Хан Кошойдон кат алып, Мааникер минип жол тартып, Мааникер башын оң тартып, Жаш Айдар жолго салыптыр, Жан айабай жол жүрүп, Аз гана эмес мол жүрүп, Самарканга барыптыр. Санжыргалуу Манастын, Салтанаттуу көкжалдын, Сала калуу чоң ордо, Сайкашка жаткан борборго, Ойноктотуп Мааникер, Айдар барды ошондо, Аралап жетти жаш Айдар, Арстандын үйү кайсы, деп, Сурарга киши таба албай. Айылда жүргөн киши көп, Болжолдуу жерге барбаса, Эч ким сурап койбойт кеп, Антип жүрүп жаш Айдар, Сарытазга болду кез, Адылбек уулу Сарытаз, Ал ордону башкарат, Ордо баккан кырк жигит, Сарытаз ага баш жигит, Санаты кырк сайкашка, Салтанаты бир башка, Сапырылып жоо келсе, Салышка көнгөн көй кашка, Ал кыркынан бул башка, Көргөн жерде Айдардан, Жөнүн сурайт Сарытаз, Айдар анда муну айтат: — Каркырадан келемин, Уккандырсың, Сары аба, Көкөтөй ашы дегенин, Баатырга мени жиберди, Хандардын катын беремин, - Сарытаз анда муну айтат: — Андай болсо сен, жигит, Каныкейге жолуккун, Тетиги үйгө түз кирип, Эртеден бери баатырдын, Үстүнө эч ким барбады, Тик карап кебин салбады, Не болгонун ким билет, Шайтаны мунун кармады, Мыктысып кирсең тил албай, Таап аласың жаңжалды, Чаптырып сени таштаса, Сурап алар ал барбы?! – Жаш Айдар мындан кеп угуп, Баатыр Манас үстүнө, Кире албайсың деп угуп, Каныкейдин үйүнө, Кирип барды жулунуп. Амандык сурап жаш Айдар, Карап калды кубулжуп. Эсендик берип Каныкей, Акырын сүйлөп оолжуп: — Төргө өткүн, бала, — деп, Төрдөн орун көрсөттү, Караманат, калың жүн, Алдына салды көп жүктү, Анда Айдар муну айтты, Муну айтканда нени айтты: — Каныкей – каныш жеңебиз, Каныкейдин төрүндө, Олтурбадык дебейбиз, Көкөтөйдүн ашынан, Ошол жактан келебиз. Кай жакта экен кат берсек, Кабылан Манас төрөбүз? – Каныкей анда мындай дейт. Көргөн өңдүү сырдан дейт: — Эми сизди билдик биз, Шылуун жигит экенсиз. Атыңыз сиздин Айдарбы? Хан Көкөйгө жээнсиз, Ченебей бычып тон кийип, Амалың кетип келипсиз, Олтуруп суусун ичиңиз, Арзан жумуш канчалык, Оңунан кетсе ишиңиз, Каарына алса канкорум, Бул дүйнөдөн кеттиңиз! Абайлабай аш берип, Ааламга батпай эл келип, Айрыкча кангай шумдуктуу, Анан келген окшойсуз, Ээ кылбай этти жеп берип, Алтын берсең алгандыр, Алыңды билип чамалап, Ашырып кебин салгандыр? Бокмурун, Үрбү жазган кат, Керексиз болуп калгандыр? Абакем анан кат жазып, Жибергендир атказып? – Каныкей аштын кашында, Карап бирге тургандай, Канча түрлүү кеп айтты, Кандай билгич шумдук, ай! Айран–азыр таң калып, Олтурган жок буйдалып, Жаш Айдар кайдан айанды, Чөнтөккө колун салганы, Бере салды Канышка, Канкорго жазган кагазды, Дасторкон жайып, даам койуп, Аш, тамагын жай койуп, Чыгып кетти Каныкей: — Шашпай ичиң, — деп койуп. Ал Каныкей канышаң, Шашыла жайды арышын, Абаң Бакай, кырк кашка, Арстан Манас баш