← Манас 3/11

Аттанды каңгай бүт калбай, Түп көтөрө дүрүлдөйт, Саздан өрдөк учкандай. Манжу, шибе, солон бар, Кара кытай, калмак бар, Башкарып жүргөн аларды, Нескара, Жолой, Мурадил, Борончу, Уушаң улуктар. Ат көтөргүс алпы бар, Айтып бүткүс салты бар, Кара курттай быжылдап, Жер сойулган калкы бар. Кошой, Агыш, алп Төштүк, Керкөкүл менен Музбурчак, Эл келет бүгүн-эртең деп, Чогулушкан ушул чак. Хандарды мактап келгенде, Ырчылар жүрөт жапылдап, Эл башкарып хан Үрбү, Сүйөлөп турат шакылдап, Аркасынан көк жасоол, Ээрчип турат такымдап. Келип жатат туш-туштан, Топурак учуп жер чаңдап, Жел өпкөсү андан көп, Желбегей чапан далбаңдап, Эки буту салбаңдап.

Антип жүргөн андан көп, Атагы алаш келгендер, Атайын бата кылышып, Мейманга табак сунушуп, Хан Көкөтай ашы деп, Карап туруу кайсы? деп, Баласындай бир ата, Бардыгы жүрөт жардамда. Түндөсү жатып эл турса, Асман ачык жер бүркөк, Көк асманды көрсөтпөй, Калыптыр туман боз чүмкөп, Шамал чыгып ырылдап, Сыдырым согуп зырылдап, Болуптур өтө бир шумдук, Абышка, кемпир, балдардын, Маңкасы агып бырылдап. Аңгычакты болбоду, Сурнайдын үнү угулду, Жер айрылып чурулдап. Кудай бетин ары кыл, Келе жаткан көпчүлүк, Кара курттай быжылдап, Сел аккандай жымылдап, Жердин бетин жык жайпап, Адам тилин түк билбейт, Кара курттай кымылдап. Керней тартып нечен сан, Келген байрак, асаба, Кызылы аз, көгү көп, Жол-жол болгон алача, Баш кишиси Нескара, Жанында дөөлөр бир канча, Сарала байрак желеги, Анын арка жагынан, Мурадил колу келди эми; Түшүп орун алганча, Ана-мына кылгыча, Калмактардын Уушаңы, Солондордун Бозкертик, Жер жайнаган эл менен, Келди булар бир жетип; Көргөндүн бойу дүркүрөп, Борончу келди күркүрөп; Сел аккан суудай түрдөнүп, Кедендин уулу чоң Жолой, Бул дагы келди сүрдөнүп, Заңдын элин бүт жыйнап, Аркасынан дүрбөтүп, Келгендерди көргөндө, Калды баары жүдөшүп, Аңгычакты күпүлдөп, Нескара, Жолой сүйлөнүп, Алдына келсе аймоочу, Ажыдаардай сүрдөнүп: — Жай жаткан элди дарбытып, Аш берем деп чакырып, Же тосуп алган жери жок, Алдымдан киши чаптырып, Же тартуу кылган иши жок, Кызыл алтын чачтырып, Жетелеп чыккан аты жок, Же жолборстон үртүк чаптырып! Каны барбай чойулуп, Жатканын көргүн койулуп, Ашына түшүп нетебиз, Түшпөй аскер кайра тарт, Талап алып кетебиз! Чакырып койуп кызмат жок, Бекер келген экенбиз!- Нескара, Жолой, эки дөө, Мурадил, Уушаң бул төртөө, Борончу менен Бозкертик, Андай алптан он чакты, Айрыкча алтоо кекенип, Алдына барып аларга, Айтаар сөздүн дайыны жок, Алардын көрүп караанын, Аркасында аскердин, Арбын көрүп адамын, Аш берген болуп айыпкер, Артып алып жөнөдү, Алтын-күмүш тапканын. Алты бедөө аталып, Алты атанга арттырып, Алтын-күмүш кошо алып, Алты бокчо тон алып, Алдына барды бүгүлүп, Ал Бокмурун, хан Үрбү, Ал-жайын айтып күңкүлдөп, Албай турду далайга, А, Нескара күркүрөп, Анда Жолой мындай дейт: — Ал Нескара баатыр — дейт, Артыбыздан Коңтөрө, Алда келе жатыр — дейт, Аны менен кеңешип, Анан акыл тапкын-дейт, Айласын таппай кыргыздар, Амалы кетсин