← Манас 2/3

Камгасын кайра бөктөшүп, Качырга кошун жүктөшүп, “Кабылан Манас баатырдан, Кутулдубу шүк”- дешип, Анталашып аттанып, Күн түнү жок жол тартып, Хандарга жете келишти, Салам айта киришти, Барып келдик биз деди, Манасыңар курусун, Ким билет анын жумушун, Кырк чоро деген арстаны, Барган күндөн камады, Ажал келип тумшукка, Чыкпаган сүлдөр жан калды, Ал жерде жыйын бар экен, Чоң дөбөдөй эт кылды, Лоп көлүндөй чык кылды, Алты күндө тарады, Анан бизди алпарды, Тар тешиктен киргизди, Маңдайды жерге тийгизди, Сарала кылып ыштанга, Сүрү менен сийгизди. Сурагы султан Манастын, Кыйын болгон кези экен. Кыргыздан кыйла жыйылып, Жыйын болгон кези экен, Эки канат ажыдаар, Сураккана үйү бар, Ал үйүнүн ичинде, Токсон тогуз бийи бар, Дердеңдебей баарыңар, Теги жайын билип ал. Аш кайнамда катты алды, Бизди башка алпарды, Бирден келин, үчтөн эр, Жумушкерди жумшатты, Бирден бедөө ат берди, Тогуздан торко тон берди, Баары көргөн билгенин, Айтуучу ушул кат деди, Көп кечикпей кайт, деди. Эшикте бедөө атыбыз, Мынакей биздин катыбыз, Камка-торко, түрдүү тон. Кошо турат аныбыз. Самаркан барып биз келдик, Ошол биздин жайыбыз,- Хандар катты алышты, Бечетин жырта салышты, Чокмороктоп ашыгып, Катты окуп калышты. Жазган катын караса, Жараткандын аты бар. Андан кийин караса, Жараткандын аты бар, Андан кийин караса, Мурдагы өткөн баары бар. Байыркылар өткөн соң, Баштагылар кеткен соң, Айкөл Манас аты бар, Бир сөзүн байкасаң, Миң тылаалык баркы бар, “…Үйөр аккан сел келгин, Үй токтоткус жел келгин, Үстүн астын көп келгин, Ача бакан тиребей, Аныңа амал кыламын, Үйөр аккан сел келсең, Ийри кетмен колго алып, Алым келсе бузамын. Үстүн астын көп келсең, Майышпастан турамын. Атаңдын көрү алты хан, Айтаарын билбей тантыган, Жээниң менен тайыңды, Жеп жутамын баарыңды, Жок экенин билбейсиң, Өз башыңда арыңды. Баш кыламын шаарыңды, Түгөтөмүн баарыңды, Чамалап чактап бийлеймин, Чогулуп келсең алыңды! Уугуңду илме кыламын, Унутулгус иш кылам! Калдай капыр угушта, Чоң опондо кыргызга, Азапты кыйла салыптыр, Быйыл талап алыптыр, Какандын короо шаары эле, Катышпады жөн койуп, Карап жүрдүм аны эле, Кыргызга быйыл кол салды, Мен барам ага эле, Кыргызга жерди ээ кылбай, Төлдөтүп салып топозун, Сарыколду Коңурбай, Ээлептир аны жана эле. Так кырк күндө келгиниң, Так кырк күндө келбесең, Талкаландың билгиниң!” Деп жазыптыр кабылан, Карап туруп алты хан, Унчугушпай шүк болду, Катасын таппай катынан. Төрдө олтурган хандарга, Толкуну көлдөй залдарга, Төрө Төштүк күүлөндү, Түркүн бузуп сүйлөндү: — Капилет басып катыштык, Кат жазып бекер айтыштык, Жолборско бекер асылып, Катынды жесир кылдык, ээ, Карып жанды кыйдык, ээ, Баланы жетим кылдык, ээ, Арылгыс башка муң салып, Өзүбүз карап турдук, ээ!- Төрө Төштүк токтолду, Дымбыр-дыш, доош жок болду, Оозун ачып ошондо, Олуйа Кошой оштонду: — Күн чыгышта бириң бар, Күн батышта бириң бар, Күлдү хандар чогулуп, Күбүлө турган жиниң бар. Сүйлөп жаткан ажыдаар, Сонун иши дагы бар, Куйругун басып алдыңар, Баш көтөрүп оп тартса, Алкымына бардыңар, Барбай кантип калдыңар, Кошойду айтаар абам, деп, Үрбүнү айтаар чабал, деп, Көкүлдү айтаар иним деп, Агышты айтаар жаман деп, Музбурчакты ага, деп, Төштүктү айтаар алпым, деп, Коконду колдойт сартым, деп, Бириңди бирге салуучу, Билиндирбей алуучу, Билбей баарың жүрөсүң, Манастын шайы мына шу. Болжогон күнү мен барам, Барсыңбы башка баруучу?