← Манас

Көкчөкөздүн Манасты атышы

Айкөл Манас жеткенче, Көкүдө калча бир нече, — Мааникер менен сүрөйт, — деп, Жапырды Жолой он эсе, - Болбосо чыкмак меники! – Жок жерден салып калбаны, Кедеңдин уулу чоң Жолой, Алтын салган куржунду, Артып кетип калганы, «Байгени бергин Жолой» — деп, Баатыр Манас барыптыр, Унчукпай Жолой култуңдап, Бастырып кетип калыптыр. Тарттырып ийип байгесин, Чыгып келген атынын, Арданып Манас баатырың, Кара жаак булдурсун, Толгой кармап бекемдеп, Жете барды Жолойго: «Байгемди берип кеткин», — деп, Анда Жолой мындай дейт: — Чыгат болчу Ачбуудан, Чыкпайт болчу Аккулаң, Жаш айдарга үйрөтүп, Мааникер менен сүйрөтүп, Өкүм күлүк Мааникер Арымдатып күчөтүп, Чыкты дейсиң атыңды, Ит уксун сенин датыңды, Бекер чапкан эмесмин, Ачбуудан сындуу атымды. Алың келсе, алып кал, Атым чыкты, байге алдым, Аңылдабай ары бар! – Бура тарта берерде, Булдурсунду имерди, Оройлотуп жиберди, Камчынын учу тийиптир, Эби келсе, боз үйгө, Түндүк жабуу болгондой, Жаак этин тилиптир, Каны агып шырылдап, Жакасы ылдый кириптир: Жайнап жаткан калмакка, Аралай качып келиптир, “Эмне болуп кетти?!”- деп, Элдери сурап ийиптир. — Ыркыраган ит Манас, Чыркыраган чыр Манас, Чырылдап байге талашат, Бир эмеси тийгендир? — Тийбептир, баатыр,тыйылыптыр, Мойнуңан каны кириптир! – Баатыр аты бар эле, Барча буудан дээр эле, Которуп Жолой миниптир, Кулжуңдап жолго кириптир, Жолойдун качып кеткенин, Баатыр Манас билиптир, Мааникер алып мингени: — Бул, Ажыбай, жүр! – деди, Барча буудан изин кууп, Баатыр жолго киргени. Кара каңшаар деген бар, Анын жайы мамындай: Түбү менен айланса, Буткул-буткул суусу бар, Кырчын, кайың, талы бар, Камышы бар, жекен бар, Үзөңгү менен тең чыккан, Жалпак калың бычан бар, Кайсы экени билинбейт, Карарган токой нечен бар. Барчанын изи бурулуп, Айланып тоону кетиптир, Анда Манас нетиптир: — Акжолтой тууган Ажыке, Акжолтойум кармаптыр. Жолой жолдон азыптыр, Жолойду мендер басыптыр, Тээ көрүнүп турган ач белес, Өтө чукул кептенет, Мен белеске барайын, Жолой дөөсүн заңгардын, Көмө сайып алайын. Сен ат изине сала көр, Артына түшүп бара көр, Жолугуп калса качпагын, Коркуп андан шашпагын, Мааникер болсо мингеним, Көп кечикпей барамын. Бөлүнүп жолго салыптыр, Ошол кезде болжолу, Бүрүүл болуп алыптыр, Из чалса изи жете элек, Жолдон өтүп кете элек, “Жобалаң тартып токойдо, Жүргөн чочко экен, — деп, Даңгыр жолдо адашып, Арка жакта темтелеп”, Мааникер мен дыр койду, Алдына карай энетеңдеп, Капташа түштү бир жерде, Келаткан Жолой делдеңдеп, Баатыр көрө салганда, Кайра тартып телтеңдеп, Бура тарта бергенде, Кызыл жээрде ат менен, Көрүнгөнсүдү Алмамбет, “Келген экен мени издеп, Манас менен Алмамбет, Экөө катар тең издеп”, Оозуна келип өпкөсү, Ойуна кетип ушул кеп. Калтырак кирип саргайды, Барча буудан ат калды, Жөөлөп чуркап чоң Жолой, Өзү тапты далдааны, Арам өлгөн сойулгур, Ал Жолойдун тулпары, Качып жолго салганы, Каңгай жакта ач кезең, Ошону карай бет алды. “Караңгыда бул Жолой, Кутулуп кетет экен, деп, Мөөрөйүмдү алдым деп, Муратка жетет бекен?” — деп, Аккелтени арстаның, Ийинден алды белендеп, Шаңга чыгып сойулгур, Тура калды элеңдеп, Тура-турбас чагында, Машааны тартып жиберди, Караңгыда кызыл чок, Жабыша түшкөн кептенди, — Оңунан ишим кеткенби? Бар, Ажыбай, бол! – деди, Артынып качкан куржунда, Алтынды тартып ал! – деди, Аман болсо чоң Жолой, Башын кесип сал! – деди, Кара кушун канжарлап, Илип келе кал! – деди. Ажыкең койуп жетиптир, Арстандын аткан ок Барча буудан дегендин, Мойнунан үзүп кетиптир, Пул артылуу, Жолой жок, Эңкейе түшүп Ажыкең, Куржунду алып артынды, Барча буудан дегенди, Куйругунан кармады, Үзөңгү боого салганы, Көк жалыңдын алдына, Сүйрөтүп келе калганы, Токойду тинтип көп жүрдү,- деп, Жолойду таба албады, “Ат соорусу олжо”, Соорусун ойуп олжо алды, Маалгып Манас турбады, Мааникер оозун бурганы, Эртең менен шашкеде, Элге жетип барганы, Салаңдап ат териси, Канжыгада байлалуу, Баатырдын көрүп караанын, Алаштын баары шаңданды, Сойгон экен эрди деп, Каңгайдын эли арданып. Так ошондо олчойуп, Коңурбайдын айтканы: — Эми бурут кондурбайт, Кондурмак түгүл оңдурбайт, Кайра тартып кечикпей, Каңгайдан барып үйүң тап! Калбай, заңдар, чубагын, Жолой тирүү бар окшойт, Жакшылап жолду карагын. Өлтүргөн болсо Жолойду, Башын кесип келбейби? Келбеди башы Жолойдун, Тирүүлүгү эмеспи? Манжу, шибе, турбагын, Кырк жайсаң, калгын ылганып, Арка жактан барамын, Мына ушул кеп, — деди, Күнчыгыштын элдери, Күлдү баары кетти эми, Кайта барып, түгөнгүр, Капалга эркин кол салып, Казактан жыйнап олжо алып, Күрпүлдөктү бойлотуп, Көп уланды сойлотуп, Айдап кетип бир калды, Аз албады, мол алды, Эки жүз түтүн элди алды, Эсеп жеткис малды алды. Эндекей калды бер жакта, Эч ким укпай кабарды, Жерине барып Коңурбай, Ойлонуп айла табарды. Көзкаман деген кары эле, Көкчөкөз деген чоң уулу, Укмуштуураак бала эле, Абалкы өткөн күндөрдө, Алтайда Жакып жүргөндө, Короолош бирге конуучу, Өрлүк өтмөк болуучу, Көзкаманды Коңурбай Чакыртып келип ошону: — Сенин эбиң бар элең, Жакып менен короолош, Бирге жүргөн кары элең, Болсо тирүү алып кел, Темир торго салып кел, Болбогондо аргалап, Тике башын кесип кел, Жакыптын уулу Манасты, Жалгыз