← Манас 4/5

Кепти угуп күүлөнүп, Бузулуп өңү түрлөнүп, Манас туруп түрлөнүп, Жан алчудай сүрдөнүп: — Каныш, үйгө кайткын, — деп, Жамгырчы, Балта, Жакыпка, Жумуш жөнүн айткын, — деп, Миң төөнү комдоп белендеп, Ок-дары, азык артсын, — деп, Көкчөкөзгө ээ болгон, Айжаңжүндү оодарбай, Кантип кайра тарттым! — деп.

Арстан Манас айтты кеп. Аттанып жоого чыккандай, Абыдан жара бүтө элек, Кайраты толуп күчөнүп, Күркүрөп Манас турганда, Кимдин алы келе алсын, Манастын кебин бурганга? Айылга барбай аттанды, Ысыккөл бойлой жол тартты, Текес менен түшүшүп, Айжаңжүн карай өтүшүп, Өлөрүн билбей келатат, Канкор Манас өчөшүп. Айжаңжүндүн жерине, Келип калды элине, Кайгуулчу келип капташты, Кароолчу турган белине, Кароолчусу каңгайдын, Алтымыш ашуун киши экен, Ырчы, Бозуул ыктуусу, Үзүктөй калпак эр Шууту, Бөкө уул, Баймат мыктуусу, Атай, Затай, Алакен, Алар дагы бар экен, Алыбай Серек бар эле, Бардыгы тогуз жан эле, Капташып калды тогузу, Алтымыш ашуун көп эрге. Каңгайлыктын кароолчу, Капкайдан көргөн караанын. Кармайбыз, деп ким болсо, Камдап турган адамын, Катышпай туруп булардын, Байкайлык, деп саламын, Эсирген Серек, Эр Шууту, Элөөсүз тоскон калмакка, Капташып калган жер ушу. Капталдан чыкты канчасы, Капыстан чыкты мынчасы, Кылычын сууруп кыйкырып, Кыйырдан чыкты кыйласы, Олчоктогон кыл баатыр, Ортого алды мынчасы, Арстан бөлчүү барчасы, Затайдын айткан кебинин, Салмагын элим байкачы: — Башыңды тартпай көгөрүп, Баатырсып найза өңөрүп, Барсылдаша кетпеңер, Доолбас уруп, жоо салып, Карсылдаша кетпеңер. Ортодон бузуп чыгалбай, Кармалып барың калбаңар, Жайнай качың туш-тушка, Бириң да туруп албаңар, Качырдык кыргыз элин, деп, Кыйынсып кытай кубалар. Алтымышы бөлүнсүн, Тогуз-ондон көрүнсүн, Бириң жүздү аласың, Көмөлөтүп жөнөгүн. Эби келди эми, деп, Качып кете көрбөгүн, Торопойун тозгузуп, Көрсөтө көр өнөрүң, Күркүрөгөн чором, деп, Көкжалым көрсүн өрнөгүн! – Затайдын мындай айтканы, Баарына бирдей жакканы. Тогузу тогуз тарапка, Качып калдаңдап. Качырдык деп бурутту, Кара кытай аркадан, Кууп кирди далбаңдап, Баарысы баатыр кептенип, “Та-талашып” дардаңдап. Кыргыздын кыраан уулдары, Бөлүнө түшүп кытайдан, Тулпардын оозун бурганы, Үзүктөй калпак Эр Шууту, Он жетини бир алды, Хан Жакыптын Сереги, Жыйырма бирди ал алды, Он үч эрди сулатты, Элүү бирин төртөө алды, Калганын сайып бешөө алды, Каңгайдын жолун сактоочу, Кароолчусу жок калды. Аңгычакты ар жакка, Көкчөкөз келип капташты, Көкчөкөз сырын билишет, Арзан эмес бул капыр, Кандай адам тийишет? Короолош жүрүп аралаш, Куп билет барын чамалап, Кыйкырыгын күчөйтүп, Келип тийди аралап, Колго