← Манас 1/3

Манастын Каныкейге үйлөнүшү

Жаталбай үйдө эр Манас, Абдылданы баргын деп, Бай Жакыпка жумшады, Айкөлдүн күчөп бушманы: “Кечээ баса элек тоону ашканда, Маңгытка бара жатканда, Букар калаа четинен, Чоң ак чийдин ичинен, Ала көлдүн жээгинен, Көрдүм эле бир кызды, Атама барып айтып кел, Кимдин кызы экенин, Билип берсин жан атам, Тектүү болсо атасы, Ошол кызды мен алам. Токто кылбай Абдылда, Жооп каты мындайча: — Кыздын жайын укканмын Карахандын кызы дейт, Жез оймоктун узу дейт, Карахан улуу барынан, Даңкы журтка тараган, Өз атасы Темирхан, Темирхандын аты жок, Бирок экөө бир тууган, Карахандын кызы деп, Кадырлуу келин ушул деп, Бай атама барайын, Бар кебимди салайын, Барууга мени буйурса, Кайрылып келе албаймын, Урматтуу үчүн токтосуз, Ушундан ары барайын,- Базармандуу тал түштө, Бай Жакыптын үйүнө, Салтанаттуу Абдылда, Салам айтып кирди эле, Суусун ичип болгондо, Келгенин айтып ийди эле: — Олуйадай хан ата, Мени Манас жиберди, Букардан бир кыз көрдүм, — дейт, Деги кандай кыз экен, Аны атам билсин, дейт, Болор жерин айтканда, Ошол кыздын атасы, Падышабы, башкабы, Байбы, кедей ачкабы, Мага алып берсин дейт. Накылай алдым калчадан, Карабөрк алдым калмактан, Кастарлап келин албады, Кудалык жайын билгин, дейт, Колунда жетик бар болсо, Уул атасы Жакып деп, Кулпунтуп кийит кийсин, дейт, Уулуңдун кеби ушул экен, Өзүңдөн жооп кайсы экен, Башын чайкап бай Жакып, Мойнун буруп кекендеп, Бакдөөлөттү жумшады, Келе кымыз куйгун деп, Абдылдага бай Жакып, Казы кертип жал берип, Кашташ менен чай берип, Капакка салган бал берип, Алдырабай олтуруп, Аракты кошо жай берип: — Кана, балам Абдылда, Алыска барып кайтычу, Сенден башка кимим бар? Кичи пейил жан элең, Эрдик кылып өзүң бар, - “Барбасам көөнү калат — деп, Тил албасам уйат” – деп, Бай Жакып жумшап Букарга, Бармак болду Абдылда. Белсаздан атын аттанып, Букарды карай жол тартып, Алдына минген Карткүрөң, Барар жакка оң тартып, Жолдошу жок жанында, Түшүп өтпөй айылга, Кийиктер качса чыйкылдап, Чамасы жетпей карашка, Анда-мында теминип, Кетип барат Абдылда. Жумуру баш адамда, Ал өңдөнүп ким жүргөн? Караңгы токой жер менен, Каптал кара коо менен, Капчыгайлуу зоо менен, Карайган бийик тоо менен, Казылган кара жол менен, Каңшыган кумдуу чөл менен, Чалкалап жаткан төр менен, Чалкып жаткан көл менен, Бугусу калың жер менен, Бурулуп аккан сел менен, Буркулдатып Абдылда, Буудандан аккан тер менен, Салкында – зыркар жер менен, Аралап кетип баратат, Сай-талада эл менен, Карахандын айылына, Жетип барды Абдылда, Кечки салкын бешимде, Олтурган экен Карахан, Кош кашаттын бетинде, Чогулуп кыйла эл менен, Жайнамаздын үстүндө, Айылдын аркы четинде, Жорголото бастырып, Абдылда баатыр жетти эле. Элге жакын барганда, Билбесе да Абдылда, Бирге жүргөн эмедей, Көрбөсө да Абдылда, Көрүп жүргөн эмедей, Буруусу жок тааныды, Каныкейди ченебей. Кекетей атын каңтарып, Эңкейте тушап колуна, Салам айтып, заңк этип, Абдылда барды чогууга, Алик алып Карахан, Жат кишинин бири, деп, Желдеттерге тапшырды: — Алып барып жигитти, Көтөргөн үйгө киргиз, — деп, Он эки желдет жүгүрүп, Абдылданы күтүшүп, Бата–дуба кылышып, Тай семизин жыгышып, Суусунун үзбөй алдынан, Жакшылап мейман кылышып, Алек-далек жүгүрүп, Тикесинен турушуп, Али толук билген жок, Ким экенин угушуп. Муну койо туралы, Карахан кызы Каныкей, Ошондон кепти угалы. Абдылда келер бешимде, Олтурат эле Каныкей, Жибек чатыр ичинде, Ат дабырты угулду, Кулагына бир кезде. Угулган аттын дүбүртү, Карапайым жылкы эмес. “Кең Букардын ичинде, Атамдын аты Бозжорго, Жалгыз