← Манас 2/3

Кашында турган Ажыбай, Алыбайдын миңгенин, Жетелеп келип бергени, Ат берип кайра тартканча, Ажыбайды ал Кежи, Аңтара сайып кеткени. Ал Кежинин мингени, Ала качкан мал экен, Азыраак айбы ал экен, Бура тартып болгунча, Бурулуп кайта барганча, Кандим Шууту жетиптир, Ажыбай менен Алыбай, Кутулуп экөө кетиптир. Мындай эчен эр Шууту, Арбын көргөн сайышты, Өткөрүп келген башынан, Албан-дубан салышты, Камындырбай Шуутуну, Кара кытай Кежиси, Каңтара койуп өттү эми, Кайран Шууту калдайып, Кара жерге түштү эми. Аксакал Кыргыл акырып? Манастап ураан чакырып, Кежиге Кыргыл жетиптир, Жеткен жерде Кыргылды, Кагып ийип найзасын, Капталдан ары бир сайды, Бир сайууга жарабай, Жер кучактап жыгылды. Ырамандын Ырчы уулу, Чыйрактын бири болучу, Уруксат алып Бакайдан, Удаа кирди мына бу. Оңдонуп турган Кежиге, Капталга найза домдоду, Чыйрак сынган ырчынын, Мунун да иши болбоду, Баргандын баарын кулатып, Баардыгын аттап сулатып, Бирин-бири кырк баатыр, Алып жатат куткарып, Мен дагы чоро бири, деп, Атасынын көрү, деп, Баатыр Сыргак чуратты, Беттешкен пенде оңобу? Мынчалык келген эренин, Ал Кежини койобу? Сыргактан найза жеткенде, Менменсинген ал Кежи, Топо тиштеп торойду. Кечкирип калды аңгыча, Айжаңжүндүн элинен, Кернейдин үнү угулду, Аскерлери айдаган, Койдой болуп чубурду. Көк жал Манас кошуну, Жайыкка түшүп олуттуу, Кайгылуу чууну чыгарып, Каратып койду туш-тушту. Атканын жазбас мерген бар, Ылаачындай терген бар, Ай караңгы түндөрдө, Из кубалап билген бар. Селдей душман каптаса, Селт этпей жалгыз кирген бар, Сыныгын сыртка чыгарбас, Сыр алдырбас кылдат бар, Уйкудан кечип эл сактап, Кызмат кылат мындайлар. Чатыр сактап турган бар, Чактамай кызмат кылган бар. Үч которуп сакчыны, Агарып сүрүп таң чыкты, Айбаттанып Айжаңжүн, Тоодой караан кан чыкты, Арт жагынан бороондой, Уйулкуган чаң чыкты, Атагы алаш жагынан, Сыргак деген тың чыкты, Ылайык келсе барсам деп, Ынтылып турат көп мыкты. Кытайдын эмки баатырын, Жашаган жерин сурасаң, Сазаң деген жер экен, Кыл баатыры кытайдын, Ошондон келген эр экен, Өкүмү артык болбосо, Өңкөй баатыр чогулса, Жалгыз менмин дейт бекен? Күч сынашкан кездерде, Кара кытай, манжудан, Калмак менен анжудан, Шибе, солон - баарынан, Бир кишиден жеңилбей, Мөөрөй алган эме кен, Бир бармагы ийри үчүн, Атын Майтык дээр экен. Миңгени анын пил экен, Ат көтөрбөй пил жокто, Жөө балбан Майтык дечү экен, Жөө жүрбөй минип жүргүн, деп, Эсенхан берген пил экен, Баатырдын баары чогулуп, Барып калса ордого, “Баарыңдан Майтык мыкты” — деп, Эсен хан айтып жүрчүү экен. Пилин минип томтойтуп, Темирден найза кокойтуп, Көргөндө жүрөк солк этет, Чоңдугу тоодой зоңкойуп, Кабаттап калган тартынып, Соң темирин артынып, Чарайнасы чатырап, Чойун чокмор колтуктап, Пил минип келди бадырек: — Бириң эмес, баарың кел, Мен Майтыкмын билгиң! — деп, Баары барбай Майтыкка, Жалгыз Сыргак барганы, Телкызыл минип камданып, Адамдан башка шаңданып, Карап туруп калганы. Баатыр Сыргак качырды, Тоо экен деп кызганбай, Минген пили карпаңдап, Колу буту тарбаңдап, Кошундун туруп ичинде, Коркоктун көбү калдаңдап, Күүлөдү майтык найзасын, Күүсүн мунун байкагын - Күркүрөгөн куусу бар, Учунда жалын оту бар, Узундугу найзанын, Бир жүз элүү кулач бар, Найзасын сунуп бакырды, Топурак учуп, боз түшүп, Туман басты какырды! Найзасын чендеп эр Сыргак, Кылычын сууруп кынынан, Сайгалы сунган найзаны, Кыйа чаап таштады, Имере кармап кылычты, Майтыктын минген көк пилин, Так мойунга чапканы. Сыргак чапкан оңобу, Денеден башты бөлүндү, Көк пили көрдү өлүмдү. Пил бутун баса жыгылып, Оңолуп Майтык тургунча, Кармап Сыргак колуна, Как ыргай саптуу