Дабытайдын өлүшү
Таласта жаткан Кененим, Коросондон кеп угуп, Коросонду Дабытай, Камап жатат деп угуп, Ордонун ханы Орунбай, Андай уулдан канча бар, Баары калбай жыйналып, Келсин деди жаш балдар, Акжолтой сындуу карыны, Энтери менен Жамаке, Бала Тубаш, Бөтөнү, Чакыртып келип төртөөнү, Акжолтой кары бешөөнү, Орунбай менен алтоону: — Карың менен жашың ук, Бул олтурган баарың ук, Мен коросон барамын, Камалда калды жаңы хан, Аны аламын кутултуп, Каңгайды барып Дабытай, Койгондой болду кутуртуп, Келип калса каңгайлап, Кошуун айдап чубуртуп, Элге бүлүк салдырба, Алдын алып туйунтуп. Билинбей келип чалгынга, Менден кабар алабы, Силерди алы канча, деп, Бир калбаны салабы, Адам койуп карагын, Киши үзүлбөй бел-белден, Киргизбегин ичиңе, Жат киши келсе ар жерден, Кайра кайтып кет дегин, Келген болсо кай жерден, Өчөшүп болбой ким кирсе, Алып келип камап кой, Агачейин мен келем, Кандай киши экенин, Бир көргөндө мен билем. Кененим айтып бар кебин, Кабардар кылып бүт элин, Алтымыш күндөн ашырбай, Мен аңгыча келем, деп, Айтып койуп акыл кеп, Жүрүп кетти Кененим, Коросонго барам, деп. Таластан чыгып кайран шер, Айбаты артык кеменгер, Аттанып жөнөп кеткенде, Акжолтой баштап алты эр: “Мындан башта Кененим, Минтип акыл бербеген, Кайда барып келгенин, Кыргыздын эли билбеген, Бир коркунчу бар окшойт. Кабар алып туралы, Киши койуп бел-белден, Келер душман бар окшойт, Киши эмес, пил бекен” Дешип булар турганда, Акжолтой айтат акыл кеп: Уккула, баатыр, баарың, — деп. Кененим коркор киши жок, Мындан мурда кетүүчү, Кыргыз менен иши жок, Жалкытып койду жат душман, Элөөсүз келип Дабытай, Бизге салды көп бушман, Каңгайга барса Дабытай, Кайтып келсе Коросон, Кабар келсе ошондон, Мен Коросон кеткенде, Башкадан келип калат, деп, Шек кылган белем ойлосом. Эндегей жаткан тынч элге, Элге бүлүк салабы, Бузбай сактап калсын, деп, Айтканы ошол биздерге. Акжолтойдун кеби, деп, Жетик акыл эми, деп, Киши койуп бел-белге, Жана киши дайындап, Татаал, кыйма, тар жерге, Ошентип киши тургузду, Ой -тоосу жок ар жерге, Жесекке киши тургузду, Күмөндүү жол дегенге. Эми кайтып келели, Коросон кеткен Кененге. Кеңкула минип болкойуп, Жез найза колдо койкойуп, Барааны баатыр башкача, Чоң ополдой зоңкойуп, Нечен бел калды арада, Тоскоолдук кылбай тоңкойуп, Ак элечек тоо калды, Жасанган кыздай койкойуп, Келбеттүү баатыр шаңданып, Кеңкуланын артынан, Түрүлгөн туман чаң калып, Түрүлүп аккан сел калып, Тунуп жаткан көл калып, Чарчабай аккан суу калып, Чалкайып жаткан төр калып, Коросонго кайрат шер, Келип калды жандашып. Буктурма койгон кишиси, Дабытайдын ар жерге, Баатырды көрүп таң калып, Бетине чыдап баралбай, Кабар айта салышты, Дабытайга түз барып. Беттешем кантип ага, деп, Таласты карай жөнөдү, Тору атты санга бир салып. Бир жарым күн болжолдо, Дабытай чочко келбеди, Мурункудай коргонго. Шаар ичинде баары жан, Өзү баштап жаңы хан, Дабытай кайда кеткен, деп, Булар болду айран-таң. Шаар четинен Кененим, Жолуккан элден кеп сурап, Дабытай кайда деп сурап. Жолуккандар кеп айтат, Эки күн болду Дабытай, Көрүнбөдү, деп айтат, Арамды кайдан табам, деп, Шер Кененим келайтат. Арам нээт Запыра, Жаңы ханга билинбей, Чыгып кеткен талаага, Жолугушту талаада, Эр Кененим баатырга. Өзү койгон киши эле, Жаңы хандын жанына, Кененимди көргөндө, Кетенчиктеп бүгүлүп, Келинден бетер жүгүнүп, Кандыргалып бүгүнүп, Катындарча жүгүнүп, Сырымды билсе өлөм, деп, Кара жандан түңүлүп, Таазим кылып турду эле, Кененим анда кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: — Эсенби, сакпы жаңы хан? Дабытай салды кордукту, Мага киши жумшаган, Кайда азыр Дабытай, Билесиңби, Запыра? Кайдан келип капташтың, Жолугуп калдың талаадан? Көз жашы кылып Запыра, Өңгүрөк атып бакырып: — Кайраты артык баатыр сен, Билгенимди айтам мен, Келээр маалы болду деп, Жолуңду тосуп жүргөмүн, Дабытай келип бул жерге, Бузук салды тынч элге, Жаңы хан экөө сүйлөшүп, Жиберген киши сиздерге. Шаарымды камап алды, деп, Сага айтканы жалган кеп, Алдап сени келтирип, Амал менен айла таап, Ичкен ашка заар салмак. Коросонго ордунда, Калмак болуп Дабытай, Бармак болгон Таласка, Сыр коргонго жаңы хан. Деп Запыра жабырап, Жасап айтты бажырап, Кененим байкап караса, Кеп айткан сайын кубулуп, Үнү башка угулуп, “Жамандык жуктур жаңы хан, Жамандык сенде экен” деп, Ичинде калды сыр бүгүп. Запыра барат калдаңдап, Өзүнүн бойун жыйнабай, Өңүрү кетти далбаңдап, Калаага жакын барганда, Тай жарышым калганда, Дабытайдын элинен, Иш башкарган биринен: — Эки күн болду Дабытай, Биздин элде жок болду, Ачык-дайнын билдиң сен, Запыра мага айтпасаң, Киргизбеймин шаарыңа, Жеткирбеймин ханыңа, Деп тосоттоп турду эле. Эр Кененим байкаса, Сен кантесиң дегенсип, Ээрдин тиштеп, көз кысып, Бул Кененим дегенсип, Ишарат кылып жаткансыйт. Билмексен болуп Кененим, Бастырбай туруп калганда, Орок-тарак Запыра, — Бул Кененим эр турса, Жол тосоттоп кантесиң?! Деп бакырып шойт койуп, Жүрүп кетти бастырып, Калаага жакын барганда, Эр Кененим келди, деп, Сүйүнчүлөп бакырып, Жаңы хан деп акырып, Туйдурбаймын деп ойлойт, Дарбазаны ачтырып. Калаадакы бардык эл, Калбай келди жабылып, Куруп калган жаңы хан, Кененимди кучактап, Көзүнүн жашы бурчактап, Токтоло калып жаңы хан, Запырага муну айтат: — Сен Запыр, арамсың, Акжолтой болор күндөрдө, Эң алдында тайарсың, Эр Кененим баатырды, Келерин кандай билгенсиң? Шаардан чыксаң талаага, Саа катылган киши жок, Эмне кылып жүрөсүң, Кененимге бет буруп, Ичиндеки кепти уруп,- Дабытай келип бул жерге, Көптөп каршы турганда. Коросонго кире албай, Испанды карай кетти эле, Кайта келди жалгыз баш, Кесилип кетти нечен баш, Аскер жыйнап элдерден, Тартып алмак калааны, Талабы ошол биздерден. Беттеше келген кезекте, Дабытайды ээрчиген, Кара нээт кишиден, Сексенчелик кишини, Өлтүрүп ийди биздин эл. Беттешип барып ал келбей, Камал болдук шаарга, Кат жазып киши жумшады, Билишимче Запыра, Эки күн болду Дабытай, Көрүнбөй калды элинде, Зыпыра, кошо жок болдуң, Көрүнбөдүң бул жерде, Айран болуп турамын, Сиз менен бирге келгенде. Буулуга түшүп Запыра, Бар кебин баштап айтарда, Талаада турган бардык эл, Кирип келди шаарга. Дабытай кайда кетти, деп, Кеп сурады алардан. Дабытайдын катчысы, Бир киши чыкты арадан: — Толук билет бар жайын, Запырадан сурасак, Запыра ачып айтпаса, Билгенимди мен айтам. Запыранын ошондо, Көзүнүн жашы он талаа: — Жаңы хан менен катчынын, Мага жапкан жалаасы, Эр Кененим, сен кара, Бул экөөндө бар окшойт, Мага жетчүү бир балаа. Кебин баштап Запыра, Айткалы келе жатканда, Кененим айтат мамындай: — Кимиң айтсаң аның айт, Жалганы жок чынын айт, Кайда кетти Дабытай, Ал чочконун дайнын айт. Арканча жорго болсоң да, Дартыңа дабаа табылбайт! Дабытайдын катчысы, Капчыгына кол салды, Запыра жазган кагазды, Сууруп колго алганы: — Мынаке каты Запыра. Жаңы ханга сунганы, Дабытай жазган катынын, Бир барчасы бар эле, Аны кошуп берди эле, Дабытайдын жазган кат: “Кененим мында келгенде, Мен барамын Таласка, Конок кылып кой сойуп, Чайга кошуп уу куйуп, Сен жарагын намыска, Кыргыздын казып дүмүрүн, Мен турамын Таласта.