Басырык болгон кой кандай, Боолап салган чөп кандай, Оң-тескери жуушатып. Караганды таң кылып, Калаасын кызыл кан кылып, Кызыл чапан элдерин, Кыйратып көбүн нан кылып, Кызыгып кирген кезинде, Багылуу жаткан борбордо, Темирден чынжыр тагылып, Кереги бир күн тийет деп, Бекеринен багылып, Буйрук берип булугуп, Жетимиш миң немесин, Койо берди агытып. Эки миң киши жетелеп, Алып келди экөөнү, Эри өлгөндөй жулкунтуп. Кабаган иттей арсылдап, Экөө турат такылдап, Тишине-тиши шакылда, Кош колдоп жерди чапчышып, Уй букадай өкүрөт, Топурак башка чачылып, Тоо-ташты бузуп бакырып. Көрсөтүп туруп Кененге, Койо берди агытып, Буй кылчуудай ааламды, Экөө келет качырып. Чыныгыш турат ичинде, Жакшы кылган экен, деп, Душман үчүн камынып. Келе жаткан экөөнүн, Биринде бар чойун баш, Биринде бар сом темир, Чойун башчан келатып, Нечен тоону уратып, Талкалап ташты кулатып, Сом темирчен немеси, Кең көрүнөт дененси, Узундугу үч кулач, Он эки кыр темирде, Жерге муштап жиберсе, Уңгусунан батырат, Жерден тартып аларда, Жерди бузуп бакырат. Мына минтип бул экөө, Жарышып келе жатышат, Жолуна, келгендин, Бөөдө шорун катырат, Бул экөөнүн түрүнөн, Көпкө кирди калтырак, Жерден оро казылат, Таштар кулап калдырап, Сүр көрсөтүп нечен түр, Кененеимге бул экөө, Кирип келди жакындап. Кабаган элүү ит келет, Алардын аркасынан арсылдап, Казылган жерди камашып, Кулаган ташты талашып. Кызыл чапан эл ойлойт, Кененимди алат деп, Ойунда өлүм санашып, Кирип келди Кененге, Өтө чукул жанашып. Чоң экен деп санабай, Экөөнүн катар кармады, Беш жашар ойноо баладай. Чокмор менен сом темир, Ээсиз калды талаада, Капташып калды шордуулар, Эр Кененим балаага. Желкеден кармап имерди, Сүзүштүрүп жиберди, Маңкалары куйулду, Мээси агып чубурду. Өлүгүн жерге таштады, «Ит жеңгенин талайт» деп, Өз ити өзүн талады, Жабылып кирди жан калбай, Жетимиш миң балбаны. Мазарым деп тийбеген, Жанына жакын сийбеген, Мунардай болгон чынарды, Кененеим сууруп алганы, Оң-тескери булгалап, Аралап кирди буларды. Учурап калып өлүптүр, Колдоочу тирүү кудайы, Өжөр мүнөз ушул журт, Өлүмдөн коркуп турбады. Улуу-кичүү, кары-жаш, Катын-эркек аралаш, Жан башына бирден ит, Кошо жүрөт абалап. Ат жүрсө да, жөө жүрбөй, Коргонго кызыл кан толду, Мелт-калт этип калкылдап, Кызыган кези Кеңкула, Алоолонуп алкылдап, Кармайбыз деп келгендер, Кененимге баралбай, Качып калды калтылдап. Кызыл мистен тамына, Кожо-молдо толгону, Чынгыш кирди мааналап, Калгандары сыртынан, Тегеректеп сагаалап, Тешик койбой кенедей, Отуз катар камалап, Адам кирер жери жок, Көпчүлүктү аралап. Өздөрү салган Кененге, Өлгөн иттин чокморун, Эңип алды Кененим, Кеңкуланын олоңун, Чындап тартып бекитип, Минип алды Кененим. Акымдан алган темир тон, Калыбектин салышта, Калбай баары жоголгон, Калыбектин чо тонун, Кийип алды Кененим. Манастап ураан чакырып, Катуу кирди качырып, Өтө өжөр бу элдер, Козголуп койбойт шашылып. Кеңкула менен тепсетип, Агызып кызыл кан кечип, Араң жетти Кененим, Ардактуу кызыл тамына, Тамга жеткен кезекте, Чындап