Дабытайдын кыргыздарды кыргындашы
Кара нээт Дабытай, Күндү улап, түн тынбай, Келе жатат бир тынбай, Күзгү коңур салкында, Жетип келди Таласка, Кыргыздын баары жыйылып, Куран окуп жатыптыр, Сыйынып баатыр Манаска, Айгыр сойуп, бээ сойуп, Карача каймал төө сойуп, Ак сарбашыл кой сойуп, Жайа чыгар уй сойуп, Казан асып, от жаккан, Тулганын боору карарган, Эркек-айал калбастан, Барган экен тамам жан. Эл чогулуп жатканда. Кемеге казып көп жерге, Эт бышырып, май агып, Булоолонуп атканда, Керээз деген бир кыз бар, Сөзү таттуу айтканда. Кыргыздан чыккан шумурай, Уй мүйүздөн жасаган, Чымылдакты тартканда, Карылар жашып каңырык, Койнуна жашын агызып, Муңдуулар ыйлап эчкирип, Делдейип тыңшап калучу, Эчтемени элебей, Жарык күн батып кечкирип, Бээ садырбай ыр тыңшап, Жылкычылар копчу эмес, Уйу саалбай калганын, Кээ бир катын билчү эмес, Сүтү күйүп калганын, Тыңшап жатып туйчу эмес, Койлор жатчу короодо, Койчулар коппой олтуруп. Секинин чыгып башына, Чачын сылап Керээз кыз, Чымылдагын тартканда, Бекер тартпай байкуш кыз, Күү келтирип жатканда: — Атпай кыргыз алаш ук, Кары-жашың тамам ук, Катын менен балаң ук, Кыргызга бийлик тийиптир, Айкөл Манас туулуп, Каңгайдан али келбептир. Калдайлары чогулуп, Күн чыгышка жол салды, Чоң Бейжинге кол салды. Бүт дүйнөгө чуу кылып, Бейжинге кыргыз барган, деп, Кылымдын баары тең угуп, Айкөл шердин балдары, Кастарлап элин бакканы. Эмгиче кыргыз элиңди, Тыштан келип кол салып, Дегеле киши албады, Аркачандан бир качан, Каңгайдын эли тынч албай, Салып турат калбаны. Айрыкча кыргыз багыңа, Эр Кененим туулуп, Батыш менен чыгыштан, Каш кайтарар калбады, Кол көтөргөн кишини, Корпой баарын жалмады, Испан менен коросон, Кошулушуп Каңгайга, Келе албады дарманы, Коросон кетип Кененим, Эмгиче келе албады. Тигинде келет бир адам, Көзгө суук карааны, Көптү көрүп, көп билген, Таанымчылар карачы, Келатабы Кененим – Сейтек абам баласы? Кийгени көк, ат тору, Башкача турат карааны. Керээзден элдер кеп угуп, Тиктеп калды тигилип, Таанылды элге ашкере, Жат киши деп билинип. Жээнтай деген бар эле, Бир көргөнүн жазбаган, Таанымчылдын бири эле. Кийим бүтүн, карды ток, Жел өпкө өскөн жаш балдар: — Кел, Жээнбай, карагын Кененим эмес жат болсо, Аттаналы биз болсо, Курчап туруп алалы, Кутуруп келген ит болсо. Тура калып Жээнбай: — Каран күн бизге болгонбу? Кудай уруп койгонбу? Келе жаткан тору атчан, Дабытай кул окшонду. Кайра качып Таласка, Баш калкалап келгенби? Же Кененимди жоготуп, Бизди кастап келгенби? Эки кептин бири го! Жээнбай кебин угушуп, Баары турду чуркурап: — Оозуңа кара кан толсун, Баш калкалап Таласка, Дабытай келбейт, Жээнбай. Байкап айтсаң болбойбу, Сары ит кирип, оозуңдан, Кара ит кирип жин куспай! Энтери деген бар эле, Жаңы өспүрүм жаштардан, Мен элемин дээр эле, Сарыкер деген аты бар, Бар шайманы тептегиз, Чоң баатырдай салты бар, Дабытайдын алдынан, Тосо чыкты тартынбай. Эр жүрөктүү