← Кененим 1/4

Кызыл алптын кыргыны

Кара жанга күч келип, Калбай эли бүт келип, Жетимиш миң эл өлүп, Кырылып кетти түгөнүп. Күн батышта жети дөө - Эки мерген, эки дөө, Кабар укпай жай жаткан, Жана дагы бар бешөө. Жору куйрук Кызыл алп, Берки жаккы четинде, Суунун уулу Суумерген, Кызыл алпка жетти эле, Алдына барып кире албай, Чын айласы кетти эле. Кордук коргон Суумерген, Айал-үйөл кылалбай, Намысты таштап уйалбай, Саадагын салып мойнуна, Жөөлөп басып кирди эле. Бели ийилип бүгүлүп, Бирден басып жүгүнүп, Кайран бели бүгүлүп, Катындарча жүгүнүп, Каадасы менен турду эле. — Эминеге келдиң? — деп, Жору куйрук Кызыл алп, Жолу каткыр сурады. Келгендин жайын сураса, Жожурап байкуш турабы: — Айтумуштун элинде, Чынгыш хандын үйүндө, Чыныке сулуу кызы бар. Чынгыштан кызды сурадым, Калыңына миң киши, Алмак болду Чынгыш хан. Аркайдан киши жыйнадым, Алып келип бергемин, Ким экенин билбедим. Күн чыгыштын элинен, Качып кетти беш киши, Семетей деген эр экен, Кыргыз деген эл экен, Арыз-абалын айтыптыр, Андан кийин кайтыптыр. Санын миңге толтуруп, Эрикпей жүрүп олтуруп, Келген экен бул жерге, Элчи келди биздерге, Жарашарга болбодук, Урушар жерди болжодук, Жетимиш миң колумду, Алып бардым топтотуп, Айтумуш, Чынгыш чыгыптыр, Колун жыйнап колбултуп, Көздү ачып жумгуча, Алабыз деп ойлодук, Алмак турсун кыргыздан, Баарыбыз кыйрап сойлодук. Баатырдан өлдү кырк алты, Сурмерген менен Суумерген, Өлүмчө болуп жан калды. Күн батышта сен туруп, Сени ээрчип мен туруп, Акым, Шакым - эки дөө, Ага - ини тең туруп, Боз чаар минген Боронбай, Калыбектей эр туруп, Айтумуш, Чынгыш - эки улук, Сурмерген менен Суумерген, Калабызбы журтта улуп?! Калка болуп барып кел, Чынгыштын кызы Чыныке, Сулууну мага алып бер. Арманыма кулак сал, Баарысынан бир шумдук, Курушат куйкам мен угуп, Атасы Манас барыптыр, Бейжинге кыргыз чубуртуп, Кытайга колун салыптыр, Кыздарын олжо алыптыр; Ооганга бүлүк салыптыр, Баш көтөрөр жан койбой, Ат жетээр жерге барыптыр; Эки жолу сага кол салган, Сарыбайды сойуптур, Коркконунан кыз балбан, Кыргызга олжо болуптур, Мени алганда сени алат, Күн батышта жети дөө, Баарыбызды тең алат, Кытайды мурун алыптыр, Кылымда мындан ким калат? Жору куйрук, Кызыл алп, Сөздүн жайын угуптур, Сойлотойун баарын, деп, Кырк миң аскер жыйыптыр, Ат көтөрбөй өзү жөө, Үркөрдөй болуп жылыптыр. Келе берсин Кызыл алп, Суумергенден угуптур, Соолуп калган түгөнгүр, Изин башка буруптур. Акым, Шакым дөөлөргө, Баштан айак калтырбай, Кызыл алпка айткан кеп, Баарын айта калыптыр, Ага - ини эки дөө, Алтымыш миң кол менен, Алар да жолго салыптыр. Арамзада Суумерген, Боронбайга жолугуп, Булкулдап ыйлап соолугуп, Болгон кепти бүт айтып, Апыртма кошуп күч айтып, Жалган жерин чын кылып, Кичинесин чоң кылып, Боронбай болгон кепти угуп, Бу дагы жүрдү оолугуп, Кырк миң колун жардатып, Топуракты чаңдатып. Ишенгени жез камчы, Таштан кайтпас тез камчы, Пери менен дос болуп, Белекке алып кош болуп, Беттешкенин жоготуп, Боронбай жүрчү оштонуп. Кишиден кыйар Суумерген, Кылчаңдабай бу мерген, Дайрага келсе суу кечпей, Тоого келсе бел ашпай, Сыйкыры артык балакет, Жанына батып ала кет, Калыбекке келди эми, Камчысын салып мойнуна, Ханга салам берди эми. Алик алды Калыбек, Баарыдан жаман кара нээт, Калыбек менен кез болуп, Тирүү калуу кыйын кеп. Мелтиреген Калыбек, Көк мейкин зоодой зымылдап, Аш кайнамча кеп кылбайт, Кеп кылса да түз кылбайт: — Суунун уулу Суумерген, Чыныкени алдыңбы? Чын сулууга кандыңбы? Кишиден калың берем деп, Далайдын жашын алдыңбы? Айтумуш менен Чынгышка, Айабай мүшкүл