болуп, Олтурган экен караса. Өткүр эле эжелтен, Каныкей кирип эшиктен: — Айаш Бакай, кеп айтам, Кеп айтканда нени айтам, Каркырага чогулуп, Элге берген ашты айтам, Элебей туруп аш берип, Жер жайнаган эл келип, Ээ боло албай ашына, Эми сизге келиптир, Кара жанга күч келип, Укмуштуу абам Айдарды, Катын жазып жиберип, Үстүңөргө кире албай, Өзү келип ийменип, Үйдө калды жаш Айдар, Жазган катты маа берип, Абамдын жазган каты, — деп, Артында бардыр аты, — деп, Каныкей катты Сыргакка, - Берди: - Бала, мына, — деп, Катты Сыргак алыптыр, Жыртып каттын бечетин, Катка көзүн салыптыр, Ачык окуп, эл угуп, Калбай бары тең угуп, Ачуусу келип ошондо, Арстан кетти оолугуп: — Алып келгин жанагы, Жаш Айдарды бери! – деп, Башын кесип салайын, Келген экен эби, — деп, Күч келсе жанга чабышат, Жай болгон күнү эстебей, Билмексен болуп калышат, Бирин койбой талкалап, Талап кетсин калмактар, Баш артынан ким барат?! Алып кел бери кулду! – деп, Ачуусу келип турду эле, Буту-колдон чойгун! — деп. — Акиленип алды, — деп, Алып кел кызыл нарды, — деп, Ырчы уул менен Бозуулду, Баатыр Сыргак жиберет, Эки баатыр энтелеп, Алып келе калышты, Кызыл нарды жетелеп, Туура тарта бергенде, Кара болот жойкума, Кармай алып сабынан, Нарды тартып жиберди, Таразада тарткандай, Тең бөлүнүп нар калды, Болор болбос баатырдын, Көөнү араң тынч алды. Ошондо Бакай кеп салды: — Барабызбы биз ашка, Акыл барбы, же башка, Келгин деп Кошой жазыптыр, Кабыланым, сени ашка. Катында түйүн кеби бар, “Ай менен күндүн кулагы, Тийишти” деген жери бар, Ушундай жерге барбасаң, Коркту деп сага кеп калар, Барар болсоң, баатырым, Кечикпей жолго салалы, Барбас болсок биз ашка, Жаш Айдарды кетирип, Узатып туруп калалы, - Кылымдан ашкан кырк кашка, Кызматы журттан бир башка, Ойлоп турат барышты, Оозу барбайт айтышка, Кайран жеңең Каныкей, Айтты кебин аңгыча: — Бокмурун бала жаш болсо, Көп дүйнөгө мас болсо, Элебей туруп чакырып, Эл чогулган аш болсо, Ээ кылбай каңгай койуптур, Арбытып малды сойуптур, Сойгон малдын баарысын, Жалмап калмак соруптур, Олуйа абам баш болуп, Амалы кетип болуптур. Чабышса чама келе албай, Чатакты чындап сала албай, Саргарып кыргыз эл турса, Заманасы кысылса, Чын айласы кеткенде, Чындап сени качырса, Эби келсе барып кел, Тилегиң кылат бардык эл, Таанып калсын бул ашта, Кайсы чабал, кайсы эр, Дос-душмандар жыйылып, Бүт элден калбай келген жер.