Энтери, Бөлүнгөн жери эл чети, Сайышка эчен жол чыгып, Машы чыккан эмеспи. Коросондун Дабытай, Калгандарды бачагар, Батегине албастан: — Сарыгер минген атың бар, Сайышчуудай салтың бар, Кененим өлүп сойлоду, Эми кыргыз кимиң бар? Мен Дабытай билип ал, Кары-жашың бүт баарың, Колуңа бирден кетмен ал, Сыр коргон менен күмбөздү, Талкалап жерге түзөгүн, Жаныңдан болсо үмүтүң! Айтканымды кылбасаң, Калбайт тирүү бир кишиң! Сарыкер атчан, кайтып бар, Менин айткан кебимди, Төкпөй- чачпай айтып бар. Ачууланып Энтери: — Сен Дабытай саткын кул, Оозуңа кара кан толсун, Кененимди өлдү деп, Айтканын көрчү мына бул! Ырысы качып кыргыздын, Карандай калчу эл бекен? Манастын уулу Кененим, Сен жеңичү эр бекен? Кетмен алып колуна, Коргонун чанап Манастын, Кыл дегенди кылучу, Коркок кыргыз эл бекен? Ормолоку кеп менен, Коркутчу кыргыз сен бекен? Чогулуп кыргыз кастарлап, Көкжал төрө Манастын, Күмбөзүн тайып жатышат. Тирүүлүгүң канымет, Бүгүн барсың, эртең жок, Төбөңдөн тийген кара нээт! Кылчайып туруп Энтери, Кыргыздарга айтат кеп: — Ак калпак кыргыз баарың ук, Ак сакалдуу карың ук, Коросондун Дабытай, Айткан кеби эң бузук, Өлтүрөм дейт баарыны, Одурайып түрү суук, Кененимди жеңдим дейт, Коргон менен күмбөздү, Бузгалы мында келдим дейт. Кепти угуп болгондо, Катындын баары кажылдап, Жайма сүйлөп ажылдап: — Өлүгүңдү көрөйүн, Каракчыдай чочойгон, Жалпы катын баралы, Жан-жанына жабылып, Жара тартып салалы. Жарабаган кепти айтат, Кененимдин жанына, Бул салпайак барабы? Карылары какжаңдап, Карыган койдой чакчайып, Чач- кирпиги кибиңдеп, Кирпиден бетер бириндеп, Жаштын баары жабырап, Жабыла минип атына, Жаштын баары сороктоп, Найзалары короктоп, Энтериге сүйлөнүп, Элге айтасың несин, деп, Мен эрмин деп жүрөсүң, Керге жарар кезиң, деп, Элге айтып нетесиң, Кайда кеткен эсиң, деп, Бир кишини көп киши, Өлтүрөлү кескилеп, Былчылдатып найзалап, Өпкө-боорун тешкилеп! Элден жеме кеп угуп, Энтери кайра бурулуп, Дабытайды беттеди, Найзасын күүлөп бой керип. Энтерини киши деп, Элебеди Дабытай, Алы канча дегенсип, Кененимди Дабытай. Манастап бала бакырып, Баатырдын атын чакырып, Энтериге үн кошуп, Кыргыздын баары акырып, Дүңгүрөктү укканда, Дабытай калды шашылып, Энтерини бетке алып, Дабытай кирди качырып. Найзаларын кагышты, Кайта-кайта сайышты, Энтерини Дабытай, Аңтара сайып салышы. Энтерини өлтүртпөй, Ажыратып алышты. Бөтө баатыр кыргыздан, Кыйкырыгы таш жарып, Ач арстандай жаланып, Эрдигинен жазганбай, Дабытайга түз барып, Тиктеп калды Дабытай, Баатырдын бири экен деп, Эр бөтөгө таң калып. Кара мээнет кыргыздын, Эр немеси жокпу, деп, Тирүү басып жүргөнү, Жалындап күйгөн отпу, деп, Жандан тойгон Дабытай, Жаалысы келип жүзүнө, Ант кылышып өзүнө: “Чогулган кыргыз элдерин, Бирин тирүү койбойун, Эрдемсип келген немесин, Эсирген кул каарданып, Кандуу найза колго алып, Качырып келген Бөтөнү, Аңтара койуп өттү эле. Жамаке деген бир жигит, Жебеден