← Кененим 2/4

— Карааныбыз Сурмерген, Бизге калка сен элең, Колуңуз сынган сиздики, Кокуй күн болду биздики. Ат минбестен жөө жүргөн, Дөөнү көрдүк ыраактан, Кыркты көрдүк байрактан, Желпилдетип келаткан. Мурунку кыргыз барында, Кызыл кыйан кан аккан, Эми кыргыз келип кошулса, Бир адам калбайт биз жактан, Караанын көрүп бул дөөнүн, Түңүлүп калдык биз жандан. Сурмерген айтат сөзүн шар: — Айтумуш, Чынгыш, угуп тур, Акылдан танып абдыкпай, Дайынын угуп силерден, Болду менин көөнүм жай. Айттыңар силер, мен билдим, Күчүңөргө күч кирсин, Чыккан болсо жаныңар, Уйасына түз кирсин. Канча күндөн бер жакка, Көрүнбөдү Суумерген, Абкаарып калып кыргыздан, Кабарга кетти деп жүргөм. Силер айткан жөө желген, Кызыл алппы деп билем. Жору куйрук Кызыл алп, Жолукканды соо кылбас. Алдынан тосо барыңар, Кырылган аскер биздики, Кырган киши тиги, деп, Көрсөтүп койуп кыргызды, Кайра артыңа жаныңар. Сурмерген айткан акыл, деп, Айтумуш, Чынгыш жөнөдү, Жарыша койуп макул деп. Келе жаткан чоң дөөгө, Жакын жетти жарашып, Аттан түшө калышып, Салам кылды майышып. Саламга алик албады, Баштады чочко калбаны, Айтумуш менен Чынгышты, Катарынан кармады: — Сен болосуң ким? деди, Жору куйрук Кызыл алп, Мен боломун бил! — деди. Айтумуш, Чынгыш чыркырап, Ошондо ыйлап жиберди: — Кырылган аскер биздики, Кырган кыргыз тетиги! Ачык угуп Кызыл алп, Аскерин түшүп жат, деди, — Эртең менен таң ата, Барабанды как! деди. Айтумуш, Чынгыш, Сурмерген, Жалгыз менин жээрим, Токсон доңуз тап! — деди. Мына бу келген кырк миңге, Жүз кишиге бирден төө, Сойуп берип бак! — деди. Бекерге эмес сойгон төө, Кыргызды алам кыйратып, Бир төөгө үчтөн ат, — деди, Бербей койор чама жок, Баарысына куп деди. Айтумуш, Чынгыш чапкылап, Коржоңдотуп төө айдап, Төөгө кошуп доңузун, Коркулдатып жөө айдап, Келип турду алдына, Башын салып кол байлап, Алып келген тартуусун, Жалмады койбой баарысын. — Айтумуш, Чынгыш, кайт, — деди. Үйүңө барып жат, — деди, Кыргыздын аты бош калат, Олжо жыйнап чап, — деди. Элден чыгып күдүңдөп: «Кыргызды алып болгунча, Жеп болобу бизди, — деп, Сойушуна бир күндүк, Токсон доңуз, төрт жүз төө, Кана бергин тап десе, Суумерген менен Сурмерген, Эки күндө бир киши, Алып келгин бас десе, Бизден сыйкыр качканбы, Ойлоп көрсөк бул кезде. Дагы төртөө келет дейт, Эмине дейт ал келсе?» Сар-санаа болуп салбырап, Суу болгондой шалбырап, Эки дөө кайтты үйүнө, Ит талаган кишидей, Этегин жыйбай далбырап. Кызыл алп жатты ал түнү, Төө менен доңуз сойуп жеп, Чыланып майга малмырап. Аңгыча сүрүп таң атты, Кызыл алптын кошууну, Кернейлерин чуулатты. Кернейдин үнү бапылдап, Сурнайдын үнү шакылдап, Аттангын деп аскерди, Айтылып чыкты чакылдап, Кызыл алптын аскери, Кыргызга келди жакындап. Абаң Бакай кеп айтат, Элге акыл эп айтат: — Көрдүңөрбү балдарым, Тетиги душман келатат, Кетүүчүдөй көрүнөт, Агызып кыйан сел каптап. Амал кылып урушуш, Абалтан бери калган иш, Канча күндөн бер жакка, Сурмерген менен уруштук, Аз да болсок кыргыздар, Ага кылдык туруштук, Ушул бүгүн ойлосом, Арзан эмес бул жумуш. Өткөн күнү кечинде, Жерде жылган тоо келди, Ийип белин жыккысыз, Ийилбей турган зоо келди, Агызып кетип калбасын, Азыраак кыргыз биз элди. Карап тура бербейли, Каршы келген душмандын, Эдебин колго берели, Байрак тиктеп туу жайгын, Басалы элдин чуулганын. Эрекче душман көрүнөт, Эсим эки бөлүнөт, Элебесек душманды, Каныбыз эми төгүлөт. Келе жаткан черүүдөн, Эбегейсиз зор көрдүм, Башына адам чыгалгыс, Опсуз бийик тоо көрдүм. Жатпагыла, тургула, Аттангыла, болгула! Бакайдан