тулпар бар эле, Кармар кези боло элек, Кайдан чыккан дүбүрт?” – деп, Тура калды ордунан, Кандайлыгын билим, деп, Эки жагын каранып, Эшикке барды элеңдеп, Эшикке жакын барганда, Токтоло калды чебердеп. “Жайдары тууган жаш Манас, Алакөлдүн бойунда, Келип кетти эле – деп, Жиберсе ушул жиберет, Андан башка ким билет? Кыз он бешке чыкканда, Эстегени эр болот, Кеп айтканы кер болот, Байыртан калган бул бир кеп, Элдер айып кылбасын, Эр сагынып Каныкей, Эшикте чуркап жүрөт, деп, Эстүүлөр көрсө мейли эле, Эси жок көрсө уйат” – деп, Эшикке чыкпай шыкаалап, Келген эрди караса, Кызыл күрөң ат минген, Кыл куйругун шарт түйгөн, Кызыл чийкил жаш бала, Кылчайбай өттү айылга, Кашаттагы Карахан, Алдына барып калганын, Нөөкөрлөрүн ээрчитип, Көтөргөн үйгө барганын, Каныкей көрүп бардыгын, Эмне болор экен деп, Билгизбей эшик шыкаалап, Байкап турат акмалап, Жол жүрүп келген Абдылда, Эки күн өрүүн алганда, Уктап жаткан бир маалда, Букардын эли молдо экен, Азан айтты чуулдап, Коңгуроодой ар жерден, Коңур үндөр угулат, Абдылда чочуп ойгонуп, Ок жыландай толгонуп, Колу-жүзүн жуунуп, Белин бекем буунуп, Найзасын жалан тайанып, Карахандын үстүнө, Таң саар кирди шайланып. Кирпиктүү көзүн ирмебей, Карап турат Каныкей, Абдылда үйгө киргенде, Акырын басып иймене, Чатырдан чыгып буластап, Мончокторун бек кармап, Тушка келип турган кез, Кулак төшөп сөз тыңшап. Тезбесин тартып бүтүрүп, Бала баатыр Абдылда, Салам айтып киргенде, Олтурган экен Карахан, Жайнамаздын үстүндө. Алик алып Карахан, Абдылданы карады, Дасторконун жазышты, Нашта даамын татышты, Ошол кезде Карахан, Абдылдага айтышы: — Жолуң болсун, карайым, Өзүң чоочун адамсың, Кайсы жакка барасың? Кайдан келе жатасың? Ат жаратып минипсиң, Тон жаратып кийипсиң, Ат-тонуңдан байкасам, Алыскы жерден келипсиң, - Карахан сурап токтоду, Кой оозунан чөп албас, Коңур чечен Абдылда, Сөздү минтип козгоду: — Куу ылаачын менде бар, ханым, Куу баласы сенде бар, ханым. Сен куу баласын учурсаң, ханым, Мен куу ылачын шилтермин, ханым, Кара ылаачын менде бар ханым, Каз баласы сенде бар ханым, Сен каз баласын учурсаң ханым, Мен кара ылаачын шилтеймин, ханым, Мисалдуу айткан сөздөрдүн, Маанисин билди Карахан, Атактуу айкөл Манастын, Аларын билди Карахан. Бербеймин деп айтууга, Батынып оозу барбады, Улам сылап мурутун, Тил чыгарып жалмады. Качырсам деп калыңдан, Карахандын оозунан, Мамындай чыкты калың мал: — Каз баласын колумдан, Алар болсо Жакып бай, Жай жайлаган жайлоомо, Үч толтура мал берсин; Кыш кыштаган кыштоомо, Үч толтура мал берсин, Сан сарала ат берсин, Сан миң кара кой берсин; Айры өркөч кошпосун, Жону туйук нар болсун, Санаты толук миң болсун, Комуна асыл комдосун, Бирден жагдан арттырсын, Жибек аркан тартырсын, Жагданы куру болбосун, Ичинде аруу шай болсун, Мала кашка инектен, Саарыма уй болсун, Бир, эки деп санатын, Окшош баары жүз болсун, Эшигимдин алдына, Эки чынар ордосун; Бири күкүк, бири булбул, Эки кушту сайратсын, Бирөө сүттөн, бирөө май, Чалкыган эки көл болсун; Ушунун бары жам болсун, Анан болот көөнүм жай, Кем–керчи жок толтуруп, Кыз алар болсо биз жактан, Камынып келсин Жакып бай, - Алыстан барган Абдылда, Ээрчитип жүргөн кулу жок, Артынып жүргөн пулу жок, Атан төөнү баш кылып, Айдап барган малы жок, Абдылда өткүр эАрстан келип кеткени, Ойлонгон далай кептерди, Ойсуз акыл ойлонгон, Бир кол жоолук тордогон, Кылымдан өнөр арттырып, Асман, жердин арасы, Ай-күнүн кошуп карачы, Учарлыктан, тынарлык, Аккан дайра, чыккан чөп, Калтырып бирөөн койбогон, Кырк жылы сууга салбаса, Кир жукпас кылып болжогон.