← Манас 3/5

Көктеке үнүн угуптур, Түйүнүп Чубак чыгыптыр, Чубактын келип жанына, Улутунуп туруптур. Бул эмне шумдук, — деп, Көзөл Чубак айкырып, — Көп чоро, — деп бакырып, Чубактын үнүн укканда, Бардыгы чыкты шашылып, Чоронун бары чогулуп, Аттарын кармап жабылып, Алдырашып камынды, Үстүнө токум салышып. Каныкейден Ажыбай, Уккан кепти улады: — Арстан Манас барбы, — деп, Карабөрктөн сурады. — Кеткен болчу күүгүмдө, Аттанып кетти күдүңдө, Арстаныңар жаткандыр, Токолунун үйүндө! “Карабөрк каргыш болчу, — деп, Ажыбайдын көөнүндө, Бастырып барды Ажыбай, Накылайдын үйүнө. Ажыкең жакын барганда, Накылай чыкты эшикке. — Бий Ажыбай капыстан, Келдиң эле не ишке? Кирбейсиңер кырк баатыр, Каныкей жок башка үйгө,- Башка кепти таштады, Ажыбай кепти баштады: — Арстан барбы бул үйдө? Айтарга кебим бар эле, — Көрбөгөндөй сөз согуп, Сынабачы Ажыке. Көзүң менен көрдүңбү, Ушул үйгө киргенин? Эркесинде жаткандыр, Билбейм кайда жүргөнүн! - Ажыкең ойу чачылып, Ичи кыйын ачынып, Хан Бакайдын кашына, Жетип келди шашылып, Жалпы чоро бар экен, Терин аарчып аттардын, Жууп жаткан асылып. — Айланайын абаке, Акылдын кени береке, Барып келдим үч үйгө, Сурап жүрүп таппадым, Арстан Манас канаке?- Ажыбай антип жатканда: — Менин атым жок экен, Ал эмне болгон? – деп, Сыргак келди ал жерге, Бир укмуштун болгонун, Абаң Бакай билди эле. Кыргылчалды чакырып, Кыраан Бакай каңырып: — Карыбай жерге кирейин, Кайсы экенин билейин? Калк кечиргис чекилик, Каңгырап жүрө бергемин! Даанышман болбой өлөйүн. Дайынын биле жүрбөпмүн. Камынгыла, Кыргылым, Калбай барың жөнөгүн! Ылдам мында келсин де. Төлгөчү кара Төлөгүн, Төлгөңдү салчы Төлөгүм, Арстан Манас кайда экен, Айтчы мага көргөнүн,- Алымдардын Алакен, Актай далы көрүчү, Ашкере айтчу бала экен. — Далыңды алып сүйлөгүн, Айтып берчи чунагым. Айкөлүм кайда жүргөнүн!- Төлөк салып төлгөсүн, Бир тиктеп чачып жиберип, Көзүнөн жашын имерип: — Абаке мингин атыңа, Бүгүндөн калбай жетели, Бетегелүү Койташка!- Далысын карап Алакен: — Атанын кокуй, абаке! Арстаным жатат бир жерде, Аккула менен Телкызыл, Сактап турат ал жерде. Башында байкап көрбөпбүз, Көзкаман мында келгенде! — Алакен, Төлөк деп айтып, Окшош экөө бирди айтып, Аттанып алып жөнөдү, Бетегелүү Койташка, Белдүү баатыр Көйкашка. Жакып байдын Туучунак, Сыргак кармап миниптир, Сыздырып жолго кириптир, Келер иштин бардыгын, Ойлой жүрөт Каныкей, Керек болор эмесин, Камдай жүрөт Каныкей, Эбеп, себеп дары бар, Апы-сапы дагы бар, Кырма-кызыл кыйын бар, Кайнатма кара жана бар. Сары барпы, көк жашыл, Адам укпас нечен бар. Айуу, жору, кажырдын, Бүркүт, үкү барынын, Камдап жүрчү Каныкей, Керек болчу баарысын. “Эси болсо баатырым, Эки күндө чоронун. Бирөө келет кабарга, Мен камдана турайын, Кечикпестен барарга”. Камын кылып Каныкей, Карап жүрөт талаада, Токтоналбай жел кыйал, Токсон түрдүү иш түшүп, Батып жүрөт санаага. Абаң Бакай Кыргыл чал, Кадыр, Түмөн, Шуутулар, Кыраан Чубак, кырк арстан, Из кубалап бараткан. Он алты күндүк ортого, Ошол күнү жетишти. Бетегелүү Койташтын, Белине чыга калышты, Изчилер изин чалышты, Телкызылды көп аттан, Бөлүнгөн жерин табышты. Жаныбарым Аккула, Ат дүбүртүн укканда, Кайдан келген