← Кененим 3/8

Жамаке менен Энтери, Катар сайып таштады, Ажыратып алууга, Бала Тубаш, эр Бөтө- Баатырлар турбай ат салды, Жеткен жерде экөөнү, Көмөлөтө сайганы, Көөдөндөн канын жайганы, Бул экөөнү өлтүртпөй, Ажыратып эл алды. Ал кара бет чочконун, Кан ичмеси кармады, Кыргыздын канын агызып, Кыйан суудай жайганы, Күүгүм кирип кеткинче, Көп кишини жайлады, Өлгөндүн саны ал кезде, Жүздөн ашып калганы, Таң аткандан бер жакка, Көрүнбөдү карааны, Көрүп калып ал сени, Качып кетип калганбы, Же болбосо бир жерде, Көмөскөдө жатканбы? Кыргыздын болуп ырысы, Арбагы Манас жар балуп, Өзүң келип калганың, Деп Акжолтой айтканда, — Турбагыла, баскыла, Элдин четин кайтарып, Четтен чалгын чалгыла. Аттандырып аларды, Чыныкени чакырып, Жүйрүн дөөнү сойгондо, Алып келген көп дары, Чоң куржундан таптырып, Апы менен сапыны, Тыштан эзип чаптырып, Эбеп менен себепти, Дартка кылчуу медетти, Кутудагы кубаттан, Даамга кошуп татканы. Тарамышын аркардын, Тартыш деген дарыга, Таратып туруп чылатып, Ичинен жеди тууратып, Сыртынан тартты оротуп, Жаңылап жаап дарыдан, Күн токсонго толгондо, Үч айдын жүзү болгондо, Кабыргада берчи жок, Кем- керчи жок айыгып, Чиктейден буту бир сынган, Элөөсүздөн Дабытай, Кабыргасын сындырган, Айабай жаман ардыгып, Жан кишиге айтпастан, Чарайнасын тартынып, Сом темирин артынып, Кеңкула менен болкойуп, Кетип калды бастырып. “Коросондон табам, — деп, Коросондон таппасам, Каңгайга издеп барам, — деп, Артынан кууп таппасам, Эсирден таап бир эрди, Келип калба салар, — деп, Канча жыл болду барбадым, Кантип жатат экендир, Карыган Жоодар абам, — деп, Жеркен, Котен, Лопнурдан, Комул менен Турпандан, Баркөл, Манас, Алтайдан, Иле, Текес, Музарттан, Күнөс менен Жылдыздан, Азык, Арал, Кунарык, Арка жагы Ысыккөл, Чубалып жаткан Теңир тоо, Күңгөй-тескей бетинен, Мээ кайнаган ысыктан, Дем чыкпаган кысыкта, Амалайдын алдында, Кешмирден бери карата, Алтымыш уруу кошулган, Алаш деп аты угулган, Өргөнчтөгү кыргыздан, Ламдын бели кыймадан, Боз үй тиккен кыйбадан, Бадакшанда, Балыктан, Короолош тажик калыктан, Кара калпак түркмөндөн, Букар менен чамбыл бел, Алты шаар Анжыдан, Наманген, Ташкен, Самаркан- Булардан кабар албадым, Далай жыл өттү арадан, Дабытайды изүүлдөп, Баарысынан укпасам. Тынчылык болсо алаштан, Андан кийин Кененим, Арбагына сыйынып, Айкөл атам Манастын, Бутумду сунуп жыйбастан, Андан кийин уктасам.” Залкар санаа, ой менен, Салтанаттуу кара көк, Коросон көздөй жөнөдү. Жетисуунун белинен, Жедигердин элинен, Букар менен түркмөндөн, Мында жүргөн элдерден, Бетбактын тоосун кылаалап, Кыйла журтту аралап, Жарды-байын элдердин, Жан сактоосун чамалап, Коросондон табалбай, Бадакшан, Балык, Тажикти, Үргөнчтүн элин аралап, Кара тоону бойлоду, Ат өргүтүп конбоду. Кешмир менен айланып, Котен менен, Чын менен, Жеркен, Кашкар, шаар менен, Арал, азык жол менен, Лопнурдун бойу шор менен, Жибек артып, шай артып, Катарлап чиркеп, төө тартып, Кербендер өтчү жол менен, Кеңкула менен Кененим, Кебездей аппак шор менен, Какшып жаткан чөл менен, Жылып аккан кум менен, Турпан менен комулду, Катар басып аралап, Баркөл менен Манасты, Байкап өттү чамалап. Бешбалыкта элдердин, Чекесинен кеп сурап, Алатоо бойлоп өтмөккө, Алтайды карай кетмекке, Адырмакты аралап, Бара жаткан кезинде, Салбардынын этеги, Сары кайкы деген кезеңде, Турнабай салып караса, Куландын сары сайынын, Чыгыш жаккы четинде, Алтайдын Канас көлүнүн, Батыш жаккы алдында, Кара байрак туу турат. Кернейдин үнү бапылдап, Доолбас үнү заңкылдап, Майда