Семетей баштаган берендердин кайып болушу, Каңгайдын ханы Чиктейдин кол салышы
Жатканга жалган койобу, Ар шумдуктун болгону, Алымсарык жаш арстан, Калибек чапкан жарааттан, Жаздыктан өөдө болбоду. Кош аттап киши чаптырды, Момунжанды таптырды. Жараны көрүп момунжан: — Буга даба табылбайт, Кишинин этин чиритип, Жасаган ууга сугарган, Кылыч менен чабылган. Төрт жүз кырк төрт мүчөгө, Үч жүз алтымыш алты тамырга, Ала койбой таралган, Жүлүндү кеткен аралап, Бүткүл тамыр чириген, Тарамыштар куураган. Момунжан табып мындай деп, Табалбады амалдан. Төрт беш күндүн ичинде, Көз жумду сарык жалгандан, Жыйырма бир жашында, Бу дагы кетти ааламдан. Арстандын уулу Семетей, Күндөн-күнгө арыктап, Беттеринин териси, Балбырап кетти салаңдап. Буга даба барбы? Деп, Момунжандан сурашат. — Дабасы бар мунуку, Табылмак кыйын бир иши, Кырк беш күндө айыгат Керектүү кайдан табылат? Түнүнкүсүн эки кыз, Боору менен сыртына, Беттештирип таңылат, Токсон кыз кайдан табылат? Күндүзкүсү баатырды, Жолборстун тулум териге, Куландын сүтүн толтуруп, Ошол сүткө салынат. Ар күндүгү сорпого, Кызыл койдун этин жейт, Айунун өтүн куйдуруп, Бал чайкаган кымыздан, Суусунуна берилет, Ушунун баары бүт болсо, Семетей анан берилейт. Шайтан көлдө жатканда, Бакай зорду каркыттап, Олпогун жапкан абам деп, Олпок зейди өткөрбөй, Бакай турат саламат, Эт көйнөктөн неме өтпөй, Гүлчоро турат саламат. Момунжандан кеп угуп, Унчукпай кыргыз буулуп, Адам уулу укпаган, Өтө шумдук кеп угуп, Тура калды кыз балбан: — Жаным тирүү турганда, Керек болсо атама, Күндө жолборс мен табам. Күлүмсүрөй Гүлүстөн: — Куландын сүтүн мен табам. Тура калды Кененим: — Кеңкуланы айабай, Күндө жолго мен чабам, Куландын сүтү, жолборсту, Алып келип мен турам. Кой кыргыздын колунда, Айунун өтү кыргызда, Мурунтан бери көп экен, Жаңысы менен көөнөсү, Айрылбаган неме экен. Куйалы балбан, Гүлүстөн, Жолборс менен куланга, Кудай ишин оң кылган, Манастан бери буларга. Капташып калды Гүлүстөн, Куландын туут маалында. Тобун бузбай Гүлүстөн, Сур койон менен имерип, Камап туруп бир жакка, Тостуруп койоп суратка, Өзү түшүп сааганда, Чаначка сүттү толтуруп, Чыккыс кылып оозун бууп, Тирүүлөй ысык болсун деп, Кыз балбан берген жолборсту, Кененим келет өңөрүп. Сүттү артына бөктөрүп, Эрдик менен Кененим, Кырк беш күнү уктабай, Кызмат кылды көгөрүп. Айчүрөк кетти алыска, Капкайда жаткан Арапка, Көбүнчөсү Багдадга, Уул-кызды сатуучу, Базары бар аларда. Экиден кыз алтынга, Сатып алат Айчүрөк, Перилерге көтөртүп, Алып келет кечикпейт. Кырк төрт күнү таңганда, Сексен-сегиз кыз өлдү, Кырк беш күн болот дегенде, Таңган кыздар өлбөдү, Ошол бойдон эки кыз, Өлбөй өмүр күн көрдү. Күндүзү салган сүт кара, Тери жыдып аксазан, Күнү кырк беш болгондо, Семетей турду ордунан. Бир далай күн өткөндө, Арбын сойду армалдан, Сүт бото Тайлак баштаган. Кыргыздын элин чакыртты, Ат жетер жерде калбастан. Кеңколго жайкап эл толду, Казактан барды канчасы, Өзүбектен Сынчыбек, Тажиктен барды Акылбек, Бадакшан, Балык, Букардан, Самаркан, Ташкен, Кокондон, Бүт келишти ошондон. Коросон менен Шаңкайдан, Ламдын бели, Кыйба эли, Үркөнүчтөн барды Ахун хан, Хотен, Жеркен, Кашкардан, Лопнур, Баркөл, Турпандан, Калбай кыргыз бүт барган. Арал менен Азыктан, Сайкалдын эли калбаган, Атабашы, Нарын, Жумгалдан, Кетментөбө, Наманген, Ош кошулуп чубаган. Ысыккөлдө бүт кыргыз, Көтмалды, Токмок, Кеминден, Калбай кыргыз бүт келген. Эрикпей эки кондуруп, Эт менен майга тойдуруп, Тайбуурулду токутуп, Хан Бакайды кошо алып, Гүлчорону котчу алып, Каникейди дагы