← Кененим 1/4

Чиктейдин жер каптырылышы

Муңгулдардын Чиктей хан, Бастырып барбай жанына, Убалына карабай, Агып жаткан канына; Аралашып мен кирсем, Манжу Дөрөт канын кууп, Бөлүнүп менден чыкканда, Турган эле эл угуп. Кененимди алганда, Талпагын ташка жайганда, Кыргыздын малын олжо алып, Топтоп айдап барганда, Ошондо анан көрүнөм, Анжу, шибе айбанга. Солондун элин кул кылып, Таратпасам ар кайда, Анжу, шибе, солонду, Үй башына бөлбөсөм, Каранды кылып муңгулга» Деп Чиктей хан ойунда, Беш урук турган жерлерге, Өзү ээлик кылууга, Кененимден кантем деп, Дегеле келбейт кыйалга, Кененимдин пейли жок, Ээн талаага турууга, Эби келген кез экен, Эр Чиктейге Кененим, Угунтуп кепти кыларга, Келеби деп Чиктей хан, Карап турду кыйлага. — Муңгулдардын хан Чиктей, Арыбың көп ченебей, Ээрчип келип үчөө өлдү, Арамдыкты элебей, Кырылып жатса канча жан, Оорунбайсың кенедей. Арамдык кылып элиңе, Адал нээт сенде жок, Узап кетер жериң жок, Карап көрсөм пейлиңе. Кененимден кеп угуп, Сырдашып бирге жүргөндөй, Жалганы жок чынды угуп, Адырайган чоң калмак, Токтоно албай удургуп, Кармап жутуп ийчүдөй, Топтон чыкты жулунуп. Туулгасы тултуйуп, Туурасы жоон култуйуп, Сакалы жок мултуйуп, Саадагын асып мойнуна, Жебесин кармап колуна, Ууга учун сугарган, Ишенич бар уугуна, Жебени кездеп жаа тартып, Кененимди сойууга, Жайылып уусу кетер деп, Ок кадалса соотуна, Бир окту алып тиштеди, Бир окту жаага кездеди, Кененимге Чиктей хан, Айтып турган кептери: — Баш аламан урушту, Баштабайлы биз, — деди, Кезегимди бер, — деди, Менден кезек ал, — деди, Жебең барбы сеники, Көрсөткөнүң сен, — деди. Кененим бекер жан эмес, Жебеси жок ал эмес Ала жүргөн белекке, Гүлүстөн берген жебе бар, Үч карыштан чоң эмес. Белеке алган жебени, Көрөм деп эми керегин, Колум сага кол салып, Бүктөп салган жебени, Кененим турду колго алып, Байкап турат Чиктей хан, Ал жебеге көз салып. Уккан болчу жети хан, Көкөтөйдүн ашында, Жамбы атканы барганды, Жойкаранын жебесин, Алмамбет олжо алганын, Уруусу муңгул Шыпшайдар, Жебеден куру калганын, Ал жебени көргөндө, Чиктей калды туралбай, Кайрат кылып тайраңдап, Жебени кездеп тартаңдап: «Чечекейдин чети, — деп, Ак чел менен кара чел, Аралашкан чеги, — деп, Алыс кетсе аткан ок, Туулгага тийер, — деп, Туулгасы жарылса, Кененим жаны ас калар, Балта менен чабышса, Куралдары кетилсе, Кошууну жок артында, Жаңылап курал беришке» Көңүлүнө жат кылып, Башынан калса туулга деп, Чиктей өзү шарт кылып, Тарткан жебе зыр деди, Өтө адис эр Кенен, Ат жалына жыгылып, Өткөрүп окту жиберди. «Жебени салса керичке, Ажалым жетет менин, — деп, Шыпшайдардын жебеге, Кененим окту кездесе» Деген ойду ал Чиктей, Балтасын алып бакырып, Каңкайлап ураан чакырып, Таамай чапсаң Кененди, Кетем деп жерге жапшырып, Кененим жебе кездээрге, Жакын жетти шаштырып. Баатыр тууган кара көк: — Катын баасы сен калмак, Жебеге туруп мен бердим, Жолуң эле сеники, Кезегин берип сен турмак! Колуна алды найзаны, Чиктей жетти чапкалы, Балтаны башка жеткирбей, Найза менен какканы. Чиктей алды найзаны, Кененим жетти сайгалы, Кененимге сайдырбай, Чиктей кагып таштады. Найзаларын кагышып, Бар өнөрүн салышып, Кылычты кындан суурушуп, Кыйа шилтеп урушуп, Кылычка кылып туруштук, Балталашып урушуп, Баатырдык менен турушуп, Чойун баш менен койушуп, Алакан тери сойулуп, Найзалашып сайышып, Намыстанып кайышып, Так эки күн урушуп, Опсуз жаман бул уруш, Ойду-кайгы чабышып, Оң-тескери салышып, Бири каңкай, бир кыргыз, Кең Иледе табышып, Билектешкен тартышта, Ажырата тарталбай, Аттары турат тайышып, Багалчеги малынып, Басалбай тулпар майышып. Арамкор калмак ал Чиктей, Акыл ойлоп алганы, Арбытам деп