← Кененим 1/3

Кененимдин Чыныкени алышы

Жүр турбагын, Кененим, Бүт алгын дөөдөн керегиң, Семетейге сени мен, Жеткирип койуп келейин, Алты жүзгө мен чыктым, Касиетүү Бакайдан, Карага салам берейин. Деп каракуш айтканда, — Дөөнүн нээсин алайын, Убара кылбай, Сумурук, Өзүм кетип калайын. Деп Кененим айтканда, Алп кара куш айтты анда: — Айлар аттап жыл өтүп, Арты-артынан баратат, Бул жер менен Айтүбү, Үч айчылык жол жатат. Кара деңиз дайрадан, Сен кечпедиң, Кененим, Үстүңө кийген эт көйнөк, Батырбай сууга сен келдиң. Алып берген сага ким? Жусуптун кандуу көйнөгүн, Бул көйнөккө, Кененим, Жакыптын жашы чыкталган, Эч кандай неме дүйнөдө, Жакын келип жукпаган, Каканчын түшкөн бул көйнөк, Казынада сакталган. Жүйрүн дөөдөн Алмамбет, Көйнөктүн жайын укканда, Ала келген атайын, Бейжинден качып чыкканда. Бейжинге кайта барарда, Аруукеге таштаган, Күлчоро туулуп келгенче, Арууке катып сактаган. Алмамбет өлдү дегенде, Кетеринде Арууке, Каникейге каттырган, Катып жүргөн Каникей, Күлчорого тапшырган. Күлчоро билет бар ишти, Ошол үчүн Күлчоро, Чечип сага кийгизди, Артыктыгын көйнөктүн, Абыдан угуп билдиңби? Үч айлык жолго бир демде, Алып сени барамын. Аш бышымда барбасам, Чирип калсын канатым! Кара куштан кеп угуп, — Мени менен Кеңкула, Чыныке менен үч жанбыз, Жабыр салып сизге биз, Кантип чогуу барабыз? Деп Кененим айтканда, Алп кара куш айтты анда: — Оор болуп калам деп, Мени начар ойлойсуң, Ушул турган үчөөңөр, Чеңгелиме толбойсуң. Сыйлап сени алпарам, Сырт жагыма чыгарам, Канатымды жайайын, Кеңкулаңды жетелеп, Далыма чыга сен калгын, Үрпөйтөмүн билгиниң, Бир жүнүмө киргиниң, Кара куш жайды канатын, Кең таладай Кененим, Жетелеп барат кула атын, Жергеден өтүп кеткенде, Жамгырлуу жайга жеткенде, Жүндөрү тал-тал бириндеп, Тал токойдой көрүндү, Жылмайтып жыйнап алганда, Күндү көрбөй чөмүлдү, Козголуп жерден былк этти, Канатын кагып серппеди, Качан учат деп турса, Кененим, жерге түш, деди, Кудай өзү бериптир, Кара кушка катуу күч, Төштө чыккан канатка, Айтбүбүнүн жери түз, Алпкаракуш көрүштү, Бакай менен жүзмө-жүз. Калгандар менен таанышып, Кетмек болду кара куш, Калгандарга кош айтып, Кененимге өтүндү, Бир жүнүн сунуп залкайтып: — Кара жанга күч келсе, Кармагын оттун табына, Кайда болсо Кененим, Мен боломун жаныңда, Чыныкени көргөндө, Жалынды Чынгыш аңгыча, — Бар шартымды бүтүрдүң, Алп кар куш кетирдиң, Кесип келген баш кана? Кененим алып ыргыты: — Керек болсо баш мына! Караса баштын тили жок, — Тили кана бул баштын, Кереги баштын деги жок, Тилин жеген тил билет, Башын жеген киши өлөт, Мени үйгө койуп бер, Чыныкени кошуп бер, Эки күн өрүүн алдырып, Андан кийин кетиңер. Чынгыш айткан кепти угуп, Күлчоро турат чыйрыгып. — Койо бер, — деп Чынгышты, Семетей айтты бурулуп,- Чынгышты тордон бошотуп, Чыныке кошуп бер, — деди, Убадаңды танбасаң, Эки күндө кел! — деди, Чыныкени ээрчитип, Чынгыш кетти айлына, Эми кандай болоор деп, Күлчоро турат кайгыда, Эки күн өттү аңгыча, Көрүнбөйт Чынгыш караса, Айтумушту чакыртып, Кана Чынгыш кайда? — деп, Айтумуштан сураса, — Чынгыш кетти тегине, Текши тоонун жерине, Дамбалы жок кожосу, Кызыл жапан жайдак төш, Өзүнүн туулган элине, Жүйрүн дөө менен бир келип, Турду эле бул жерде. Он жети кабат кызыл там, Салган үйү бар, — деди, Адамдын алы келе албайт, Кудайдын үйү ал, — деди, Кетпеймин деп Чыныке, Көшөрүп кыйла чыр кылды, Чыныке болбой койгондо, Колуна салды чынжырды, Шишеге куйган суу кылды. Өзү болду көгүчкөн, Көкөлөп учуп жөнөшкөн, Кетеринде ал Чынгыш. Мага кепти үйрөткөн: Үйүңө