← Манас 3/3

Коңурбай бермек кубатты, Көп черүүнү жиберип, Алдында келип кошулган, Кашкарда бар кыз Сайкал, Мурадил келмек бир кезде, Калдай, Сайкал артынан. Карбаластап чоң Калдай, «Көкө теңир, лама,-деп, Көрүнөө жардам болдуң,- деп, Убара кылбай Манасты, Айдап келдиң мага» — деп, Култулуңдап сүйүнүп, Куттай таарык жүгүрүп, Ашырып аскер жыйнатып, Шаардан чыкты чубашып, Калмак, кытай аралаш, Арасында чоң калдай, Арка болгон Сайкал бар, Черүүнүн саны сексен миң, Жер майышкан аскер, бил. Желегин жерге жапырып, Жер сойулта бастырып, Жетип барып жеңчүүдөй, Токтобой калды шашылып. Шаардын сырты кең Какыр, Эркештам көздөй келатыр: — Келтирбей шаарга, барам-деп, Келген менен Манастын, Эми эле эбин табам,-деп, Байлап алып куржуйтуп, Кыргыздын баардык баатырын, Манасын кошуп баарысын, Айдадым,- деп, колбутуп, Кошойдун терип сакалын, Кыргызга болгон багынды, Коконду кошо чабамын. Ташкендин шаарын талкалап. Самарканга барамын, Алп Жамгырчы, дөө Балта, Текечи, Шыкай, Жакыпка, Каран күндү саламын, Кайра келбей түз өтүп, Сарарка менен Каркыра, Алматы менен Кеминге, Ары өтүп Илеге, Атагы алаш дегенди, Түк койбоймун тегеле. Эсен ханга соога деп, Барып кирип Бейжинге, Баш бербей өзүм болом бек, Коңур калча дегенге!- Ушуну айтып кулдтулдап, Күпүлдөгөн калдайдын, Оозунан көбүк буртулдап, Көзүнөн жалын от чыгат. Аңгычакты артынан, Айкөл Манас баш болуп, Кырк баатыр бирге кошо бар, Кобурлуунун бары бар, Бакай абаң кары бар, Кыргыл чалы дагы бар, Айчыгы алтын туу кармап, Черүүнү көрүп токтолду, Ортосу талаа кең болду, Бет келишкен майданы, Борпулдак жумшак шор болду. Кара саат калдайда, Жылмалаң деген эри бар, Беттешкенин мент кылып, Алып жүргөн жери бар, Ашырып айтып койбосок, Жолойдон өйдө дегиндей, Балбандыктын шери бар. Шаңгерик деген аты бар, Шаңданып каапыр Жылмалаң, Майданга чыккан салты бар. Тоо экендеп жазганбай, Токтонуп карап туралбай, Балта дөөнүн Чубагы, Бакайдан жообун сурады. Эр Бакайдан бата алып, Жекеге чыкты аттанып. Мингени Чубак көк теке, Андан мурда майданга, Чыгып жүргөн көп жерде. Күүлдөп Чубак өкүм эр, Көйкашканын бири экен, Жылмалаң менен Чубактын, Беттешип турган жери экен. Оорагы кетпей алыска, Оорукта жатчуу эме экен. Көптү көрүп күркүрөп, Көргөндүн бойу дүркүрөп, Алтымыш кулач найзасы, Булгалап жүрүп чыгуучу, Беттешкен эрден канчаны, Баштан калган санаты, Кылып жүргөн адаты, Көк камандай күркүрөп, Чубакка найза салганы. Найзасын Чубак кагыптыр, Талкаланып найзасы, Тамтыгы чыгып калыптыр, Күркүрөгөн Жылмалаң, Күүлөп чокмор алыптыр, Чоң үйдөй бар чокмору, Көргөндүн баары корккону, Чокморун чактап чочконун, Чубакең найзасын кармап оңдонду. Чендеп Чубак качырды, Камынды капыр чапканы, Чаптырбастан Чубагың, Так таамайлап кайран эр, Каржиликти булчуңга, Найза менен муштады. Кунан уйдай булчуң эт, Булт этип ыргып кеткени, Кыркылып кетип тарамыш, Чокмору жерге түштү эми. Бир колунда жан калбай, Оң колго жарак алалбай, Балтасын алып сол колго, Эр Чубакка кезгерди, Анткен менен Жылмалаң, Алы кайдан тең келди? Баатыр Чубак тең эле, Бар кылганы чыр эле, Батыраак өлөр жериң, деп, Канчалык калдың эми, деп, Бакалоордун безине, Батакай муштап өттү эле. Кош күрөөсү кыр кылып, Шырылдап каны куйулуп, Сайдан кескен теректей, Жыгылды каапыр оолжуп. Оморулуп тоо кулап, Оңой эмес жоо кулап, — Болду, баатыр, болду! — деп, Кырк баатыр калды чуулдап. Калдайды кудай урганы, Чыдап карап турбады: — Жылмалаңды жеди! — деп, Жылма болгур, турба!- деп, Сен сексен миң, ал төрт жүз, Сегизге бирден туура,- деп, Сегизиң барып бирине, Кыбыратпай байла! — деп, Манас деген эмеге, Мен барамын ага,- деп, Мен Калдайды көргөндө, Манастын алы канча?