сага суратам, Алтымыш уруу алашты, Көкчөкөзгө беремин, Үч агынды Каңгайды, Айтканды жалган кылбайлы, Жалган-жашык сөз кылсак, Көкөтеңир урбайбы? – деп, Ошентип, Коңурбай Үйү менен көчүрүп, Көзкаманды жумшады, Көзкаман көчүп кетиптир, Баатырга чукул жетиптир, Көкчөкөздү ээрчитип, Карыпсынып телмирип, Бай Жакыптын үйүнө, Барып кирди эчкирип. Көзкаман менен бай Жакып, Эсендигин сурашып, Көзкаман турду муну айтып: — Жашырбаймын сырымды, Сенден Жакып кылайтып, Сен Алтайда жүргөндө, Коңшу болдук короолош, Малыбыз жүрдү аралаш, Бир агындын бойунда, Жайлап жүрдүк чамалаш, Жакшы-жаман ишибиз, Бирге болгон кишибиз, Чоңжинди деп Манасты, Жашырып жүргөн кезимде, Аны толук билчүбүз, Тынган жокпуз эч кимге, Үйүңө эчен киргенбиз, Элесин Манас көргөнбүз, Сүйүнчүлөп Чыңгышка, Качан барып дегенбиз? Эми сени каралап, Каңгайдан көчүп келдик биз. Өз уругум каңгай деп, Урматтуу ханым калдай деп, Каралап жүрсөм аларды, Кетирди менин шайымды, Күнүгө келип алым деп, Терип болду малымды! Көңүлүм чөгүп турбадым, Өзүңүз карай ыктадым. Эми көчүп келсем, деп, Айтканы сага келбедим, Үйүмдү жүктөп, малды айдап, Бир жолу эле келгемин,- Көзкаман айтып кобурап, Бай Жакыпка кобурап, Кебин угуп Бай Жакып, Мактаганга дардайып, — Ичкен менен кийгениң, Көчкөндөгү мингениң, Баары өзүңдө бар экен, Бизге ооруң кай экен? Күндө алым бер десем, Калмактын пейли тар экен, Манас Манас болгону, Манас атка конгону, Алым деген киши жок, Кыргыздын иши оңолду. Сайдын корум ташындай, Сай-салаага мал толду, Казанда майын сапырып, Ичкени кымыз, бал болду, Кызгалдактай кыздары, Кырмызы аруу шай болду, Мен балдарга айтайын, Келиптирсиң атайын, Барып тургун калмагым, - Кырсылдап күлүп Жакып бай, Ал Манаска жетиптир, Көзкамандын келгени, Өзүнүн айткан бар кебин, Калтырбай айтып бериптир. “Далайдан бери атакем, Басып үйгө кирбеген, Эми неге келди?” – деп, Каныкей байкоо салыптыр, Алыстан төшөп кулагын, Абдан сөзгө каныптыр Өрлүк кылып эртеси, Көзкаманга барыптыр, Аркалап көчүп келди деп, Карача каймал төө алып, Кысыр калган бээ алып, Жупка менен челпектен, Чакага салып, көп алып, Капталдап кара чай алып, Бышырып козу дагы алып, Кымыздан тарткан арактан, Көөкөргө куйуп муну алып, Үй-бүлөсү кийсин, деп, Торко тонун мол алып, Аркаласа хан атам, Көөнү толуп калсын, деп, Алты келин котчу алып, Аттанып чыгып Каныкей, Келип түшүп суйсалып. Ал Каныкей жеңеңиз, Арзан киши дебеңиз, Айкөлүнө кеп айтат, Айкөлүнө нени айтат: “Каңгайдан келген кабаңды Кадырлайсың абаңды, Абайлап, көкжал, жүрбөсөң, Абаң кылат амалды, Уулунун аты Көкчөкөз, Түрү башка ууру көз, Адамга сүйкүм болуучу, Эч белгиси көрүнбөйт, Абаңды көрүп келгени, Көңүлүм тынбай бириндейт, - Анда Манас ойлонот, Жооп бербей толгонот, Ачык кебин угалбай, Каныкей да тим болот. Апта агып, ай өттү, Арада далай иш өттү, Айкөл Манас кадырлап, Ата сөзүн эм көрдү, Барып көрүп келгин, деп, Каныкейди жөнөттү, Өз үйүндө казанчы, Какелей деген бар эле, Какелейди Каныкей, Жолдош кылып алды эле, Айылга жакын барганда, Кереметтүү жеңеңиз, Кербел тартып калды эле. Барайын деп капыстан, Билдирбеске дабыштан, Какелейди калтырып. Кош жоргону карматып, Алтындан соккон чоң сөйкө, Кулагында жаркылдап, Күмүштөн бүткөн чоң чачпак, Май сооруда шаркылдап, Карап турса Какелей, Ал Каныкей шум бейбак, Сөйкөсүн салды койнуна, Чачпагын кармап колуна, Жыла тепсеп барды эле, Көзкамандын тушуна, Айылга барып кошулбай, Жалгыз конгон бир жерге, Жакындап барса Каныкей, Кызык кептер ал үйдө, Катыны менен Көкчөкөз, Кемпири менен Көзкаман – Төрт эле киши бар үйдө. — Биз көчүп мында келгени, Манас бир да келбеди, Чылап койгон уу турат, Келсе суна бергени. Катыны келип бир кетти: Айтты эле биздерге, Баш билгилер көп кепти,- Бабырашып угуп Жакыпты, Баарын угуп жай кебин, Кайра барып атына, Алып келип түшүрдү, Кастарлап алып келгенин. — Казан ас, — деп алдырап, Каныкей билбейт дегенсип, Калмагынча балдырап, Казанга күйсө Каныкей, Ал Манасты чакырмак. Каныкей туруп муну айтат:

— Арак ичпейт, чай ичет, Шектүү даам дагы ичпейт, Чакырсаң да ал келбейт, Манас эмес, мен ичпейм, Аспады казан дебеймин, Кош эмесе, калгыла, Мен үйүмө кетейин, - Каныкей кетти аттанып, Көзкаман калды муңканып: — Мен шек алып калдым келинден, Нечен айтчу кептенип, Токтоп калды тамшанып, Тура берип айлында, Кабылбайлы балаага, Агытып койду аттарын, Качалы айдап бүт баарын, Аккуласын агытпай, Байлап жүрөт Манасың. Кулдарга атын береби, Колчоктоп өзү минбейби, Аттын изин төтөлөп, Ал Манас кууп келбейби, Кимдер издеп табалат, Уулум сендей мергенди, Тосуп туруп атып сал, Башын кесип алалы. Кангайга кетип калалы. Кайта айланып кыргызга, Чоң түйшүктү салалы. Деп ошентип айтканда, Уулу, кемпир, келини Кабыл алды бул кепти. Хан Бакай менен кырк чоро Агыткан атын жайлоого, Кезек менен барышып, Күндө бир маал жоктоодо. Күйгөнү барып жем берип, Сылап-сыйпап кашылап, Келбегени жөн койуп, Жүрө берди жан жыргап. Тулпардын бары талаада, Капташмак болду канкоруң, Кан агуучу балаага. Пейли бузук Көзкаман, Бекем белин байлады, Каныкей келип кеткенде, Эл уктаган кездерде, Күндү катуу жайлады, Минели десе тулпардан, Бирди да кармай албады. Убара болуп буйдалбай, Колбутуп барын айдады. Ушул