баштап кел, деген, Диңсийа уудан бер, деген, Уу бербейм эч кимге, Баарыга окшош кең элем, Айтумуш кебин укканда, — Чынгыш колго тийбесе. Кетпейм! — деп - Таласка! Семетейдин айтканы. — Текши тоого барам, — деп, Кызыл чапан жайдак төш, Чынгыштын элин табам, — деп, Чынгышты кармап торго алып, Чыныкени колго алып, Анан келе калам, — деп, Кененим калды шайланып. Каргылданып хан Бакай: — Кана, балам, Кененим, Сумурук берген белегиң? Сумурукту чакыргын, Ага айтар бар кебим, Бакайдын кебин кыйалбай, Бала баатыр туралбай, Жүндү отко кармады, Алп кара куш-Сумурук, Азыр келип калганы, Алп кара куш келгенде, Бакай кебин салганы: — Аллам азиз жараткан, Алп кара куш ат берген, Кастарлуу жандар сен элең, Айкөл Манас аты бар, Азиз бенде ал эле, Тукуму менен Манастын, Турасың бирге бул жерде. Казабы менен Жүйрүндүн, Отурдуң учпай бул жерде. Жүз көрүшүп турабыз, Буйрук менен бул жерде. Бизге душман, саа душман, Сурап алып Чыныке, Эки күндө келем, деп, Чыныгыш качып кетиптир, Текши толу бир жерге. Барганы турат Кененим, Чыныке менен Чыныгышты, Мында алып келгүүгө, Кабарын уктук ал жерден, Он жети кабат, кызыл миз, Салган үйү бар, деди, Дамбалы жок молдосу, Кирүү киши кудайы, Жел тийгизбей коргоочу, Кызыл чапан жайдак төш, Кыжыраган эл, деди, Түбүндө Чынгыш ал элдин, Жүйрүн менен бул жерге, Бирге келген жан, деди, Уккан кабар ушундай, Айтумуш айтып бергени, Ушул жерден текши тоо, Канча күндүк жол деги, Билесиңби сен? — деди, Алп кара куш кеп айтат, — Азиз Бакай, — деп айтат, Мен билбеген кылымда, Кыймыл эткен жан барбы, Бул жер менен текши тоо, Жер менен жүргөн адамга, Жети жылдык жол ошо, Аты менен Кененим, Чыкса болот желкеме, Жети күндө жеткирем, Текши тоонун жерине. Ар кимдин сайы ар башка, Алардын салты бир башка, Нечен түркөн иши бар, Албан-албан киши бар. Кененим барса ал жерге, Асманда туруп көз салып, Мен болойун аа бирге, Ал жерден качса Чыныгыш хан, Наркы жагы алды эле, Чынмачындын үч арал, Аралдын баары бүт жылан, Береки элден ал жаман, Канча түрдүү сүрөткө, Кире берет Чынгыш хан, Кубулуп качса башкача, Убара болот Кененим, Жер түгөткөн Чынгышты, Өзүм кармап берейин. Деп ошентип Сумурук, Желкеге салып Кененди, Асмандап учуп жөнөдү, Күндүзү учуп, түн учуп, Эринбей учуп олтуруп, Текши тоонун жерине, Жетип келди элине, Жер ортосу бир белги, Кеңкула менен болкойуп, Кененим белде зоңкойуп, Түштүк жагын караса, Адамдар жатат тоңкойуп, Не да болсо адам, деп, Алардан кабар алам деп, Аралап келсе бастырып, Боору менен жатыптыр, Төрт айактап басыптыр, Мойундарын караса, Алды миңден, арты жүз, Мончок ташты асыптыр. Буркан, Буркан дегени, Боортоктоп жүргөнү. Четинен келип Кененим, Бирөөнөн жооп сурады: — Эмне кылган элсиңер? Башка кебиң билинбей, Буркан, Буркан дегенде, Бооруң менен басасың, Жер кучактап жатасың, Бул эмне адатың? Кеп сураса кеп кылбай, Кылганын кылып жатышты. Аңгычакты болбоду, Четте турган бир киши: — Кебиң болсо кел бери, Менден жооп ал, — деди, Буларды менден сурасаң, Эки күндүк ар жакта. Он жети кабат кызыл там, Жасалгалуу сарай бар, Ал сарайдын ичинде, Теңдеши жок кудай бар, Кудайдын ишин кылуучу, Адамдын арзын угуучу, Узун чапан лаама бар, Кудайга башын урууга, Молдонун кебин угууга, Араң келген ушулар, Үч күндүк жолго келгенде, Басып барбайт сарайга, Басып барса эгерде, Күнөөкөр болот кудайга. Каңкайдын кар тоосуна, Канча кабат артуудан, Араң келсе бул жерге, Сураган менен жооп жок, Канчалык айтса бул элге. Кудайдын калба каарына, Сенда атыңды таштагың, Жаман болот кудайга, Ушул бойдон барганың.