алып, Айчүрөктү бирге алып, Алда эмне кылат, деп, Кыргыздар турду таңданып. Ат минип бешөө бөлүнүп, Эл четине көрүнүп, Эр Семетей төрөнүн, Оозунан гөхар төгүлүп: — Атпай алаш көп урук, Ак калппак кыргыз элин ук, Өзбек, тажик кошулуп, Жакшы-жаман күндөрдө, Башынан келдик бир туруп. Жыл эсеби толуптур, Ушул турган бешөөбүз, Элим, сенден бөлүнүп, Кетээр мезгил болуптур. Баарың болгун ынтымак, Ынтымактуу болсоңор, Куусаңда кетпейт ырыс-бак. Четтен келген жоо болсо, Малга келген доо болсо, Сейтек алат асырап. Уруксат алдык арбактан, Көптөн бери жооп сурап. Кайыр эмесе калгыла, Улуу-кичүү, кары-жаш, Эркек-айал аралаш, Болгула баарың саламат! Бөлдүрүп элди четинен, Болбогула жаман ат. Анжу менен манжудан, Шибе, солон, муңгулдан, Болуп турат ар убак, Жамандык күндү туудурган. Деп ошентип Семетей, Абасы менен энесин, Алганы менен инисин, Ачык-айкын ээрчитип, Жүрүп кетти кыргыздан. Ошол жерге баргандан, Ыйлабай киши калбаган, Өлгөндү өлүм айырган, Болбогон иш бул өңдүү, Тирүү минтип айрылган. Карап турса тикийип, Күнбөзүнөн Манастын, Айланганы көрүнгөн, Андан кийин көргөн жок, Атайлап барып карашып, Аттын изин тапкан жок. Кыргыздар калды чуркурап: «Арстандан тирүү айрылдык, Атаңдын көрү дүйнө шок!» Айлар аттап жыл өттү, Күн айланып түн өттү, Тирүү жандын баарысын, Өлүм жалмап түгөттү. Ич өтмө оору жабылып, Кең Таласка жайылып, Кары өлдү, жаш өлдү, Катын өлдү, эр өлдү, Уул өлдү, кыз өлдү, Кыйын жумуш иш болду, Кыргызга мүшкүл туш болду. Эр Сейтек дагы өлдү, Тирүүлөр келип көмүштү, Уйпалаган жалгандын, Шумдугуна көнүштү. Атасы өлүп бала жаш, Бул жалгандын боору таш, Эне-атасы тең өлүп, Жетим калган бала көп, Баласы өлүп буркурап, Ата-эненин көзү жаш, Кең Таластан басылбай, Чыгып жатты чуркурак. Семетей кайып кеткенин, Сейтек өлүп бүткөнүн, Каңгайдын эли угуптур, Кеңеш кылып туруптур: «Манастан бери карата, Талкалап бизди курутту, Таптакыр чаап алалы, Тазалайлы бурутту. Кайра таап конолу, Самаркандан бержакка, Тартып алып конушту.» Дүбүрөшүп беш урук, Эстүүлөрү чогулду - Чиктей муңгул баатырды, Шибелердин Сотолу, Манжулардын Дөөрөтү, Анжулардын Тетеги, Беш уруктан бул төртөө, Белгилүү чыккан тентеги. Кытайга сурак бербеген, Кырчылдашып Чынмачын, Дегеле алы келбеген; Баашалуу журт Бакбурчун, Басташып келген нечен жол, Айдап келген дүрбүтүп, Азар түмөн канча кол; Анын да алы келбеген, Түндүк жагын Кытайдын, Түп көтөрө ээлеген, Белдүү чыккан бул төртөө, Беттешип бирөө жеңбеген; Анткен менен бул төртөө, Кененимдин кабарын, Укпаган да, билбеген. Бурутту алып келсек, деп, Үйлөрүндө күпүлдөп, Бол жүргүн, деп дүпүлдөп, Бирин-бири жөөлөштү, Колдорун айдап жөнөштү, Ат куйругу бүлкүлдөп. Жер чаңдатып жол тартып, Алтымыш миң кол тартып, Чолк куйрук нарларга, Ок-дарысын мол артып, Келет булар чубашып. Алтай ашуу бир белге, Алды келди бул жерге, Казактан канча камбылдар, Тосо барды ал жерге, Оозун ачып оп тартып, Соруп койду бир демде. Буруу жерде казактан, Кутулган бар азаптан. «Бизге кооңшу болгула, Ажырап чык алаштан, Өч алабыз биз барып, Манастын эле Таластан» Деп күркүрөп коркутуп, Казактарды кошо айдап, Илени бойлоп келиптир, Иледеги эл билип, Калбай баары биригип, Кабар берди кыргызга, Караандашып турушка. Казака жакын олтурган, Кыргыз укту кабарды, Кемин менен жөнөттү, Кененимге чабарды. Чабарчы кабар салыптыр, Чакчалекей-будуңчаң, Кыргыз дүрбөп калыптыр. Өлүм каптап бир жактан, Кененим жалгыз аттанды, Таластагы кыргыздан, Алдындагы кеңкула ат, Арбытып жолду бараткан. Илебиндин кырында, Жоонун алдын тосоттоп, Кененим жетти чынында.