Аттуу киши келгенде, Жай-жайыңа жангын, деп, Ар тарапка чаптырып, Бөрүдөн качкан элдерди, Бүткүл кайра таптырып, Өз айлына келтирип, Үй-үйүнө жаткырып, Эми турбай Кененим, Желип кетти бастырып. Утур чыкты бир киши, Келе жаткан шашылып, Тура тур деп айта элек, Караанын көрүп баатырдын, Калтырак кирди ашыгып. Ажал жетип өзүнү, Көрүнгөндөй көзүнө, Бура тартып качалбай, Тушалып буту басалбай, Тил билбеген арамкор, Кыргызча салам айталбай, Жалдырап турат жалтанып, Тик карабай калтарып. — Кайдан келе жатасың? Ким болосуң? — деди эле, Кененимдин кебине, Берген жообу бул эле: — Отор менен Дабытай, Алдыга мени бар, — деди, Сойушка малын камдасын, Кызмат кылсын баарысы, Үйүндө киши калбасын, Айтып койуп жан, — деди. Ат айабай алдырап, Келген жумуш ал, — деди. Кененимдин кеби энди: — Чабарман киши, жан, деди, Менин айткан кебимди, Ортого айтып бар, — деди. Өңү сары, көзү көк, Кара жал кула ат минген, Жолукту де бир кииш. Качкын менен котчусу, Келип конот бүгүн, деп, Тигип койор үй кайда? Келгендер сойуп жесин, деп, Ээсиз көргөн мал кайда? Дабытайга теңелип, Кошуун курап баруучу, Отор чоңго жоо кайда?! Кайра жансын калкына, Барып жатсын шаарына, Ат арытып, тон тозбой, Мен барамын алдына, Бекер калба салбасын, Менин атым Кененим, Айта баргын ханыңа! Кененим деп укканда, Саргарып өңү бузулуп, Чечекейдин тамыры, Кетичүдөй үзүлүп, Түз карабай шылыйып, Сүткө тийген күчүктөй, Жерди тиктеп кылыйып, Оозу ачылып ырсыйып, Тышка деми чыгалбай, Бүткөн бойдо жылуу жок, Карды көөп дыңкыйып, Катып калды зыңкыйып. Кетпейсиңби, арам ит, Кет дегенди уктуңбу?! Кет дегенди так угуп, Атка камчы чабам, деп, Өзүн-өзү башка уруп, Кайра тартты бурулуп, Далдага кире бергенде, Чаң артында созулуп, Көздү ачып- жумганча, Колуна жетти кошулуп, Өзүнүн элин көргөндө, Тер кетти бойдон жошулуп. — Ханым Отор, Дабытай, Менин айтар кебим бар, Сен алдыга бар дедиң, Кой камдасын, үй тиксин, Айтып кабар сал дедиң, Тикчүү үй, сойчу койунун, Анын санын ал дедиң, Айтканыңды кылам, деп, Териме батпай желдедим, Элөөсүздөн ажал кез, Келерин мага билбедим, Учурап калды бир киши, Караанын көрүп сүрдөдүм, Айтып өтүп кетейин, Ал кишинин түрлөрүн. Чоңдугу төөнүн нарындай, Каражал кула мингени, Такыр темир кийгени, Сыртынан олпок жамынган, Ач жолборстой чамынган, Колунда найза кармаган, Белинде кылыч байлалуу, Таң калгандай барлык жан, Жоо куралы шайманы. Ай балта белде шыңгырайт, Доолбас жанда каңгырайт, Туулга башка көмөргөн, Буттап темир өңөргөн, Бул сыйактуу бендени, Мен чоң болуп көрбөгөм. Өңү сары, көзү көк, Көздөн күйөт жалын өрт, Бендеден башка келбети, Төгүлөт беттен бермети, Мындан мурун бул өңдүү, Туулуп бенде келгенби?! Караанын көрө калганда, Коркуп жүрөк желдеди, Кайтып барып ханыңа, Айтып кабар бер, деди, Менин атым Кененим, Айта баргын сен, деди, Качкынга кылган кошамат, Кандай урган хан? деди. Ушул кепти уласам, Мана бул турган Дабытай, Бир жактан качып келгенби. Бүткүл кыймыл жер бети, Тигилип кастык кылса да, Мен көргөн жанкы Кененим, Ал келбестей кептенди, Семиз эмес, кагалес, Шыңга бойлуу чабандес, Оңойлук менен адамга, Оморулар тоо эмес, Оңой-олтоң жоо эмес, Арзандык менен ар кимге, Оморулчу бел эмес, Деп кабарчы айтканда, Ардангансып Дабытай, Опурулду бир далай. — Оозуңа келген сөздү айтып, Сен Оторго бир малай, Ал Кененим дегенден, Качып келем мен кандай?! Кененимди ашырып, Не мактайсың сен андай?! Ошол кепти укканда, Кайтып келген кароолчу, Кененимди көрдүм, деп, Айтып келген кароолчу, Ороолонуп алганы, Дабытайдын бар сырын, Олойто тартып салганы: Коросондук Дабытай, — Коркпогон киши