- Кошой айтып токтолду, Бармак болду кырк күндө, Барбас киши жок болду, Айдап бармак болушту, Алдына салып көп колду. Жай жайына барышты, Камын кыла калышты, Ачуусуна турбастан, Намысты таштап салышты, Ай аркандап күн санап, Арыстан Манас жүрүптүр, Санаасы кыркка толуптур, Жол жүрөөр чагы болуптур. Таң агарган мезгилде, Таанылгыс адам бүрүлдө: — Доолду ургун!-деди эле, Жаткан уйдай көк доол, Дүңгүрөтө урдурду, Доолдун үнү дүңкүлдөп, Титиреп кетти кара жер, Токтоно албай сүлкүлдөп. “Алда эмне болду?”-деп, Кандайча доол урду деп, Уларбоз менен зор Бакай, Көктеке минип эр Чубак, Телкызыл менен шер Сыргак, Жетише келди алдырап. Боз дөбөнүн бетинде, Салкын зыркыраар мезгилде, Чоңкуланы жетелеп, Турган экен көкжалың, Көргүн мунун айбатын: Карагандан жан чыгып, Камагандан кан чыгып, Аркасынан арыстандын, Айдай кара жол чыгып, Зыркыраар болуп ызгаары, Жаалысы келип көз жайнап, Ак мейкин зоодой турганы. Анда Бакай муну айтат: — Айбаты бийик, арстаным. Атагы журту басканым, Акыр заман журтуна, Айтылып калчу дастаным, Доолдун үнүн укканда, Уктай албай жаткамын, Не калба болуп кетти деп, Акылымдан азганым, Эчтеке менен кериң жок, Кеңешип койгон кебиң жок, Дайарлап койгон жайың жок, Жүрүшүң кандай дайның жок, Арам кесек алты хан, Так кырк күндү болжодуң, Эртең келээр күнү экен, Аны качан ойлодуң? Эсиңе албай кары жаш, Неге мындай болгонуң?- Анда Манас деп айтат, Айдан ачык кеп айтат, — Жок жерден күнөө табышкан, Өзү келип катышкан, Алты ханды келет, деп, Ким камынат алдынан? Эртең эрте басалы, Калганга түгөл айталы, Ырчы уул, Бозуул - экөөнү, Алты чоро таштайлы. Келип түшкөн хан болсо, Кастарлап атын албасын, Бир чөөгүн жылуу чай бербей, Аркабыздан айдасын!- Анда Бакай кеп айтат, Кеп айтканда эп айтат: — Эби келсе арстаным, Жиберип киши кат жазгын, Хан Кошойго айталы, Кошой алсын кабарды. Коркуп келе жаткандыр, Сарсанаага баткандыр, Музбурчак, Үрбү, Алышты, Жандырып кетсин аларды, Бир көтөрүп таштагын, Карыган Кошой абаңды. Алты хан түгөл барганда, Айак-асты кылбайбы, Алакандай Кашкарды. Керкөкүлдүү Сынчыбек, Сурап калсын өзүңдөн, Чыгарбагын Төштүктү, Ажыратып көзүңдөн, Атактуу эрдин бири эле, Кең Кашкарды Төштүктүн, Соогатына берели. Сарыколдо камчынын, Топозун айдап кетели. Аз күндөн бери кеп угам, Алтайдагы казактан, Алоокенин Коңурбай, Айтпай дебей алымды, Алып жатат деп угам. Алоокенин калчасы, Чыр чыгарат деп турам,- Бакай кебин салыптыр, Айкөл Манас, шер Чубак, Арстандар кабыл алыптыр. Айал кылып турбастан, Аттанып жолго калыптыр, Ойлонуп Сыргак кат жазып, Ырчыуулга берип атказып. Олуйа Кошой абамдын, Өз колуна бергин,-деп, Мүчүлүш болбой бачымдап, Аркабыздан жеткин,-деп, Кокондон өтүп кеткенде, Баралбай анда калдың,-деп, Бозуулга кошуп Бешуулду, Беш күнгө дейре тургуң деп, Келген ханды түшүрбөй, Бир ууртам суу ичирбей, Айкыртып сүргүн,- деп, Келери - Төштүк, Керкөкүл, Үрбү, Агыш, Музбурчак, Бул жерлерге келе албайт, Карап жүрө бербегин, Келет деп алар кылчаңдап: Жете баргын