Чокморду күүлөп имерди, Эрней түшүп Калыбек, Кененимди чокуга, Кош колдоп тартып жиберди. Найза менен Кененим, Калыбекти карыга, Алдыртан өөдө кагыптыр, Күүлөп чапкан чокмору, Жерге түшүп жатыптыр, Түшкөн жерге бул чокмор, Үчтөн бири батыптыр, Калыбектин тилеги, Кара таштай катыптыр, Кененимдин ошондо, Кер сары болуп өң азып, Каны ичине тартыптыр. Кабылан баатыр Манастын, Сыр найзасын колго алды. — Камдангының, Калыбек, Келгениң болду беш күнү, Акыреттик ашың жеп, Эми бүгүн жаткының, Өзүңдүн кара башың жеп! Манастап ураан чакырып, Калыбекти Кененим Жан айабай качырып, Сыр найзанын учунан, Кызыл жалын чачылып, Бороон болуп жер чаңдап, Кеңкула чуркап ыкчамдап, Кош кулагын жапырып, Ошо кезде Калыбек, Кененимди караса, Өңүнөн заар төгүлүп, Көзүнөн жалын бөлүнүп, Караганда кан чыгып, Кармаганда жан чыгып, Аркасынан баатырдын, Айдар сары жал чыгып, Бул түрпөтүн көргөндө, Теңсинбей жүргөн Калыбек, Эми калды аптыгып, Кененим жети аңгыча, Калыбекти шаштырып. Найзасын кайра кагам деп, Балта ала албай Калыбек, Найза алып калыптыр, Кененимди качырып, Калыбек найза сайыптыр. Найзага найза сайылды, Калыбектин найзасы, Учунда темир жарылды, Калыбеке капташып, Ажал-өлүм кабылды. Кабылбаса неткени, Карала аттын үстүнөн, Калка тоодой капырды, Бала баатыр Кененим, Аңтара койуп өттү эми. Кайра айланып Кенемин, Как жүрөккө муштады, Таштан жанбас сыр найза, Кыр аркадан чыкканы. Так көтөрүп Кененим, Найзага илип ыргады. Кененим менен Калыбек - Эки дөөнү көтөрүп, Кең кулак карыш жылбады. Сокмогу менен найзасын, Аңтарылып Калыбек, Алдындагы карала ат, Бели сынган турбайбы. Калыбек башы кесилди, Ээрдинен көзөп тешилди, Өз башына күч болду, Ойрон иттин кесири. Аңгычакты дөөлөрдүн, Көп жыйналган аскерин, Айтумуштун элдерин, Баарың мында кел, деди. — Жору куйрук Кызыл алп, Акым, Шакым эки дөө, Бозчаар минген Боронбай, Карала атчан Калыбек - Ошолордун аскери, Жериңе жанып кет! — деди. Аты-тонуң силердин, Тоноп алып жүрбөйүн, Баш кишиңер жоголду, Калганыңды билбейм. Суумерген менен Сурмерген, Кырылып эли түгөнгөн, Сурмерген өлүп жоголду, Суумерген тирүү не болду? Айтумуш, Чынгыш, жакын кел, Жардам кылып силерге, Жети дөө эли бүт келген. Улуктан тогуз жам болдуң, Уруш кылып жеңем деп, Уйпаланып жоголдуң, Упурак болуп башында, Ойлобой акыл не болдуң?! Алып келгин Чыныке, Экөөңөрдү сапырбай, Жай-жайыңа койойун! Деп Семетей айтканда, Шашмалап Чынгыш муну айтат: — Арстандын уулу Семетей, Чыныкенин калыңын, Чыдап таап бере албай, Жүрүүчү эле Суумерген, Жадатып кызын алам, деп, Киши сойуп эт жеген. Үч күн болду Суумерген, Ушул жерге бир келген. Асмандап учса санаты, Балыктай сүзөт дайрадан, Балдыртан берки адаты. Чыныкенин калыңы, Мындай эле карачы. Кара деңиз аралын, Аралап жүрүп кыдырып, Барып келген кишиге, Алп кара куш дегенди, Кармап берген кишиге, Сегиз миң