— Дөрөт кирет беттешип, Кезенип ээрдин тиштенип, Байкап тургун камынып, Тор таштагын Кененге, Туш -тушунан жабылып. Ылат-мынат колдосо, Торго калар чалынып. Киреринде Кененим, Элүүчөлүк казакка: — Эми тийсин керегиң, Эси жок калган бош атты, Айдап ала бергиниң. Пейли башка калмактын, Катын баасы акмактын, Тор таштаса жабылып, Мага барба жакындап, Балаага калба камынып, Торго калсам чалынып, Кененим колго түштү, деп, Кете бербе жайылып. Туу түбүнөн айрылсаң, Кармап алат калмактар, Качпагыла, акмактар, Уруштун нечен түрү бар, Кештенин шакмат ташындай. Деп айтып койуп Кененим, Аралады калмакты, Кызый кирип калмакка, Кызыл кыргын салмакчы. Каңкордун уулу кара көк, Кененим жалгыз, калмак көп, Аралап кирген жеринде, Кандан кыйан сел акты. Эңкейиште эр сайып, Элүүнү беттей бир сайып, Жүздөн сайып жүдөтүп, Миңден сайып бөлүнтүп, Күнү-түнү сайганда, Койучудай түгөтүп, Көрүп туруп Дөрөтү, Кирди ошондо күчөнүп. Кара жанга күч келип, Кара жаак ай балта, Арта салып ийинге, Кененимге бет келип, Кезенишип киргенде, Ээрдин кесе тиштенип, Жабылып кетти тор таштап, Миң балбаны бүт келип. Маңдайлашкан эки дөө, Таштаган торго тең түштү, Чырмалып калды темир тор, Кезенишкен экөөнө, Чиктей жетти күркүрөп: — Сүйрөтүп алып кетем, — деп, Суракка тартып Кененди, Мен муратка жетем, — деп. Келе бери, балбандар, Торду бергин мага, — деп, Мойун бербейт Кененим, Тарткан менен сага, — деп. Тордун боосун ал Чиктей, Толгоп-толгоп чыралтып, Үзөнгү боого салыптыр, Кетемин деп сүйрөтүп, Кызытып келген кара атты, Камчыга бөлөп күүлөнтүп. Алты жүзү чамбардын Дөрөткө түшкөн карагын, Үчжүзү түшкөн Кененге, Жүзү түшпөй эч кимге, Ошондо түшүп жаадына, Жүүрүндө берген канжарды, Кененим сууруп алганы, Торду тилип жарганы, Темирдин баары шыркырап, Агып түшүп калганы. Байыркылар айткан кеп: «Ороо казсаң кишиге, Бутуңду салып казгын, — деп, Өзүң түшсөң чыгарга» Жалганы жок ырас кеп. Дөрөттү барат сүйрөтүп, Кененимди тордо деп, Туш-тушунан чуркурап, Калмактары айтат кеп: — Кененим жок дөрөттү, Сүйрөтүпсүң, Чиктей хан! – Апей,Көтөк! Кантесиң? Минткенде түпкө жетесиң! – Өз- жатты айрып билбеген Төбөңдөн ургур экенсиң! Чуркураган кеп угуп, Ламга оозу барбаган, Калмактардан жеме угуп, Арка жагын карады, Ал Чиктей хан мурчуйуп. Каңгайдын ханы бу Чиктей, Уйат болуп ченебей, Дөрөттү тордон чечтирип, Туруп кетти чекчейип. Чиктей ханга карабай, Бура тартып Кененим, Казактарга кезигип; Алганыңды алгын, — деп, Акылдан калмак калган кез, Бачымдап кеткин элиңе, Төтө ылдам болгун тез! Элиңе айтып баргыла, Кененим сарык келди деп, Теңдешемин деп келген, Тетеги менен Сотолу, Катары менен жеди деп, Көзүн көрдү калганды, Билгениңче айтып кет, Көп кечикпей талаада, Өз элиңе бачым жет! Бери өткөн кошуун көрүнсө, Койо бергин калмакты, Кайра качып баратса, Талап алгын арбакты. Каркыттап алып сыртынан, Калкалаймын казакты, Катылышкан ким болсо, Качпай салам азапты! Жол бойуна олтурба, Чиктей менен Кененим, Бирөө өлүп тынгыча. Казактарды кетирди, Өз жерине Алтайга. Санаасын басып казактан, Куткарып аны азаптан, Хан Чиктейге барам деп, Эр Кененим келаткан. Тордон Дөрөт кутулуп, Дөрөтүн өңү бузулуп; — Калыптырсың,сен Чиктей, Өз алдыңча кутуруп. Каңкайды жалгыз сурамак, Ойуңда жүргөн турбайбы, Үчөөбүздөн кутулуп! Тетеги Анжу өлгөндө, Анжулардын аскери, Ашкере кордук көргөндө, Унчукпай турдуң кумтунуп, Ойума кеткен болуучу, Сенден күмөн мен кылып. Күмөнүм болду чыныгы, Ашкере кылдың сырыңды, Мени чыкпай койот деп, Алдаганың турбайбы, Кыдыртып айтып кылымды! Ат-тонум менен тарбайтып, Сүйрөтүп жүрдүң дардайдып, Таанымаксан болупсуң, Өлүп болду Дөрөт деп, Анан чечтирмиш болупсуң. Алың келсе, Чиктей хан, Кененимден өчүңдү ал, Боорун жарып өтүн ал, Жетпесе алың, сен Чиктей, Кененимден өлүп кал, Сен өлгөндө