калбаны. Аскерди салып урушка, Өзү качып шарт койуп, Салбарды тоого баргалы, Салбардыга барганда, Калмакка жакын калганы, Алтайдан алып азыкты, Тартырып элге жазыкты, Каңкайдан алып аскерди, Сайышты чындап салгалы: «Өз акылым акыл, — деп, Эптеп-септеп кыргызды, Четтетейин карактан, Сайдырып салсам окустан, Саат чырмап кокустан, Салбарды ашып калмактар, Коктукат кетсе жол жакын. Ушул жерде сайдырсам, Дым чыгарбай бул элди, Казак талап албайбы, Олжого кыргыз тынбайбы, Азап салдым алты жол, Какан менен Чынмачын, Укса шылдың кылбайбы, Баш көтөртпөй муңгулду, Кытайдын эли эң жакын, Көз каранды кылбайбы» Урушуп жүрүп акыл деп, Табылды кеңеш макул деп, Ойлонуп алып Чиктей кул, Кезектешип жүргөнсүп, Четтей түшүп күүлөнүп, Камчысын булгап жиберди, Хандан жарылык жетти, деп, Нөшкөй калмак он беш миң, Ат койуп калмак кетти дейт. Эл аралап ал Чиктей, Кара жанын калкалап, Качып кирди ал Чиктей, Калмактарды аралап, Коркпогондо неткени, Качып кирсе мааналап. Тегеректеп калмактар, Теминип кирди сабалап, Короодон чыккан дөбөттөй, Коржоңдошуп камалап. Кенебеген Кененим, Көп экен деп шашпаган, Мындай канча кошуунду, Сапырып көнгөн баштатан. Сайаар найза карманып, Баатыр Кенен барбайып, Кеңкула менен дардайып, Каптап келген калдмакты, Качырып кирди аралап, Сабын бузбай калмакты, Сайып барат сабалап, Каны суудай акканда, Кашты калмак талаалап. Он беш миң калмак кошууну, Көбү кетти кырылып, Өлбөй тирүү калганы, Коктукат көздөй сыйлыгып, Алтайдын тоосун бойлоду, Каңкайды калмак ойлоду. Кетип барат Кененим, Чиктейдин түшүп артынан, Чиктеген жери Чиктейдин, Салбардынын этеги. Самаган жерге чоң Чиктей, Сапырылып жетти эми. «Сайа кууп Кененим, Салбардыга келбейт, — деп, Салпылдап келсе өчөшүп, Саламат кайра кетпейт» деп, Санап туруп сегиз күн, Салбардыда жатканы, Санаасы тынып Чиктейдин, Аттанып чыккан күнү эле, Алтайдагы Казакты, Түп көтөрө чапкалы, Бейкут жаткан казакка, Бөөдө кайгы тапкалы. Казактан алган мал-пулду, Кызы менен боз улан- Колго түшкөн гүң, кулду, Кытайга берип өткөрүп, Андан аскер алгалы, Айдап алып Кытайды, Таласка кайра баргалы, Айабай колдон келгенин, Кыргызга бүлүк салгалы, Азыраак калган калмагын, Айдап алып чоң Чиктей, Бастырып жөнөй берерде, Кененим келип калганы. Келген жерде Кененим: — Кеңгиреген калмагым, Качтыбы баштан арбагын? Качып кайда барасың, Кара жерди майлайын! Качпыгының келгин, — деп, Кагышып көнгөн экөөбүз, Кененим жете келдим, — деп, Жалгысың деп ойлойсуң, Кажыбаган эрмин, — деп. Караанын көрүп Кенендин, Кебин угуп берендин, Хан Чиктей чыкты дердеңдеп. Желке чачы сепейип, Көк наакы бутта тепейип, Камчылап атын дардаңдап, Тайган кууган текедей, Таноолору барбаңдап, Өзүнүн бойун жыйнабай, Этектери далбаңдап, Кара темир калканы, Аркасында калдаңдап, Качырып кирди чоң калмак. Кененим чыкты жол тосо, Оң айланып сол болуп, Сол айланып оңболуп, Омбул-домбул секиртип, Ойрон болгон чоң Чиктей, Олоңдорун бекитип, Белин тартып мекитип, Олбуй-солбуй камчы уруп, Согончоктап теминип, Иледеги урушта, Башында калган жеңилип, Жанын айаар жери жок, Сайыштан качып ээринип. Найзаны чыңдап карманып, Кап сени деп арданып, Жан алчуудай каарданып, Жылан менен чайандай, Эт-бетинен заарданып, Алда канча түрдөнүп, Кирген буура сүрдөнүп, Гүүлөп найза ыргады, Гүүсү кулак тундуруп, Күркүрөгөн чоң калмак, Ызгаары шамал зыркырап, Тушуна келген урчуктоо, Токтобой кулап быркырап, Топ-топ учкан канаттуу, Бирден учуп дыркырап, Адырда жүргөн айбандар, Үн алышып чуркурап, Жер ойулуп кетет деп, Тешикке кирген айбанат, Баары ыйлап буркурап, Агын суулар аркырап, Токтоо суулар шыркырап, Аңкуш-аңкуш дей албай, Суурлар калды кыркырап.