мурда жеткени, Дабытайды капталга, Катуу муштап өттү эле. Ат үстүндө Дабытай, Араң-араң токтолуп, Жамаке атын бургуча, Тебетейдей ыргытып, Сайып өттү Дабытай. Өлтүрөт экен аны деп, Жамакенин камын жеп, Бала Тубаш жетти эми, Дабытайды колтукка, Муштап өтүп кетти эле. Жаны ачыган Дабытай, Качырып найза неткени, Бала Тубаш атынан, Калпактай ыргып кеткени. Кыргыздын жашы кыйкырып, Ат салуучу кептенди, Акжолтой деген карынын, Айтып турган кептери: — Кененимден мааналап, Качып келген Дабытай, Тилимди ал, жаш балдар, Ээси жоктой иш кылбай, Тарт тизгиниң токтогун, Аламан койуп ат салбай. Аламандап киргенде, Ажалыңдын жеткени, Амалыңдын кеткени. Жыыглдым деп эми эле, Намыс кылбай дегеле, Жыгылганды ажырат, Бирден барып ат улап, Алдынкыга күч улап, Кыла бергин демелге, Арбагы Манас жар болсо, Кененим келет бир демде. Баш аламан киргенде, Баданаң жок, соотуң жок, Кандагай жок, олпок жок, Каныңды суудай агызат, Кан ичме капыр бир демде. Тилимди ал, оолукпа, Тим ажалга жолукпа, Жан талаш уруш кыла бер, Бүгүн эмес эртең да, Айкөлдүн турат арбагы, Акимсинген чочкону, Эми эле арбак урбайбы, Кененим келсе кечкече, Кез ажалы жетпейби, Кесилип башы кетпейби, Балбансып жаткан жигиттер, Тонун сыйрып чечпейби, Мен балбанмын дегендер, Баданага жетпейби, Арбагы арстан Манастын, Колдогонун анык бил, Күмбөз тайып чогулбай, Күдүңдөп жүрсөң ар кайда, Чачылат болчу жиниңер, Кесилет болчу тилиңер, Чогулуп калыш, кыргыздар, Колдогондо билиңер. Аламан койбой, кыргыздар, Акжолтой кеби ырас, деп, Эки баатыр ат койуп, Айалдабай бат койуп, Ажыратып алышты, Арстан бала Тубашты. Энтери менен эр Бөтө, Дембелешип бул экөө, Бала Тубаш, Жамаке, Алды- аркасы ал экөө, Төртөө жүрөт салышып, Кезек бербей бөлөккө. Атактуу Кошой абамдын, Жалгыз кызы Алмаке, Акжол деген бар эле, Андан туулган бала эле, Энтери менен дос эле, Турган жери Акжолдун, Нарынды жердеп турчу эле, Учурашып келем, деп, Келип калды бул жерге. Карап калды далдайып, Не калба болуп кеткен, деп, Ак калпак кыргыз бул элге? Экиден чыгып жатыптыр, Жалгыз чыкпай жекеге, Салам айтып элдерге, Тура калды жекеге. Жээнкул келип Акжолго, Амандаша кетти эле. Акжол айткан кеби бул, Саламга алик албастан: — Ой, Жээнкул, Жээнкул, Бул эмине шумдугуң? Маңдайда турган ким эле? Байанын айтчы, — дегенде: — Акжол аке, кулак сал, Менден дайнын угуп ал, Жалгыз турган Дабытай, Коросондун улугу, Кошуун чайкап кол айдап, Таласка келген болучу. Жалгыз келбей Дабытай, Испан, каңгай кошулуп, Далай күнү Таласта, Кан аккан болчу жошулуп, Эр Кененим төрөнүн, Ыдыгына чыдабай, Качып кеткен болучу, Караңгыда калдырап, Шашып кеткен болучу. Аркасынан Саламат, Сайа кууп турбастан, Салып кеткен болуучу. Жалгыз кетип калды деп, Арстан баатыр Кененим, Ал да кеткен болучу. Эр Кененим, Саламат – Ал экөөнөн кабар жок, Күмбөзүн тайып арстандын, Жыйылган эл ушул топ, Эл жыйылып жатканда, Келип калды Дабытай, Азып калган