аркадан, Күн түн дебей ыкчамдап, Аттанып кетти арстаным, Арбытып жолдо басканым: “Алдыма кыпчак үч келди, Абдан сурап алайын, Карайлатып кыргызды, Чапкан болсо калдайдын, Катырайын кадамын, Талоонго кеткен кыргыздын, Талабын берип кайтайын, Келбесе калдай бер жакка, Мен барбаймын аны издеп, Жакшы эмес адамга, Курулай эле кан төкмөк” - Дегенди алып ойуна, Бара жатса баатырың, Беш киши чыкты алдынан, Баатырдын көрүп караанын, Түшүп турду атынан, Колдорун алып бооруна, Чылбырын салып мойнуна, Аларды көрүп баатырың, Арине түштү ойуна, Айткан урмат саламын, Алик алды эр Бакай: Каары экенсиңер баарыңар, Кайда жөнөп калдыңар? Жериңер кайсы эл кайсы? Эл башкарган эр кайсы? Ээн жерде жолуктук, Тааный турган жан кайсы?- Алтымыш ашкан жашы бар, Айткан кеби мамундай: — Лоптон келем,-деди, Канткендик болот бул уул деди, Жеркенден келди бир киши, Кабарчыбыз үч киши, Мына бул эки кишини, Ополдук кыпчак жиберди, «Көкөтөйдүн ашында, Көрдүңөр көкжал Манасты, Тааныйсыңар бар» деди, Өткөн жылы бул жылы, Кангайдагы Коңурбай, Калдайга киши жиберди, “Лопто, Хотен, Жеркенде, Түрк алаш бар ал жерде, Баарысын талап чап! — деди, Баш булгаган ким болсо, Башын кесип сал!”-деди Кашкарга кошун кол берип, Калдайга кайрат мол берип, Жерден эгин алдырбай, Керүүгө малды жайдырбай, Алым алды ар жылы, Короого койгон субай жок, Коркутуп келди үч жылы, Коржоңдошуп койгон жок, Короолоп койду берсек да, Бир коончо тойгон жок, Кар ышкырдай тил салып, Келе берди омсоңдоп, Чыдай албай кордукка, Кол салыштык бул жылы, Айабай салды шум калдай, Кайран элге кыргынды, Хан Карача баш болуп, Хотен, Жеркен жандары, Жатканы үңкүр таш болуп, Моминтип күнүн тарайтты, Каапыр калдай кас болуп, Коңурбай барып көп аскер, Кашкардын шаары жык толуп, Бер жакка беттеп сап тартып, Агийнек Алай чокудан, Айдап күндө мал алып: Куралышып дартуулар, Келе жатсак жол алып, Келбеттүү көкжал жолуктуң, Кырчын талдай буралып - Айтып болуп кайран чал, Ыйлап ийди үн салып, Ачуусу келип айкөл шер, — Атанын көрү Коңурбай, Кайерде болсо алаштын, Дегеле кылбай көөнүн жай, Кашкардан күүлөп калдайды, Күндө таап калбаны, Лоп менен Хотен, Жеркенде, Тынч жаткан элге чаң салды. Атайлап келген кабарчы, Уктум толук кабарды, Утурлап келген беш киши, Жай-жайыңа барыңар, Жалпыга кабар салыңар, Саарынан кырып жай алсын, Таш-ташта жатпай жаныңар, Келатат Манас барба, деп, Кетпесин кабар Кашкарга - Жолго салып аларды, Коконду карай келатса, Жолдон Төштүк чыкканы, Ал Төштүк менен көрүштү, Ачык айтып сөз бербей, Бастырып кетти айкөл шер. Кокондогу Сынчыбек, Жолун тосуп баатырдын, Алып барып түшүрдү, Айабай жакшы күтүнүп, Көөнүдө ишин бүтүрдү. Аңгычакты Керкөкүл, Алда келди жетишип, Эр Керкөкүл, алп Төштүк, Айкөл Манас баш кошуп, Сынчыбек болуп кеңешип, Керкөкүлдү кетирди, Талабына жеткирди. Алайга кетти эр Төштүк, Арстан Манас кабылан, Кашкарды карай түз өтүп, Калдай жүрчүү Кашкардын, Төрт тарабын күзөтүп. Кароолчу көрүп караанды, Калдайга берди кабарды, Калдайтып кошуун мол жыйнап, Жаткан экен чоң Калдай, Ополду ашып барганы, Алп Төштүк, Сынчы, Кошойду, Баарын чаап алгалы. Аларды алса жемирип, Карк толсо көөнү семирип, Айкөл шерге бармакчы, Кол салышып, элирип.