакырып, Кадырына, баркына, Кан жүрөгү каңырып, Айылдан Алмаң кеткенге, Агеркеч барат ачынып. Кайрылып Алмаң карады, Кастарлуу Эркеч айашы, Улутунуп бир алды, Өз ойунда соолулду, Үзүлгөндөй сабагы. Дүрүйө көйнөк шоодурап, Караса көзү жоодурап, Аркардай басып чойулуп, Алагар көзү койулуп, Агеркеч жетип артынан, Буларды айтып таңшыган: — Ач арстан, жолборстой, Атка минип алыпсыз, Арзан жумуш болбостой, Айрылыш жолго салыпсыз, Атадан бала таранчу, Ардыгып кайда баруучу? Аманат келген эр белең, Алыска кетип калуучу? Айал-эркек урушат, Алкымдан сыга жулушат, Ачуусу таркай келгенде, Айланышып турушат, Абалкы өткөн көп сөздөр, Аны кайдан куушат? Ага-ини жөөлөшөт, Эртеси өңүн көрүшөт, Өлүп калса бир-бирин, Өкүрүп ыйлап көмүшөт, Өкүмүнө көнүшөт, Бир туугандар урушат, Бакан сүйрөп турушат, Басылганда ачуусу, Баарысы аны унутат. Башкарып жүрдүң кишини, Билип жүрдүң ишини, Азыраак ишке ардыгып, Атка миниш эрдикпи? Көкчөнү көрүп жүргөнсүң, Көп сырларын билгенсиң, Атакемдин бул уулу, Көөлдөгөн эр эле, Көңдөй челек эме эле, Абыдан, Алмам, ойлоп көр, Айткандарым калп беле? Мурда келип ким айтса, Ушул ырас дейт эле, Жымырылып даалдап, Зыйан тарткан көп эле. Жазылса масы айтарсыз, Ыза кылып саларсыз, Кайрылбай кетсең Көкчөгө, Кападар болуп каларбыз, Как ушундай адамды, Кайактан издеп табарсыз? – Анда Алмаң муну айтат, Алысты карап муң айтат: — Токтоого көңүл бура албайм, Токтолуп мында тура албайм, Кайрылсам болор өлүмүм, Кайрадан жоктур өмүрүм: Атымдын башын бура албайм, Ажалга өзүм бара албайм, Искендер ишин берсе да, Толтура алтын чөйчөккө, Аби замзам сепсе да, Азырети Аалы кылычын, Алдыма сүйөп келсе да, Так Сулайман тагына, Таажысын кошо берсе да, Имерилип тура албайм, Эми көңүл бура албайм, Аллам ачса ак жолду, Барар жерим болжолду, Жеткирсе кудай талапка, Аралап кирип кетейин, Алты бөлмө арапка. Кыдырып кытай жеринен, Узасам урум элинен, Алыска сапар чубаган, Ажыларга кошулам. Шор дайранын жээгинде, Жышынып абдан чумулсам, Мекенин ысык чөлүнөн, Мединаны бир көрсөм, Салбыраган мөмөдөй, Башымды ийип ыйласам, Бар кудайдын амирин, Жүрөгүмө сыйласам, Баласы элем каапырдын, Тилегиме жетермин, Ал тилекке жетпесем, Арман менен кетермин, Жолумду, айаш, торгобо, Кош эмесе, кетейин! – Агеркеч анда муну айтат, Армандууну муңайтат:

— Мухаммед сунган шарийат, Ак селдесин оронуп, Акундар айткан тарийкат, Алы келсе бүтүрчү, Мусулманда маарыпат, Ченине жеткен жери экен, Ченеми анын акыйкат, Эч кишинин жок болсо, Мойнуна түшкөн кыйын карз, Алмам айаш, билесиң, Андан кийин Мекке парз. Барсаң, баргын тоспойун, Сен кабылан жолборсум, Кытайдан бери чыккандан, Кыйаматтык жолдосуң. Мен бир айал, сен кыраан, Тереңди тепчий ойлойсуң, Ачуу – шайтан, акыл – дос. Аны терең болжойсуң, Убада сөздөн тайгылып, Ушулбу табаар сообуң? Манас досуңа теңелип, “Кайыр коштоп” болбойсуң, Миң өлүк жолборс бириксе, Мышыкчалык алы жок, Миң шейиттин арбагы, Бир тирүүчө баркы жок, Миң күнү көргөн бейиштин, Бир күнчөлүк наркы жок, Кайраты жок жигиттин, Камчычалык дайны жок, Күнөөлөшүң дуруспу, Кем учурайт айбы жок? Эрдемсип айтат эркектер: “Эрдин сөзү аткан ок”, Түңүлдүм, айаш, эркектен, Оопасыз экен дүйнө-бок! – Кылжейрен турат кындыйып, Тел болду Алмаң шылкыйып, Өмүр бойу унуткус, Сабак болду бул кызык. Алмаңды жеңип жүйөдөн, Агеркеч турат мейитип, Улантты сөзүн ал жана, Сары майдай эритип: — Меке деп, баатыр, дарбыбаң, Тайана турган жерди айтам, Талкаласаң былк этпес, Талабы бийик эрди айтам, Тартынбай тийген жоосуна, Талыкпаган белди айтам, Таалайы чоң, эрки өткөн, Так өзүңдөй шерди айтам. Бай Жакыптан туулган, Башынан салган чуулган, Тогузунда токтолгон, Күлбөй тиктеп томсоргон, Бөлүнүп чыгып майданга, Он жашында октолгон, Ок аткан душман жок болгон. Он бир жашка келгенде, Оң-солуна кериле, Өчүгүшкөн жоолорун, Ойрондогон тимеле. Он үчүндө мүчөгөн, Оттой жанып күчөгөн, Кыргыз элге баш болгон, Кыймылдаткыс таш болгон. Алайып тиктеп бет келип, Айткышкан бенде болбогон, Каршылашкан ким болсо, Кырынан сулап сойлогон, Отуз жашта бул күндө, Ордолуу орчун хан болгон, Урматы улуу саналып, Ойротко сөзү даң болгон, Катарда жок Көкчөнү, Жол каратып хан койгон. Кадырың билер жан ошо, Аралашкан ал жошо, Ханзаданын бардыгы, Жанында жүрөт аа кошо, Бейилиңди билер бий ошо, Биригип кетер кил бото, Бекзаданын баарысы, Бетинде жүрөт аа кошо. Тоодон улуу иш кылсаң, Ашырганың эл билбейт, Эр өлтүрсөң, кан төксөң, Жашырганың эл билбейт, Суудан терең милдет ал, Кечиргениң жан билбейт, Жамандыкка жакшылык, Келтиргенин жан билбейт, Айдаркандын Көкчөдөй, Алтымышын көзгө илбейт, - Далай Эркеч өткөрдү, Алмамбет боору түтөдү, Кирпикте жашы кылгырып, Каңырыгы күчөдү, Ал Манаска барарда, Угуп жүргөн кабарда: — Кара сууга кан куйган, Канкор эме деди эле, Калайыкка чаң салган, Анткор эме деди эле, Өз-жат дебей чыр салган. Манткор эме деди эле. Кармаганы камырдай, Качырганы арстандай, Теңөөсү жок эр деген, Өлтүрөт десе баарысын, Өсөмгө кандай барамын? Досумдан көргөн күнүм бул, Өткүргө кандай барамын? Биле албаган ал жайын, Пиримден көргөн күнүм бул, Өжөргө кандай барамын? – Анда Агеркеч муну айтат, Алмамбетти муңайтат: — Ак жибектен тор жайдым, Абадан туйгун кушума, Эки сөзгө көнбөсөң, Тапшырдым, айаш, тузума! Соккон билет алтынды, Күйгөн билет жаркынды, Кылыч сүйрөп чыксаң да, Кыракы билет баркыңды. Уламадан улайын, Уккандардан сурайын, Кайда болсоң эсен жүр, Кабарың угуп турайын, Кербендерден сурармын, Кебиңди