душман деп, Түшмөк болду башыма, Түгөнбөгөн душман деп, Токтоно албай удургуп, Ошентип турган кезинде, Телкызыл чыгып кашатка, Келаткан элди көрдү эле, Биз быйакта дегенсип, Кишенеп сала берди эле! Телкызыл үнүн укканда, Токтоо кылбай ошондо, Аркырады Аккула. Аккула үнү чыкканда, Кулуну калган эмедей, Аттын бары аркырап, Айрыкчасы Көктеке, Күчөп-күчөп даркырап, Аркалап келе жаткан ат, Алдына чыкты жалтылдап. Калбай бары келишти, Кабылан эрди көрүштү, Кайран абаң кан какшап, Көзүнөн жашы бурчактап, Кызыл канга бойолгон. Кабылан шерди кучактап, Оодарылып атынан, Чубак жетти дардактап, Аламан болуп турган чак, Чоролор чуркап далдактап! Бирин бири тыйышып, Кетер жери жок эле, Жамандыкка кыйышып, Эңгиреп ыйлап сооронду, Эс акылын жыйышып. Оодарып жерден алышып, Олпоктон орун салышып, Эми кантер экен деп, Оозуна суудан тамызып, Эки ирмеп, үч ирмеп, Кылт дегени билинип, Бир челекче суу ичип, Көзүн ачты тирилип. Айландыра бир карап: — Серек, Сыргак кана? — деп Абам Бакай эр Чубак, Ажыбай барбы мында? — деп, Кармадыңбы, таптыңбы, Көзкаман деген арамды? Айабай салды башыма, Адам айткыс залалды… Айтып сөзүн ушунча, Эсин кайра танганы. Абаң Бакай кеп айтып. — Ээ, балдарым — деп айтып, Кудай бизге бериптир, Көкжалың тилге келиптир, Ич өзөгү сак экен, Барыңдын ишиң ак экен! Аттан ылгап бериңер, Бирин ылдам желиңер, Эртеңки күнү шашкеде, Каныкей алып келиңер. Билбейсиңер Каныкей, Адамдан чыккан айлакер, - Абаң айтып болгунча. Таз Баймат турду алдырап: «Мен барайын, аба» лап, Ажыбай турду шалдырап: — Каныкей минип келерге, Ала бар чоң Күрөң ат, - Ачып көздү жумганча, Айтып Бакай болгунча Таз Баймат кетти аттанып, Жетекке Күрөң атты алып, Көөнү өстү Байматтын, Көктеке минип шаттанып. Далдаага кире бергенде, Эки жагын каранып. Бүткөн бойун күбүнүп, Сакал-мурут сыланып, Он беш жашар баладай, Чапкылап барат бууланып, Кирип барды айылга, Эл жатар кезде дууланып. Алдына минген Көктеке, Кара терге чыланып, Келип элдер сурашып, Көргөнүн айтып Тазбаймат, «Бастыралы Каныш», — деп, Шашмалап турат ыкчамдап. Камдап койгон Каныкей, Керектүүсүн бүт алып, Кансыраган экен, деп, Чаначка куйуп артынып, Жылаңач уйдан сүт алып. “Суу ичип көзүн ачалса, Көөнүндө кебин айталса, Өзөгү сак экен, — деп, Таң атканга жол жүрсөм, Шашке маалда жетем, — деп, Абакем Бакай, шер Чубак, Абдылда бий, эр Сыргак, Дан жедирбес бекен, — деп, Канча күн жатып былк этпей, Ичеги жыдып калды” — деп, Ошол жактан кайгы жеп. Куржунга салып дарысын, Койбой алып барысын, Сүтүн артып Байматка, Артынып өзү башкасын, Бастырып кетти жол тартып. Арзан эмес кан Бакай, Бармактай тамак таттырбай, Эс алган сайын баатырга, Муздак суудан ууртатып, Кылт дедирип жуткуруп, Жел киргизбей кумтушуп, Каныкей качан келет деп, Белес жакка көз түрүп, Бир түндү араң өткөрдү, Кирпик какпай олтуруп. Кайран жеңең Каныкей, Желкеге чачын түйүптүр, Эркекче чапан кийиптир, Тунарыгы ачыла, Тоо башына күн чала, Жетип келди буларга, Тарттыралы Канышка, Киши керек эмеспи, Карткүрөңдү кармарга, Сырын билген Ажыкең, Телкызыл минип алыптыр, Дайарлана калыптыр. — Мен кармайын аны,- деп, Сыргак айта салыптыр, Ажыкең түштү жер жакка, Минди Сыргак шарт