итке окшоп. Келген менен жөн келбей, Кененимди өлдү, деп, Күмбөзү менен коргонун, Коморгула жүрү, деп, Оозуна келген кепти айтып, Кара оозуна кан толгур, Айабаган бокту жеп, Өчүгүшүп, урушуп, Өлүшүп атат биздин эл. Аламан койуп киргенге, Ак сакалдар жол бербей, Бирден чыгып көрүшкө, Дабытайга ал келбей, Эр Кененим, Саламат, Эми келип калар, деп, Андан күдөр үзүлбөй. Арбагы Манас колдоду, Эл жыйылып калбаса, Салтанаттуу сыр коргон, Залкар тоодой ак күмбөз, Эмгичекти жок болчу. Жээнкул кебин бүтүрдү, Акжол анык түшүндү. Колдон качкан коросон, Мойнун үзүп алам, деп, Оолугуп Акжол күпүлдөп, Аттын белин бекитип, Алып учуп дүпүлдөп, Дайарданып эр Акжол, Такыр кайта келгин, деп, Энтери, Бөтө - экөңөр, Жамаке, Тубаш- төртөөңөр, Жалгыз чыкчу менмин, деп, Акжол өзү чоң эле, Былк эттирбей Нарынды, Билип жатчу зор эле. Каңгай барып Нарынды, Камап кордук салганда, Анда Акжол жок эле, Элден угуп келгенин, Жалындап ичи чок эле. Чалбашты минип камынып, Кара жерди чаң кылып, Олуйа Кошой тайатам, Оорагың мени колдо, деп, О дүйнө кеткен айкөлдүн, Арбагы дайар жолдо, деп, Алмамбет, Чубак эрен, деп, Качыргандан кайтпаган, Баатыр Сыргак берен, деп, Шер Семетей абам, деп, Баатыр Гүлүс агам, деп, Алп Төштүк менен Музбурчак, Шер Сейитек, эр Көкчө, Өзүңөр жардам болгула, Мен өлүмгө бара жатам, деп, Энем менен боорлош, Жалгызек менен тайым деп, Эр Кененим мында жок, Дабытай келип Таласка, Алашка болду кыйын кеп, Коргонуна кол салса, О дүйнө кеткен Манастын, Күмбөзүнө тийишсе, Көркү кетет Таластын, Деп күркүрөп эр Акжол, Кыргыздан чыкты бөлүнүп, Киши эмес ал Акжол, Кыпкызыл жалын көрүнүп. Дабытай, Акжол бет келди, Бирин-бири качырып, Ыргыта сайам деп келди, Кандуу найза бөрү тил, Карс дедире кагышып, Кайта айланган кездерде, Баш аламан сайышып, Бадыратып салышып, Баштары кызыл челектей, Жошулган канын агызып, Кара бойу дал болуп, Кармалбай колу шал болуп, Дабытай менен Акжолго, Кишинин баары таң болуп, Жабышкан жери жыртылып, Талаанын бети аң болуп, Акжол кылат өөдөлүк, Арбагы Манас жар болуп, Эртеден кечке чабышты, Алыша албай шай болуп, Бирин бири жеңген жок, Бак- таалайы жар болуп, Кер сары тартып өңдөрү, Кең дүйнөсү тар болуп, Кабактары кар болуп, Муруттары муз болуп, Сакалдары чаң болуп, Мурундардын алдына, Топо ылайлап там болуп, Асты калкак жар болуп, Күн кечкирип түн болуп, Акжол кетти кыргызга, Дабытай калды талаада. Кан жалаган карышкыр, Караңгыда тийет деп, Как бооруңан тилет, деп, Элге балдар сак бол деп, Акжолтой кары бакырып. Абамдын кеби ырас, деп, Энтере менен Жамаке, Бала Тубаш, эр Бөтө - Төртөө чыкты аттанып, Төрт бөлүнүп баатырлар, Уктабай элди кайтарып. Акжолтой кары нетиптир, Эр Акжолго жетиптир, — Тегин эмес экенсиң, Жээни экенсиң Кошойдун, Чама кетип, чарк келбей, Эл чачылар кезинде, Акжол, ырас келипсиң, Арбагы Манас чакырып, Алып келген турбайбы, Бекер келди дебесмин, Кашкулак, кажыр