салдыңбы?! Арамзада Суумерген, Өлүмүн санап бой берген, Айткан кеби бул экен: — Алдыңа келдим, Калыбек, Бүгүнкү бизге канимет, Эртеңки ишти ким билет? Семетей келди бизди деп, Беттешип чыгып кыргызга, Көзүмдүн жашы себелеп, Күн чыгышты алыптыр, Бүткүл баарын тебелеп, Атыңарды чыгарсам, Сүйлөндү мени жемелеп. Айтумуш, Чынгыш куурулду, Шайтан көлдүн талаасы, Кызыл канга жуурулду, Айтып кантип түгөтөм, Баатыр сага муңумду! Кыргыздын пейли бузулду, Кең дүйнө бизге кысылды, Аламын деп айтпады, Кармап сойду кысырды, Алдыңызга келгемин, Мен айткалы ушуну. Жору куйрук алп укту, Акым, Шакым дөө укту, Бозчаар минген Боронбай, Жолдо учурап бул укту, Баары калбай кыргызга, Барабыз деп оолукту. Айтып болуп Суумерген, Ыйлап ийип соолукту. — Ыйлабагын, арам ит, Баатыр болбой жерге кир, Семетей дедиң билбедим, Кыргыз дедиң сүрдөдүң, Түшүндүрүп жакшыраак, Мага толук сүйлөгүн. Кобо кылып Суумерген, Тоңкобаш атып тогуздап, Көзүнөн жашы тамчылап, Өкүрүп атып солуктап: — Сүйлө дедиң сүйлөйүн, Мурун сүйлөп бергенге, Айбатыңан сүрдөдүм, Жандан тойуп түңүлүп, Алдыңызга киргемин. Мында келген Семетей, Кыргыз элдин ханы экен, Семетейдин атасы, Манас деген зал экен. Күн чыгышта каханга, Күчүрөгөн жер толуп, Күллү кытай калкына, Жазганбастан барган дейт, Ата Бейжин калаасын, Аз күн да болсо алган дейт, Ага бүлүк салган дейт. Ташкент, Кокон, Маргалаң, Кашкар, Котен, Кешмирди, Көз каранды кылган дейт, Түндүктөгү Каңгайды, Түп көтөрө алган дейт, Урумдагы Орусхан, Баштагы өткөн хандардан, Будагы кыргыз уругу, Манас менен бир тууган. Ошондуктан урумдук, Уйпаланбай тынч калган. Өлгөн Манас тууралуу, Уккан кабар ушунча. Манастын уулу Семетей, Кийин чыккан эрлерди, Түк койбоптур кенедей, Эми мында келиптир, Өзүңүздү баш кылып, Бучкагына теңебей, Бендеби деп бейлебей, Адамбы деп элебей, Аскери көп немедей, Тоотпой жатат ченебей… Деген жерге келгенде, Кара көңүл Калыбек, Кара көк тартып түрдөнүп, Суумергенге сүйлөнүп: — Аскеримди кырды деп, Келесиң мында сүйрөлүп! Жоору куйрук Кызыл алп, Акым, Шакым эки дөө, Бозчаар минген Боронбай, Не келбейсиң түз мында, Аларга айтып угузбай?! Бачымыраак жолго сал, Бадырайып отурбай! Алдында алар барбасын, Ажыдаарга беттешип, Балакетке калбасын, Барып айтып токтоткун, Бекерче өлүп албасын. Такыр калбай кырылса, Эсебин алчу мен бармын, Мен эсебин алгынча, Күн батыш эли азыраак, Түгөнүп булар калбасын. Сен жеткинче түз барып, Кырылганы өзүнө, Менин кебим укпастан, Катылышса кыргызга, Көрүнбөсүн көзүмө, Каңгыраган кыргыздын, Көрүнөйүн көзүнө! Кыргыз эмес кылымда, Тең эмес бенде өзүмө. Алтымыш миң кол алам, Аттанып мен да жол салам! Деп күүлөнүп Калыбек, Суумергенди узатты, Бир сындырым нан бербей, Бир пийала чай бербей, Отураар орун - жай бербей. Калыбектен кутулуп, Суумерген кетти жутунуп: «Калыбек барса кыргыздын, Бирин койбой кырат, — деп, Ишим менин оң экен, Төртөө барса чогулуп, Кыргызга бүткөн шор экен.» Кабар уккан Кызыл дөө, Ат көтөрбөй өзү жөө, Арада канча жол басып, Уктабастан мол басып, Жетип келди Кызыл алп, Кыргын - чууга улашып. Эки мерген аскерди, Ээси жоктой өлгөн көп, Беттешкенин кыйратып, Белдүүдөн жаткан кара көк. Күн жайылган мезгилде, Кызыл алп жете келди эле, Айтумуш, Чынгыш караса, Жайнаган аскер көп келди, Жалындап күйгөн өрт келди, Жерде жылган тоо келди, Зоңкойгон бийик зоо келди, Мурун булар көрбөгөн, Ким экенин билбеди. Айтумуш, Чынгыш ашыгып, Кыргызга келген элби деп, Кыймыл этер жан калбай, Кыбыратпай жеди, деп, Сурмергендин алдына, Кирип барды энтелеп, Коркконунан айталбай, Алсырашып темтелеп: