Эбеп менен себептен, Кубат менен Медеттен, Каныкей жасап иштеткен, Бар дарыны ичирип, Күн тогузга толгондо, Кененимдин бойуна, Койбой жараат бүтүрүп, Коңторуп картын түшүрүп, Жаткырып койду уктатып. Кененим уктап тынч алып, Уктап жатып семирип, Албырып бети нурланып, Бузук суу калбай денеде, Тер менен кетти бүт агып. Семетей колу сак болуп, Сайыша турган чак болуп, Болжоп кеткен Калыбек, Күнү кыркка карк толуп, Кырк көөкөр арак бүт ичип, Калыбек чочко мас болуп, Ат току, деп күпүлдөп, Көрсөтөм, деп дүпүлдөп, Жигиттери жүгүрүп, Жаны калбай дүүлдөп, Найзанын үнү угулуп, Бастырганда Бадырек, Чагылган күндөй күркүрөп, Өскөн жыгач, чыккан чөп, Айбатынан дүрүлдөп, Титирек кирип жаткан жер, Токтоно албай сүлкүлдөп, Кумдун баары шыбырап, Тоолор коркуп бүлкүлдөп, Атаңа наалат Калыбек, Айбаттуу келет кара нээт. Калыбектен бул жолу, Калыш тирүү кыйын кеп, Өлбөй калган кишиге, Тирүүлүгү канимет. Акпай суулар токтолуп, Көзү кызыл чок болуп, Жер жүзүнүн баарына, Кетүүчүдөй өрт койуп, Жайнай түшүп бириккен, Кыйан-селге окшонуп, Ызгаары капыр зыркырап, Ок жыландай октолуп, Калыбекти көргөндө, Кененим басты козголуп. — Аттанбай тура тургун, — деп, Гүлүстөн аны токтотуп, - Бул сапар атка минесиң, Мүшкүлгө далай көнөсүң, Ата бабаң баспаган, Арбын жолду көрөсүң. Суу каптаган селдерге, От каптаган жалынга, Ар бир сонун жандарга, Түркүм-түркүм айбанга, Жолборс өңдүү балбанга, Бойу тоодой төөлөргө, Ат көтөргүс дөөлөргө, Адам билгис сыйкырга, Учурайсың чынында. Калыбекти жеңгенде, Карала атчан Калыбек, Жарыктан өтө бергенде, Көөдөндөн жаны кеткенде, Жерге башы жеткенде, Суунун уулу Суумерген, Өтө сыйкыр куу мерген, Качып кеткен ал келет, Суумергенди алам, деп, Кетесиң, уулум, артынан. Чаңдан мүшкүл көрөсүң, Ал чочконун зарпынан. Атабыз Манас болгон соң, Абийирибиз калабы, Андай иштен тартынсаң. Белек бердим, уулум, саа, Айтканыма тил алсаң. Алмамбеттин Алма баш, Айдалыңа аса жүр, Кереги тиет ар качан. Боронбайдын жез камчы, Кармай жүргүн колуңа, Сыйкырга сыйкыр чоң себеп, Ишиңди салат оңуна. Касиеттүү бир көйнөк, Калган менин колумда, Кийе жүргүн жонуңа, Аман-эсен келгенде, Абамдын кеби акыл деп, Аларсың аны ойуңа. Баарысынан чоң белек, Басташкан жоого эң керек, Сайганын тешпей калбаган, Бүктөлүп бели сынбаган, Тийген жери ырбаган, Андан болгон жараны, Түбүндө жакшы кылбаган, Айкөл атам Манастан, Аманат калган абама, Калыбекти сайарда, Намыска жарайт сыр найза, Ала жүргүн жаныңа, Аман-эсен келгенде, Абамдын бергин колуна. Менин атам Алмамбет, Жүйрүн дөөдөн жазгырып, Ала келгин ак шамшар, Бүгүн менин жанымда, Ала жүргүн жаныңа, Жаткан дөөгө туш келсең, Мала келгин канына. Айтып сырын угузуп, Баарын берди балага. Албаймын деп айтпады, Көйнөктү кийип алганы. Ак шамшар байлап жанына, Алма баш асып далыга, Сыр найза алып колуна, Боронбайдын жез камчы, Ортонго илип жулуна, Кечигип туруп албады, Абаң Бакай, Семетей, Эр Гүлүс, Алымсарыктан, Абыдан бата алганы, Күүлөнүп жөнөп калганы, Арбак кубулуп түрдөнүп, Мурункудан сүрдөнүп, Аркасынан караса, Ак жолборстой сын берип, Маңдайынан караса, Алгыр бүркүт түрдөнүп, Төбөсүнөн караса, Алпкаракуш өңдөнүп, Сонун иши дагы бар, Түргөн чийдей артынан, Сойлоп барат ажыдаар. Жетер-жетпей жакындап, Кеңкуланы такымдап, Баш жүндөрү саксаңдап, Көздөрү жайнап чакчаңдап, Эки түгөй шер барат. Шапкат кылар бири жок, Шаштыруучу баары бар, Ракым-Мейир анда жок, Ич жаруучу баары бар. Ошол сындан караса, Жан бүткөндө жаралган, Өз-жат дебей жан алган, Жалаңгыч