өтүнөн, Эзип,балам, ичкиниң, Ичиңе зардап суу түштү, Айдап аны кетирсин, Боз кийиктин терисин, Тышыңан сага жаптырам, Тышыңдакы жаранын, Суусун койбой кетирсин. Суу ордуна кан толуп, Мурункудай күч кирсин. Ичинен өттү ичирип, Тышынан тери жаптырып, Кой этинен даарытпай, Жылкы этине тойгузуп, Кымыздан берип жаткырып, Күтүнүп кыргыз калганда, Коросондун Дабытай, Көөнүндө кири бар анда, Батарына ишенип, Баш калкалар байы жок, Муңгулдан башка Дабытай, Батар жери дагы жок, Мындайын билсем кыргыздын, Коросондо өлбөй, деп, Ичи жалын, боору чок. Бутун сунуп, бой керип, Жатар жери дагы жок, Ач курсак араң келдиң, деп, Тамак берер киши жок, Жалгыз калды талаада, Жанында каран дагы жок, Кыйкырып тийбей кыргызга, Жатып алар чагы жок. Эми эки күн ичинде, Эбимди кыргыз табат, деп, Мени менен салышкан, Акжол жаман турат, деп, Акжолго амал тапсам, да, Кененим келип калат, деп. Агачейин кыргыздан, Миңдин бащын жебесем, Мага калат уйат, деп, Күл азык бар жанымда, Өлбөскө жүргөн байланып, Өзү жалгыз олтуруп, Тамактанып жайланып, Топчулугун топчулап, Үпчүлүгүн үпчүлөп, Кара бойун камданып, Карк темирге чапталып, Ат олоңун бекитип, Куйушканын кыскыртып, Атка минип дардайып: “Алдында барбай кыргызга, Күмбөзүнө Манастын, Караңгыда барайын, Эл тойунуп болгончо, Төбөсүн бузуп талкалап Эбин таап салайын, Дегеле өлөм баары бир.” Деп ойлонуп көгөрдү, Өчөшүп капыр жөнөдү. Кыраан кары Акжолтой, Алты бала котчу алып: — Жүрүгүлө, уулдарым, Мурдума жыт муундарым, Атагы алаш журтуна, Арка болгон айкөлдүн, Күмбөзүнө баралы, Барып кабар алалы. Эл кайтарган төрт баатыр, Элебей аны калабы, Кара нээт кан ичме, Күмбөзгө бузук салабы. Жети киши желденип, Жакын келсе күмбөзгө, Тоодой бойу калдайып, Келе жатат бирдеме, Акжолтой баштап ал жетөө, Карап турат бир жерде. Бузук ниет шумурай, Күрзүсүн күүлөп алганда, Чабуучудай күмбөзгө, Чакчайып жөнөп калганда, Үн чыкты күмбөз күркүрөп, Жерге кирди сүлкүлдөп, Көрүнгөн көзгө караан жок, Өзү калып Дабытай, Колунда күрзү жана жок. Күрзүсү жок колу кур, Турганы жок өзү шум, Жанындакы балтаны, Ийинге арта салганы, Чак деген үн угулду, Колундакы балтасы, Топтой учуп жоголду. Булгап алып найзасын, Колго алды бадырек, Атка камчы саларда, Колундакы найзасы, Ыргып кетип аркага. Мурункудай күмбөздөн, Кызыл жалын сүр чыкты, Кулак жарган үн чыкты: — Келе албайсың бул жерге, Аз күндүк калды өмүрүң, Ошол үчүн биз сага, Катылбайбыз дегеле. Эки күндө Кененим, Келип калат бул жерге, Кененим келсе элине, Кыргызга болот демилге, Жер бетинде далда жок, Сен батпайсың, — деди эле. Бура тартып Дабытай, Мойнун толгоп караса, Күрзү, балта, найзасы, Кол менен тизип койгондой, Үчөө жатат жанаша, Найзасын алып сүйрөтүп, Ай балтасын белге илип, Күрзүсүн кысып такымга: Бул Манастын күмбөзү, Сыйкыр экен, сыр экен, Кыргыздын кылган иштери, Баштан айак чыр экен. Коргонуна барайын, Каалгасын чагайын, Не нерсе бар ичинде, Аны байкап багайын, Сыйкырдын