угуп турармын, Жортоктор менен кайышып, Жүрөккө салдың убайым! – Алмамбет көөнү бөлүнүп, Айланып жашы төгүлүп: — Канаты күмүш ак тунжур, Калкылдап кайып учармын, Кайыңды көрсөм конормун, Кайышпай кайың көтөрсө, Как ошол жерде болормун. Текөөрү болот ак шумкар, Тегеренип учармын, Теректүү жерге конормун, Тербелбей терек көтөрсө, Теги ошол жерде болормун. Байандаган Манасты, Кыйла сынап көрөрмүн, Теңтуштан бирди таппасам, Темселеп жүрүп өлөрмүн.... Каргылдап үнү бузулуп, Кызыл жүзү кубулуп, Эриндери кыбырап, Жашы турду чубуруп. Алмамбет баатыр муңайды, Айанычтуу үшкүрүп, Кадырын билер Агеркеч, Кабыргасы сөгүлүп, Бурчактап жашы төгүлүп, Кош, деп койуп Алмамбет, Кайра тартты бөлүнүп. “Коркуткан болуп нетейин, Кош, деп койуп кетейин, Айлынан чыктым урушуп. Ач бөрүдөй жулушуп” – Бура тартып алыптыр, Бурулуп жолго калыптыр, Алдындагы Кылжейрен, Атын санга салыптыр. Эшиктен кирип эки-үчөө, Энтелеп айтат Көкчөгө: — Кытай кул келет кырданып, Кыйла эле сурданып, Атын санга салды, — деп, Кылычын жалаң алды, — деп, Кызыталак бу калмак, Кылмак болуп калды – деп, Көргүлүктү көрдүк, — деп, Бөлөктүгү курусун, Бөөдө Көкчө, өлдүк! – деп, Көкчө баатыр турсаңчы, Көк күбө тонуң кийсеңчи, Айылга муну келтирбей, Атынын башын бурсаңчы, Кабагы карыш салынган, Соо койбостой сыйагы! - Көкчө анда кеп айтат, Кужураган элге айтат: — Белдемчи кыйа байланып, Бетине чыксаң шайланып, Беттешип сага тиет ал, Кабыландай тиш салып. Эндекей мындай турганда, Белсенип келбейт алдыңа, Баарыңды көрүп албарсты, Ошого келбейт из чалып. Коркуп туйлап жүрөгүң, Кокус өлүп жүрбөгүн, Бузулбай үйгө кириңер, Бутуңду сунуп ийиңер, Колуңарды жастанып, Коломтону баштанып, Коңурукка кириңер. Кадиксиз жерге жол салбас, Кармашпаса баш албас, Карачкыдай турганда, Алмамбет сага кол салбас, - Акимсинген көптөрү, Ажарлары өзгөрдү, Коркпогондо неткени, Кулдуйуп жатып кеткени, Коңурукка киргенде, Коломтодо күл калбай, Сапырылып кеткени. “Катылдык кайдан бекер, — деп, Как далыга бир койсо, Кайран жан кантер экен? “ –деп, Күйпүйүп жерге жатышып, Күбүрөп ыйман айтышып. Кууса дүйнө качасың, Кутулганча шашасың, Көркөм сулуу кыз болуп, Көз талдырып турасың, Көргөнгө көңүл бурасың, Жалганда жаның бар болсо, Жакыр да болсоң баашасың, Эми Алмамбет неткени, Бастыра жүрүп кеткени, “Артымдан Көкчө чабар, — деп, Алыстан кайдан табар? – деп, Эртеңге дейре ал жинди, Эсине келип калар, — деп, Эңгиреп мендей жаш төгөөр, Эркечтен укса кабар”, — деп, Шашкелик жерге урулуп, Жаңгактуу жерге урунуп, Аркайган жондур – туу белде, Атын түшүп откозуп, Тумандуу күндөй бузулуп, Шалбырт кардай сызылып, Алакең жатты үшкүрүп, Куру санаага үшүлүп. Муну мындай таштайлы, Эрен Манас көкжалдын Түшүнөн кепти баштайлы.