такыр — дейт, Арасында көрүнбөйт, Айкөлү Манас баатыры-дейт, Атын угам көрбөдүм, Аттанып аштан кайтаарда, Адамсынган Алашты, Айдап алып кетейин, Амалын мунун кетирип, Алсыратып түгөтүп, Абдан түбүн касайын, Абийирин антип чачайын, Алтын-күмүш бар малын, Алдында минген аттарын, Алгыр тайган куштарын, Айласын түгөл түгөтүп, Алдырып кетем буларын! Айтканымды кылбасам Адам болбой калайын, Андан кийин айланып, Алаштын барын чабайын. Ажыратып алчу ким, Аны да байкап алайын! - Ачууланып ал алтоо, Алдына барган атты алып, Атан төөнү дагы алып, Он кишиге бирден кой, Сойушуна кошо алып, Семизден тандап уй алып, Дөөлөргө бирден үй алып, Анан түштү ал алтоо Көөнүн басып жайланып. Аңгычакты болбоду, Аркасынан бул элдин, Ач кыйкырык дуу болду, Ачып көздү жумганча, Асман жарган чуу болду, Адамды адам билгисиз, Агыны катуу суу болду; Аргыган шамал жел болду, Агызып кетээр сел болду, Айнектей түптүз бел болду, Анда турган көпчүлүк Айласы кетип тел болду, Адамдын көрүп көптүгүн Акылы качып жоголду, Аш берген курган кыргызга, Айкашып турган бул аалам, Алакандай тар болду, Адамдын башы кылкылдап, Асабалар калкылдап, Атылып мылтык тарсылдап, Ак албарс кылыч жаркылдап. Алоокенин Коңурбай, Алкарасы алкылдап, Аркасынан жүргөн эл, Ааламга батпай жер чаңдап, Алкы-шалкы алпы бар, Атырылган аты бар, Ал Коңурбай калчанын, Атасы анын Алооке, Нарындан калып айрылып, Армандуу ичте дарты бар, Амалсыз жүргөн болуучу, Аргасын мунун таба албай, Алаштар ашка чакырып, Алышар кыйам табылып, Анан келген бул чочко Айанбастан камынып. Алдында келген алтоонун, Аркасында Коңурбай, Аңдасаң жөнү ушундай: Алты байрак туусу бар, Ар бир туусу түмөндөн, Арбын келди бул элден. Алактаган Коң төрө, Адырайган чоң төрө, Азар-түмөн кол менен, Албындап келди бул капыр, Адам айран калгандай, Алда нече иши бар. Ал чочконун алдына, Апкаарып киши баралбайт. Аң-таң болуп турган эл, Алакташып калышты. Арамдын келген колдору, Айанбай жөнөп алыптыр, Ар бир киши колуна, Бакандай шишти алыптыр, Ашка сойгон малдарын, Этине чуркап калыптыр. Ашырбастан бир тиштем, Алып кетип калганы, Алаштын эли чогулуп, «Антпе!» деп айта албады. Нескара, Коңур сүйлөшүп, Кошулуп Жолой бирлешип, Калгандары дүүлдөшүп, “Алп Коңурдун жолдугу, Аны бизге бер” — дешип, Кеп чекесин чыгарды. Кебин уккан Алаштын, Кылайып эси калбады. Алек-далек жүгүрүп, Тизелери бүгүлүп, Карысы жаштай түйүлүп, Карап турган кайран эл, Кара жандан түңүлүп: “Каарына алса кангайлык, Кабыргабыз сөгүлүп, Каныбыз кетет төгүлүп, Калгандардын караанын, Кайдан көрдүк, — дегенсип, Капырай келдик не?” — дешип, Кайгы басты элдерди. Хан Коңурбай эр үчүн, Каарын сурап калуучу, Үрбү менен Бокмурун, Опсуз катуу шашылып, Кол куржунга толтура, Көп дүйнөсүн артынып, Коногуна жесин деп, Карача каймал төө алып, Карбаластап барыптыр, Карап койбой тартуусун, Калча кебин салыптыр: — Каадалуу бир немече, Калдаңдайсың калп эле, Чакырып мени ашыңа, Кат жазар алым бар беле? “Көкөтөйдүн көк туу” деп Айтаар алың кайда эле?! Мал таппайбы