желек кызылдан, Жерге батпай кылкылдап, Келе жатат калың кол, Жер сойулуп былкылдап, Топурак учуп, жер чаңдап, Асман ачык, жер бүркөк, Күн көрүнбөй күдүңдөп, Ачык-айкын таанылбай, Турнабай жүрбөй бүрүлдөп, Тунарыктап алыптыр. Кайсы экени билинбейт, Андан бери караса, Кызыл-тазыл жүк жатат, Көрүнгөн жылга, сай-сайда, Катын-бала эрбеңдеп, Басып жүрөт ар кайда, Казактын эли мында, деп, Эндекей жаткан бул элге, Кайдан келген калба, деп, Телпилдетип этегин, Тентек шамал чойгулап, Кеңкула оозун тартпастан, Кетип барат койгулап. Жете барды бир жерге, Карааны бар элүүчө, Катын-бала топ элге, Кененим кирип келгенде, Дүм түшүп баары жыгылып, Көзүнөн жашы кылгырып, Аа деген бири болгон жок, Оозунан деги үн чыгып, Тили ичине тыгылып. Орто жашта бир катын, Колун сунуп сермеди, Алты жашар, төрт жашар- Эки эркек баланы, Жанына тартып келгени. — Бүгүн көрдүм, балдарым, Жалганбы деп жүрчү элем, Анык көрдүм чын жерин, Кара жанга күч келсе, “Катын жолдо калбайбы, Бала белде” дегенин. Кылчайып мага карабай, Ордумду басаар уулум, деп, Сен экөөңдөн бирөөңдү, Өңөрүп кетип калалбай, Атаңар таштап кеткени, Коросондук желмогуз, Коржоңдоп жеткен турбайбы, Ажалыбыз жеткени. Тирүү болсок чогулуп, Бир дөбөгө качалы, Өлүк болсок чогулуп, Бир чуңкурда жаталы, Башка келди, балдарым, Байыркынын макалы. Деп бапылдап ал айал, Эки эркек баланы, Кучактап барып жылды, Башка кепти кылбады, Кененимдин дегени: — Коросондук эмесмин, Мен Кененим дегенмин. Мен Кененим дегенде, Эстен танып элейип, Тиктеп калып селейип, Жалдырап тиктеп делейип, Анык уккан ал айал, Сынап айтып жатат деп, Качан болсо өлөмүн, Ачык сурап билем деп: — Жана айтчы чыныңды, Жаздым угуп калдымбы? Ким дегениң билалбай, Угалбай калдым атыңды. — Менин атым Кененим, Кең Таластан келемин. Атын угуп баатырдын, Сүйүнгөндөн токтобой, Көлдөй агып көз жашы: — Жүзүңдү көрдүм, көкжал шер, Мен кудайга ыраазы, Алтымыш уруу көп алаш, Атбай журттун аркасы, Качып жүрүш сай- сайда, Куураган жандын аргасы, Эр көкчөнүн элинен, Ата-баба бул жерге, Жүргөн казак эл элек, Каражанга күч келсе, Казак, кыргыз бир тууган, Манасы кайда дээр элек. Бир жылдын нары жагында, Коросондон бир киши, Каңгайдын ханы Оторго, Качып келди, деп уктук, Эр Кененим кыргыздан, Карчалышып ал келбей, Жазып келди, деп уктук, Алты күндүн алдында, Биз мээнетке жолуктук. Аты тоодой тору экен, Өзү жандын зору экен, Айылга келди бир киши, Кимдин эли дебестен, Алты азамат жигиттин, Башын кесип жиберди, Андан кийин кан соргуч. “Менин атым Дабытай, Коросондун ханымын, Атым алаш дегенден, Канын ичем баарынын, Кошуунум бар аркамда, Жол чалып келе жатамын. Алдымдан чыккан айылдан, Алтынын канын татамын, Жаман эмес тарттым, дейт, Мен алаштын азабын. Ханым Отор чоң, деди, Камынгының бол” деди, Арактан сундук астырып, Айалдаттык азгырып, Арканча берип аракты, Жыгалбадык мас кылып, Дайарлык кылып тургун, деп, Жүрүп кетти бастырып. Ал бастырып кеткенде, Кабар берди ар кайда, Туш-тушка киши чаптырып, Жаныңды алып кутул, деп, Кабар берди шаштырып, Мына минтип жүрөбүз, Айланы таппай аптыгып. Катын менен балага, Кылчайып бирөө карабай, Катын-бала жүрөбүз, Баш батар жерди табалбай. Мен көргөн кол калмактын, Колу экен деп, Кененим: — Баарың коркпой келгиниң, Мен Кененим дегенмин. Кененим деген кепти угуп, Катын-бала калбастан, Келди баары чубуруп, Жетимишче жан болду, Андан-мындан чогулуп. Ызу-чуу түшүп бакырып, Ырысыңа эл- журтум, Эр Кененим келди, деп, Бирин-бири чакырып, Сен баланча келгин, деп, Атынан атап акырып.