кыргыздан, Кунуңду куучу өзүм бар! Деп сүйлөнүп Дөрөтү, Манжу, шибе, жүрү деп, Кошунум бөлүп жөнөдү. Анжунун эли кырылган, Башы өлүп, бел сынган, Сапырылып журт кетип, Күмсары ашып бүт чубап, Көчүп кетти анжуулар, Көчкөн бойдон анжуулар, Текши тоону жердеди, Дегеле кайтып келбеди. Эр Чиктейден күмөнсүп, Шибе менен солондун, Бөлүнүшү чектелди, Муңгул, шибе, солон деп, Уруулары жиктелди, Майданда эли бөлүнүп, Хан Чиктейге күч келди. Чиктейдин күчүн көрөм деп, Манжу, Дөрөт токтолду, Шибе, Солон бөлүнүп, Кете турган окшонду. Манжу Дөрөт жөн койду, Кой дээр киши жок болду, Шибе менен солондун, Кетишине жол койду, Жүр, кетели жүргүн деп, Чуркурап булар жоголду. Ала болуп беш урук, Алдырмак болду чогулуп, Ушундайга ылайык, Карылар айткан макалды ук: «Ала болсоң алтооңор, Алдыңдагы атты алдырдың, Топ болсоңор төртөөңөр, Төбөдөн жылдыз кармайсың» Чындыкты айткан чеги жок, Байыртан калган макалда, Жалган айткан жери жок. Жетип келип Кененим, Кеткендерди көрүптүр, Көөнүн нечен бөлүптүр: «Элди талап келгин деп, Бөлгөн белем элди,деп, Бузулган бейим муңгулдун, Бул Чиктейдин пейли, — деп, Барса барсын мейли» — деп, Дөрөттү Кенен чакырды: — Качпай бери келгин! — деп. Буктурма койуп торчуну, Келиптирсиң эрмин деп, Чиктей өлө жаздады, Куткарамын сени деп, Эркиңерге жөн койдум, Кетсең кеткин мейли деп. Катынча кылсам урушту, Сүйрөлүшүп жүргөндө. Катарың менен башың жеп, Катар кесип башыңды, Байланып кетиш турган кеп. «Амал кылып жоо алыш, Атага наалат келет, деп, Эрдик менен алгын» деп, Аталар айткан бизге кеп, Теңдик менен сайышып, Эрдик менен өлсүн деп, Ошол үчүн турган кез. Деп Кененим айтканда, Намыс кылып чоң Дөрөт, Күркүрөгөн чоң дөбөт, Найзасын булгап жөнөдү, Тик качырып Кененди, Чиктей менен айтышкан, Сөзү калды талаада, Ажал айдап күн бүтүп, Капташмак болду балаага, Эр Кененим, зор Дөрөт, Эрегишип сайышты, Эрикпестен чабышты, Колтуктарын чойушту, Чокуга чокмор койушту, Калкандары калбады, Кара темир чыдабай, Бирин-бири албады. Туулгага балта чака-чак, Көөдөнгө найза така-так, Бакырыгы баш жарып, Баатырдын үнү бака-бак, Чарайналар чачырап, Жарылып темир бадырап, Сооттору жыртылып, Олпоктору кырчылып, Найзаны күүлөп сунганда, Күркүрөгөн үн чыгып, Ак көбүк ооздон чачылат, Азуулары качырап, Торгой көз темир бадана, Чыдай албай чатырап, Куйкалары курушуп, Чындап булар урушуп, Булуп-булуп тартышып, Буулумдарын жыртышып, Мас болгон нардай кеңгиреп, Таамай чокмор тийгенде, Кете жаздап эндиреп, Эми сайды чоң Дөрөт, Кененимди капталга, Жыртылган жерин белгилеп. Чыпалактай кара кан, Карчытынан куйулуп, Жаны ачыды Кененим, Чоң Дөрөттөн найза жеп. Элебей жүргөн Кененим, Манжу Дөрөт канча деп, Сотолунун найзасын, Чыңдап кармап сабынан, Чымырканып Кененим, Качырып кирди абыдан, Түрүн көрүп Кенендин, Түгөнүп калган чоң Дөрөт, Оңдоп соотун жамынган, Каары ашып Кененим, Ач жолборстой чамынган. Өтө берип алдына, Кайта тартып имерди, Тоодой болгон Дөрөттү, Бакалоордун безине, Таамай муштап жиберди, Муштаганда мылк деди, Аркы кулак түбүнөн, Найзанын учу жылт деди, Найзаны тартып алганда, Тоодой болгон чоң Дөрөт, Томолонуп шылк деди, Денеден жаны бөлүндү, Тентектин бири бул Дөрөт, Бул дагы көрдү өлүмдү, Карап туруп манжулар, Түп көтөрө өмүлдү. Арстандын уулу эр Кенен, Талыкпаган эр немең, Акым дөөнүн ак кылыч, Кармап алып сабынан, Сууруп алып кабынан, Аралап кирсе манжуну, Адам коркот каарынан. Кеңкууланы камчылап, Кылычтын каны тамчылап, Калың жерин кайсалап, Албарс менен талкалап, Топтолгон жерге кол салып, Тобун бузуп жол салып, Жетер –жетпес келгенин, Найза менен сулатып, Оң - тескери түшүрүп, Баш –аламан кулатып, Айдап чыкты майдандан, Канкайды карай чубатып. Муну мындай таштайлы, Кененим менен Чиктейдин, Кармашынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.