буйрук алыптыр, Аттанып жолго салыптыр, Кызыл желек туу сайып, Душманды тосуп калыптыр. Маңдайдагы душмандан, Бөлүнүп чыкты бир адам, Капкалуу коргон көрүнөт, Карааны башка бул адам. Салмагынан жер солкуйт, Тиктесе көзү көл толкуйт, Каш-кирпиги бадалдай, Колунда жарак деги жок, Келе жатат тайманбай. Алымсарык далдаңдап, Абакеси Бакайдан, Нөөмөт сурап калдаңдап: Мен чыгайын жекеге, Келе жаткан айбанды, Келтирбейли бу элге. Туурда куштай кагынып, Туралбай Сарык чамынып, Ок өтпөскө жасалган, Олпок тонун жамынып, Хан Бакайдан бата алып, Ак калпак кыргыз алаштан, Алымсарык аттанып, Тоо экен деп жазганбай, Чоң экен деп апкаарбай, Манастап айтып бакырып, Ураанын айтып чакырып, Күүлөп найза сундуруп, Күркүрөгөн үн чыгып, Учунан жалын сүр чыгып, Өөдө жакка бой жетпейт, Как киндиктин тушу, деп, Жарылып кетсе өлбөйбү, Табарсыгы ушу деп, Таамай муштап өттү эми. Өткүр найза бөрү тил, Терисине тийгенде, Ташка тийген немедей, Кайра каңгып кетти эми, «Кара боорго өтпөдү, Кара санга өтөрбү?» Кайра айланып муштады, Төрт эли өтүп такалды, Өтпөй найза какалды. Терисин бүтүн тешпеген, Сулп этине жетпеген, Оң айланып бир сайды, Сол айланып бир сайды, Беш катар сайып өткөндө, Аркасына кылчайды. Ачып колун сермеди, Сермегенде Кызыл алп, Колуна Сарык келгени. — Мыкты кишиң ушубу? Мына, кыргыз, ал! — деди, Ыргытып аны жиберди. Сарык келет калдаңдап, Этек-жеңи далбаңдап, Жерге түшсө өлөт, деп, Көргүлүгүн көрөт, деп, Арстан Гүлүс алаңдап, Алдыңдагы Сур койон Чабына батпай жалаңдап, Алымсарык балбанды, Түшүрбөй кармап алганы. Кызыл алыптын көп колу, Айтумуш, Чынгыш зорлору: “Алда кандай эрдир? — деп, Бир кишини алмадай Кармап алды тиги, — деп, Тийип калса колуна, Тим эле бизди жеди” — деп, Дүркүрөшүп калышты. Жооп алып Саламат, Кызыл алтын башына, Саламын деп алаамат, Кер ат менен чу койуп, Темирден найза койкойуп, Карандуу көзгө көрүнөт, Эр Саламат болкойуп. Бурулган жерде камчы уруп, Төөдөй болгон чоң дөөгө, Капталынан найза уруп, Жин ургандай бакырып, Манастын атын чакырып, Дагы тийди Саламат, Такыр колтук көбүккө - Өпкөсүнө найза уруп. Манастын атын укканда, Тиктеди капыр акыйып, Чанагынан чыкчуудай, Эки көзү чакыйып. Муштап өтө бергенде, Мүргүй түшүп оңолуп, Алп атына ээ болуп. Мүргүбөгөн чоң болуп, Жан жагына карады, Көлөкөсү чоңураак, Бир дарактын карааны, Кармады чочко сабынан, Сууруп алды чынарды, Кыл суургандай камырдан, Манас деген кепти угуп, Ачууланып абыдан. Кайра айланып Саламат, Капталга найза сайганда, Чынарды булгап ийди анда. Салаа-салаа бутагы, Бир бутактын жоондугу, Жетпеген адам кучагы. Күүсү тийбей чынардын, Күчү тийген болуучу, Аркан бойу чынардын, Учу тийген болучу, Чоң чынар тийсе кишиге, Качан жакшы болучу? Аты менен Саламат, Учуп кетти каргадай, Капталдап барып жыгылып, Топого башы тыгылып, Талаа-талаа тилинип, Куйканын каны чубуруп, Кабыргасы кабышып, Сынып кетип төрт-бешөө, Өпкөсүнө жабышып, Эки имерип чаптырбай, Куйалы кетти чабышып. Талаада жаткан Саламат, Чатырга алып барышып, Жарага дары чабышып, Кажыр өтүн табышып, Киши кетпей жанынан, Күндөп түндөп багышып, Эс алганда Саламат, Кыймылдаса козголуп, Кабыргасы кылтылдап, Чынар тийген капталы, Такыр баары кыйчылдап, Колу-буту бүт сынык, Өөдө болбой шылкылдап, Алты күнү жай жатты, Сакайып кел барып, деп, Кошуп берип он эрди, Өз элине узатты. Кантип жатат Куйалы, Эми андан кабар угалы. Арыбы көп кыз балбан, Алты күнү салышып, Арып-талып калбаган. Арбын салды урушту, Арзан эмес жумуш бу, Оңой эмес кыз балбан, Алты күнү турушту.