түнү арстаның, Карабөрктүн төрүндө, Аккуласын мингенче, Аккүбө тонун кийгенче, Барган экен ал үйгө. Аккуланы байлатып, Башынан берки санаты, Беш кишиге каратып, Арстан жатып алыптыр, Кабарсыз болуп Каныкей, Өз үйүндө калыптыр, Ушул күнү Көзкаман, Качып жолго салыптыр. Эртең менен болгондо, Эшикке чыккан киши жок, Мойнунан жамгыр шорголоп, Талаага чыкпай корголоп, Ушул түнү шам менен, Жаабай жамгыр токтолот, Эшикке чыкса айкөлүң, Мыдыр эткен киши жок, Кызыл түлөө кезинде, Кыйын жааган жамгырда, Аты менен иши жок, — Эсирген иттер жатсын,- деп, Карабөрктү кабылан, - Куланы бери тарткын, — деп, Аккелтесин асынып, Сырнайзасын колго алып, Ак олпок кийип ашыгып, Айылдан чыкты бастырып. Башка жерге күн жаабай, Турган экен жапжарык, Алда кандай укмуш, — деп, Айкөлүң койбойт эске алып, Карап турса Кеңколдо, Карааны жок аттардын, Изин байкап көрүптүр, Кайсы жакка басканын, Тарашаны бет алып, Аттардын изи чубаптыр, Сыртка чыкса көрөт деп, Борошо болсо кокустан, Бири калбай өлөт деп, Катуулата бастырып, Аңкаарыбай аптыгып, Чыга калса туу белге, Карааны малдын көрүндү, Алысыраак бир жерде. Акула менен желгени, Көрүнгөн малга келгени, Тулпарлар эмес, башка экен, Жоо сүргөнүн билди эми, Аңкарып изин карады, Аттын изин кубалап Айал кылып турбады, Кош кулагын жапыртып, Куулага камчы урганы, “Аттарды жоо алды, — деп, Мени менен касташып, Ат алуучу ким экен, Эңсесин анын кесем!” — деп Ачууланып калыптыр, Ашыгып жөнөп алыптыр, Он алты күндүк арага, Бетегелүү Койташка, Белге чыгып карарга, Барды белем заматта, Аккуланы аргытып, Артынан чаңын баргытып, Айкөлдүн келе жатканын, Көзкаман менен Көкчөкөз, Дүрбү салып көрүптүр, Айланы издеп табууга, Атайы көңүл бөлүптүр, Кемпири, келин дегени, Катын эмес эр экен, Катынча кийип кийимди, Катын болгон кеп экен! Жашырып өзүн өңүткө Көкчө көз калды туу белде, Арстан келе жаткан жак, Азыраак коргул таш эле, Ысыккөл жаккы тарабы, Жаткан жайык талаа эле, Жарылып оозу кетет деп, Көмкөрмө темир кийгизген, Көтөн ооз келтесин, Көкчө көз октоп белендеп, Арсак ташка таш койуп, Шыйрагын кайрып өткөрүп, Милтесине от берип, Ооз отунун дарысын, Бармак менен талкалап, Арта салып кобурдан, Тиктеп жатты чалкалап. Бута атым кирип келгенде, Арстан шерди караса, Ак олпок жок эндекей, Калган кийим ысыкта, Бүчүсү жок желбегей! “Көкө Теңир жар болуп, Ишим оңдон экен, — деп, Ойумда менин жок эле, Жалгыз атчан жалаң тон, Өзү жетип келет деп, Алаш уруп болгону, Меники болду белем”, — деп. Карап калды Көкчөкөз, Ого бетер бекемдеп, Эрдигинин чеги жок, Эрениң келет тепеңдеп, Алдындагы Аккула, Башын силкип кекеңдеп, Өпкө, боор тушу деп, Өлөр жери ушу деп, Акыректен чөгөрүп, Айбалкадай көтөрүп, Кароолун бүл-бүл житирет, Машааны тартып жиберет. Көтөн келте дүп этип, Жүрөгү анын сак калып, Бир өпкөнү тамандап, Өтүп кетти ок кечип! Кайраты толук арстаның, Аттан түшүп калган жок, Жайылып этек, жалп этип, Жаныбарым Аккула, Кырга чыкты шып этип, Жыгылбай турган баатырга, Бетине чыдап баралбай, Жаза атып салдым, — деп, Атына минип Көкчө көз, Айабай качып алыптыр, Ат айдаган элдерге, Жетип кабар салыптыр: — Өлбөй Манас калды, — деп, Карамендер чоң басып, Жандата атып салдым, — деп, Белге чыгып элейип, Мени көрбөй калды, — деп, Жерге кирсин көр дүйнө, Аттарын өзү алсын, — деп, Өзөктөн каның жайбасын, Жан куткаргын барың! – деп, Этектери жайылып, Жаман качып алыптыр, Жандап жолго салыптыр, Караган атка киши жок, Бары качып калыптыр, Эми эле жетип келет, — деп, Эдепти толук берет, — деп, Качмактан башка айла жок, Көзкаман баштап баарысы, Качып кетип калышты. Белге чыга калганда, Белдүү баатыр көкжалдын, Чоң кайраты бар анда, Жолго кирбей Аккула, Бура тартты бир жылга. Имерилсе жаныбар, Жайкалган шибер чөп экен, Жан барбас туйук жер экен, Ушул жерде эндиреп, Кулагы тунуп дүңгүрөп, Аккуланын үстүнөн, Жыгылып калды дардайып, Сулап жатты далдайып, Дем алганда таноосу, Узунга дейре барбайып, Бетине чымын кондурбай, Аккула турду кайтарып. Куугундан аттар кутулуп, Арт жагына бурулуп, Боз жорго баштап бардык ат, Таласты карай чубуруп, Чубактын аты Көктеке, Бычылбаган мал эле, Айгырлык жагы бар эле, Кош кулагын жапырып, Оттоп туруп алганын, Соорудан тиштеп качырып. Ажыкеңдин Карткүрөң, Ал аттарда жок эле, Айылчылап Ажыбай, Анжыйан минген кеп эле. Арстан кеткен күнүндө, Айылга кайра келди эле, Сыргактын аты Телкызыл, Аккула жытын алыптыр, Көктекеге көрүнбөй, Бөксөгө кетип калыптыр. Аккула менен Телкызыл, Акылы малдан эң узун, Курт-кумурска бүт жандан, Асмандагы канаттуу. Төрт айактуу айбандан, Арстан эрге келтирбей, Эки тулпар кайтарган, Кабылан Манас баатырың, Кетмек болчу кансырап, Аккуласы баатырдын, Калдыркандын жалбырак, Жарасын жаап жабуулап, Кан катырып калдыркан, Кеткени жок кансырап. Айылдан кеткен Ажыбай, Арстандын кирди үйүнө, Олтурган экен Каныкей, Ирегенин түбүндө, Өңү мунун бөлөкчө, Караган адам көрүүгө, Эмне болуп кетти, — деп, Сурайын мындан кепти деп, — Арстан кайда жеңеке, Бар эле менин кебим, — дейт, Каныкей анда мындай дейт: — Кебиме, Ажым, кулак сал, Куру шылдың кылбаңар, Төрт күндөн мурда мен бейбак, Каңгайдан келген карыга, Барып келген жайым бар. Далай кеп угуп келгемин, Карабөрктүн үйүнө, Кетип калды баатырың, Мен калдым кебим айталбай, Андан чыкса Накылай, Мындай кепти айтам деп, Ээрчип чуркап баралбай, Ушул күнү күн жаады, Болбой турат көөнүм жай, Айтып болуп Каныкей, Ажыңа койду түрдүү чай. Эзген курут кошкон май, Ажыкең ичти даамын жай, Ажыкең чыкса талаага, Көрүндү көзгө Тараша, Чубаган жылкы андан көп, Чаң уйулгуп дүркүрөп, Бурулуп тозоң сүрдүгөт. Элейип тура калганы, Аңгычакты ал жерге, Бозжорго баштап тулпарлар, Боз-ала чамбыл чаң болуп, Боз топурак жуурулуп, Чиркегендей чубуруп, Көктекенин аркырап, Үнү келет угулуп. Көктеке үнүн угуптур, Түйүнүп Чубак чыгыптыр, Чубактын келип жанына, Улутунуп туруптур. Бул эмне шумдук, — деп, Көзөл Чубак айкырып, — Көп чоро, — деп бакырып, Чубактын үнүн укканда, Бардыгы чыкты шашылып, Чоронун бары чогулуп, Аттарын кармап жабылып, Алдырашып камынды, Үстүнө токум салышып. Каныкейден Ажыбай, Уккан кепти улады: — Арстан Манас барбы, — деп, Карабөрктөн сурады. — Кеткен болчу күүгүмдө, Аттанып кетти күдүңдө, Арстаныңар жаткандыр, Токолунун үйүндө! “Карабөрк каргыш болчу, — деп, Ажыбайдын көөнүндө, Бастырып барды Ажыбай, Накылайдын үйүнө. Ажыкең жакын барганда, Накылай чыкты эшикке. — Бий Ажыбай капыстан, Келдиң эле не ишке? Кирбейсиңер кырк баатыр, Каныкей жок башка үйгө,- Башка кепти таштады, Ажыбай кепти баштады: — Арстан барбы бул үйдө? Айтарга кебим бар эле, — Көрбөгөндөй сөз согуп, Сынабачы Ажыке. Көзүң менен көрдүңбү, Ушул үйгө киргенин? Эркесинде жаткандыр, Билбейм кайда жүргөнүн! - Ажыкең ойу чачылып, Ичи кыйын ачынып, Хан Бакайдын кашына, Жетип келди шашылып, Жалпы чоро бар экен, Терин аарчып аттардын, Жууп жаткан асылып. — Айланайын абаке, Акылдын кени береке, Барып келдим үч үйгө, Сурап жүрүп таппадым, Арстан Манас канаке?- Ажыбай антип жатканда: — Менин атым жок экен, Ал эмне болгон? – деп, Сыргак келди ал жерге, Бир укмуштун болгонун, Абаң Бакай билди эле. Кыргылчалды чакырып, Кыраан Бакай каңырып: — Карыбай жерге кирейин, Кайсы экенин билейин? Калк кечиргис чекилик, Каңгырап жүрө бергемин! Даанышман болбой өлөйүн. Дайынын биле жүрбөпмүн. Камынгыла, Кыргылым, Калбай барың жөнөгүн! Ылдам мында келсин де. Төлгөчү кара Төлөгүн, Төлгөңдү салчы Төлөгүм, Арстан Манас кайда экен, Айтчы мага көргөнүн,- Алымдардын Алакен, Актай далы көрүчү, Ашкере айтчу бала экен. — Далыңды алып сүйлөгүн, Айтып берчи чунагым. Айкөлүм кайда жүргөнүн!- Төлөк салып төлгөсүн, Бир тиктеп чачып жиберип, Көзүнөн жашын имерип: — Абаке мингин атыңа, Бүгүндөн калбай жетели, Бетегелүү Койташка!- Далысын карап Алакен: — Атанын кокуй, абаке! Арстаным жатат бир жерде, Аккула менен Телкызыл, Сактап турат ал жерде. Башында байкап көрбөпбүз, Көзкаман мында келгенде! — Алакен, Төлөк деп айтып, Окшош экөө бирди айтып, Аттанып алып жөнөдү, Бетегелүү Койташка, Белдүү баатыр Көйкашка. Жакып байдын Туучунак, Сыргак кармап миниптир, Сыздырып жолго кириптир, Келер иштин бардыгын, Ойлой жүрөт Каныкей, Керек болор эмесин, Камдай жүрөт Каныкей, Эбеп, себеп дары бар, Апы-сапы дагы бар, Кырма-кызыл кыйын бар, Кайнатма кара жана бар. Сары барпы, көк жашыл, Адам укпас нечен бар. Айуу, жору, кажырдын, Бүркүт, үкү барынын, Камдап жүрчү Каныкей, Керек болчу баарысын. “Эси болсо баатырым, Эки күндө чоронун. Бирөө келет кабарга, Мен камдана турайын, Кечикпестен барарга”. Камын кылып Каныкей, Карап жүрөт талаада, Токтоналбай жел кыйал, Токсон түрдүү иш түшүп, Батып жүрөт санаага. Абаң Бакай Кыргыл чал, Кадыр, Түмөн, Шуутулар, Кыраан Чубак, кырк арстан, Из кубалап бараткан. Он алты күндүк ортого, Ошол күнү жетишти. Бетегелүү Койташтын, Белине чыга калышты, Изчилер изин чалышты, Телкызылды көп аттан, Бөлүнгөн жерин табышты. Жаныбарым Аккула, Ат дүбүртүн укканда, Кайдан келген душман деп, Түшмөк болду башыма, Түгөнбөгөн душман деп, Токтоно албай удургуп, Ошентип турган кезинде, Телкызыл чыгып кашатка, Келаткан элди көрдү эле, Биз быйакта дегенсип, Кишенеп сала берди эле! Телкызыл үнүн укканда, Токтоо кылбай ошондо, Аркырады Аккула. Аккула үнү чыкканда, Кулуну калган эмедей, Аттын бары аркырап, Айрыкчасы Көктеке, Күчөп-күчөп даркырап, Аркалап келе жаткан ат, Алдына чыкты жалтылдап. Калбай бары келишти, Кабылан эрди көрүштү, Кайран абаң кан какшап, Көзүнөн жашы бурчактап, Кызыл канга бойолгон. Кабылан шерди кучактап, Оодарылып атынан, Чубак жетти дардактап, Аламан болуп турган чак, Чоролор чуркап далдактап! Бирин бири тыйышып, Кетер жери жок эле, Жамандыкка кыйышып, Эңгиреп ыйлап сооронду, Эс акылын жыйышып. Оодарып жерден алышып, Олпоктон орун салышып, Эми кантер экен деп, Оозуна суудан тамызып, Эки ирмеп, үч ирмеп, Кылт дегени билинип, Бир челекче суу ичип, Көзүн ачты тирилип. Айландыра бир карап: — Серек, Сыргак кана? — деп Абам Бакай эр Чубак, Ажыбай барбы мында? — деп, Кармадыңбы, таптыңбы, Көзкаман деген арамды? Айабай салды башыма, Адам айткыс залалды… Айтып сөзүн ушунча, Эсин кайра танганы. Абаң Бакай кеп айтып. — Ээ, балдарым — деп айтып, Кудай бизге бериптир, Көкжалың тилге келиптир, Ич өзөгү сак экен, Барыңдын ишиң ак экен! Аттан ылгап бериңер, Бирин ылдам желиңер, Эртеңки күнү шашкеде, Каныкей алып келиңер. Билбейсиңер Каныкей, Адамдан чыккан айлакер, - Абаң айтып болгунча. Таз