← Кененим 3/6

Айтумушту чакыртып, Чогулуп алып окушту, Кат маанисин билишип, Семетей жазган кат экен, Эки түрдүү шарт экен: “Кабар уктум чыгышта, Кармап сойуп жепсиңер, Киши келсе батышка. Канчаны сойуп жедиңер? Кишинин санын ачык бер. Адамдын этин адам жеш - Адам кылаар иш эмес. Жөөлүптүрсүң, Суумерген, Жаш кызды мага бергин, деп, Талашка түшкөн кызды бер, Киши сойуп жебеске, Башыңды басып катты бер, Чыдабасаң берерге, Кагылышаар жерге кел. Эдебиңди беремин, Эсебин элдин аламын, Эбиңди сенин табамын, Айтумуш, Чынгыш, Суумерген, Эки түрдүү шарт ушул, Жооп аламын силерден!” Кат маанисин угушуп, Кан төгүшмөк болушту, Карсылдашып урушуп, Айрылышты бул үчөө, Кеңеш кебин кылышып, Дайардык көрмөк болушту, Аскерлерин жыйышып. Суумерген кетти элине, Алты күндө келүүгө, Акимсинген кыргыздын, Эдебин колго берүүгө. Коркуп турду кыргыздар, Чынгыш менен Суумерген, Кобурашты ушулар. Кужулдашып кеңешти, Кетирмекчи кеңеши, Эсине алып ушулар, “Элчиге өлүм жок” деген, Жер бетинде бар кепти. Кагазга жазып кат берди, Айалдабай бат берди, Турна баштап бешөөнү, Эми элиңе кайт деди, Нишарат менен билгизип, Үстүнө кийим кийгизип, Алдында жаман коркуту, Ыштанына сийгизип. Жандырды эми буларды, Хандыгын Чынгыш билгизип. Муну койо туралы, Эмки болор сөздөрдү, Семетейден угалы. Элчиге Турна кетиптир, Эми эр Семетей нетиптир, Баш билгичин жыйнатып, Кеңеш кыла кетиптир. Эр Семетей кеп баштап, Кеп баштаса деп баштап: — Элчиге кетти эр Турна, Өлөмүн деп көз жаштап. Элчиден Турна келет деп, Айтумуш жооп берет деп, Жата бериш кайсы кеп? Эртеңден калбай басалы, Белес-белди ашалы, Айтумуштун шаарына, Жакын барып жаталы. Кепке келсе Айтумуш, Эп келген ишти көрөлү, Сетиркесе Айтумуш, Серпишип күчүн көрөлү, Эртең күнгө ишенби, Айтумушка жөнөйлү. Жандырган болсо Турнаны, Жолдон таап алалы, Орго салып таштаса, Ордон таап алалы, Матаган болсо кишендеп, Колдон таап алалы. Жаңыдан эми куралган, Жаңы келген эл экен, “Элчиге өлүм жок” эле, Элдин шартын билеби? Элчини сыйлап узатыш, Хандын шартын билеби? Эчтеме билбей коржоңдоп, Кокус кыйнап ийеби, Камынгыла, жүрөлү. Семетейден кеп келди, Абаң бакай баш болуп, Баарысына эп келди. Эртелеп атка миништи, Эңтеңдеп жолго киришти. Көк ала Майдан жайык төр, Көгөрүп жаткан жерди көр, Жалоондой болгон жаш балдар, Адырда толгон аркарлар, Аркары ала түрдөнүп, Жарыша койуп жүр дешип, Жандоодон атып төрт-бештен, Өзөн ылдый сүйрөшүп, Бугусун атып жыгышып, Муңдан мунтип чыгышып, Өөгүнөн тилип төрт эли, Толгоп чылбыр кылышып, Айтумуштун шаарына, Эки күндүк калганда, Беш киши чыкты бир жайдан. Жакындашып таанышса, Эр Семетей баатырдын, Элчиси менен колу экен, Көрүшө келген жерине, Ошол жерге кончу экен. Башка жакка барбаган, Башкадан кабар албаган, Бажырап Турна кеп салып, Кагазын алды калдайып, Хан абаңа деп салып. Кагазын алып караса: “Айтумуш, Чынгыш - биз, — деди, Арзандык менен жөн эле, Баш бербейбиз биз, — деди. Келиптирсиң сен эле, Кетип калгың тим эле. Акыл ошол силерге, Суумерген бар биздерде, Кара жерди нымдатып, Каның тамбайт деги эле. Бул жерге киши келе албайт, Келген менен бул жерге, Кайтып үйүн көрө албайт. Семетей деген сен болсоң, Кыргыз деген эл болсоң, Жериңен азып не келдиң? Чеги сенин келгениң. Жөн эле кайтып кетип кал, Келип кетти дебеймин, Орто Азийа жерденсиң, Ошондогу элденсиң, Этиң толук, каның көп, Калтырбай сойуп бүт жеймин. Жемирсең мөрөй сеники, Жеңилип калсаң кокустан, Жедим тамак меники. Кармашсаң каның ичемин, Катышпай кетсең