гана. Жыландай сойлоп жыпылдап, Таңкы желдей зырылдап, Туйагы тийген кара таш, Топурактай быркырап. Кыйа тартып эр Сыргак, Чылбырдан алды чукулдап. Арам өлгөн Карткүрөң, Абдан кызып учканы, Кармаган колун Сыргактын, Жулуп кете таштады, Камынып кармап албаса, Каныкейди түшүрбөй, Алып кете жаздады! Каныкей басып барганда, Доошун угуп эр Манас, Чамасы келе албады, Мойнун буруп карарга, Айландыра бир карап. Ал Каныкей турбады, Шекер кошуп сүт берип, Улам-улам бат берип, Жаранын оозун жуудуруп, Дакиден койуп буудуруп, Сак жагы менен жаткырып, Жарага дары жаптырып, Көк жору өтүн ичирип, Айуунун өтүн эздирип, Кажырдын өтүн сыйпатып, Эбеп-себеп дарынын, Аны ичинен бердирип, Апы менен сапыны, Кутуга экөөн коштуруп, Тайарлап болуп бардыгын, Алып келген дарысын, Жууп канын таштады, Жаранын оозун ачканы, Көрүп туруп жараны, Каныкейдин айтканы: — Ууга чылап түнөткөн, Ок менен сени атыптыр, Тиктеген көзүн кал басып, Жандата атып жазыптыр, Оорагың сага жар болуп, Кылчайбай душман качыптыр, Кадырлап күттүң калмакты, Мунун кай жериңде жазыктыр? Жараңдын оозун карасам, төрөм, Эт чыгарган чарадай, төрөм, Жүрөгүңдү карасам, төрөм, Тегирмендин барадай, төрөм, Эрдигиң бар энөөсүң, төрөм, Ак олпок кийбей аттанып, төрөм, Адашып кандай жөнөдүң төрөм, Баатырлыгың башкасың, төрөм, Балбандыктан ашкансың, төрөм, Бастырып үйдөн чыкканда, төрөм, Акылыңдан шашкансың, төрөм, Көзкаманды баккансың, төрөм, Хан болуп мында жаткансың, төрөм. Шайтан айдап шашылдың, төрөм. Атка неге асылдың, төрөм? Алладан сурап багайын төрөм. Айыктырып алармын, төрөм, Буйругу ушул кудайдын, төрөм, Мунусуна көнөйүн, төрөм!- Муң сөзүн айтып Каныкей. Кабыланды багыптыр. Карк үч айга толгондо, Кадимкидей сапасак, Айыктырып алыптыр. Айдаркандын Көкчөсү. Ээлеп жатчу жол тосуп. Көрүктүүдөй бөксөнү, Хан Манаска келиптир, Учураша көргөнү, Көкчөкөз дайнын сурады, Көргөнүн айтпай турабы: — Көзкамандын Көкчөкөз, Айжаңжунда ушул кез, Айжаңжүн деген кытайдын, Кайраты артык өтө тез, Эркинче жатат ал кытай, Бешбалык деген жерди ээлеп, Кыргыз, казак элине, Келет ко бир күн тебелеп,- Деп ошентип капыстан, Көкчө айтып жиберет. Көкчөдөн угуп бул кепти, Ойуна алды арстан, Айжаңжүн карай жүргөлү: — Хан Бакай, Чубак кел, — деди, Кебим бар айтам мен, — деди, Кармашып жүрүп жоо алдым, Бануусу, соксо дөөнү алдым, Ошончо тартып жабырды, Бул өңдүү күнгө калбадым. Айжаңжүн карай жөнөйүн, Көкчөкөз сурап көрөйүн, Өзү билет Айжаңжүн, Бериши менен бербесин, Бербей койсо Айжаңжүн, Өлүшпөй кайра келбесмин -, Кеп-кеңеш кылып жатканда, Кирип келди бир казак, Манаска кабар айтканга: — Көкчө сизге кеткенде, Ушунда жүргөн мезгилде, Иле бойлоп Көкчөкөз, Элүү киши барыптыр, Барган эрлер бары кыл, Айжаңжүндөн алыптыр. Илени бойлоп жаткандан, Кыргыз менен казактан, Миң үйдү чаап алыптыр, Мал-мүлкүн бүтүн алыптыр, Өздөрүн таштап талаага, Мүшкүл күндү салыптыр, Үчкаркыра, Сарарка, Эки Кемин буларга, Жөөлөп чубап барыптыр, Иледеги миң үйлүү, Ушинтип тентип калыптыр,- Ушул кабар укканда, Кыжыр толду Манаска, Кепти угуп күүлөнүп, Бузулуп өңү түрлөнүп, Манас турду күркүрөп, Жан алчудай сүрдөнүп. Муну мындай таштайлы, Көкчөкөздүн кийинки, Шумдугунан баштайлы.