Баймат турду алдырап: «Мен барайын, аба» лап, Ажыбай турду шалдырап: — Каныкей минип келерге, Ала бар чоң Күрөң ат, - Ачып көздү жумганча, Айтып Бакай болгунча Таз Баймат кетти аттанып, Жетекке Күрөң атты алып, Көөнү өстү Байматтын, Көктеке минип шаттанып. Далдаага кире бергенде, Эки жагын каранып. Бүткөн бойун күбүнүп, Сакал-мурут сыланып, Он беш жашар баладай, Чапкылап барат бууланып, Кирип барды айылга, Эл жатар кезде дууланып. Алдына минген Көктеке, Кара терге чыланып, Келип элдер сурашып, Көргөнүн айтып Тазбаймат, «Бастыралы Каныш», — деп, Шашмалап турат ыкчамдап. Камдап койгон Каныкей, Керектүүсүн бүт алып, Кансыраган экен, деп, Чаначка куйуп артынып, Жылаңач уйдан сүт алып. “Суу ичип көзүн ачалса, Көөнүндө кебин айталса, Өзөгү сак экен, — деп, Таң атканга жол жүрсөм, Шашке маалда жетем, — деп, Абакем Бакай, шер Чубак, Абдылда бий, эр Сыргак, Дан жедирбес бекен, — деп, Канча күн жатып былк этпей, Ичеги жыдып калды” — деп, Ошол жактан кайгы жеп. Куржунга салып дарысын, Койбой алып барысын, Сүтүн артып Байматка, Артынып өзү башкасын, Бастырып кетти жол тартып. Арзан эмес кан Бакай, Бармактай тамак таттырбай, Эс алган сайын баатырга, Муздак суудан ууртатып, Кылт дедирип жуткуруп, Жел киргизбей кумтушуп, Каныкей качан келет деп, Белес жакка көз түрүп, Бир түндү араң өткөрдү, Кирпик какпай олтуруп. Кайран жеңең Каныкей, Желкеге чачын түйүптүр, Эркекче чапан кийиптир, Тунарыгы ачыла, Тоо башына күн чала, Жетип келди буларга, Тарттыралы Канышка, Киши керек эмеспи, Карткүрөңдү кармарга, Сырын билген Ажыкең, Телкызыл минип алыптыр, Дайарлана калыптыр. — Мен кармайын аны,- деп, Сыргак айта салыптыр, Ажыкең түштү жер жакка, Минди Сыргак шарт гана. Жыландай сойлоп жыпылдап, Таңкы желдей зырылдап, Туйагы тийген кара таш, Топурактай быркырап. Кыйа тартып эр Сыргак, Чылбырдан алды чукулдап. Арам өлгөн Карткүрөң, Абдан кызып учканы, Кармаган колун Сыргактын, Жулуп кете таштады, Камынып кармап албаса, Каныкейди түшүрбөй, Алып кете жаздады! Каныкей басып барганда, Доошун угуп эр Манас, Чамасы келе албады, Мойнун буруп карарга, Айландыра бир карап. Ал Каныкей турбады, Шекер кошуп сүт берип, Улам-улам бат берип, Жаранын оозун жуудуруп, Дакиден койуп буудуруп, Сак жагы менен жаткырып, Жарага дары жаптырып, Көк жору өтүн ичирип, Айуунун өтүн эздирип, Кажырдын өтүн сыйпатып, Эбеп-себеп дарынын, Аны ичинен бердирип, Апы менен сапыны, Кутуга экөөн коштуруп, Тайарлап болуп бардыгын, Алып келген дарысын, Жууп канын таштады, Жаранын оозун ачканы, Көрүп туруп жараны, Каныкейдин айтканы: — Ууга чылап түнөткөн, Ок менен сени атыптыр, Тиктеген көзүн кал басып, Жандата атып жазыптыр, Оорагың сага жар болуп, Кылчайбай душман качыптыр, Кадырлап күттүң калмакты, Мунун кай жериңде жазыктыр? Жараңдын оозун карасам, төрөм, Эт чыгарган чарадай, төрөм, Жүрөгүңдү карасам, төрөм, Тегирмендин барадай, төрөм, Эрдигиң бар энөөсүң, төрөм, Ак олпок кийбей аттанып, төрөм, Адашып кандай жөнөдүң төрөм, Баатырлыгың башкасың, төрөм, Балбандыктан ашкансың, төрөм, Бастырып үйдөн чыкканда, төрөм, Акылыңдан шашкансың, төрөм, Көзкаманды баккансың, төрөм, Хан болуп мында жаткансың, төрөм. Шайтан айдап шашылдың, төрөм. Атка неге асылдың, төрөм? Алладан сурап багайын төрөм. Айыктырып алармын, төрөм, Буйругу ушул кудайдын, төрөм, Мунусуна көнөйүн, төрөм!- Муң сөзүн айтып Каныкей. Кабыланды багыптыр. Карк үч айга толгондо, Кадимкидей сапасак, Айыктырып алыптыр. Айдаркандын Көкчөсү. Ээлеп жатчу жол тосуп. Көрүктүүдөй бөксөнү, Хан Манаска келиптир, Учураша көргөнү, Көкчөкөз дайнын сурады, Көргөнүн айтпай турабы: — Көзкамандын Көкчөкөз, Айжаңжунда ушул кез, Айжаңжүн деген кытайдын, Кайраты артык өтө тез, Эркинче жатат ал кытай, Бешбалык деген жерди ээлеп, Кыргыз, казак элине, Келет ко бир күн тебелеп,- Деп ошентип капыстан, Көкчө айтып жиберет. Көкчөдөн угуп бул кепти, Ойуна алды арстан, Айжаңжүн карай жүргөлү: — Хан Бакай, Чубак кел, — деди, Кебим бар айтам мен, — деди, Кармашып жүрүп жоо алдым, Бануусу, соксо дөөнү алдым, Ошончо тартып жабырды, Бул өңдүү күнгө калбадым. Айжаңжүн карай жөнөйүн, Көкчөкөз сурап көрөйүн, Өзү билет Айжаңжүн, Бериши менен бербесин, Бербей койсо Айжаңжүн, Өлүшпөй кайра келбесмин -, Кеп-кеңеш кылып жатканда, Кирип келди бир казак, Манаска кабар айтканга: — Көкчө сизге кеткенде, Ушунда жүргөн мезгилде, Иле бойлоп Көкчөкөз, Элүү киши барыптыр, Барган эрлер бары кыл, Айжаңжүндөн алыптыр. Илени бойлоп жаткандан, Кыргыз менен казактан, Миң үйдү чаап алыптыр, Мал-мүлкүн бүтүн алыптыр, Өздөрүн таштап талаага, Мүшкүл күндү салыптыр, Үчкаркыра, Сарарка, Эки Кемин буларга, Жөөлөп чубап барыптыр, Иледеги миң үйлүү, Ушинтип тентип калыптыр,- Ушул кабар укканда, Кыжыр толду Манаска, Кепти угуп күүлөнүп, Бузулуп өңү түрлөнүп, Манас турду күркүрөп, Жан алчудай сүрдөнүп. Муну мындай таштайлы, Көкчөкөздүн кийинки, Шумдугунан баштайлы.

Кепти угуп күүлөнүп, Бузулуп өңү түрлөнүп, Манас туруп түрлөнүп, Жан алчудай сүрдөнүп: — Каныш, үйгө кайткын, — деп, Жамгырчы, Балта, Жакыпка, Жумуш жөнүн айткын, — деп, Миң төөнү комдоп белендеп, Ок-дары, азык артсын, — деп, Көкчөкөзгө ээ болгон, Айжаңжүндү оодарбай, Кантип кайра тарттым! — деп.