алды каарына. Жандан тойгон Кененим, Көзүнөн оту чачырап, Күүүлөп кармап чокморду, Тамга жетти жакындап, Күүлөп келип урганда, Тамга кирди калтылдак. Аны көрүп Чынгыш хан, Катуу жаман шашылат: «Эми эки чапканда, Манастын уулу жалаңгыч, Кайран тамды жок кылат. Кызыл тамды чакты деп, Кылымга кетет жаман ат, Буздурду деп миз тамды, Мага калат көп наалат, Мен кетейин бул жерден, Кызыл там калсын салаамат.» Бир белгисин билдирди, Элин тарап кеткин, деп, Көк жору болуп сабалап, Канатын жыйбай самсаалап, Шишеге куйган суу кылып, Чыныкени кошо алып, Чыныгыш жолго салыптыр Алууга келбей курбаты, Гүлкаагы мында калыптыр, Калган башка байкушту, Жер зынданга салыптыр. Эр Кененим бир чапты, Эки чабар кезекте, Дегеле киши жок калды. Кеңкула таштап Кененим, Аралап кирсе көп жерин, Сүрөтү турат кишинин, Сап алтындан жасаган, Жан жагында көп турат, Майда-барат сандаган. Көрүнбөдү тирүү жан, Тинтип карап сарайды, Табалбады эч бир жан. «Гүлкаакы кайда калды экен? Шишеге куйган суу кылып, Чыныке мында бар бекен? Чынгыш өзү кайдадыр? Же качып кетип калгандыр,- Кененим турду элеңдеп,- Аларды кайдан табам? — деп, Мени качан келет деп, Зарыгып калат бабам, — деп, Мээ коротуп чарчабай, Суу перини келтирип, Анан кабар алам» деп, Ойуна кетти бул бир кеп. Балык берген кылканды, Отко жакын кармады, Шарактап эшик ачылды, Сулуу кыз келип калганы. Келгенинче божурап, Айта кирди кабарды: — Чыныкени бирге алып, Чынгыш качып баратса, Алп кара куш кармады, «Мен Чынгыш эмес, жору» деп, Эмгиче кайыл албады, Чыныке колго тийгенде, Таанууга келбейт дарманы, Гүлкаакы турат зынданда, Чыгарып аны алалы. Суу пери айтып болгунча, Сумурук келип калганы. Көк жоруну далбайтып, Гүлчоро берген темир тор, Алып баыр салганы, Тор жыйырылып кармады, Өлөргө жакын барганы, «Мен Чынгышмын, бошот!» деп, Чыңырыкты салганы. Чындыгына келгенде, Шишеге куйган суу кылып, Чыныкени колго алды, Кыз супатка барбады, Чыныкени шишеде, Суу бойунча сактады. Чынгышты кыйнап чыңыртып, Гүлкаакыны сурады, Зымдандан аны чыгарды, Заарыгып калды бабам, деп, Кененим анда турбады, Чынгыштын колго түшкөүнүн, Кызыл чапан жайдак төш, Булардын эли туйбады. Алп кара куш, Кененим, Чыныке менен Суу пери, Гүлкакыны кошо алып, Зор Бакайга барганы. Чынгышты отко күйгүздү, Адылдыгын билигизди, Айтумушту тагына, Аны кайра мингизди. Атактуу кыргыз алаш, деп, Жерибиз Кеңкол, Талас, деп, Алп кара куш, Суу пери, Жер жериңе кайткын, деп, Гүлкаакыны, Сумурук, Сен алыпбарып баккын, деп, Хан Семетей, зор Бакай, Алымсарык, Кененим, Эр Саламат, кыз балбан, Чыныкени алышып, Кыргызга кетип баратат, Жоону сайып жол басыш, Кырыгз элге жарашат. Таласка аман барышты, Шер Сейтек баштаган, Кол беришип көрүштү, Каникей менен Айчүрөк, Колдун учун өбүштү. Кыргыздар келип атышты, Төрт-беш күн өркүп жатышты. Аксакалдар кошо айтып, Жай-жайына кайтышты, Жамбаштары май алып, Жадырап кыргыз жатышты. Муну мындай таштайлы, Оору менен жоо тийген, Кыргыздан кепти баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.