сенчелик, Көкөтөйдүн Бокмурун, Көпкөндүгүң канча эле?! Көптүргөн сенин дүйнөңдү Көрсөтүп туруп чачпасам, Көйрөңдөнгөн экенсиң, Көзүңдү сенин ачпасам, Чогулупсуң бул ашка, Тобуңду бузбай чаппасам, Торопойун тоздуруп, Абийириңди ачпасам! Атайын келдик алдыңа, Алаарымды мен айтам: Көкөтөйдүн Мааникер, Көкө теңир жолуна, Арнап койчу мал экен, Алпештеп жабуу жаптырып, Эсенхан мына аты экен. Жылкыдан башка жаны бар, Эликтей сыны бар экен, Ээсин таппай кар болуп, Жабыгып турган чак экен, Эл көчкөндү бош коштоп, Элдин алдын бош-боштоп, Көрккө салаар мал экен. Какандын болгон баш ханы, Кангайдын болгон аркасы, Манжунун болгон Манасы, Күн чыгыштын элинин, Ачылбас эшик каалгасы, Баш падыша Эсенхан, Багып минер мал экен, Ушул бүгүн Мааникер, Бурут сага кар экен! Берсең бергин Мааникер, Бербесең мейли кете бер, Бир түн өтүп таң атаар, Эртең эле кез келээр! - Деп ошентип чоң калча, Жынзы ташын тагынып, Калдайлык тонун жамынып, Токойдон чыккан жолборстой, Көзүнүн чаарын чыгарып, Сырын айтып ичтеги, Кыйгачы болуп көзүндө, Кыйпачы болуп сүрүндө, Адам уулу бага албайт, Ант ургурдун түшүнө, Ошол жерде турган эл, Түк көрүнбөйт көзүнө. Алып барган тартуусун, Алып болуп мал-пулун: — Эртең келип көзүмө, Баарың калбай көрүнгүн! - Деп ошентип айтты эле, Үрбү менен Бокмурун, Үзүр сөзүн көп айтып, Үйлөрүнө кайтты эле. Баатырсынган ал Үрбү, Астыртан киши жиберип, Кошой, Төштүк - алптарын, Андан калган барчасын, Керкөкүл менен Агышты, Айткандын уулу Көкбөрү, Жанадил менен Тынайды, Атагы алаш дегенден, Ашка келген бар ханын, Атагы чыккан айлыңа, Ат көтөргүс балбанын. Кызыл тилин жаныды, Чогултуп алып андайын: — Ашты берген өзүбүз, Көрүп турат көзүбүз, Кошулганбыз кеңешке, Болот дешип көбүбүз. Эл чакыруу бийлигин, Бокмурунга бергенбиз, Хан Көкөтөй баласы, Каралсыз кабар салыптыр, Катынынан башкасы, Калбай келип алыптыр. Каар көрөт окшойбуз, Айрыкчасы кангайдан, Алооке уулу калдайдан, Хан Коңурбай калчадан, Нескара, Жолой баштаган, Андан калган канчадан, Кегибизде жүрүптүр, Ичинде болуп баштатан, Бүгүн кебин чыгарды, Мааникерди сурады, Эсенхан минээр жылкы деп, Которбой кебин турганы. Тумак күндү түгөтүп, Коңурбай азып баратса, Нескара акыл үйрөтүп, Эртең кандай кылабыз, Найзасын чыкса сүйрөшүп?- Үрбү кебин салыптыр, Угуп алып баардык хан, Калдайдын уулу каапырдан, Калбай сүрдөп калыптыр, Кыңк этип үнүн чыгарбай, Бул олтурган канча жан, Дудук болуп алыптыр; Көкөтөйдүн Бокмурун, Оозу бейбаш шок мурун, Ошондо кебин салыптыр: — Абам Кошой карыбыз, Бул олтурган баарыбыз, Калк башкарган хандарсың, Хан болбогон калганын, Бириң миңден алгансың, Бет алган жакка чуу салган, Кең далылуу балбансың. Кыйын көрдүң баарыдан, Кангайлардын калчасын, Атамдан калган көп дүйнө, Барын берсең калчага, Көзүнө иле көрүнбөйт, Көрүп келип түрүн мен, Өлөөр жагым көрүнөт. Эл чакырып келээрге, Катты мыктап чийерге, Уруксат хандар бергин деп, Мен сурадым силерге, Чакырганмын бул элди, Кангай калбай бүт келди, Чакырып койуп буларды, Кара жанга күч келди.