Кернейдин үнүн укканда, Барабан үнү чыкканда, Абаң Бакай кары айтат, Элге акыл дал айтат: — Хан Семетей, Гүлүстөн, Кабар алдым бир иштен, Караңгы кирген күүгүмдө, Керней-сурнай койулду, Барабан үнү угулуп, Жердин бети солкулдап, Дүбүртү аттын чубурду. Намысы жок Айтумуш, Бир арыпты кылды бейм. «Тегеректеп баралы, Азганакей кыргызга, Айабай кыргын салалы» Деген ойдо бар белем. Көп көргөмүн мындайды, Мындай карап турбайлы. Тилимди ал калганың, Ар чатырдын жанына, Каракчыдан жасагын, Айтумуштун элинин, Өзүнө кылгын мазагын. Атка минип калганың, Адырга карай чубагын. Мен барайын эл менен, Тентектик кылыш анча эмес, Тебилип аккан сел менен. Семетей менен Гүлүстөн, Саламат менен Куйалы, Алымсарык арстаным, Калгыла чатыр ичинде. Барабан ур он колдоп, Тегеректеп келгенде, Текши баарың тийгиле, Намысы жок иттердин, Кара боорун тилгиле. Баш кишиси ким экен, Байкап кармап алгыла. Таң атар мезгил болгондо, Биз чыгалы аркадан, Айла кылып амал таап, Качырбайлы бир адам. Сурмерген болду жаралуу, Суумерген чарчап жадады, Айтумуш, Чынгыш биригип, Бизге чыга алабы. Хан Бакайдан кеп келди, Кеңеши элге эп келди. Миң кишинин баарысы, Бирден караан жасады, Адамдан артык, кеми жок, Кооп турган карааны. Абаң Бакай баш болуп, Миң киши адыр барганы, Хан Семетей аз болуп, Беш киши мында калганы. Аңгычакты болбоду, Тайталаң кеби акыл, деп, Кайыл болуп макул, деп, Алыстан келген кыргызды, Кыйраталы такыр, деп, Жетимиш миң кол жүрдү, Жер майышып мол жүрдү, Тайталаңы баш болуп, Отуз тогуз зор жүрдү. Жазылып колу жыйылды, Ортодо кыргыз калды, деп, Ат койушуп жабылды. Отуз тогуз - алпы көп, Жүргөн жери кызыл өрт, Өрөйт-бөрөйт дегенсийт, Анын тилин ким билсин. Чатырлардын жанында, Чалкалаган каракчы, Курчап келип айланып, Каракчыны кармашты. Тайталаң буйруп ийиптир. Ат койуп аскер тийиптир. Чатырга кирип келгенде, Чатырдагы беш киши, Жалпы тийбей бир иши, Алымсарык ат койуп, Доолбасты карс койуп, Мылтык алып тарс койуп, Манастап ураан чакырып, Манастын атын укканда, Баарысы калды шашылып. Минген атын чуратып, Бет келгенин сулатып, Калың жерин аралап. Алы канча, чамалап, Беттеше албай нечени, Качып барат сабалап. Тайталаң баштап чоңдору, Аркасын тосуп камалап, Бир кишини чыгарбай, Кыйратам деп санашат. Балбандары калар, деп, Таң атканда аларды, Мыдыратпай алам, деп, Кызык акыл тапкансып, Тайталаң турат дембелеп. Алымсарык арстаның, Беттешкенин кулатып, Беш - алтыдан сулатып, Кыйрынан тийип кыйратып, Кырылган койдой жуушатып, Анда-санда бакырып, Манастын атын чакырып, Манастын атын укканда, Тайталаң баштап аптыгып, Калың жерин суйултуп, Кылычтан канын чубуртуп, Жерде жаткан топурак, Кызыл канга жуурултуп, Албарс менен кайсалап, Арбын жерин талкалап, Беттеп бешөөн бир сайып, Бели сынып жаткан көп, Тиши чыгып ырсайып. Аркасын карай алышпай, Коркуп жүрөк кылчайып, Тайталаң бизди кырды, деп, Кара аскерлер муңканып, Ажал тартып, кан катып, Суу ойлошуп тамшанып, Алымсарык кырыптыр, Жалгыз жүрүп чаң салып. Арамзада Тайталаң, Жалгыз эрдин үнү, деп, Бир кишиден башкасы, Түгөл кыргыз өлдү, деп, Ордосуна кирем, деп, Өзүм барып келем, деп, Кандайлыгын билем, деп, Желип келет элеңдеп. Пили менен томпойуп, Куйругу кыска чолтойуп, Оройу суук доңуздун, Өтө башка дордойуп, Салаңдап мурду ормойуп, Бети калың томтогой, Орто бойлуу кортогой, Эки эмчеги баладай, Булчуң этин карасаң, Кысыр эмди танадай, Эки бети талаадай, Эки көздүн ортосу, Чөп ташыган чанадай. Аргамжыдай чачы бар, Өңкөргөн койдой кашы бар, Чечилбей калган ээси жок, Жолум үйдөй башы бар. Түн ичинде чатырга, Кирип келди күдүңдөп, Кызарып көзү күүгүмдөп. Алымсарык алдынан, Тосуп чыкты: - сен ким?! — деп, — Тааныбасаң менмин, — деп, Тайталаң өзүм келдим, — деп, Калганың качып сен калдың, Алыңарды билдим, — деп. Алымсарык кеп айтат: — Айбан, доңуз! — деп айтат. Кыргыз качпайт