Арстан Манас айтты кеп. Аттанып жоого чыккандай, Абыдан жара бүтө элек, Кайраты толуп күчөнүп, Күркүрөп Манас турганда, Кимдин алы келе алсын, Манастын кебин бурганга? Айылга барбай аттанды, Ысыккөл бойлой жол тартты, Текес менен түшүшүп, Айжаңжүн карай өтүшүп, Өлөрүн билбей келатат, Канкор Манас өчөшүп. Айжаңжүндүн жерине, Келип калды элине, Кайгуулчу келип капташты, Кароолчу турган белине, Кароолчусу каңгайдын, Алтымыш ашуун киши экен, Ырчы, Бозуул ыктуусу, Үзүктөй калпак эр Шууту, Бөкө уул, Баймат мыктуусу, Атай, Затай, Алакен, Алар дагы бар экен, Алыбай Серек бар эле, Бардыгы тогуз жан эле, Капташып калды тогузу, Алтымыш ашуун көп эрге. Каңгайлыктын кароолчу, Капкайдан көргөн караанын. Кармайбыз, деп ким болсо, Камдап турган адамын, Катышпай туруп булардын, Байкайлык, деп саламын, Эсирген Серек, Эр Шууту, Элөөсүз тоскон калмакка, Капташып калган жер ушу. Капталдан чыкты канчасы, Капыстан чыкты мынчасы, Кылычын сууруп кыйкырып, Кыйырдан чыкты кыйласы, Олчоктогон кыл баатыр, Ортого алды мынчасы, Арстан бөлчүү барчасы, Затайдын айткан кебинин, Салмагын элим байкачы: — Башыңды тартпай көгөрүп, Баатырсып найза өңөрүп, Барсылдаша кетпеңер, Доолбас уруп, жоо салып, Карсылдаша кетпеңер. Ортодон бузуп чыгалбай, Кармалып барың калбаңар, Жайнай качың туш-тушка, Бириң да туруп албаңар, Качырдык кыргыз элин, деп, Кыйынсып кытай кубалар. Алтымышы бөлүнсүн, Тогуз-ондон көрүнсүн, Бириң жүздү аласың, Көмөлөтүп жөнөгүн. Эби келди эми, деп, Качып кете көрбөгүн, Торопойун тозгузуп, Көрсөтө көр өнөрүң, Күркүрөгөн чором, деп, Көкжалым көрсүн өрнөгүн! – Затайдын мындай айтканы, Баарына бирдей жакканы. Тогузу тогуз тарапка, Качып калдаңдап. Качырдык деп бурутту, Кара кытай аркадан, Кууп кирди далбаңдап, Баарысы баатыр кептенип, “Та-талашып” дардаңдап. Кыргыздын кыраан уулдары, Бөлүнө түшүп кытайдан, Тулпардын оозун бурганы, Үзүктөй калпак Эр Шууту, Он жетини бир алды, Хан Жакыптын Сереги, Жыйырма бирди ал алды, Он үч эрди сулатты, Элүү бирин төртөө алды, Калганын сайып бешөө алды, Каңгайдын жолун сактоочу, Кароолчусу жок калды. Аңгычакты ар жакка, Көкчөкөз келип капташты, Көкчөкөз сырын билишет, Арзан эмес бул капыр, Кандай адам тийишет? Короолош жүрүп аралаш, Куп билет барын чамалап, Кыйкырыгын күчөйтүп, Келип тийди аралап, Колго түшкөн калмакты, Койгон болчу бүт байлап. Көкчөкөздү көргөндө, Көп чоро көөнү бөлүндү, Далайы алды мойнуна, Кайыл болуп өлүмдү, Кайрат кылып тогуздан, Кайран Серек бөлүндү: — Ырчы уул, Бозуул, Эр Шууту Мени менен калыңар. Калган бешөөң туткунду, Кыранга айдап барыңар, Чубак менен Сыргакка, Жетип кабар салыңар, Эки күн чыдап турабыз, Абалды толук айтыңар, - Керээз эмес неткени, Кебин айтып Эр Серек, Көкчөкөзгө бет келди, Жакып хандын Серегин, Көз камандын Көкчөкөз, Көмө койуп кетти эми. Ырчуул кирди ылганып, Карагай найза колго алып, Көкчөкөз менен койушту, Бурулбастан түз барып, Ырчы уул калды жыгылып, Үч айланып курчалып, Көрүп туруп Ырчыны, Бозуул кирди чыйралып, Качырышып, койушуп, Колтуктарын чойушуп, Колдон кармай булкушуп, Тайтайлашып турушуп, Эт бышымча эңишип, Бозуул калды жеңилип. Кайран Шууту карбаңдап, Жан айабай барбаңдап, Чынардай бойу салаңдап, Дөөдөй буту тарбаңдап, Көкчөкөзгө беттешип, Кармашкан убак алчаңдап. Көкчөкөздүн найзасын, Кагып ийип Эр Шууту, Найзасын кыйгай кармады, Кармаган менен ал Шууту, Жаза сайып салганы, Найзасы жок колунда, Көкчөкөз тура албады. Көкчөкөз туруп ошондо, Эр Шуутуну алдады: — Көрүп билип жүрөмүн, Эрликтин жайы мына шу, Найза алып келейин, Же алайын сени деп, Же жеңгиниң мени сен, - Алдаса Шууту алданды, Алданган жайы мына бу, Алтымышын кубалап, Кыргызга барды жанагы. “Бөрк ал десе баш кескен, Суу ордуна кан ичкен, Чубак менен Сыргактын, Бирөө жетип келбейби, Кармап берип Манаска, Мына калмак дебейби, Өчөгүшкөн ал канкор, Боорумду кактап жебейби! Боорумду кактап жебесе, Кескилетип ийбейби. Сайып алсам бул төртөөн, Олжо кылат элем деп, Сайдырып койсом Шуутуга, Олжого түшүп кетем мен, Келер малы болду” — деп, Айлалуу калмак Көкчөкөз, Желип кетти тепеңдеп, Эми Шууту тил угат, Ага жооп берем деп, Ырчы уул, Бозуул, Эр Серек, Жабылып турду жемелеп: — Уруксат сурап найза алып, Урушчуу батыр ал эмес, Сураса болот, баргын, деп, Жууп берчү сен эмес, Ойлоп көрчү, абаке, Ушунуң жакшы иш эмес! Алдап кетти ал сени, Кайта келчүү эр эмес. Урушта мындай сурашыш, Арстан Манас, Коңурбай, Көкжал Чубак, Нескара, Сыргак менен Мурадил, Ушуларга ылайык. Сени менен биздерге, Эрендерге теңелип, Антип жүрүп не керек?! – Ажаандай талап үч баатыр, Үч жактан тийди жемелеп. — Уруксат берип жатканда, Койгун десек биз сени, Абийириңди жаппастан, Ачкан болуп калабыз. Андай иш өтсө биздерден, Чоро болуп Манаска, Не муратка барабыз? – Кылмышкер болуп эр Шууту, Кыңк эте албай калыптыр, Алдап койуп Көкчөкөз, Барган болуп кароолго, Качып жолго салыптыр, Алдатып Шууту кетирип, Төртөө куру калыптыр.

Алтымыш үчтү кубалап, Тигилер Манас барыптыр, Көргөн-уккан кептерин, Жашырбастан салыптыр, Көкчөкөздүн качканын, Дайны менен айтыптыр. Кайран Чубак калдаңдап, Токтоно албай далбаңдап: — Канеке атым Көктеке? Алып бери келгиле, Шууту мага бел эле, Кызматы өткөн эр эле, Көзкамандын Көкчөкөз, Байлап кетет жөн эле, Ал жерде калган төрт баатыр Көкчөкөздөн кем эле, Алдырып ийсек төрт эрди, Ушаланат чалгының, Уйпаланат куйругуң, Чалгыны болбой уча албайт, Куйругу болбой коно албайт! – Мына минтип барбаңдап, Батыр Чубак тура албайт, Көкчөкөз деген кепти угуп, Көкжал Манас оолугуп, Баштамак болду баатырың, Аккуласын токунуп. Анда Сыргак кеп айтат, — Арстан Манас агамсың, Аттанып кайда барарсың? Хандыгың бар, калкың бар, “Канкор Манас” даңкың бар. Каракытай элине, Калка болгон Айжаңжүн, Көкчөкөздөн кеп угуп, Келип калат ал жаңжуң. Төлгөчү кара төлгөсүн, Байатан сурап мен уктум, Үчөөнү сайып алды дейт, Эр Шуутуга калганда, Найзасы сынып калды дейт, Найза алып келем деп, Уруксат сурап Шуутудан, Качып жолго салды дейт, Бечара Шууту ошондо, Бер жактагы үч баатыр Жемесине калды дейт. Чубак барсын, мен барам, Чукул жерден жоо чыкса, Анда кабар бир салам. Көрүп келем мен барып, Жакын менен ыраагын, Аңтарып айкын билейин, Ат ичүүчү булагын, Узап кетсе бул уруш, Чалдырсак тулпар эрте-кеч, Байкастайын тулаңын, - Ушинтип Сыргак айтыптыр, Канкор барбай калыптыр.