Кем-керчи жок жарагың, Келберсип турган убагың, Кеми болсо керектүү, Сурабастан табармын, - Каныкей, абаң эр Бакай – Экөө тең айткан кезинде, Олуйа Кошой абаңды, Андан калган көп жанды, Кабылан эске алганы, Үйүн көздөй бет буруп, Кайран эр басып калганы, Көйкашканын көп буудан, Камдалуу бары тең турган, Казатка минчү аттары, Тулку бойу күймөлү, Туйагынан башкасы, Бары күмүш түймөлүү. Кездеп атса ок өтпөс, Салып койсо чок тешпес, Чапса кылыч түк кеспес, Кандагайга капталуу, Кара бойу чапталуу, Барынын чуркар этинде, Сууту канык тапталуу, Кындырдай кылып жараткан, Жем баштыгы манаттан, Жем үзүлбөйт ар аттан, Бээнин туут маалында, Бир убак сүткө сугарткан. Уруштуу күнү аттарга, Куйрук менен май берип, Сары арпаны түктөтүп, Балтыр атка жүктөтүп, Ала жүрчү адаты, Жой болотун, тинтесин, Бүкмөсүнөн бүктөтүп, Арттырып төөгө жүктөтүп. Сарытазды кан кыл, — деп Жол керегин жам кыл деп, Айтып койуп ордого – Каныкейдин үйүнө, Баары кирди дүрбөшүп. Арстан Манас баш салып, Жаш Айдар көрүп таң калып, Тура калды ордунан, Айбатынан апкаарып, Титиреп буту токтобой, Дирилдеп турат калтаарып. Көрбөгөн Манас Айдарды: — Күйпөлөнгөн ким? – деди. Коркуп Айдар ошондо, — Кабарчы Айдар мен, — деди. Айдар деп угуп арстаның: — Кармап алып бул кулду, Чокто боорун кактагын! – Бөрк ал десе, баш алган, Мындай кудай урган жок, Баймат карап турган жок. Экөө ага кошулду, Айдардын буту созулду, Табылгы, жылгын жагылган, Чогу жаман баарыдан, Майы агып баратат, Төшү менен карындан, Каныкей көрө салыптыр, Карбаластап алыптыр: — Койо бер, арам иттер – деп, Жанына басып барыптыр. Айдар турду ордунан. Көк түтүн чыгып оозунан, — Жайдары Манас көкжалым, Жай сөзүмдү айтамын, Жалгызга жабыр салганын, Жарабайт деймин, арстаным. Ата-энеден тең жалгыз, Мен уккамын Айдарды, Сен энеде эр жалгыз, Экөөң бирдей тең жалгыз, - Ошончолук кепти айтып, Айдарды алды куткарып. Дасторконду салдырып, Аш-тамагын жам кылып, Суусунга барын кандырып, Дастарконун жыйышып, Жүрмөк болду бастырып. Энтеңдей басып Каныкей, Эң эле кыйын шашылып, Ырчы уул менен Бозуулду, Жанына алды чакырып, Алдырып келди бир сандык, Казынасын ачтырып, Сандыгын ачып Каныкей, Куржундан кыркты алыптыр, Кырк баатырга кырк куржун, Колуна бере салыптыр: — О, чоролор, тилим ал, Оорлобой байлап ал, Чогулган элге барганда, Пайдасы тийер нерсе бар. Арстаныңдын аты үчүн, Абакемдин каты үчүн, Эр башына бир куржун, Мен беремин ал үчүн, Көпчүлүккө киргенде, Кийим окшош, ат окшош, Көркөм менен баруу үчүн, Ар куржундун ичинде, Ат абайы – ат жалдык, Өңү окшош ат жабдык, Ат үпчүнү анда бар. Узунга кыска келбеген, Кыскага узун келбеген, Көрүп жүрүп кыркыңды, Каныкей мурда чендеген, Эр кийими анда бар. Эр үпчүнү кызылдан, Ат үпчүнү агынан, Көргөн адам таң калар, Ушул буйум мында бар, Ат атыңа байлаңар. Арзан эмес ушул аш, Жок нерсе андан табылбас, Эр сайышар, жөө күрөш, Эчен түркүм эрмек бар. Жөө күрөшкө шым керек, Мен жүргөмүн камынып, Мындан мурда белденип. Ала жүргүн баатыр, — деп. Көрпөчөнүн бүгүшкө, Сала жүргүн акыр, — деп, Ажыбайга Каныкей, - Арстаныма керек, — деп, Колуна берди бир белек – Жөө күрөшкө кез келсе, Кийип чыгар шымы, — деп,