түшкөн калмакты, Койгон болчу бүт байлап. Көкчөкөздү көргөндө, Көп чоро көөнү бөлүндү, Далайы алды мойнуна, Кайыл болуп өлүмдү, Кайрат кылып тогуздан, Кайран Серек бөлүндү: — Ырчы уул, Бозуул, Эр Шууту Мени менен калыңар. Калган бешөөң туткунду, Кыранга айдап барыңар, Чубак менен Сыргакка, Жетип кабар салыңар, Эки күн чыдап турабыз, Абалды толук айтыңар, - Керээз эмес неткени, Кебин айтып Эр Серек, Көкчөкөзгө бет келди, Жакып хандын Серегин, Көз камандын Көкчөкөз, Көмө койуп кетти эми. Ырчуул кирди ылганып, Карагай найза колго алып, Көкчөкөз менен койушту, Бурулбастан түз барып, Ырчы уул калды жыгылып, Үч айланып курчалып, Көрүп туруп Ырчыны, Бозуул кирди чыйралып, Качырышып, койушуп, Колтуктарын чойушуп, Колдон кармай булкушуп, Тайтайлашып турушуп, Эт бышымча эңишип, Бозуул калды жеңилип. Кайран Шууту карбаңдап, Жан айабай барбаңдап, Чынардай бойу салаңдап, Дөөдөй буту тарбаңдап, Көкчөкөзгө беттешип, Кармашкан убак алчаңдап. Көкчөкөздүн найзасын, Кагып ийип Эр Шууту, Найзасын кыйгай кармады, Кармаган менен ал Шууту, Жаза сайып салганы, Найзасы жок колунда, Көкчөкөз тура албады. Көкчөкөз туруп ошондо, Эр Шуутуну алдады: — Көрүп билип жүрөмүн, Эрликтин жайы мына шу, Найза алып келейин, Же алайын сени деп, Же жеңгиниң мени сен, - Алдаса Шууту алданды, Алданган жайы мына бу, Алтымышын кубалап, Кыргызга барды жанагы. “Бөрк ал десе баш кескен, Суу ордуна кан ичкен, Чубак менен Сыргактын, Бирөө жетип келбейби, Кармап берип Манаска, Мына калмак дебейби, Өчөгүшкөн ал канкор, Боорумду кактап жебейби! Боорумду кактап жебесе, Кескилетип ийбейби. Сайып алсам бул төртөөн, Олжо кылат элем деп, Сайдырып койсом Шуутуга, Олжого түшүп кетем мен, Келер малы болду” — деп, Айлалуу калмак Көкчөкөз, Желип кетти тепеңдеп, Эми Шууту тил угат, Ага жооп берем деп, Ырчы уул, Бозуул, Эр Серек, Жабылып турду жемелеп: — Уруксат сурап найза алып, Урушчуу батыр ал эмес, Сураса болот, баргын, деп, Жууп берчү сен эмес, Ойлоп көрчү, абаке, Ушунуң жакшы иш эмес! Алдап кетти ал сени, Кайта келчүү эр эмес. Урушта мындай сурашыш, Арстан Манас, Коңурбай, Көкжал Чубак, Нескара, Сыргак менен Мурадил, Ушуларга ылайык. Сени менен биздерге, Эрендерге теңелип, Антип жүрүп не керек?! – Ажаандай талап үч баатыр, Үч жактан тийди жемелеп. — Уруксат берип жатканда, Койгун десек биз сени, Абийириңди жаппастан, Ачкан болуп калабыз. Андай иш өтсө биздерден, Чоро болуп Манаска, Не муратка барабыз? – Кылмышкер болуп эр Шууту, Кыңк эте албай калыптыр, Алдап койуп Көкчөкөз, Барган болуп кароолго, Качып жолго салыптыр, Алдатып Шууту кетирип, Төртөө куру калыптыр.