Кабылан Чубак, Эр Сыргак, Атка минди ушул чак, Бургутуп катуу жөнөдү, Аркасынан чаң чыгат. Кароолчу турчу жерине, Жетип келди чапкылап, Жетип Сыргак байкаса, Көкчөкөз анда жок турат. — Айланайын Чубаке, Иттерди кудай уруптур. Алдатып ийип калмакка, Аңкайып карап туруптур, Уруксат берсең мен кылар, Иштерим айтам угуп тур. Изин куба салайын, Ат айабай чабайын, Айжаңжүңгө жеткенче, Арамды кармап алайын, Аралап кирсе шаарына, Кошо кирип барайын, Жол кайтарбай талаада, Көрүнөө дүмөк салайын, Колбутуп колун ээрчитип, Алып келе калайын. Далайдан бери аш ичпей, Антип жүрөт арстаным, Беттештирип душманга, Бир кумарын жазайын, Төрт жолдошуң жаныңда, Мен байкушту карагын, Кастап каңгай кездесе, Кутулуп качып келе албай, Бөөдө өлүп калбайын, - Сыргак минип Телкызыл, Ат айабай жол жүрүп, Аз гана эмес мол жүрүп, Көкчөкөзгө жетем, деп, Көзүн чукуп тешем, деп, Эңишке салып тулпарды, Артынан жүрүп алыптыр, Калдайып жаткан талаалар, Чимирилип калыптыр. Телкызылдын туйагы, Урулган ташы быркырап, Асманда октой чыркырап, Ана-мына дегенче, Ачып көздү жумганча, Жетип келди эр Сыргак, Көкчөкөзгө чукулдап. Ат дабырты чыкканда, Арамзада Көкчөкөз, Мойнун буруп карады, Көрүнө түштү көзүнө, Кабылан Сыргак карааны. Кайра тартар айла жок, Качырышаар чама жок, Каралды болор адам жок, Качкандан башка амал жок, Көкчөкөз качты калдаңдап, Кара бойу далбаңдап, Эки буту салбаңдап, Алагар көзү алаңдап, Жан аргасы канетсин, Кубатын жыйып булаңдап, Алдындагы мингенин, Оңдоп-солдоп камчылап, Айабай качып Көкчөкөз, Кайран Сыргак жетерде, Калага кирди алаңдап. Айжаңжүндүн алдында, Ал Көкчөкөз капырдын, Кадыры кыйла бар экен. Жагынып жүрүп, жалпаңдап, Жетишип калган чагы экен. Калмакча сүйлөп калдырап, Кытайча сүйлөп балдырап, — Кокуй, Сыргак жеди! – деп, Кыйкырып барат чалдырап, Чымынчалык дарман жок, Чымчыктай көзү жалдырап, Ачып көздү жумганча, Айта-буйта кылганча, Аскери арбып олбуду, Ченемсиз черүү колбуду, Таман койор жери жок, Каланын ичи жык толду.

Байкаса Сыргак баатырың, Баш-айагы көз жеткис, Айтып, ага сөз жеткис, Алышып калса ал жеткис, Кем-керчи жок тептегиз. Сегиз желек булгалап, Селдей черүү кайкалап, Аттанып кошо чыгыптыр, Алтымыш балбан чалкалап, Ай-ааламдын барысын, Кетүүчүдөй талкалап. Жер сойулуп кылкылдап, Адамдын башы былкылдап. Аламан үстү башкача, Найзанын учу жылтылдап, Ат куйругу чайпалып, Суу сыйактуу чайкалып, Найзаларын көтөрүп, Чокморлорун өңөрүп, Башындагы чылк темир, Кийгендерин чөгөрүп, Эрдин көбү өбөктөп, Аты келет дүбүрттөп, Тургандары аз эмес, Бурулушта өңүттөп. Бургуган чаңда уйулгуп, Туман болуп төгөрөк, “Та талашып” жабылды, Жалгыз эрге асылды, Баатыр Сыргак эр экен, Балбандыгы чын экен, Мүчөлөрү келишкен, Телегейи тең экен, Шайдооттугу ылаачын, Тебе жүргүн тың экен, Ташка урса кетилбес, Албарс мүнөз кыр экен. Кызыл түпөк найзаны, Кыйгай колго кармады, Кылкылдаган душмандан, Кыйылгансып жанбады. Манастап баатыр бакырып, Качырып кирди жапырып, Аткан октой түз кечип, Өтүп кетти бастырып, Бетине келген эмесин, Түбөлүк шорун катырып. Күжүлдөгөн эренин, Көгүчкөндөй ыргытып, Оңго-солго токтобой, Найзасын булгап зыргытып, Топого түшкөн алмадай, Башты барат ыргытып. Каладан чыкты талаага, “Качып берсем кубар, — деп, Каптап келген көпчүлүк, Бир айланы кылар” — деп, Тулку бойу оштонуп, Токтоно калып дыр койуп, Тосо келген немесин, Тоголотуп, жоготуп, Топурак менен тең кылып, Сыргакка алы келбеди, Токтошуп бары дем кылып. Ызы-чуусу бул элдин, Эр Чубакка угулуп, Доолбас үнү карсылдак, Ойон Чубак чын угуп, Айжаңжүн карай жөнөдү, Көктеке менен чу койуп. Жанында бар төрт батыр, Ат койушуп келатыр, Чыга калса элеске, Талаанын башы белеске, Желеги сегиз желпилдеп, Жер жайнаган эл келет, Ошончо элдин ичинде, Байагы Сыргак эр жүрөт. Арстан Чубак баатырың, Акыргандан бакырып, Айкөлдүн атын чакырып, Катуу тийди жапырып, Каптап келген көп черүү, Баары калды шашылып. Аркасында төрт батыр, Арбактанып алыптыр, Аркалар Чубак, Сыргак бар, Дардакташып калыптыр, Каптап келген черүүнү, Бир кайтарып салыптыр. Камдалуу аскер ал экен, Камсыз аскер бар экен, Калктан келген калың кол, Бакандары сороктоп, Баштары келет кодоктоп, Жакын жетти короктоп, Темир кийген балбан бар, Теңдешкенин алган бар, Найза сайар шыктуу бар, Сайышканын жыкчуу бар, Күрзү күүлөр дөөлөр бар. Көмө койуп көнгөн бар, Ошондой топтон тартынбай, Аралап жүрөт көкжалдар. Баатыр Серек, эр Шууту, Чубак менен Сыргактын, Артындагы такоолу – Ырчы уул менен Бозуулу, Эл ичинде шылууну, Булкушуп жатса кыраандар, Булар карап турчубу? Камсыз келген көп колду, Аралап кирди ушуну. Кирген жерде эки эрен, Экөө бирдей эр берен, Темине кирип барышты, Тек ортодон жарышты, Эпсиз бүлүк салышты. Алтымыш миң камдуу аскер, Санаты жок кара аскер, Алты баатыр эки күн, Айанбастан чардашты. Эрлердин бары талыгып, Аттардын бары чаалыгып, Топтон чыгып алты эрен, Төш тайанып жабылып. Кайран Бакай карыйа, Кабар алып келгин, деп, Жиберген эки эренди – Аргындын Каракожосу, Караногой Мажикти. Карбаластап келди эми, Көзү менен булардын, Көп ишин анык көрдү эми, Көкжалга атып айтарга, Көп жумушун билди эми, Көкжал Манас