сыры коргондо, Түйүнүн анын табайын. Сыйкырдын тапсам жеткирин, Мен билемин бүт сырын.” Коргонду карай жөнөдү, Акжолтой баштап ал жетөө, Аркасынан жөнөдү, Дабыр- дүбүр келатат, Аны чочко билбеди. Коргонго жакын барганда. Аны көрбөгөн жан арманда. Айланасы коргондун, Ай тийгендейжаркырап, Качырып чыкты Кумайык, Дабытайды аркырап. Үргөнү сонун арсылдап, Үнү күчтүү карсылдап, Түз бастырып Дабытай, Баралбады жакындап. Дабытайга келтирбей, Кумайыктын мойнунда, Каргыга койгон жип байлап, Кармап турган бирөө бар, Ар жагында тарткылап. Жетелеген тайганды, Хан Манастын доорунда, Дарбазачы Сарытаз, Кызы Седеп экен деп, Мындай укмуш айтылат. Бузмак тургай Дабытай, Куу тайгандын сүрүнөн, Кумайыктын үнүнөн, Коркуп бара албады, Туруп калып делейип, Кылычын тартып кынынан, Качырып жөнөп калганы, Кылычты шилтеп чабарда, Кумайык куйрук булгады. Куйругу тийди кумайык, Тору атынын үстүнөн, Тоголонду куланып. Пери кызындай Седеп кыз, Басып келип суналып: — Коржоңдогон арамкор, Айта турган сөзүм бул. Күмбөзгө бардың күдүрөп, Коргонго келдиң бүжүрөп, Күмбөз менен коргонду, Ойлончу сага ким берет? Он эки кылым болгочо, Оозуна жакын жан келбейт, Койо берсем Кумайык, Тирүү сени кетирбейт. Мындай болуп сен өлсөң, Айкөл шерди жамандап, Такыр сыйкыр экен деп, Күмбөздү багып перилер, Анда жүрөт миң-миңдеп, Сени ага киргизбейт. Коргонду багат кырк арстан, Кабарчысы Кумайык, Адам кирбейт кылайып, Кире албаган Коңурбай, Сен Дабытай турмайлык, Сендей нечен сексенди, Башкарган Коңур хан эле. Жыландан камчы илгенди, Булутту кармап мингенди, Башкаргандын бири эле, Ырыскың бүткөн күнү өл, Тур кеткиниң! — деди эле. Тиши тишке шакылдап, Жулунуп турат Кумайык, “Кире албайт экен Дабытай, Мында неге туралык, Жөнөп кетти ал жетөө, Акжолтой ага баш болуп, Элди карай дуулатып, Аңгыча торгой сайрады, Таң агарып чуулашып, Жан- жаныбар кыбырап, Жандын баары мыдырап, Жердин бети ачыла, Тунарыгы жазыла, Чалбаш менен эр Акжол, Бастырып чыкты шашыла. Таң атканча уктабай, Тамтадаган Дабытай, Ат чалдырып алалбай, Тамактанып баралбай, Барбай жатып алалбай, Бастырды чыдап туралбай, Намысы жок уйалбай. Акжол менен Дабытай, Айанышар жери жок. Астыртан түрө тиктешип, Өлөр жерин чиктешип, Күжүлдөшүп, күүлдөшүп, Найзаларын сүйрөшүп, Качпай найза сайышып, Найзаларын кагышып, Колтуктарын чойушуп, Чокмор менен койушуп, Кындан кылыч алышып, Кыпындай жанды айабай, Кылчылдашып чабышып, Аманат жалгыз бир жанды, Кылга байлап таштады, Кыйын уруш баштады, Акжол мыкты эр экен, Өлүмдөн башын тартпады. Кыргыз деп жанын айабай, Кылчайып артын карабай, Кылыч, найза, чокмордон, Кылайып мындан коркпогон, Өтүп кеткен түнүндө, Сыр коргондун түбүндө, Эки күндө Кененим, Келип калат элге, деп, Седеп кыз айткан ачуу сөз, Дабытайдын көөнүндө. “Айтайын келип кыргызга, Күмбөз менен коргонду, Бузалбадым мен бирин, Өмүр көрөм мен бүгүн, Келип калса Кененим, Эртең жакын өлөмүн. Кайрат