Кененимдин Калыбек менен кармашуусу
Карала атчан Калыбек, Кан ичме чочко кара нээт, Майданга чыкты желденип: — Боронбай менен Кененим, Эми кайра келбейт, — деп, Боронбай оңой жан эмес, Кененимди аздырып, Жер алдына түшүрбөй, Койо берчүү ал эмес. Жер алдына түшкөндө, Жетимиш тайпа пери бар, Кененим кайра келчүү эмес, Кененим качан келет деп, Келбеске кеткен немени, Күйүп турчуу мен эмес. Намыс кылсаң бирден кел, Бирден келип бирден өл, Корксоң калбай баарың кел, Ажырап калбай бирге өл, Баатырдык кандай экенин, Байкап менден баарың көр! Деп күркүрөп турганда, Карап көрсө зор Бакай - Коңурбай, Жолой - дөөлөрдү, Нескара менен Мурадил - Аларды көргөн чоң Бакай, Жапандан келген Кызыл дөө, Жалгыз көздүү Мадыкан, Нескаранын Жубатай - Буларды көргөн зор Бакай, Андай нечен дөөлөрдү, Ат көтөргүс жөөлөрдү, Паанус менен Дөө ханды, Соксо, Сотой балбанды - Аны көргөн зор Бакай, Бейжиндеги урушта, Бендеде болбос жулкушта, Беш кулак менен Талапты - Муну көргөң зор Бакай, Маңгыттардын Бадыкүл, Сарыбай деген кутургур - Аны көргөн чоң Бакай, Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйналган жыйында, (Мындай адам жыйылбайт, Ашырбай айтсак чынында) Муну көргөн зор Бакай, Ай менен күндүн кулагы, Тийишип турган күндөрдө, Кара келген, хан келген, Калбай бүткүл жан келген, Балбан келген, эр келген, Мен-мен деген шер келген, Опол тоодой дөө келген, Баарын көргөн зор Бакай, Жумуру баш, айры төш, Эки айактуу бендеден, Калыбектей немени, Карыйа Бакай көрбөгөн. Кең көкүрөк кууш айак, Балбандыгы көрүнөт, Танак мурун, табак бет, Талыкбас жайы көрүнөт; Балтыр эти салаңдап, Булчуң эти булчуйуп, Так кырк күндүк чабышта, Чалыкпас жайы көрүнөт; Кара мүртөз кайры жок, Карамдык жагы көрүнөт; Көзү чуңкур, дөң маңдай, Дүмөк далы, кыска бел, Томолок билек, манжа учтуу, Кармагандан кан чыкчуу, Каруусу артык көрүнөт; Капырай кандай адам, деп, Бакайдын көөнү бөлүнөт. “Карала атчан Калыбек, Калыбек менен кездешип, Тирүү калыш канымет,”- Карап туруп сыртынан, Бакай айткан бул бир кеп. Анткен менен хан Бакай, Калгандарга билгизбейт, Кан жыттанган Калыбек, Чык бери! деп күжүлдөйт. Кабылан Манас тукуму, Андайларды көзгө илбейт, Абаң Бакай ичинде: “Ташы кулап чыңк өөдө, Жүрүп турган нөөмөтү, Кененим жетип келсе” дейт. Келгин деген кеп угуп, Мен барам деп алдында, Алымсарык жулунуп, Жообун алып Бакайдан, Калыбекке жолугуп, Жаш баланы көргөндө, Калыбек кетти оолугуп: — Башкалардай көрөбү, Көрсөтөйүн өнөрдү, Билбейт экен кыргыздар, Күнү бүтпөй өлөрдү! Алымсарык балага, Армансыз болуп өлгүн, деп, Туруп берди закыйып, Тарпка канган кажырдай, Көөдөндү тосуп лакыйып, Ирмебей кирпик тиктесе, Тоңгон уйдун көзүндөй, Түбүндө кайнап чакыйып. Алымсарык жаш арстан, Оңой-олтоң эр эмес, Оңдуруучу жоо эмес, Оңойлук менен кишиге, Оморулчу тоо эмес. Ойноктотуп тору атты, Оңурайган чочкону, Оң бөйрөккө муштады, Ооп барып оңолду, Оодарыла тас калды, Оңой бала эмес деп, Ойуна алды Калыбек, Найзасын күүлөп тап берип, Мыкты болсоң келгин, деп, Ылаачындай жаш Сарык, Кайра тийди жапырып, Сол кыйрына бир сайып, Дагы оңолду Калыбек, Ооп барып кыйшайып. Камданып калды Калыбек, Кай тараптан келет, деп. Бет маңдайдан сарайда, Сайдырбастан балага, Найзадан көзүн айрбады, Учунан улай кармады, Жерден эңип алгандай, Сууруп алды найзаны, Сууруп алып Калыбек, Жаш Сарыкты сайганы, Сайган менен тийгизбей, Кагып ийди кайра аны. Опсуз балбан Калыбек, Найза колдон чыкпады, Балта менен кагылган, Белден сынып куу найза, Учу көккө учканы. Балта тийген бул найза, Тал-талынан бөлүндү, Өз найзасын колго