айбалта, «Манастап» катуу айгайлап, Майтык карай ыңгайлап, Үзөнгүгө эр Сыргак, Кобо калып тамандап, Алдынкы ээрдин бек тиштеп, Бере көргүн, деп тиштеп, Туулгасы жок башында, Кара кушу, деп тиштеп, Болжолун алып бек тиктеп, Колтугун Сыргак чойуптур, Чокулата койуптур, Күчтүү тийген балтадан, Жолум үйдөй чоң башы, Төрт талаа болуп жарылды, Балтага мээси жабылды. Ошол күндүн ичинде, Эрегишип келгенден, Неченге өлүм табылды, Күн бешимге барганда, Жүз элүү кытай тор алып, Бир Сыргакка жабылды! Ошондо Сыргак баатырың, Ак жолборстой кылт этип, Алдында минген Телкызыл, Койондон бетер булт этип, Төгүлгөн жерге сымаптай, Көрүнүп көзгө жыл этип, Тор көтөргөн жүз балбан, Бирине-бирин жеткирбей, Чай кайнамда бүт алган, Элүү торчо калганда, Дагы барды жүз балбан, Айкайлашып чуулдап, Тегеректеп кетиптир, Бир Сыргактын бойуна, Он алты тор түшүптүр. Дүрдүгүп тартты калмактар, Тарткан менен Сыргакты, Телкызыл менен Эренди, Сүйрөтүп кете албады. «Таа-талашып» жатканда, Акбалтанын Чубагы, Арыстанын карап турбады. Камчы менен бир салып, Алда минген бууданды, Кыйкырып Чубак качырды, Жалаң кылыч колго алып, Сүйрөтүп жаткан Сыргакты, Канча кабат тор салган, Каңкайтып ээрин жуушатып, Элүүнүн башын бир кесип, Узунунан сулатып, Өрдөк кууган шумкардай, Чубак жүрөт чуратып. Имерип кайра тийгенде, Укмуштуу каңкай баштады, Айжаңжүндүн элинен, Алты жүз торчу каптады, Камындырбай Чубакка, Алтымыш торду таштады! Байланды Чубак, Сыргагы, Кыргыл баштап кырк арстан, Эми карап турбады. Аралап кирген душманга, «Манастап» ураан үн салды. Айкөл Манас ээлебей, Эчтемкеден кенебей, Бөкөлөрдү көргөнсүп, Карап турат кебелбей, Кудай артык жараткан, Сүйгөн шерин ченебей! Ошентип турган кезекте, Айжаңжүн кирди бакырып, Кырк баатырды тебелей. Кара кытай, калмактар, Жалпысы торго чабандес, Тор салууда буларга, Эч кандай элдер тең эмес. Кырааның Манас байкаса, Кырк чоронун кыйласы, Торго түшүп калыптыр, Көрүп көкжал жаңжуңду, Кудай берген байагы, Кырк бир шерлик ачуу үндүү, Арыстан Манас салыптыр, Баатырдын үнү чыкканда, Жаңырык тарап асманга, Суулар толкуп чайкалып, Тоо токтобой чайпалып, Кара жерлер танабы, Үзүлчүдөй баштанып, Турган булут карарып, Ар кайда кетип таралып, Жер айрылып суу чыгып, Топурак учуп боз түшүп, Сыргак, Чубак кутулду, Кайраттанып тор үзүп. Айжаңжүндүн шаарында, Карысы-жашы, коркогу, Канчасын басып калыптыр, Кулап кетип коргону, Бооз катын калбастан, Бала салып баарысы, Кызыл чие кан болуп, Абышка-кемпир, жаш балдар, Жанчылып калды нан болуп. Эстен танып Айжаңжүн, Кой эти бышым сандалып, Көзүн ачып караса, Топурак басып, тунарып, Тийген күн жок кылайып, “Бурут жаман шум экен, Кыйкырыгы бул экен, Алооке калдай, Дөөкандар, Коркору мындан чын экен, Коркору мындан чын экен. Койгулашып коржоңдоп, Кокус өлүп жүрбөйүн, Амал кылып урушуп, Кечкече байкап көрөйүн. Күн баткан күүгүм бүрүлдө, Кара кытай, калмакка, Калка болом дечүү эле, Алтымыш капка Каканга, Арка болом дечүү эле, Алоокенин чоң Коңур, Нескара, Жолой оңбогур, Мурадил, Уушаң бар эле, Чындаша келген кездерде, Бороончу мыкты эр эле, Каткалаңдын Сайкалы, Бизге жакын эме эле, Уругум кытай ичинде, Мындай мыкты көп эле. Ошолорго барайын, Өчүгүшөм деп жүрүп, Мурун өлүп калбайын…” Акыл ойлоп калыптыр, Көзкамандын Көкчөкөз, Жанына чукул алыптыр: — Көкчөкөз, мыкты эр,-деди, Жанымда дайым тур,-деди, Жакындап тургун айрылбай, Көп акыл бар, бил,-деди. Айжаңжүн мындай дегенде, Санаага батып бир нече, Көкчөкөздүн ойуна, Мындайча кыйал келгени: “Как жанына күч келсе” Кармап мени берер,-деп, Кармап берип ал экөө, Достошо кетер бекен?-деп, Мына барам» дебеди Азыктырып жаңжүңдү, Качырып жолго кирди эми.