← Кененим 8/8

Күн бешимден кыйшайып, Дигерге барган кези эле, Дарбазасын кайтарып, Кененим жатсын үйүндө, Мен күмбөзгө жетейин, Көз байланган бүрүлдө.” Ушуну алып эсине, Калың камыш жерине, Киши барбас бир жерге, Аралап кирип Дабытай, Буканы таштап бултуйтуп, Туулгасын кийип мултуйтуп, Тору атка така жаңылап, Алдындагы тору атты, Тери менен жабуулап, Туулганын сыртынан, Малакай кийип чөмөрүп, Коргошун, коло аралаш, Куйун салган Чойун баш, Койдой кылып өңөрүп, Түнт токойду аралап, Күмбөздү күздөй жөнөдү, Ачууланып көгөрүп. Алты изчини ар жерге, Аңырайтып таштады, Кечип кетип баратат, Карабуура Чаткалды. Көз байланган бүрүлдө, Күмбөзгө жетип барганы, Арбак урган чочконун, Анткорлугу кармады, Бастырган бойдон күчөнүп, Күмбөзгө туура барбады, Тоорулуп карап из чалып, Кеңкуланын изине, Капташып калган убагы, Кеңкуланын изинен, Аттай басып кеталбай, Титиреп тору ат турганы. Арам өлгөн нетти, деп, Не калба болуп кетти, деп, Түшө калып атынан, Дабытай жерди карады. Чарадай туйак Кеңкула, Кайта баскан жеринде, Казандай чымды аңтарып, Тоз-топурак келген жер, Жер очоктой ойулуп, Кере баскан жерлери, Кереге бойу жар болуп, Кемегедей аң болуп Калган экен, караандын, Жеткенин билди Дабытай: Изчини салып артыма, Коргонду таштап калкына, Күмбөздөн тосуп жолумду, Келген экен алдыма. Кайра качып нетейин, Качырыша кетейин, Качсам да, турсам да, Карсылдашат экемин.” Деп кутурган Дабытай, Коргошун, коло аралаш, Койдой болгон чойун баш, Алаканга түкүрүп, Арта салып ийнине, Күмбөздү жетип чабам, деп, Каалгасын чагам, деп, Кененимден өлсөм да, Дабытай күмбөз чаккан деп, Бир атакты алам, деп, Каарданып, карарып, Караса көздөн от жанып, Күмбөздү жетип чабарда, Чапса каалга чагарда, Карап турган Кененим, Казабына карк болду, Кайрат кылар чак болду, Жебеден мурун жетти эле, Качырып найза сайбастан, Балталашып атпастан, Кемерден бурдай кармады, Тору атынын үстүнөн, Торгойдой кылып алганы, Көтөргөн бойдон Кененим, Бастырып кетип калганы. Коргонго кетип баратып, Учуратты бир жанды, Отор хандын катыны Мужун келип калганы, Бастырбай тосуп жол жагын, Мужун кебин салганы: — Тааныбайсың, Кененим, Отор хандын катыны, Атым Мужун дегенмин, Эки беткей кара жүз, Артынан кууп келгемин. Индистан кетти Отор, деп, Алты катын жүргүн, деп, Алты күндүк барганда, Күндө бирден силерге, Басымдарлык кылам, деп, Келинжырды алам, деп, Айбыкпай айтты кара жүз. Мен айыгышып салыштым, Катын да болсом салыштым, Беш күнүм мага кошулду, Айласы кетип кара жүз, Бизден качып жоголду. Күйүгүп буга жатпадым, Аркасынан изин кууп, Айткалы келе жаткамын, Изчилериң, Кененим, Из кууганын байкадым. Көрүп турдум бир жерден, Кеңкула менен болкойуп, Күмбөзгө бара жатканың, Тосуп туруп жолуңдан, Ушул менин айтарым. Соогатка бергин бул кулду, Жериме алып кайтамын, Беш күнүмдү ээрчитип, Жүнүн сайын кескилеп, Мен берейин азабын. Жалганбы сөзүң, чынбы деп, Сурабастан Кененим, Мужунга берди мына деп. Мужун катын турбады, Чытырата кол-бутун, Тору атына таңганы, Жүрөмбү деп жалынтып, Божуратын зарылтып, Тилин кесип таштады. Алып барып элине, Өзүнүн турган жерине, Беш күнүсүн бет кылып, Көргөнүн айтып берди эле, Баары айран-таң калды, Кеп кылбастан Кененим, Дабытайды бергенге, Кеңеш тапкан Келинжыр, Баатыр Мужун болушуп, Мууну сайын оморуп, Жүүнү сайын кескилеп, Алты катын тепкилеп, Алты санын алты күн, Кара бойун бир күнү, Жети күндө түгөттү, Ааламдын баарын буй кылган, Арамзада Дабытай, Катындан өлүп түгөштү, Билишимче кыргызга, Билгизип айтам бул кепти, Жусуп Мамай өз атым, Баатыр Манас дастанын, Айтып бериш адатым.