Манжу, шибе калган журт, Көптүгү мунун кара курт, Дене кул кылып айдатып, Бөлөт окшойт биздерди, Эртең калбай бүт кел деп, Кайра бизди жиберди, Кандай болжоп билебиз, Карындагы иштерди? Уулдун баарын кул кылып, Ургаачыны күң кылып, Хандын баарын сүйлөтүп, Каныштарды тул кылып, Карыларды муң кылып, Томайак деп атасы, Эркелеткен балдарды, Топорум деп энеси, Жетелеген жандарды, Кызыл ээк чалдарды, Кызыл муштум балдарды, Андан башка калганды, Урунбай, туткан бар малды, Өрүшүнө тийгендей, Орунсуз алып аларды, Салат окшойт жаңжалды, Кеңешип хандар олтуруп, Бир айласын табалы, Барың мага ага-деп, Бул жорук мага чала! — деп, Өңгүрөп атып ыйлады, Акимсинген Бокмурун, Айабай жаны кыйналды, Кыңк этип койгон киши жок, Ыйлаган менен иши жок. Кыйлагача турганы. Баш көтөрүп ошондо, Абаң Кошой муну айтты: — Акун хан мага курбалдаш, Андан башка калганың, Инилик жолуң дагы бар, Балалык жолуң дагы бар, Бул тургандын баарынан, Аксакалдык жайым бар. Мына бу турган Бокмурун, Жаштык кылып тил албай, Жабырлуу болдуң барыңар;
Көрбөй туруп калчаны, Көргөндөр келип кеп салса, Кыңк эте албай калдыңар, Эшик үйгө чыга албай, Былк эте албай калдыңар. Барың болдуң шыкшүкүр, Айлаңарды таба албай, Эсиң чындап кетпесин, Абийириңди жаба албай, Мааникерди Коңурбай, Деги койбойт аны албай “Жамандын малы мурда өлөт, Андан кийин өзү өлөт” - Байыркынын кеби бар, Так ошо болуп калдыңар; Күрпүлдөп малга мас болуп. Бириң элге баш болуп, Үрбү менен Бокмурун, Мына минтип алдыңар; Эп келсе турган баарыңа, Айта турган кебим бар, Кулак төшөп тыңдаңар. Коркуп калган хан болсоң, Түндө кооп качарсың, Көп эле болсо алыстап, Күндүк жолду басарсың, Кууп жетсе артыңан, Куу Коңурбай, чоң калча, Жер кучактап жатарсың. Асыл жаның өлгөн соң, Арызыңды кимге айтасың? Алыша кетсек көрөрмүн, Анда чындап өлөрсүң, Ким теңдешип ким жеңет, Камгактай эзип тебелейт, Кангайдын Коңур төрөсүн? Көп дөөсүн байкап салдыңар, Жолой дөөнү көрдүңөр, Чыгып жүрөк, болдуңар, Нескара менен Борончу, Аны таанып алдыңар, Беттешер болсоң белсенип, Кимиңдин келет шайыңар? Мурадил, Уушаң көргөндө, Тил күрмөбөй калдыңар, Талааласаң бөлүнүп, Эми табылбай калат дайныңар. Мен айтамын кеңешип, Тилимди кабыл алыңар, Үрбү менен Бокмурун, Элебей мурда калдыңар: Жакыптын уулу жайдарга, Жаш кабылан айдарга – Манаска кабар салыңар, Чакырып келе калыңар. Кабылан Манас келбесе, Туу болуп бизге бербесе, Калганыңды какандык, Бендеби деп бейлебейт, Бучкагына теңебейт, Ашты Каңгай бердирбейт, Ага катуу кеп кылсаң, Эмне дейсиң, бурут? дейт, Акимдери айкырып, Бул бурутту курут! дейт. Жиберүүчү кишиңди, Бүтүрүп толук ишиңди, Айкөлгө жазган катыңды, Минип барар атыңды, Баарын мага көрсөткүн, - Деп, ошентип хан Кошой, Карылык кылып каркылдап, Ителгидей баркылдап, Ээгиндеги күмүштөй, Аппак сакал жаркылдап, Ойлошуп мүшкүл кыйынды, Кеңеш