кептенип, Мактанасың сен кандай? Шаарың колдо бар болуп, Такта олтурган хан болуп, Касиетүү жан болуп, Олтурсаң анда мейли эле, Бүгүн качып жүрөсүң, Ээ табалбай зар болуп! Эркелетээр балаң жок, Эрмекке сүйөр катын жок, Көңүл ачар эрмектен, Сенде бүгүн такыр жок, Өрөпкүйсүң оолугуп, Биттей сенде акыл жок. Кененим атын укканда, Ичиң жалын, бооруң чок, Намыс жолун талашар, Эрдигиңдин тайны жок Ойлойсуң качан өлөм, деп, Андан башка кайгы жок. Деп кароолчу сүйлөнүп, Коросондун чоңуна, Эли жогун билгизип, Кептин заарын тийгизип, Кененимди кубаттап, Ого бетер кургурду, Ийинге мыктап сийгизип. Оолугуп Отор күүлөнөт, Кароолчуга сүйлөнөт: — Ойлоп сүйлө, оолукпа, Оозуңа келген бокту жеп, Кененимди барыдан, Кыйын көрдүм мыкты, деп, Айдама кошуун аскерге, Угулбасын ушул кеп. Кененим кайда келатат, Көргөзгүнүң мага, — деп, Отор калмак, Дабытай, Жүрүп кетти күпүлдөп, Өтө катуу жөнөдү, Ат табышы дүпүлдөп. Коркуп барат Дабытай, Айласын таппай бүлкүлдөп, Кененимди көрбөгөн, Отор барат күркүрөп, Аркасынан көп кошуун, Келе жатат дүркүрөп. Отор ойлойт ичинде: “Кененим көрсө коркот” деп. Алды талаа, айкын түз, Коңур салкын келген күз, Чыга калып урчуктан, Кененимге келди кез. Дабытайды көргөндө, Кызыл желек байракты, Жерге сайып таштады, Жазайыл уруш баштады, Аманат жалгыз бир жанды, Кылга байлап таштады, Дөөдөн экөө экен, деп, Эр Кененим кайран шер, Өлөмүн деп качпады, Сумсайып кайра тартпады, Кеңкуланы чуратып, Артынан чаңды чубалтып, Күүлөп найза сундуруп, Күүсү кулак тундуруп, Дабытайды беттеди, Сайар жерин чиктеди, Кайра тартпай кабылан, Качырган бойдон жеткени, Кактырбастан найзасын, Көмө койуп кеткени, Отор калмак кездешип, Ажыратып алганы, Катыксыз болуп тайынсыз, Мактанып жүргөн жалганы. Отор калмак кеп айтат: — Мен көрбөгөн кишисиз, Кимде болчу ишиңиз? Жаны ачынып калгандай, Кан өткөндөй ичиңиз, Атым Отор меники, Ким экен атың сеники? Деп сурады чодойуп. — Атың Отор сен болсоң, Кененим атым мен болсом, Кектүү кишим Дабытай, Кыдырып келем жер бетин, Качкын кулду табалбай. Кектегеним табылды, Керектүү жерде кабылды, Карасыңбы, хансыңбы, Абдан айтчы дайныңды. Билдирип айтчы элиңди, Ашкере айткын жериңди, Туйук айтпай ачык айт, Дабытайга жар жөлөк Боло турган кебиңди. Коросондун Дабытай, Кыргыздан колун тарталбай, Айла, арам, ой менен, Аркачан келет дем албай, Өзү тынчып жай албай, Мен барбадым жерине, Жылында келет элиме, Артынан кууп барбадым, Өзүнүн кетсе элине, Сен келгендей кейпиң бар, Алданып айткан кебине. Кошулушсаң кол курап, Коркуп кетер жерим жок, Качкынды берип колума, Кайра кетсең жолуңа, Анда сага кебим жок. Катылышкан кишинин, Катыгын берип келгемин, Катышпаган кишиге, Капшытына келбеймин, Мындан башка кебим жок, Ошол айтар бар кебим! Кененимден кеп угуп, Отор калмак оолугуп: — Карасыңбы, ханбы деп, Бул айтканың кайсы кеп?! Калың каңгай элинин, Эл башкарган ханымын. Шибе, солон, манжуну, Ага кошуп анжуну, Башкарып жүрөм баарысын, Ачык билем айгине, Кыргыз, сенин алыңды, Мурункудан уккан кеп, Баарыңарды бурут, деп, Бурут келсе, курут деп, Менден уксаң ушул кеп. Коросондун Дабытай, Качып келди маана издеп, Мен Отормун, Кененим, Калбалашсаң мен менен, Капилет өлүп сойлойсуң, Муңгул менен буруттун, Ортосунда эр өлдү, Эбегейсиз шер өлдү, Кара өлдү, хан өлдү, Сен колдуу болуп, Кененим, Букарадан көп өлдү, Жакынкысын айтканда, Чиктей сындуу хан өлдү, Темир тондуу Шалкымат, Жез киндиктүү Кикимат, Калдагай кулак Чойун алп - Үчөө катар тең өлдү, Атанын кунун кубам, деп, Сакта менен Саранжа- Эки түгөй бала өлдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.