кыргындан, Кылымга дайын мурунтан. Уйатсыз сендей болобу, Уктабай элге чуу салган?! Биздин эрлер чатырда, Сенин мындай ишиңе, Сунган бутун тартпаган. Мыкты болсоң кел бери, Белиңди бүктөп, баш кесип, Бүтүрөйүн ишиңди, Андан кийин жалмайын, Аркаңда калган итиңди! Сарыктын айткан кебине, Таталаң ичи ачынды, Карбаластап карпаңдап, Найза менен качырды. Тайталаңга сайдырса, Оңой олтоң эр эмес, Оңойлук менен адамга, Омурулар бел эмес. Бет келишти бул экөө, Жаш Сарыктын артында, Карап турган бар төртөө. Качырып сайды Тайталаң, Кагып ийди найзасын, Адис болгон жаш арстан. Ураандарын айтышып, Аттарын бура тартышып, Балтаны колго алышып, Маңдайлашып чабышып, Колтуктарын чойушуп, Койгулашты бир далай. Алымсарык жадады, Тоодой болгон чочконун, Ыдыгына чыдабай, Эр Саламат ат койду, Айал кылып туралбай. Эр Саламат, Тайталаң, Салышып кирди кайтадан, Тамтыгы калбай жоголду, Качырышкан найзадан. Кыз Куйалы, Гүлүстөн, Өлүп кетти канча адам. Алты имерип сайышып, Тоодой болгон Тайталаң, Саламатты качырган. Кыз Куйалы капташты, Тайталаңдын ойунда, Өлбөсө кайра качпасты. Чойун баштар колунда, Алы келсе бир - бирин, Өлтүрүш бар ойунда. Куйалыны качырды, Таңга жакын калганда, Гүлүстөн калган аркада, Абаң Семей бет келди, Куйалынын артынан, Тайталаң бура тартканда. Каарданган хан Семей, Кайраты артык бар Семең, Тайталаң шорун катырды, Бир чабуудан чыгарбай, Кара жерге батырды. Калган отуз сегизи, Бири калбай жабылды, Акимсинген иттерге, Бекер өлүм табылды. Кыраан Семей абакең, Кылычты кармап сабынан, Сууруп алды кабынан, Ону өлдү дым тартпай, Отуз сегиз жабылган. Сезип калып Гүлүстөн, Бу дагы кирди бир четтен, Эки баатыр бет келсе, Кутулуп мындан ким кеткен?! Ана-мына дегиче, Айта-буйта кылганча, Баарын койбой жалмады. Аңгычакты болбоду, Таң кылайып агарды, Абаң Семей, шер Гүлүс, Кыз Куйалы, Саламат, Алымсарык жаш арстан, Аралап кирди камалды, Адырда абаң хан Бакай, Абыдан алды кабарды. Тышка киши чыгарбай, Кыргыз келип камады. Күн кызарган маалда, Жетимиш миң кишиден, Миңче киши калганы, Аскерин көрүп туралбай, Суумерген жетип барганы, Тосо чыкты алдынан, Кыргыздын Гүлүс балбаны. Эки күнү салышты, Эрикпестен калбаны, Суумергендин ошондо, Былк этер шайы калбады. Арам ойду ойлонду, Аркасына толгонду, Эбин таап жаздырып, Эми качып чу койду. Аркасынан Гүлүстөн, Суркойон менен созулуп, Качкан менен куугандын, Аркасынан чыккан чаң, Ободоку булутка, Бурулбай барып кошулуп. Карыган Бакай бакырып, Гүлчоролоп чакырып: — Качкан жоону куучу эмес, Кылычын канга жуучу эмес, Бүгүн эмес ошол иш, Мурунтан бери бар кеңеш! Карыйадан кеп угуп, Кеп укканда жеме угуп, Эр Гүлчоро жолборсуң, Кайтып тартты бурулуп, Жетимиш миң кишиден, Беш жүзчөсү калыптыр, Бөлүнүп чыкты чубуруп. Өлгөн адам жер толуп, Аккан канга сай толуп, Адырга жылкы-ат толуп, Кузгун чукуп көз ойуп, Киши этине жабылып, Учарлыктан тынарлык, Баары келип чогулуп, Кажырлар учуп калдаңдап, Канаттары далбаңдап, Айры куйрук, кулаалы, Учуп жүрөт салбаңдап. Жарыла албай дардайып, Жаткан өлүк андан көп, Жаны чыкпай кыйналып, Мунтип жаткан мындан көп. Буту сынган төкөр көп, Колу сынган чолок көп, Кулагы жок мулук көп, Тил сүйлөбөс дудук көп, Көзү аккан сокур көп, Бели сынган бүкүр көп, Жал-жал тиктеп жаткан көп, Жаны чыкпай аткан көп. Миңден киши кырылып, Жетимиш миң киши өлүп, Суунун уулу Суумерген, Атагы бар Сурмерген, Ичи жалын, боору чок, Кырып салды маминтип, Кыргыздардын колу жок. Кыргыздардын ичинде, Эстүүсү элге күйүнүп, Эси жогу сүйүнүп, Өлбөчүдөй жутунуп, Дүйнө жыйып жүгүрүп; Биз да бир күн ушу деп, Көбү жандан түңүлүп, «Көтөргөн балта тийгинче, Жарган дөңгөч эс алат» Биз дөңгөчбүз бүгүн, деп, Эки-экиден күдүңдөп, Коркконунан басалбай, Чанданы жүрөт бүжүңдөп. Муну мындай таштайлы, Кыргыз менен Кызыл алп, Кыргынынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.