Сарык дегени, Көргөн көзгө таанымал, Кененим кетип бараткан. Карала атчан Калыбек, Найзасыз күүлөп кезкерип, Беттешип чыкты алдынан: — Кел, Кененим, келгин! — деп, Кененим андан качабы, Мен да сендей эрмин, деп. Кененимди бир карап, Келе жаткан керемет - Баарын көрдү Калыбек, Бүдөмүк эмес элестеп, Анык көрдү Калыбек, Шери менен ажыдаар, Канык көрдү Калыбек. “Кандай болгон жумуш? — деп, Менде дагы барбы?” деп, Жан жагынан көп издеп, Эчтеме жок көрүнгөн, Кайгы жеди Калыбек, Ого бетер чыйралып, Теминип кирди Калыбек, Өлтүрөм деп элөөрүп, Демигип кирди Калыбек, Ашыгып кетпейт Кененим, Өтө оор Калыбек. Калыбектин найзасы, Күркүрөгөн үнү бар, Кызыл жалын түрү бар, Бул чочконун ал күнү, Адам айткыс сүрү бар. Каарданып Калыбек, Качырып найза урганы, (Тоо да болсо бул сапар, Томкоро сайып жыкмакчы) Ошончо урган найзаны, Тоготпой Кенен турганы, Калыбек катуу арданды, Жаны ачып карарды, Жан алуучу заар салды, Качырып келип көкжалга, Калыбек найза муштады, Тоготпой турган Кененим, Ошол урган найзадан, Кеңкуланын үстүнөн, Учуп кете жаздады. Акымдан алган темир тон, Тогуз кабат бүчүлүк, Токтоо кылбай үзүлүп, Чымчык көз темир бадана, Туш-тушунан бөлүнүп, Чарайна темир чатырап, Талаа-талаа жарылып, Тап кетирбей сактаган, Ичинен кийген була тон, Булаасы булап чубалып, Гүлчоро берген эт көйнөк, Учу жетип найзанын, Кайра жанды так этип, Жез доолбас ургандай, Үн угулуп заңк этип. Өтө берип Калыбек, Кайра айланды бурулуп, Найзасын күүлөп алганда, Боронбайдын жез камчы, Толгой кармап Кененим, Калыбектин найзасын, Камчы менен какты эле, Жез камчы тийген куу найза, Тең бөлүнүп кеткени. Камчыны кайра имерди, Калыбекти Кененим, Оройлото жиберди, Калыбек капыр жазганбай, Жез камчыны кармаган, Кененимдин колуна, Балта менен какканы, Кененимдин билеги, Сынып кете жаздады, Колундагы жез камчы, Алда кайда учканы. Жез камчы жерге түшүрбөй, Эр Гүлүстөн жеткени, Бүлдүргөдөн камчыны, Найзага илип кеткени, Көрө салып Кененим: — Керек эмес, абаке, Өзүң ала кет, — деди. Акым дөөнүн чоң балта, Аткый кармап сабынан, Ачуусу келип абыдан, Качырып барып чапканы, Калыбектин башында, Тогуз кабат калканы, Дайыны калбай жок болуп, Чыгып кетти талканы, О дедирбей Кененим, Удаа жана чапканы. Чак дегени угулду, Топурак учуп бургуду, Беш кабат темир туулга, Калыбектин башында, Кумдай болуп чачылып, Тозуп кетти ар кайда. Туулга жок, калкан жок, Тулку бойу калганда, Кененимдин үстүндө, Сооту жок, олпок жок, Калыбекти караса, Туулга жок, калкан жок, Экөө болду оп-окшош. Өчүгүшкөн бул үчөө, Элден талап кылбады, Калкан, туулга, күрөөкө. Сооту жок, олпок жок, Солкудаган Кененим, Туулга жок, калкан жок, Калдаңдаган Калыбек, Күч ортосун сынар кез, Кимиси өлүп, ким жеңет. Калыбектин аскери, Алып келди туулганы, Мына, баатыр, кийгин, деп. Туулга башта алты кат, Калкан сырта он кабат, Кененимди жедим, деп, Калыбек чыкты чалкалап, Кененим калар эр эмес, Андан жанын калкалап. — Көсөк чубак жолборстун, Ичинен кийген олпогу, Сакталуу менде болуучу, - Деп Гүлчоро, Кененге, Алып келди кийгин, деп. — Атаңдан калган сыр найза, Кереги тийээр кези — деп, Сен жаш бала, мен кары, Кебимди уксаң ушу, — деп. Калканды кабат артынып, Чарайнасын тартынып, Туулгасын көмөрүп, Уруп кеткен Калыбек, Ого бетер күркүрөп, Үйдөй болгон чойун баш, Арта салып ийинге, Жолум үйдөй көрсөтүп, Карала атты камчылап, Казабына алыптыр, Каны көздөн тамчылап, Кененимден башка жан, Турар эмес аа чыдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.