үйдөн кетишти, Жай-жайына эл тарап. Үрбү менен Бокмурун, Агышты алып жанына, Айабай жазып кагазын, Кеп калтырбай ойуна, Кечирим сурап жазыптыр, Аттан тогуз айтыптыр, Алтын менен күмүшүн, Кулатып таштай салыптыр. Ар уруудан тогуздап, Айтпаганы калбаптыр, Айагына келгенде, Адамдан сулуу кыз жазган, Оймоктуудан уз жазган, Жазылып чери кетер деп, Дүр-дүйнөнү көп жазган, Жатаарга дейре бүтүрүп, Хан Кошойго күтүнүп, Жаш Айдарды кийгизип, Мааникерди мингизип, Минип барчуу атыны, Жазып келген катыны, Алып барчуу кишини, Олуйа Кошой алдына, Алып келди белендеп. Эртең менен аттанса, Каңгайдын эли көрөр, деп. Катын ачып хан Кошой, Катка көзүн салыптыр: — Адам болбой калгыр! – деп, Абакең айтып калыптыр – Атаганат Бокмурун, Мунуңа Манас келеби? Атың менен кызыңды, Ал көзүнө илеби? Торко тонуң кийеби? Топоңдоп сага келеби? Келмек турсун ашыңа, Ачуусу чындап келбейби, «Айдап каңгай жөнөсө, Андан соң барып мен ага, Ажыратам, дебейби! Буга Манас келеби? Аш башкарып береби? Минерге аты жок эмес, Аттын бары ошондо, Кийерге тону аз эмес, Тондун бары ошондо, Мен айтканды жазгын, — деп, Чакыртып келди молдону. “Абаң Кошой кат жазам, Айкөл Манас сага айтам. Абыдан уккун арзымды, Ичимдеги сырды айтам, Жалганы жок чынды айтам, Көкөтөйдүн ашы деп, Эл чакырдык бул жерге, Кабар алган калың журт, Калбай баары келди эле. Каңгайдан келди канчасы, Алп Коңурбай калчасы, Манжу, солон, шибеден, Кара кытай элинен, Келген экен мынчасы, Келгенден элди кекетти, Кетирип курчту мокотту. Баштан-айак кеп салсам, Түгөнбөгөн жомокпу, Каңгайдан башка келгендин, Түгөл баарын колотту, Ай менен күндүн кулагы, Тийишип турган убагы, Унутуп койуп башканы, Бачымыраак келе көр, Абаң Кошой суранды. Кечикпей, айкөл, келбесең, Кол үзөсүң элден сен, Кекенчи күчөп баратат, Коңурбай, калча дембе-дем. Жаманы кылган кесирди, Жакшылары көтөрөт, Деген макал элде бар, Сен өчөшүп келбөөчү, Алашыңда кимдер бар? Заркыратпай абаңды, Айкөл Манас, тилим ал! Кызыл уук болуп кыргызың, Кыйын болуп жумушуң, Талоонго кетип калбасын, Жаман турат каңгайлар, Кудай бетин салбасын!” - Деп жаздырып хан Кошой, Чай кайнамга токтотпой, Жаш Айдарды жөнөттү, Таң агарып түн өттү. Барбай калар амал жок, Жашынып калаар маана жок, Абаң Кошой баш болуп, Хан, баатыр калбай топтошуп, Баары жүрдү дүрбөшүп, Бирин-бири жүр дешип, Акмалашып эл барды, Коңурбайдын алдына, Сексенден ашуун эр барды, Айал-үйөл дедирбей, Ал Нескара сындады: — Кошой мыкты чал экен, Ары баатыр, ары алп, Дөөлүгү мунун бар экен, Сексенге жашы чукулдап, Карып калган чагы экен, Сакалынын агы экен, Муунуна кирип кырсылдак, Болбой калган чагы экен, Чымырканып чындаса, Да бир кишилик бар экен. Өткүр Төштүк эр экен, Төрт тарабы кең экен, Жер астына түштү, деп, Айтылып жүргөн кеп экен, Жетимиш алпты жеңди дейт, Жеңери мунун эп экен. Көлөкөдө күн көрбөй, Көк