← Манас 3/3

“Мында туруп нетейин, Чынын айтып бар ишти. Алп Коңурга жетейин. Байкабай жүргөн экенмин, Кара кытай жаңжуңду, Атасы башка экенин?- Буруу жолго салыптыр. Бөлүнүп кетип калыптыр. Ачууга бойун алдырып, Манас туруп талыгып, Ачып көзүн караса. Аламан уруш дагы да, Кыраан Чубак, эр Сыргак, Көрүнбөйт көзгө ушул чак, Аккула менен аргытып. Топко кирди жарылтып, Кишинин баары элейген, Тирүү туруп элейген, Тил күрмөгөн киши жок, Кими менен иши жок, Кырк баатыр жүрөт бакырып, «Манастап» ураан чакырып, Кара кытай, калмакты, Айдап жүрөт жакырып, Эрен Чубак, Сыргактын, Эсендигин көргөндө, Айкөл Манас баатырдын, Көөнү кетти ачылып. Торго түшүп кутулуп, Чубак, Сыргак калыптыр, Ого бетер ачынып. Кылычын сууруп алышып, Кыр баатыр бирдей жарышып, Кырка турган жоо колун, Кырын бузбай чабышып, Каарына келишип, Калган экен айыгып. Анда Манас турбады, Чүмкөлө түштү кабагы, Төкөр уста жасаган, Ак албарс кылыч колго алды. Кынабынан тартканда, Кырк арышынча узарып, Учу өрттөй кызарып, Бирден шилтеп өткөндө, Эки жүздөн башты алып, Кетип барат черүүнү, Чапкан чөптөй жуушатып, Чактабай уруш салыптыр, Кан жошулуп агыптыр, Эрегишип элебей, Жылдыз чыгып калыптыр, Айжаңжүн берип буйругун, Керней менен сурнайдын, Үнү чыгып калыптыр, Ажалдан калган тирүүсү, Ажырап аскер бөлүндү, Кайдасың Каңгай эми деп, Качып Жаңжүн жөнөдү….. Каадасындай жатышты, Жарык таңды аткызды. Атайы киши жиберип, Алардан кабар алгызды, Чыкпады Жаңжүн аскери, Күн бешимге барганда, Эки киши келгени, Элге кабар бергени... — Эрен Манас, бил,-деди, Ээсиз калдык биз,-деди, Кечээ бар Жаңжүн күндө жок. Кечке чейин келбеди. Кармап баатыр алдыңбы? Кандеке түртүп салдыңбы, Кайгыга салбай калыкты, Тапшырып алсаң болбойбу, Талаада калган шаарыңды,- Келген элден кеп угуп, Кетти Жаңжүн деп угуп: — Улук болбой катып кал! Балчыктарга жатып кал! Азыраак болсо оор жумуш, Качып кетет экен,-деп, Элин таштап талаага, Шашып кетет экен деп, Айжаңжүңдүн ордого, Кутулайын, баргын,-деп, Улук болуп, журт сурап, Бийлик наамын алгың, — деп, Акыр заман элине, Куту бийдин шаары деп, Айтылып калсын атың,-деп, Кечээ урушка келе жатканда, Элсиз эрме талаада, Агып жаткан суусу бар, Учураттым бир жерди, Айжаңжүн шаарын алганым, Жалганы жок чын болсо, Шаар салам мен болсо, Манастын салган шаары деп, Кыргыз, казак эл консо,- Деп айкөлүң айтты эле. Манастын сөзүн болбойт, деп, Жыра турган ким экен? Айжаңжүндүн аскери, Алтымыш миңче киши экен. Айдап барып түшүрдү, Аз күндө шаарын бүтүрдү. Баркөл, Алтай Арадан, Быйагы Текес айлынан, Ылгап туруп алпарды! Ошол чактан ушул чак, Манас деген ат калды. Туз Көлдүн үстү Каратоо, Ат бакты Бөкө ошого, Бөкөнүн тоосу ат калды, Ушул күнү бар ошо Агып жаткан Карасуу, Баары майдан болуучу, Бүткөнчө шаар ал жерде, Байматтын болгон конушу, Май булактуу Баймат деп, Майбулак атын койушту. Турпан жаккы чоң кырда, Асманкөл деген бар эле, Төрт тарабы такыр тоо, Асманга бүткөн көлү деп, Асманкөл аны деди эле. “Турпан, Пчан шаарыңдын Суулары анын саркынды” Бул Бакай айткан кеп эле, Ал Жаңжүн турган, калайык, Орто Бейжин шаар алдым. Жаныма Манас шаар салдым. Өлбөй тирүү болгондо, Кайда болсо Коңурбай, Как үстүнө барамын. Көкчөкөздүн жеткенин, Абдан уктум кабарын,- Муну Манас айтыптыр, Элин көздөй кайтыптыр, Жарасы бүтүп айыгып. Айжаңжүндү кошо алып, Аты Манас шаар салып, Айжаңжүндүн бир шаары, “Кутубий” деп аталып, Үстүндөгү чоң тоого. Чоронун аты койулуп, Булагын Баймат ээлеген, Тазбайматтын Майбулак, Айтылып калган кеп экен. Муну мындай таштайлы, Батышпаган хандардын, Жоругунан баштайын.