- деп, Кара байрак имерип, Каптагын деп черүүгө, Буйрук берип жиберип, Калдаңдап калдай жөнөдү, Кар жаачу күндөй бүркөлүп, Суу көрбөгөн шор чаңдап, Аргымагы алчаңдап, Алаңдаган зор Калдай, Айбаттанып баратат, Чирене тээп үзөнгү, Алган кези кайкалап. Керней-сурнай чалынат, Көп экен деп жазганбай, Кырк баатыр кирди аралап. — Тегеректеп кетти,- деп, Теги кайда кеттиң?- деп, Көптөп кетти мени,- деп, Көрө албадым сени,- деп; — Сойул тийди мага,- деп, Сол карыдан алды,- деп; — Соолуп калган түгөнгүр, Кайра кеттиң анда?- деп, Бир кыргызга топ калмак, Урушуп жүрөт аталап. Жаактын каны чубуруп, Жарылган баштар андан көп, Камчы тийип көз чыгып, Олойгону мындан көп; Колу сынып шалактап, Чолойгону андан көп; — Ичке тээп ийди,- деп, Эми мени жеди,- деп, Өбөктөгөн мындан көп. — Азамат сендей болобу? Кантесиң өйдө болгуң,-деп. Жөлөктөгөн андан көп; Буту сынып кокуйлап, Кобо албаган мындан көп. — Сынган экен белим,-деп, Зыркырады сөөгүм,-деп, Сыздаганы андан көп; — Байдаңды качан көрөмүн, Барбай койдуң мага,-деп, Өктөлөгөн мындан көп; — Олдо кокуй! Кантем?, — деп, Өксөп ыйлап жаткан көп; Оодарылып жата албай, Онтоо кирип жаткан көп. Ойрон Чубак, эр Сыргак, Орто жерден чыкпастан, Оң-тескери сулаткан, Олчойгон чоңун кулаткан, Көк түпөк найза сундурган, Кылычтын каны чубурган, Кара кытай, манжудан, Калмак, солон, шибеден, Өлүп кетти нечен миң, Айкөл Манас аралап, Айбатынан баатырдын, Калдайдын кара кошуну, Ар кайда качты талаалап, Бирине-бири карабай, Тымтыракай сабаалап. Ошол кезде чоң калдай, Карап туруп алалбай, Камчыланып кара атты, Канкор Манас баатырга, Тик качырып баратты, Каңтара сайып алмакчы, Капталдан баатыр Манасты. Капыстан каапыр качырып, Каңкайлап ураан чакырып, Жыланкара минген ат, Илбирстей мүчө шаңданат, Кулактарын жапырып, Куйругун күүлүү ургулап, Аркасынан чыккан чаң, Жөө туман болуп созулуп, Төрт туйагы тийген жер, Кемекейдей ойулуп, Кыртыштуу жерлер сойулуп, Катуу тийди каарданып, Ажыдаардай заарданып, Өткүр болот - кара курч, Түпөктүү найза колго алып. Көрө салып айкөл шер, Салышар жоого айла кер, Акылында кеми жок, Ааламдан ашкан кеменгер, Токтолуп тура калыптыр, Тоодой Калдай каапырдын, Шыргыйдай узун найзасын, Айкөл Манас кагыптыр. Найзасы каңкып көккө учту, Жандап өтө бергенде, Таамай маалы келгенде, Сыр найзаны ыргады, Аккула менен чулатып, Ай далыга муштады, Манастан найза жетиптир, Кара тоодой чоң Калдай, Оморулуп кетиптир. Элдин аркы четинде, Беттешип калган кеп эле. Аккула башын бургунча, Каткалаңдын Сайкалы, Кызыл буурул ат менен, Кыйырынан чыга калганы. Кыраан Манас баатырдын, Кыйырынан келип бир сайды, Аккуланын үстүнөн, Аңтарылып калганы. Кыз Сайкал кайра таркынча, Кыраан Чубак жеткени, Кыз Сайкалды атынан, Аңтара койуп өттү эми. Аккула кармай алганы, Жетелеп жөнөп калганы, Кайрылып Чубак келгинче, Сайкал кетип кутулду. Жыгылган Манас арстаның, Өйдө болуп караса, Калдай туруп алыптыр, Кача турган кептенип, Камданып атка калыптыр, Үзөнгүгө бут сала, Этектен жетип кармады, Басып калды тоңкойтуп, Оодара тартып Калдайды, Кандабай тонун чечкени, Калдайдын башын кескени. Сайкал качып жоголду, Каш кайтарган болбоду, Оозу калды ачылып, Чоң Калдайдын ордосу. Ордого кире барышты, Орунду андан алышты, Келип кетсин бизге деп, Төштүккө кабар салышты. Жеркен, Хотен, Лопнурдун, Хандарын такыр чакыртты, Каратып туруп аларга, Калдайдын шаары Кашкарды, Хан Төштүккө тапшырды, Хан Төштүк алып Кашкарды, Кадимки достук анты үчүн, Ал Акунга тапшырды, Бардыгына чогултуп, Алп Төштүктү баш кылды. — Шаарың Кашкар сеники, Кыштагың тойуң, Чакмакта, Жайлагың Алай чокуга, Лопнурдан бери карата, Ээлик кылгын ушуга,- Деп ошонтип эр Манас, Аккула менен бастырды, Чымкен менен Сарыкол, Чоролордон чаптырды, Коңурбайдын тоолордон, Топоздорун таптырды. Топоздун саны алты миң, Даңдубашты айлантып, Алты миң топоз айдатып, Самаркан болуп турган жер, Жатыптыр Манас кеменгер, Муну мындай таштайлы, Алмамбетти Көкчөнүн, Кууганынан баштайлы.