кантесиң, Кагышып калсаң тим албай, Капканыма түшөсүң. Кагышаар болсоң кел бери, Кенебеймин мен сени, Бучкагыма дегеле, Теңебеймин мен сени. Шаарымдын келип жанына, Жайылтып тууну жайалсаң, Жабылып чыгам шаар жактан. Мойнуңа сенин, Семетей, Эл кырылып кан аккан. Ат арытып жол басып, Азык түгөп өң азып, Эмгек тартып не келдиң? Кыргыздарда чоң жазык.” Катын көрүп Семетей, Айтумуш менен Чынгышты, Бучкагына теңебей, Бендеби деп бийлебей, Адамбы деп элебей, Эртең менен болгондо, Убада шарты чын болсо, Шаарынан чубап чыксын, деп, Көкжал төрө Манастын, Айчыгы алтын кызыл туу, Ашкере сайды Семетей. Айтумуштун элдери, Жесекчиси келгени, Келип кабар бергени: — Кызыл желек туу сайды, Азыраак турат карааны, Айбатуу турат адамы, Деп барышты сакчылар. Сакчыдан хандар кеп угуп, Суумерген турду оолугуп: — Жалгыз башым барайын, Бабыраган кыргыздын, Башына балаа салайын, Кошун айдап, кол чайкап, Коркконсуп кантип калайын! Чынгыш анда кеп айтат: — Ой, Суумерген, — деп айтат, “Эр ойлосоң өзүңдү, Шер ойло, — дейт, - кишини.” Сен өзүңдү эр билсең, Шер билгиниң кыргызды, Жалгыз барам дегениң, Жарабаган бир иш бу. Жаныңда караан жок барсаң, Өзүңө калат жаман ат, Жетимиш миң кол алгын, Жер жайнап турсун сагаалап. Үч күн көчө чыкпасаң, Ат салат кыргыз сабаалап. Сен элиңе барып кел, Жетимиш миң аскериң, Жер майышсын алып кел. Жети күндө жетип кел, Сен мында кайтып келгиче, Чыгып турсун биздин эл. Бизде далай баатыр бар, Жалгыз эле менмин дээр, Аларды сынап туралы, Андан кийин байкайбыз, Кандай болсо тыйагы. Суумергенди узатып, Айтумуш элин чубатты, Айтумуш эли дүркүрөп, Аттанып чыкты күркүрөп, Нечен дөө чыкты шаардан, Теректей бойу сүлкүлдөп. Он эки миң кол чыкты, Айтумуш, Чынгыш зор чыкты, Тууларын тиктеп сайышты, Өйүз-бүйүз аскерди, Сапка тизип салышты. Айтумуштун жагынан, Бир атчан чыкты акырып, Айтумуштап чакырып, Дегеле катуу келатат, Тозогун көккө сапырып. Келаткан жанды караса, Жолум үйдөй башы бар, Үйгөн чөпкө түнөгөн, Жолбун иттей кашы бар, Буурсундай болгон колу бар, Орто чынар бойу бар, Чогулган элдин баарысын, Оп тартчуудай ойу бар. Колуна найза кармаган, Барлык күчүн арнаган, Атак алган неме эле, Таамай он күн чабышса, Талыккансып калбаган. Каапырдын көрүп караанын, Алымсарык суранды, Хан Бакайдан барарын. — Баргын балам бар, — деди, Бабаң Манас арбагы, Болсун сага жар, — деди. Алымсарык чын арстан, Бата алып Бакайдан, Аттанып чыкты буйактан. Айтумуш эли таңданды, Тоодой болгон дөбөткө, Томуктай бала чыкты, деп. Бир кармаса жан чыгат, Оозуна салып жебейби, Мындан кайдан хан чыгат? Тоодой болгон чоң дөбөт, Тоо жылгандай сүлкүлдөп, Салмагына чыдабай, Жер козголуп дүңкүлдөп, Токтобогон ойнок жар, Тоо көчкөндөй калдырап, Адам тилин билбеген, Кара нээт бул айбан, Өзүнчө сүйлөп күңкүлдөп, Күңгүрөнүп күбүрөп, Кирген суудай күжүлдөп, Кирип келди майданга, Туура тартып маңдайда. Аңгычакты болбоду, Алымсарык жаш арстан, Алдынан чыгып торгоду. Жаш баланы көргөндө, Жагалданып түрлөнүп, Жан алуучу периште - Азырейил сүрдөнүп, Молодой мурду коройуп, Ородой көзү олойуп, Чынардай колу арбаңдап, Алдында минген кара төө, Төрт айагы тарбаңдап, Кармап оозго салам деп, Чоң дөбөт келет дардаңдап. Айтумуш, Чынгыш элдери, Кыргыздын жайын билеби? Көздөрүнө көрүнөт, Чоң дөбөттүн билеги. Качырып келди найзаны, Алып көнгөн чоң дөбөт, Мындан мурун канчаны. Алымсарык жаш арстан, Кагып ийип найзасын, Кый сүбөөдөн бир сайды. Жаш арстан сайган оңобу, Кара төөдөн дардайып, Томолонуп жоголду.