← Манас 6/11

Тартып койсоң чойулат, Койо берсең чогулат, Кандагай деген ушул, — деп, Тышы теке териси, Ичи жибек була, — деп: Буйрук берди арстаның: — Бол, аттангын, чуба! – деп, Кара кашка аргымак, Жал-куйругу бир кучак, Каныкейге токутуп, Жоругун журттан арттырып, Манаттан көрпө тарттырып, Айкөл Манас шер баштап, Абаң Бакай, зор баштап, Ойрон Чубак чоң баштап, Кырк жигиттин бири эле, Кыраан Сыргак эр баштап, Калабалуу Кыргыл чал, Кагып доол салыптыр, Кыргын тийген немедей, Кырк баатырдын бардыгы, Кыйрап жөнөп алыптыр. Минген аттын барысын, Куйругун ача түйүшүп, Көкүлдөрүн шүйүшүп, Ашты карай жол алып, Жоо жарагын мол алып, Күпсөргө салып дары алып, Окшуурга салып ок алып, Он эки кырдуу милте алып, Уу жалаткан найза алып, Каражаак балта алып, Албарс кылыч курч алып, Булдурсун камчы кошо алып, Асабаны колго алып, Боз кисе жанга байланып, Жүрүп кетти көк жалдар, Каркыра карай шайланып, Аңкарыбай калыптыр, Жаш Айдар жолго салыптыр, Эки күнү алдында, Элине жете барыптыр, Айкөл келе жатат деп, Айлына кабар салыптыр, Бүгүн, эртең келет деп, Хандар карап калыптыр. Коңурбай, Жолой, Нескара, Борончу, Уушаң, Мурадил – Алты чочко чогулуп, Кеңеш кылган кеп экен, Бардыгына эп экен: “Элге берчүү эттерин, Эртең талап алалы, Кыйык таап ал жерден, Чогулган айыл көп экен, Өрүшү толгон эл экен, Чаап кетип калалы, Алыша чыккан эр болсо, Коондой башын кесели” – Кеп-кеңешке канышып, Болут дешип алышып, Жаткан экен төрлөрдө, Жай-жайына жанышып. Таш мойноктун кезеңге, Айкөл Манас, зор Бакай, Чыгып белден караса, Каркыранын жери кең, Кара курттай быжылдап, Түркүм-түркүм нечен эл: Орто жери ойулуп, Төрт тарабы жайылып, Дүрбү менен караса, Чочколор басса аралап, Алаштын эли жарылып, Байрагын көрүп баатырдын, Айласыз турган хандарың, Баары жүрдү жабылып, Караанын көрүп ал элдин, Кыймылын көрүп бүт элдин, Хан Бакай турду муну айтып: — Каныш берген белек, — деп, Пайдасы бир күн тийет, — деп, Кийимди окшош кийгиле, Атты окшош мингиле! – Бакай мындай деди эле, Чоронун баары калдаңдап, Атына чуркап дарбаңдап, Куржундарын колго алып, Ичин ачып карашып, Ат үпчүнүн жабышса, Окшош боз ат жарашып, Өздөрү кийди кийимин, Өңчөй кызыл жарашык, Сындап турат келбетин, Бирин-бири карашып, Таанылбай калды кубулжуп, Бирин-бири сурашып, Өзүнүн атын тааныбай, Чылбырларын талашып, Арстан шерге туш кылып, Койгон экен Канышты, Кудай өзү жаратып, Ургаачы мындай болбойт деп, Көк көтөрө баалашып, Бастырып жөнөй берерде, Абаң Бакай муну айтты: — Айкөл Манас арстаным, Айбаты журттан ашканым, Колбуган элге барганда, Кошойду көрсөң сыйлагын, Хандардын көрсөң калганын, Саламга алик албагын. Бокмурундун эси жок, Үрбүнү көрсөң күүлөнгүн, Оң-тескери сүйлөнгүн. Туугандын мизин жапырбай, Душманды кандай тыйабыз, Буйрук сенден, айкөл шер, Унутуп кепти калбаңыз. Оозуңдан чыккан сөз болсо, Аткарууга биз барбыз. Сүйлөөнүн жок кереги, Сүлөөлөшүп жүрбөйлү, Сүйлөшөбүз тең кеп, деп, Сыр алдырып ийбейли. Көргөндүн көөнү бөлүнсүн, Көбүнүн жашы төгүлсүн, Көңүлү кирдеп дат болсун, Көрбөгөнү аз болсун. Жүзүңдү көргөн таң калсын, Жүрөгү чыгып таз калсын, Анча-мынча эмеси, Өлүп кете аз калсын. Кырк жолборс өзү билбейби, Андан да калган башкасын, - Атынын оозун бурбады, Айал кылып турбады, Арстан Манас арбытып, Аккула минип албайып, Ак күбө тону далбайып, Алдында минген Аккула, Айбандан башка шаңданып. Аккула айбан көркү экен, Асемдүү кулак дардайып, Аккуланы карасаң, Айбандан башка арышы, Ат чапсаң жеткис басыгы, Анын жок тура жазыгы. Баатырдан көрчү арбагын, Аллам берген оорагын, Аккула минип жарашып, Адамдын баары карашып, Алп Коңурбай, Нескара, Аңкаарып турат айкашып, Арстаны анча келбесе, Алмакчы элди чайкашып, Нескара көзүн салыптыр, Коңтөрө тиктеп калыптыр, Коңурбай менен Нескара Көрбөгөн мурун Манасты, Көрүп туруп айкөлдүн, Көркүнөн булар жадашты. Мына мобу ошондо, Нескара айткан сөз экен: — Угуп жүргөн кабарда, Мурунку өткөн Үрүстөм, Манасың ошол өзү экен. Күүгүм туман көздүү экен, Майлаган буудай жүздүү экен, Ачуусу келсе кокустан, Азырейил түстүү экен, Кулагын көр калкандай, Тийчүүдөй турат жалтанбай, Кулжуңдашкан кишини, Майдалап койсо эрки экен, Чоңдугу төөнүн нары экен, Толкуну көлдүн шары экен, Салкыны сырттын жели экен, Салышаар бенде ким экен, Алышаар чама жок экен, Биздин каңгай элибиз, Туулбаста шек алып, Күтүнөрү эп экен! – Муну айтып Нескара, Сындап айып таба албай, Тапмак турсун кыйшыгын, Толтуруп сынын ала албай, Анда келген дөөлөрдүн, Көңүлү болбой абдан жай, Көргөндөн баштап Коңурбай Көп ойлоно баштады, Колунан келсе бул чочко, Бир амалды тапкалы. Аңгычакты алдынан, Олуйа Кошой көрүндү. Ойноп жүргөн немедей, Абасы менен көрүштү, Амандыгын билишти. Абаң анда кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: — Айкөлүм Манас болбодуң, Амалым кетип болгомун, Амал кетип, айла жок, Айла канча толгондум. Атым Кошой болгону, Асили мындай болбоду, Ашты талап бүт жеди, Же ачыккан каңгай тойбоду. Сойушун бердик жактырып, Кылмышкер болдук чакырып, Берген ашты жөн жебей, Ачууланды жапырып, Түрү суук калчасы, Олураңдап бакырып, Кылып болуп бар ишти, Мааникер бер деп шаштырып, Анан сага жумшадым, Жаш Айдарды чаптырып, Чала-була кат жазып, Толук жазбай ашыгып: Жаман кепти укпаган, Жаасы катуу Кошой хан, Көзүндө жашы кылгырды, Жашуучудай каңырды. — Абаке, уктук кебиңди,

Мааникер сурайт дедиңби? Олураңдап калмактар, Оозуна келген кепти айтып, Ушинтип бокту жеди деп? Кайта бүгүн алгындай, Калмактар берген мал бекен? Мааникер сурап, биздерге, Же берүүчү кызы бар бекен? Сураса бере бергиндей, Ошончо Манас кар бекен?! Коркутуп атты алгыдай, Коңурбай кандай зал экен?! Эсен хан минсе жарашып, Бокмурун минбес мал бекен? Бокмурундан Эсенхан, Артык жери кайда экен? Кайда жүрөт алар?! — деп, Ачууланып алганы, Жалын чыгып көзүнөн, Жаалы келип калганы, Бошоду оозу эми деп, Үрбү келе калганы: — Амансыңбы, баатыр?! – деп, Кепти баштап жатканда, Арка жактан чуркурак, Жаңжал чыгып калганы, — Булар эмне болду? – деп, Баатыр Манас сурады. — Эт талаган калмактын, Ызы-чуусу экен, — деп, Үрбү айта салганы. Ушул кепти укканда, Ойон Манас баатырдын, Кармай калды шайтаны: — Хан болбой кара жерге кир, Эт талаган калмак, -деп, Уйалбай мага айтканы... Кара жаак булдурсун, Кармап колго имерди, - Адам болбой өлгүр! – деп, Үрбүнү тартып жиберди, Камчынын көгү жетиптир, Бети айрылып кетиптир, Аркасына бурулса, Мөндүлөгөн көп калмак, Мөндүрдөй болуп эт талап, Жылгын шишин колго алып, Жыла басып баратат, Балгын шишин колго алып, Балпаңдай басып баратат... Каарданды кабылан, Кар жаагансыйт кабактан, Арстан айткан кептери, Ат чабым жерге угулган: — Аш көргөнү келдиңби? Же ач өлөрдө келдиңби? “Жаман үйдү эзелтен, Конок билет” деген бар, Бул макалдын мааниси, Турбайбы так ушундай. Чакырдым ашка келсеңер, Айрым жерге түшүп бер, Башка пейлиң бар болсо, Ачык айтып жооп бер! Тартылып калар чамам жок, Жан айоочу адам жок. Ачуум келсе каңгайга, Ушул жерде жагам от! – Айкырыгы таш жарып, Таштан алкып баш жарып, Кара жаак булдурсун, Оңдоп колго карманып, Оң -тескери булгалап, Топоңдотуп калмакты, Тобун бузбай кубалап, Кыжылдаган капырга, Кырк чоро бары жабылды, Арстан үнүн укканда, Туш-тушка калмак жайылды, Карышкыр көргөн кой өңдүү, Так ортодон жарылды. — Алаш бөлүн бир жакка, Күн чыгыштан келген журт, Күлдү барың бир жакка!- Деп ошентип айкырды, Арык уйдай сабады, Кетечинин ийри жар, Айдап барып салганы. Айдоосуна чыдабай, Атактуу калча оңбогур, Атына мине калганы, Бастырбай кармап чылбырдан, Нескаранын айтканы: — Андай эмес, баатыр, — деп, Айал кылгын акыр, -деп, Чакырып келсе ашка деп, Бышкан этин талап жеп, Бизден өттү такыр кеп, Бейбаштык кылган бул тургай, Хан Үрбүнүн жаагыны Жара чапты Манас, — деп, Мурун чапты ал ашты, Баш бербей бара жатканда, Анан элди сабады, Кетечинин жарына, Мына минип камады, Жан айабай тийербиз, Капташа түшсө убакты, - Кармап алды ошентип. Нескара болбой кара атты, Минген атын камчылап, Көзүнөн жашы тамчылап, Келип түшө электе, Көкөтөйдүн Бокмурун, Дартын төктү Манаска: — Болот экен түрдүү иш, Акылдан адам адашса, Чакырыпмын элебей, Келиптир калмак ченебей, Сизден мурда бул элди, Бучкагына теңебей. Коркуп калмак калчадан, Нескара манжу, анчадан, Жолой менен үчөөнү, Алты бедөө ат бердим, Алты атанды комдотуп, Алтын, күмүш көп бердим. Абийиримди кетирип, Гүлайымды алам, дейт. Мааникерди минем, дейт, Амалы канча буруттун, Өз эркимди билем, дейт, Көкөтөйдүн көп дүйнө, Уйум менен кирем, дейт. Үрбү, Кошой биле элек, Күптүн оозун ачтырып, Кара атанга арттырып, Жатарда бердим көп алтын. Мааникер сындуу атты алсын, Айкөлүм Манас, угуптур, Аманат чымын жан калсын. Тентитип түпкө жетеби? Же, ашка келген Алашты, Такыр чаап кетеби? Ачкөз Коңур ант ургур, Талабына жетеби? Айтур, оңой эме эмес, Оңойлук менен адамга, Оморулар бел эмес, Адам өлчөөр тоо эмес, Тие турган жоо эмес... — Божураган, акмагым, Өз алыңа бакбадың, Атаңдын ашын беребер, Бекер Манас мен эмес, Калчага түшүп ат берер, Мелчемдүү киши ал эмес, Менден келип ат минер! – Деп ошентип зор Манас, Тура бербей тай талаш, Жыра басып, түз кылып, Талкалап кеткен кемеге, Кемеге кайра ойдуруп, Жаңылап малын сойдуруп, Бардыгы келди хандардын, Баатыр шерге чогулуп. Хандарга Манас кеп айтат: — Кебимди уккун, — деп айтат. Келген элдин санын көр, Жакшы-жаман барын көр, Каркыранын туш-тушу, Тоосу жок мунун жайык жер. Азыр болгун малыңа, Астыңда минген атыңа, Жатып алып тайрайып, Миңген аттан айрылба. Миңгениңен айрылсаң, Датың өтпөйт айылга, Туздай татыйт бир калдай, Чогултуп туруп барыңа.