алып, Калыбек каапыр өмүлдү, Каарын көргөн калганга, Бүткөндөй болуп көрүндү, Алымсарык өмүрү. Санаа санга бөлүндү, Семетейдин көңүлү, Ал Манастын тукуму, Алымсарык чунактын, Адистигин көрдүңбү? Көөдөнгө найза тийерде, Ат капталга шарк этип, Калыбектин найзасы, Алыс кетти жарк этип. Калыбек кайра тарткынча, Кууп жетти артынан, Туулгага чабылган, Балтанын үнү чак этип. Алымсарык мингени, Түрөгөй тору Тобурчак, Көз ачырбай доңузду, Төбөгө балта чака-чак, Манастап ураан чакырып, Үнү чыгат бака-бак. Өтө андес шамдагай, Калыбек көзүн ачырбай, Ойротто жок жаш Сарык, Он тогуз койуп жиберди, Ошол кезде Калыбек, Оңтойуна бир келип, Найзанын учун имерди. Жетер-жетпес болгондо, Күүсү менен найзанын, Тумактай учуп кеткени, Эми сайса өлөт, деп, Жарык күн кайдан көрөт, деп, Шер Гүлчоро жеткени, Түйшүктүү чочко капырдан, Алымсарык баланы, Ажыратып кетти эми. Баланы салып оңуна, Тура калды Гүлүстөн, Калыбектин жолуна. Келе жаткан карааны, Карап туруп Гүлчоро, Келе жаткан карааны, Карап туруп Гүлчоро, Калыбекти сынады: Салкыны сырттын желиндей, Ысыгы жайдын күнүндөй, Өңүнүн заары көрүнөт, Куу чаар жылан түрүндөй, Азыркы келе жатышы, Кирген нардын сүрүндөй, Алкымында күркүрөк, Толкуган көлдүн үнүндөй. Анда туруп Гүлчоро: “Каары катуу неме экен, Кан ичменин бири экен, Кызыл алпты баш кылып, Жети дөөнү ийгерип, Башкарары эп экен.» Качырып каапыр келиптир, Көзүнөн чыккан жалындар, Найзасынын белине, Жаба койуп барыптыр. Күркүрөп найза үн берип, Учу кызыл жалындап, Укмуштанып түрдөнүп, Муну көргөн адамдар, Тумтак күнү түгөнүп, Алмамбет уулу Гүлчоро, Мындай нечен эрди алган, Бул Калыбек турмайлык, Коңурбайга кол салган, Коркпой аны жалмаган, Нескараны жайлаган, Мадыканды кармаган, Жапандан келген Кызыл дөө, Кутулуп андан калбаган, Ошол кезде Гүлчоро, Жашы элүүгө барбаган. Көктөн арбап түшүргөн, Чынгожо менен Толтойду, Катар ишин бүтүргөн. Апкаарышты билбеген, Калыбекти көргөндө, Кара тер басып сүрдөгөн. Мелтиреген Бадырек, Белжемдүү жерге бир сайса, Бел сындырат экен деп, Сундуруп найза качырып, Манастап ураан чакырып, Оозунан чыккан көк буусу, Төбөсүндө жазылып, Адис болгон немелер, Найзага найза сайылып, Кызыл жалын от кетип, Жер бетине жайылып, Көрүп турган элдерге, Гүлчоро менен Калыбек, Эрендиги таанылып, Акылдан кетип тай кылбай, Бир-бирине сайдырбай, Адистик кылып Гүлчоро, Калыбекке чандырбай, Кабуусуна келтирип, Канча сайса Гүлчоро, Калыбек андан кайгырбай, Оң-тескери сайышып, Ороолонуп чабышып, Үч күн, үч түн болгондо, Найза кармап сайалбай, Гүлчоро колу карышып, Күчөгөн кези Калыбек, Ошондо өңү тамылжып. Каарланып Калыбек, Тарамышын чыйратып, Беттешип кирди жана экөө, Найзаларын ыргашып. Гүлчоронун найзасын, Кагып ийип Калыбек, Как далыга бир койду, Кутуруп өлгөн кара нээт. Суркойон жалын кучактап, Абадан башка кеп кылбай, Аркасын карап кылчактап, Үзөнгүдөн бут тайды, Ээрден көчүк кыйшайды. Өтө берип Калыбек, Оңолуп кайра жеткиче, Оморо сайып сур аттан, Башын кесип кеткиче, Арстандын уулу Семетей, Манастап ураан чакырып, Ашыгып ал ченебей, Калыбекке бет келди, Гүлчорого жеткирбей, Ач карышкыр өңдөнүп, Ач калган жолборс сүрдөнүп, Алп кара куш түрдөнүп, Каар салып, заар чачып, Катуу кирди күүлөнүп. Сыргактан калган жез найза, Темири болот тез найза, Кездемдин боосун чубалтып, Кез керип найза чунайтып, Алдында минген буурулду, Аркардай арыш чубалтып, Чаң асманга созулуп, Топуракты сапырып, Кандим болгон Семетей, Эр сайышка көп минип, Көнүк болгон Тайбуурул, Калыбекке капташып, Карчыткан найза муштады, Муштаганда Семетей, Найзаны камга чыктады.