← Кененим 7/8

Күмбөзүнө барайын, Талкалап аны чагайын. Коргону күйүп күл болсо, Күмбөзү кулап түз болсо, Тайынсыз кыргыз болбойбу. Көңүлдөкү иш болсо, Коргонунда өрт алып, Кененим күйүп жоголсо, Баш кишиси боломун, Мен Дабытай ошондо.” Ойу менен иш кылып, Кем -керчи жок бүт кылып, Суусамырдын Кыркууда, Бир күн өрүн алыптыр, Баатырлыкка кийинген, Кийимдерин бөктөрүп, Бүт кийимин өзгөртүп, Коргонду көздөй бет алып, Тору ат менен очойуп, Келе берсин Дабытай, Эми кепти мундан ук, Алдас уруп ашыкпа. Кыргыздардын элинде, Нечен түркүм киши бар, Ошолордун ичинде, Көкүм деген бар эле, Көрөгөчтүн бири эле, Жок жоготуп мал карап, Дабытай жаткан жерине, Утур келип калды эле: “Жатып -копкон бул жерге, Өтө балбан киши, — деп, Көңүлүндө бар экен, Көп эле мунун иши, — деп, Которуп кийим кийди деп, Такасын тартып атынан, Анан жолго кирди, — деп, Аркасынан жетейин, Анык билип мунусун, Изчинин башы Эшимге, Кабаркыла кетейин.” Деп ойуна алганы, Көкүм жолго салганы, Дабытайдын артынан, Эми жете барганы. Көкүмдүн жашы он алты, Көргөн эмес ал мурун, Анык тааный албады, Билмексен болуп күзөтүп, Эшимге жетип барганы: — Эшим аке барсыңбы? Изчинин башы жансыңбы? Жети төрдүн кырынан, Жетик кабар алдыңбы? Мал жоготуп жок карап, Суусамырдын бөксөдөн, Жат из көрдүм көз менен. Ашкере мага билинди, Которуп кийим кийинди, Такасын тартып ат минди, Суусамыр ылдый ал кирди. Аркасынан ат койдум, Айалдабай бат койдум, Келе жатат кеңгиреп, Өзү мыкты эр экен, Мингени чумкуй тору экен, Жүрөгү кандуу чер экен, Байкашымча меники, Бара алса коргонго, От койучу неме экен. Көкүмдөн Эшим кеп угуп, Мине салып чобурун, Чыга калып тумшуктан, Дабытайга жолугуп, Элебеген кептенип, Өтө берди жулкунтуп. Эшим өтө бергенде, Көзүнүн чаарын көргөндө, Изчи экен деп Эшимди, Ал Дабытай билди эле. “Байакы өткөн жаш бала, Жаттыгымды билди, — деп, Баш кишиси бул окшойт, Келип кабар берди, — деп, Жолумду башка алайын, Буткул-буткул кара суу, Саз аралап барайын, Букадан бирди минейин, Элебеген кептенип, Саан уйдан айдап экини, Коргонго эптеп кирейин.” Деп Дабытай ойлонуп, Сазга жолун салыптыр, Башкадан жөнөп калыптыр, Байакы Эшим бурулбай, Коргондун чоңу Орунбай Бегине айтып барыптыр: — Баш кишибиз Орунбай, Менин айтар кебим бар, Үйдө олтурсам жайма-жай, Көкүм келди бакырып, Эшим деп мени чакырып, Үнүн улап тыңшасам, Өтө жаман шашылыш, Мен да чыктым ашыгып, Көрө салып мага айтты, Суусамырдын сыртынан, Суук салкын из көрдүм, Которуп кийди киймин, дейт, Такасыз минди атын, дейт, Өрт койчуудай коргонго, Аны байкап таптым, дейт, Аркасынан алдырап, Мен да катуу чаптым, дейт, Андан өттүм алдырап, Карап көрдүм мен байкап, Эрендиги, эрдиги, Бир кишиче бар, деди, Ашыгыш келген жумушум, Эшим аке ал, деди, Жаза карап салдымбы, Изин өзүң чал, деди. Көкүмдөн угуп чолто кеп, Чолокту минип желгемин, Суусамырдын чатында, Артынан жете келгемин, Байкап билдим бар сырын, Бизге салчу чоң чырын, Дабытайдын өзү экен, Өзү эмес кара көзү экен, Анык билдим ич сырын. Алдындагы Көкүмдөн, Кийинки келген Эшимден, Күмөн кылып шекиген, Чоң жолго кирбей саз менен, Өгүздөн бирди минчүдөй, Уйдан айдап экини, Күүгүм-шамга аралаш, Сыр коргонго кирчүдөй. Коргонго кирсе кол салып, Өрт койчудай кептенет, Дагы сыры бар болсо, Аны, Оке, ким билет? Алыстакы Эшим кул, Алдыңа келдим темтиреп, Уруксат сенде, менде эмес, Эми кала бергенде, Сизден чыгат кеп-кеңеш. Эшимден ушул кепти угуп, Ордонун чоңу Орунбай, Ордунда тынчып туралбай: — Эшим, Көкүм, Атаке, Тердикбай, Күчүк, Сатаке, Дайар болуп алтооңор, Кабар алгын ар жактан, — Эшим көргөн Дабытай, Анык өзү болгондо, Баш бошобойт чыр жактан, Башкадай арзан чактабай, Кененимге мен айтам. Алты киши аткарып, Кененимге айтмакка, Орунбай кетти түз басып, Учурап калды Кененим, Эшикке чыгып келайтып. Салам айтып Орунбай, Тура калды жолуна, Эреже менен иш кылып, Эки колу боорунда: — Эл башкарган төрөбүз, Өзүңүздү, жолборсум, Алатоодой көрөбүз, Кабагың ачып жарк этсең, Күн тийгендей көрөбүз. Жүзөңдөн чыкса ызкаарың, Жүрөк чыгып өлөбүз. Арзым бар менин угуңуз, Алдыңа келип турабыз, Укканым айтам жашырбай, Мен Орунбай кулуңуз, Эшимбай келди алдырап, Ашыгып сүйлөп балдырап, Биздин Көкүм жаш бала, Суусамырдан из көрүп, Мындан жаман иш көрүп, Эшимге кабар бериптир, Артынан түшүп кубалап, Эшим жете келиптир. Аңкаарып Эшим байкаса, Которуп кийим кийиптир, Такасыз атка миниптир, Коросондук Дабытай, Которолуп келиптир, Анык билдим чырын, дейт, Коргонго кирсе Дабытай, Өрт койчудай көрүнөт, Өтө берип чочкодон. Он имерип карадым, Изин башка салчудай, Өгүз минип уй айдап, Коргонго кирип алчудай, Кейпин көрдүм, деп келди, Эшим, Көкүм, Атаке, Тердикбай, Күчүк, Сатыке, Артынан алтоон жибердим, Анык кабар билгин, деп, Бээ саамчалык арада, Кабар кылып тургун деп, Алдыңызга келгемин, Аны баатыр уксун деп. Угуп болуп Кененим, Эсендик элге келди деп, Кашкайып күлүп жиберип: Андай болсо, Орунбай, Элдин көөнү болсун жай, Коргонго кирбейт билип ал, Арамзада Дабытай. Алтоону көрөт бир-бирден, Туйунуп кыргыз калды, деп, Коргонго калды кирүүдөн. Алтоонон алып кабарды, Сак болгула коргонго, Арбын ойлоп амалды, Кире албаска коргонго, Ачык көзү жеткенде, Күмбөздү беттеп баручу, Күмбөзгө бузук салучу, Мен күмбөзгө барайын, Кара жүз кандуу душманды, Кармап келе калайын, Орунбайды чуркатып, Кеңкуланы алдырып, Үстүнө токум салдырып, Бар керегин жам кылып, Жан кишиге көрүнбөй, Чыгып кетти Кененим, Арка эшиктен бастырып. Аркадан чыккан Кененим, Умачтай көзүм ачар деп, Кеңкула изин көргөндө, Күмбөзгө барбай качар, деп, Адырга салып кулатты, Алмалуу булак, Шумкарташ, Ашып түшүп белести, Күмбөзгө келип көк жалың, Аттан түшүп жетелеп, Карап турду Дабытай, Эми качан келер, деп, Коросондун Дабытай, Өгүздү минип өчөйүп, Минген атын жетелеп, Уйдан айдап экини, Коргондун жолун төтөлөп, Саз аралап баратып, Эшимди көрүп калыптыр: “Жана эле менден өттү эле. Жандап өтүп кетти эле, Сырымды билип алганбы? Сыртымдан мени кайтарып, Корогонго кире бергенде, Кармайлы деп калганбы?” Ушуну ойго алыптыр, Токтолуп тура калыптыр, Туурага көзүн салыптыр, Суусамырдын сыртынан, Келатканда кырчында, Учураган баланы, Андан башка караанды, Көрүп калды аларды. Эшим, Көкүм, Атаке, Бир тарапта бул үчөө, Тердикбай, Күчүк, Сатыке, Бир тарапта бул үчөө, Ээрчитип тайган ит алып, Колуна илгир куш алып, Мойнуна салып жаа алып, Койон, түлкү, кашкулак, Ит агытып мындайга, Өрдөк-чүрөк, кекилик, Куш салышып андайга, Бугу-марал, эликке, Жаа тартышып кийикке, Анда-мында шаңданып, Адырдан элес көрсөтөт, Токойдо үнү угулуп. Буларды көрүп Дабытай: Түгөнгүс кырса кыргыздар, Адам сырын билгисиз, Арамзада жыластар, Мени таанып билген бейм, Артымдан изим кубалап, Аңкоосунуп жүргөн бейм. Мени көргөн эки эле, Алты болду санаты, Далы карап, изди кууп, Төлгө салып, шам жагып, Душманды тапчуу адаты, Коргонуна барбайын, Күмбөзүн чакпай калбайын, Коргондон мени кайтарып, Колбуп жүргөн кезинде, Чыгарып таштайт унутуп, Күмбөзү болбойт эсинде.