Алтымыш үчтү кубалап, Тигилер Манас барыптыр, Көргөн-уккан кептерин, Жашырбастан салыптыр, Көкчөкөздүн качканын, Дайны менен айтыптыр. Кайран Чубак калдаңдап, Токтоно албай далбаңдап: — Канеке атым Көктеке? Алып бери келгиле, Шууту мага бел эле, Кызматы өткөн эр эле, Көзкамандын Көкчөкөз, Байлап кетет жөн эле, Ал жерде калган төрт баатыр Көкчөкөздөн кем эле, Алдырып ийсек төрт эрди, Ушаланат чалгының, Уйпаланат куйругуң, Чалгыны болбой уча албайт, Куйругу болбой коно албайт! – Мына минтип барбаңдап, Батыр Чубак тура албайт, Көкчөкөз деген кепти угуп, Көкжал Манас оолугуп, Баштамак болду баатырың, Аккуласын токунуп. Анда Сыргак кеп айтат, — Арстан Манас агамсың, Аттанып кайда барарсың? Хандыгың бар, калкың бар, “Канкор Манас” даңкың бар. Каракытай элине, Калка болгон Айжаңжүн, Көкчөкөздөн кеп угуп, Келип калат ал жаңжуң. Төлгөчү кара төлгөсүн, Байатан сурап мен уктум, Үчөөнү сайып алды дейт, Эр Шуутуга калганда, Найзасы сынып калды дейт, Найза алып келем деп, Уруксат сурап Шуутудан, Качып жолго салды дейт, Бечара Шууту ошондо, Бер жактагы үч баатыр Жемесине калды дейт. Чубак барсын, мен барам, Чукул жерден жоо чыкса, Анда кабар бир салам. Көрүп келем мен барып, Жакын менен ыраагын, Аңтарып айкын билейин, Ат ичүүчү булагын, Узап кетсе бул уруш, Чалдырсак тулпар эрте-кеч, Байкастайын тулаңын, - Ушинтип Сыргак айтыптыр, Канкор барбай калыптыр.

Кабылан Чубак, Эр Сыргак, Атка минди ушул чак, Бургутуп катуу жөнөдү, Аркасынан чаң чыгат. Кароолчу турчу жерине, Жетип келди чапкылап, Жетип Сыргак байкаса, Көкчөкөз анда жок турат. — Айланайын Чубаке, Иттерди кудай уруптур. Алдатып ийип калмакка, Аңкайып карап туруптур, Уруксат берсең мен кылар, Иштерим айтам угуп тур. Изин куба салайын, Ат айабай чабайын, Айжаңжүңгө жеткенче, Арамды кармап алайын, Аралап кирсе шаарына, Кошо кирип барайын, Жол кайтарбай талаада, Көрүнөө дүмөк салайын, Колбутуп колун ээрчитип, Алып келе калайын. Далайдан бери аш ичпей, Антип жүрөт арстаным, Беттештирип душманга, Бир кумарын жазайын, Төрт жолдошуң жаныңда, Мен байкушту карагын, Кастап каңгай кездесе, Кутулуп качып келе албай, Бөөдө өлүп калбайын, - Сыргак минип Телкызыл, Ат айабай жол жүрүп, Аз гана эмес мол жүрүп, Көкчөкөзгө жетем, деп, Көзүн чукуп тешем, деп, Эңишке салып тулпарды, Артынан жүрүп алыптыр, Калдайып жаткан талаалар, Чимирилип калыптыр. Телкызылдын туйагы, Урулган ташы быркырап, Асманда октой чыркырап, Ана-мына дегенче, Ачып көздү жумганча, Жетип келди эр Сыргак, Көкчөкөзгө чукулдап. Ат дабырты чыкканда, Арамзада Көкчөкөз, Мойнун буруп карады, Көрүнө түштү көзүнө, Кабылан Сыргак карааны. Кайра тартар айла жок, Качырышаар чама жок, Каралды болор адам жок, Качкандан башка амал жок, Көкчөкөз качты калдаңдап, Кара бойу далбаңдап, Эки буту салбаңдап, Алагар көзү алаңдап, Жан аргасы канетсин, Кубатын жыйып булаңдап, Алдындагы мингенин, Оңдоп-солдоп камчылап, Айабай качып Көкчөкөз, Кайран Сыргак жетерде, Калага кирди алаңдап. Айжаңжүндүн алдында, Ал Көкчөкөз капырдын, Кадыры кыйла бар экен. Жагынып жүрүп, жалпаңдап, Жетишип калган чагы экен. Калмакча сүйлөп калдырап, Кытайча сүйлөп балдырап, — Кокуй, Сыргак жеди! – деп, Кыйкырып барат чалдырап, Чымынчалык дарман жок, Чымчыктай көзү жалдырап, Ачып көздү жумганча, Айта-буйта кылганча, Аскери арбып олбуду, Ченемсиз черүү колбуду, Таман койор жери жок, Каланын ичи жык толду.