баатырга, Көргөнүн айтып барды эми, Бакай абаң баркылдап, Ак сакалы жаркылдап: — Бачымыраак келгин, — деп, Кыргылчалды чакырат. Агытып койгон чоролор, Аттарын жыйнап чапкылап, Калкылдата туу аштап, Кайран Бакай зор баштап, Булоолонтуп аттарын, Жете келди ушул чак. Айчыгы алтын кызыл туу, Асмандата аштады, Алып келип Кыргыл чал, Ташка сайып таштады, Айжаңжүндүн аскери, Келгенин көрүп бул элдин, Кайра тартып жүрдү эми, Качып бары дүрбөдү, Тобун бузбай дүңгүрөп, Базарына кирди эми. Баш кишиси барыптыр, Айжаңжүн деген чоңуна, Кебин айта салыптыр. Угуп байан Айжаңжүн: — Көкчөкөздү чакыргын! Мен айтамын, Көкчөкөз, Сен айткансың канча сөз? Айжаңжүн атым болгону, Алтын такка конгону, Айлыма бирөө тебелеп, Алышкан адам болбоду, Келген киши ким? – деди, Аңгычакты жанагы, Кабарга кеткен Лойасы, Айтып кебин баштады: — Келгендин баарын мен билдим, Билбей сизге келбедим, Эки күндүн алдында, Базар ойноп жүргөмүн, Хан кылып кийген күрмөсүн, Желбегей чечип түймөсүн, Көкчөкөз келди бакырып, Бакырыгы таш жарып, Өрөпкүп көпкөн өпкөсү, Айталбай кебин апкаарып, Жарлык сизден экен, деп, Мен калгамын калтаарып. Сегиз желек туу менен, Алтымыш миң кол менен, Кеңдемеден аттанып, Кызыл атчан жаш жигит, Чыккан жерде капташып, Кабаттап сайды канчаны, Суудай кетти кан агып. Түрү башка көрүндү, Көргөн айран калышты, Көчөдөгү өлүмдү, Бир кишиден биздин эл, Нечен топко бөлүндү, Качырышкан баатырдан, Канчанын колу сөгүлдү, Кызыл атчан, жалгыз жан, Ажыдаардай көрүндү. Өлүмдөн коркпос өзү экен, Өрттөй кызыл көзү экен, Өчөшкөнүн куткарбай, Өөрчүп турган кези экен, Ылаачындай шамдагай, Кайраты өтө тез экен, Найза жаза сайбаган, Адис болгон эме экен, Аны менен беттешсе, Ар кандай адам кем экен. Чакырып тийген урааны, Манас деген кеп экен… Манастын атын укканда, Лойа оозунан чыкканда, Ойу бузук Айжаңжүн, Олураңдап, олоңдоп, Опурулуп короңдоп: — Манас деген эмине, Жалганбы, чынбы ушул кеп?! – Ордунан тура калганы, Колдун учу титиреп. Лойа сөзүн баштады, Кемтигин толук айтканы: — Тор салганбыс чогулуп, Тоготпой койду жулунуп, Бир башы антип жүргөндө, Бешөө келди чубуруп, Бирөөнүн түрү эң башка, Өлүмдөн башка көрүнбөйт, Кез келип калса адамга, Узун бойлуу эр экен, Өзү балбан эме экен, Ач кыйкырык, куу сүрөөн, Айбаты артык шер экен. Аралап тийди акырып, Манастап уран чакырып, Чыдай албай биздин эл, Качканы калды шашылып, Калктан камсыз кол алдым, Кат жазып киши чаптырып, Айдатып келдим заматта, Отуз миң адам таптырып. Алтоо эки бөлүндү, Көрсөттү бизге өлүмдү, Кылычын шилтеп ойнотуп, Кыскартты далай өмүрдү, Биздин элден кызыл кан, Агып суудай төгүлдү! Көптүн иши көп экен, Жадаганда алты эр, Тоо тайанып бөлүндү, Ойума алдым ошондо, Топтоп байлап келүүнү, Тегеректеп кармоого, Бөлүп жатсам черүүнү, Айчыгы алтын кызыл туу, Асмандата аштаган, Кошун келди биз жакка, Аксакал киши баштаган. Дүрбү салып карасам, Беш жүздөй бар карааны, Алдында бар балбаны, Келип калды өңкөй эр, Көрүп туруп аларды, Биздин эл тура албады. Бир-бирине карабай, Баш-аламан качканы, Ушул үчүн мен келдим, Бул кабарды айтканы, - Олойуп тиктеп Айжаңжүн, — Ой, Көкчөкөз кандай сөз, Качып келген экенсиң, Ал Манастан найза жеп. Кечээ Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйындын кашында, Мен көргөмүн Манасты, Ошончо элге баш бербей, Кыргыздын атын талашты, Мылтыкка андес кул экен, Өзү Манас жамбы атты. Мага келип катышар, Пейлимде эки эр эле, Андан бөлөк маа келип, Беттешер бенде жок эле, Калмак, кытай бир эле, Качып кеткен кытайдан, Соорандыктын Алманбет, Мага ошол бир келет, Жалгыз атчан дегенде, Тургамын ошол белем деп. Жана бирөө бул эле – Манас келер белем деп, Катышпаса кишиге, Келбейт эле тегеле, Катышпаган кишиге, Катышпаймын деди эле, Айтылып жүргөн кеп эле. Аттарын алып кубалап, Алдырып ийип келдим, деп, Көкчөкөз айттың сен эле. Көкчөкөз сени кубалап, Келген экен бул жерге, Сураса кармап берейин, Кан төгүшпөй бекерге! Алооке бардың аркалап, Манасты кармап берем, деп, Алоокени дагы алдап, Аттарын айдап Манастын, Алдырып ийип келдим, деп, Мага келдиң Көкчөкөз, Башыңды катып мааналап, Өкүмүң элге өтөбү, Айтпай аскер чыгарып, Угузбай мага жоо алмак? – Көкчөкөз анда кеп айтат: — Кастарлуу Жаңжүн улугум, Менин да кебим уккунуң, Эки күндүн алдында, Кароолчуга жумшадың, Сизден алып буйрукту, Токтоо калбай чыккамын. Кароолго барсам кабарсыз, Кыргыздар жөнөп жатыптыр, Кароолуңду чаап алып. Тузуңду ичип жүргөмүн, Актайын деп тузуңду, Жан айабай тийгемин, Өзүңүздүн урматы, Өлөрүмдү билбедим. Беттешкен жерде экөөнү, Көмө сайып ийгемин. Капташты Сыргак бир кезде, Качып жолго киргемин. Кубалап Сыргак баш тартпай, Шаарга кошо киргенин, Ордого барып кирет, деп, Ордого кыргыз кирди, деп, Калгандар укса уйат деп, Аскерге буйрук бергемин, Аттан түшүп ашыгып, Үстүңүзгө киргемин. Уктап жатып калыпсыз, Таттуу уйкудан ойготсом, Мага болор намыс деп, Урматың бар биздерге, Уйку үстүнөн ойготмок, Кыйын жумуш биздерге, Кадырың артык хан үчүн, Карбаластап айталбай, Каарыңызга мынчалык, Кармалып калдым жан үчүн, - Айжаңжун угуп бар кепти, Ачуусу жанып бир кетти. Муну мындай таштайлы, Айжаңжүндү Манастын, Жеңгенинен баштайлы.