жашык болгон кези экен, Келгени жети ай боло элек, Мурдагы күчү толо элек, Бут шилтесе сенделет. Алынча Агыш эр экен, Анткени менен бул Агыш, Арымы кыска неме экен. Таабалды, Нура, Карача – Аты эле хан экен, Хандыгын эсеп кылбаса, Анча-мынча жан экен. Ашкере баатыр ал экен, Айкандын уулу Көкбөрү, Анткени менен Көкбөрү, Тартынчаак жайы бар экен. Акбай деген бар экен, Он жетиде бала экен, Тор этине толгондо, Так балакет ал экен. Ушул кезде бала Акбай, Жаңыдан алып катынды, (Бир жылмаңдаган каапырды), Жашык болгон маалы экен. Айдаркандын Көкчөсү, Көркү башка адамдан, Ким алдаса алданат, Өтө көөпай бир адам, Эсепке муну албаса, Эбегейсиз чоң балбан, Сынга толор бурут жок, Мындан башка тургандан – Деп ошентип Нескара, Бардыгын бирден сынаган, — Болдуңбу сынап эми? – деп, Абаң Кошой сураган. — Кана, Көкчө, келгин, – деп, Кеп которуп бергин, — деп, Ханы менен дөөлөрүн, Сынады Кошой бир-бирден: — Оронгу деген бар экен, Эсен хандын ордуна, Эл башкарган хан экен, Ушул кезде Оронгу, Жетимиш ашкан чагы экен, Хан экенсиң калдайып, Касаба тоодой далдайып, Жыгылып калаар чагы экен, Кимден да болсо дардайып. Манжулардын Нескара, Котур төөдөй коржоңдоп, Кулжуңдаган эме экен, Которуп акыл көп ойлоп, Жулжуңдаган эме экен, Сакалы жок, чолок ээк, Мулжуңдаган эме экен. Бет алганын мент кылып, Алуучунун бири экен, Кара башын калкалап, Кетенчиктеп аркалап, Арамза жайы ал экен. Алтымыш күнү жөө басып, Агып беттен тер басып, Алты батман буудай жеп, Жин жыттанган Чоң Жолой, Алтымыш алпты бир сойуп, Кан жыттанган Чоң Жолой, Оңой Жолой бул эмес, Эрегише келгенде, Кайраты менден чоң эмес. Кара жалдуу Борончу, Кан ичменин бири бу, Кайырдан чыккан Сээрибаа, Арбагы жок капыр бу. Кырмузшаанын Мурадил, Даңы менен атанын, Эпкини менен элинин, Эл башкарып жүрүптүр. Калмак Уушаң тың экен, Караандай доомат чыр экен. Кекөөрүн жеп кээ-кээдэ, Коңурбай, Жолой, Нескара – Бул үчөөнөн кем экен, Кемсинтип жүрүп бул үчөө, Тартынчаак болгон неме экен. Алоокенин алчасы, Сын тайтылып жылмаңдап, Жыландай жылма заар экен, Душман тургай элине, Ичи толгон чаар экен, Айласы менен ар кимди, Алуучунун бири экен, Ачуусу келсе ааламга, Айабаган жаңжалды, Салуучунун бири экен, - Бирин-бири сынашып, Аркы-терки чубашып, Алар минтип жатканда, Жабу, жабу, жабу, деп, Жабулашып алыптыр, Жабылып жөнөй салыптыр, Уушаң өзү баш болуп, Кемегенин башынан, Эт талашып калыптыр. Мөндү, мөндү, мөндү, деп, Мөндүлөшүп алыптыр, Бөлүнүп барып көп каңгай, Этке бүлүк салыптыр, Эт башкарган кээ бири, “Кай кылык?” – деп айтыптыр, Эне-атасын тең тилдеп, Эдебин берип салыптыр. Энтелеп качып эчени, Эрендерге барыптыр. Эрендери не кылат? Эси ооган ушул чак, Не кыларын биле албай, Э дегенге тил албай, Эркине койду айла жок. Муну мындай таштайлы, Айкөлүң Манас көкжалдын, Ашка келип ээ болуп, Башкарганынан баштайлы.