жыл жашаган, Чандандын башын ашаган, Башы жылан, тили адам, Белден ылдый кара таш, Жылбай жаткан Жүйрүн дөө, Башын алып келгенге, Кумар элем мен Чынгыш, Башын анын жегенге, Убадам бар меники, Ошонун баарын бүтүрсө, Чыныкени берерге. Эми эле алып кел дедиң, Анын баары жок туруп, Чыныке кандай беремин? Мейли десем, Семетей, Чыныке жок колумда, Анан кимди беремин? Суунун уулу Суумерген, Үч күн болду келди деп, Сага айтып мен бердим, Алып кетти Чыныке, Кайда кетти билбедим? Колумда жок Чыныке, Сага кимди беремин? Чынгыш мындай дегенде, Чымырканып Семетей: — Айтумуш, шаарың бошоткун, Биз барабыз ал жерге, Чыныкени издетем, Адам жетээр бар жерге? Деп Семетей айтканда, Алмамбеттин Гүлүстөн, Сурабайт акыл эч кимден, Кармап алды Чынгышты, Камчылап аны чыңыртты. Алмамбетке Жүйрүн дөө, Жасап берген тору бар, Чынгышты ага салдырды, Айтумушту жиберип, Шаарынан чатыр алдырды. Чатырды тигип үй кылып, Хан Бакайды баш кылып, Айтумушка бактырды, Алымсарык баланын, Бир колу бар, бири жок, Бир жагына жаткырды. Кыз Куйалы, Саламат, Келип калган ал кезде, Абаң Бакай, хан Семей, Алымсарык баланы, Ал экөөнө бактырды, Торго салып Чынгышты, Бир баканга астырды. Семетейдин кеби деп, Тирүү калган аскерди, Жай-жайына кайттырды, Кененимди чакырып, Кебин эми баштады: — Чыныке издеп, Кошой издеп, Суумергенди дагы издеп, Жүйрүн дөөнү табалы, Каадасын такыр бүтүрүп, Чыныкени алалы, Каадасыз алсак калың жок, Бизге опа кылабы. Деп Гүлүстөн айтканда, Кыйын эмес ушул иш, Жаш Кененим арстанга. — Абаке, кандай дедиңиз, Жарабаган кебиңиз, Мен аман-эсен турганда, Сиз да жата бериңиз. Эби келсе Таласка, Эми кете бериңиз. Каадасын хандын бүтүрүп, Калыңын берип жеткирип, Чыныкени Таласка, Алып барат иниңиз, Чоң атамдын жанына, Жүр, абаке, баралы, Алымсарык жарты жан, Хан Бакайды баш кылып, Калганды жолго салалы. Ошол жерде бар адам, Өзүң менен алты жан, Эртең менен жолго сал. Баарыңарды кетирип, Баардык ишти бүтүрүп, Кызды ээрчитип мен барам, Жүйрүн кайда, кыз кайда? Арал кайда, куш кайда? Баарын билет Чынгыш хан, Айтумушта айып жок, Өзү араң олтурган, Кыйнап туруп Чынгышты, Иштин баарын айттырам. Деп Кененим жүрү деп, Күлчоро менен Кененим, Бакай менен Семеңдин, Барып кирди үстүнө, Байатадан айткан кеп, Баарын айтып бүттү эле. Эр Семетей серпилип; — Кыйнайбыз деп Чынгышты, Чыныке издеп табыштан, Башты тартуу дуруспу? Биз кетпейбиз Таласка, Кай жүз менен барабыз, Арбагы тирүү Манаска? Чыныке колго тийбесе, Биз менен бирге жүрбөсө, Мен кетпеймин дегеле. Семетей мындай дегенде, Темир тордун тээгине, Тийип койду Гүлүстөн. Тор чеңгелдеп куурушуп, Сийдиги агып чубуруп, Мурдунан агып кан чыгып, Кетээринде жан чыгып: — Колдоор болсоң колдо! — деп, Чынгыш салды чыңырык. Муну мындай таштайлы, Кененим менен Жүйрүн дөө, Жомогунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.