Сыр найза алгын колуңа, Сыйкырлуу камчы Боронбай, Тосо чыккын жолуна, Айла кылып, амал таап, Жез камчы түшсө колуңа, Беттешип сага туралбай, Боронбай качат соңуна, Сыр найзаны Гүлүстөн, Айтып туруп берди эле, Карап калып мелтилдеп, Анан алды Кененим. Сыр найзаны Боронбай, Сырын уккан абыдан. «Кытайдан келген түгөт кул, Сыр найза берди Кененге, Жез камчыдан ажырап, Кур каламбы эми эле? Мени менен дос болгун, Жер айланган жин пери, Манас сайган сыр найза, Сыйкыр өтпөйт, деди эле. Атасынын бир көрү, Жанымды айап нетейин, Кызыл ооз жалтыр көз, Жалжылдаган Кененим, Каныңды сени ичейин!» Кудай бетин салбасын, Куйундатып Боронбай, Колундагы камчыны, Адамдан бетер сүйлөтүп, Куржулдатып Боронбай, Сыйкырдын баарын көрсөтүп, Камчыны булгап шилтесе, Коңгуросу чалынып, Доолбасы кагылып, Атышып жаткан немедей, Мылтыктын үнү жаңырып, Тоо кабышып жаңырык, Иттер үрүп ажылдап, Чөөлөр күлүп шаңкылдап, Көрүнүп көзгө элеси, Буура келет шалкылдап. Шер келатат чакчаңдап, Дөө келатат дактаңдап, Кыйан келет сел каптап, Жалын келет чок жайнап. Жалынды көккө учуруп, Шамал келет жер чаңдап, Күн күркүрөп чартылдап, Жылт-жылт этип кызыл чок, Жердин бети жаркылдап, Жети дөөнүн көп кошуун, Баарыбыз калбай өлдүк, деп, Коркуп турат калтылдап. Ал Боронбай акырып, Өзүнүн атын чакырып, Сала берди камчыны, Кененимди качырып. Манастын уулу Кененим, Кебелбейт да, кененбейт, Нечен түркүн сүр келет, Бучкагына теңебейт. Атадан калган сыр найза, Күүлөп колго алганда, Коңгуроо, доолбас, күлгөнчөө, Атылган мылтык, үргөн ит, Чамынган буура, келген шер, Жайнаган чок, жааган күн, Кайсы экени билинбей, Боронбай чапкан жез камчы, Найзага келип оролду, Сыйкыры эми не болду? Найзаны булгап тартканда, Боронбайдын колунан, Чыгып кетти жез камчы, Алда канча алыска, Ыргып кетти жез камчы. Жез камчы жерге түшкөнчө, Кошо жетти Гүлүстөн, Жердин бетин куйкалап, Жерге түшүп кеткинче, Бүлдүргөдөн найзага, Илип кетти Гүлүстөн. — Мына, уулум Кененим, Өз колуңа алгын, — деп, Барып жетти Гүлүстөн. Камчыны көрүп Кененим: — Муну менен жоо алмак, Ишенип жарак болот деп, Антип жүрүш чоң акмак! Албайм, аба, албайм, Керек болсо өзүң ал! Анда Гүлүс кеп айтат: — Боз чаар минген Боронбай, Булуттай сызып баратат, Өз камчысы өзүнө, Салбайсыңбы, Кененим! Абаң айткан акыл кеп, Албайсыңбы, Кененим! Камчыны колго албады, Боронбайдын артынан, Бурулбай жолго салганы. Өргө салып Боронбай, Өксүтүп кетип калалбай, Эңишке салып Боронбай, Эбин таап кете албай, Кандырга салып Боронбай, Качып такыр кете албай, Черге салып Боронбай, Ченебей качып дем албай, Музга салып Боронбай, Мындан айла таба албай, Сууга салып Боронбай, Суурулуп кетип калалбай, Аңга салып Боронбай, Антип айла табалбай, Так кырк күнү качыптыр, Такыр бир күн дем албай. Кайрат кылып качырып, Каңкордун уулу Кененге, Кайрылып найза салалбай, Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айланып Боронбай, Кутулаар айла таба албай, Бозчаар баспай калаарда, Кененим кармап аларда, Жер алдына түшпөсө, Башка арга жок калды, Сыйкыр менен Боронбай, Кара жерди как жарды. Жер айрылып ачылып, Боронбай кирди жашынып, Ойрон болгон Кененим, Опсуз жаман ачынып, Өчөгүшкөн душманды, Өлтүрбөй тирүү качырып, Жер алдына түшөм деп, Кеңкулага камчы уруп, Жер жарыгы бүтөт деп, Дегеле жаман шашылып, Кененимге жараша, Кеңкула сүйлөйт ашыгып: — Эр Кененим, кебимди ал, Айтканыма кулак сал, Жез камчыдан айрылды, Жер үстүнө жарыкка, Эми чыкпайт Боронбай. Эр Семетей, зор Бакай, Алымсарык агаңыз, Шер Гүлүстөн абаңды, Ошолорду караңыз. Жер алдына түшпөгүн, Ал төртөөнү эске албай, Таштап кетсең жакшыбы, Калыбекти куткарбай? Үч айлык келдиң алыска, Сен турасың түк туйбай. Кара нээт Калыбек, Калды эми мага деп, Майдан куруп жаткандыр, Чыккын бери кана деп. Дембелешип урушуп, Нөөмөт менен жулушуп, Жан калкалап тургандыр, Эске алгын аларды, Үч айчылык жол калды, Үч күндө жетип баралы. Тирүүлөй кармап алабы, Адамдан асыл Бакайга, Айабай азап салабы, Кармап алып кеткиче, Ажыратып калалы. “Кеңкула айткан акыл кеп, Кең Таластан келгемин, Куткарып аны алам деп”, Бура тартты Кененим, Кеңкула менен макул деп. Муну мындай таштайлы, Калыбекти Кененим, Сойгонунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.