кылып көрөйүн, Аңтара сайып Акжолду, Мунун канын төгөйүн. Акжолду сайсам аңтарып, Кыргыздан мага ким чыгат? Аламын мизин кайтарып, Жүдөтөмүн кыргызды, Жүрөгүн элдин майтарып, Чымырканып, чыйралып, Аз болгондо кыргыздан, Миңдин башын жебесем, Дабытай мында не келем? Кененим келсе элине, Кетирет менин шайымды, Түгөтөт такыр жайымды” Кайраттанып, каарданып, Кандуу найза карманып, Атайын келип Таласка, Кыргыздан бирди сайалбай, Кызыл канын жайалбай, Арданганы аттан чоң, Кордонгону койдон чоң, Коржоңдогон бадырек, Карыган койдой чакчайып, Каш-кирпиги саксайып, Муруттары бириндеп, Ачуусуна чыдабай, Этектери дирилдеп, Мас болгон нардай күркүрөп, Көргөндүн бойу дүркүрөп, Ач бөрүдөй жаланып, Аркасында чаң калып, Качырып кирди Акжолду, Карсылдашар чак болду, Андан бетер эр Акжол, Айбатына карк толуп, Дабытайды бетке алып, Жан айабай ат койду. Дабытай келет жаланып, Камчыга бөлөп тору атты, Чалбаш менен сыздырып, Баатыр Акжол баратты, Коросондун Дабытай, Карматты жаман адатты. Тура калды токтолуп, Оозун тартып Тору аттын. Жандап өтүп эр Акжол, Тарта албастан Чалбашты, Кыйа тарта бергенде, Кыйамына келгенде, Кызыталак Дабытай, Кый сүбөөдөн бир сайды, Кыргыздан кыраан Акжолдун, Ээрден көчүк бултайды, Үзөнгүдөн бут тайды. Жер тайанып жыгылды, Чаңга башы тыгылды, Оодара сайды Дабытай, Опсуз Акжол кыйынды. Оңдоп атын тарткынча, Оонап калган Акжолго, Оңолуп балта чапкынча, Элеңдеген энтери, Жебеден мурун жеткени, Дабытайды Энтери, Куйрукка муштап өттү эми, Өтө берген Энтери, Оңтойуна келгенде, Ороңдогон Дабытай, Оодара сайып кеткени. Байкап турган кыргыздан, Бала Тубаш жеткени, Энтериге жеткирбей, Балталаша кеткени, Бала аны көзгө илбей, Баатырлыгын билеби, Баатырсынган баланы, Балакет баскан Дабытай, Ыргыта койуп кетиптир, Аңгычакты болбоду, Бөтө баатыр жетиптир, Дабытайды бөйрөккө, Койуп өтүп кетиптир, Бөтө сайган найзаны, Элебеди анчаны, Сайып көнгөн Дабытай, Мындай нечен–канчаны, Баатырсынган Бөтөнү, Аңтара сайып таштады, Коросонду Дабытай, Колундагы найзаны, Козгоп кайра тартпады, Өлтүрөт деп Бөтөнү, Жамаке жетип чапканы, Чапкан колун тарткынча, Жамакени Дабытай, Жалпайта сайып таштады, Дабытайга жанашкан, Кыргыз деп намыс талашкан, Кыраандын баары жатканы. Ак жол менен Энтери, Балатубаш, Жамаке, Баатыр Бөтө санаадар, Өлтүрөт деп буларды. Кыргыздын баары жарадар, Жалпы кыргыз ат койду, Жалдырап карап турбайлы. Манас деген бакырык, Баары ураан чакырып, Ач кыйкырык куу сүрөөн, Дабытайды качырып, Карапайым көп өлден, Коркуп кетпейт шашылып, Оңтойума келди деп, Оолугуп тийди жапырып, Утур келген неменин, Өмүрлүк шорун катырып. Беттештирип төрт-бештен, Сайып кетип баратат, Кызыл канын кыргыздын, Жайып кетип баратат. Топту беттеп жол алып, Жеткен жерден жан алып, Беттешип чыгар чама жок, Баатыр Акжол,Энтери, Бала тубаш, Жамаке, Эрен бөтө ал бешөө, Найза жеген жаралуу, Жаны менен жумуш жок, Элдер ойдо саналуу. Элдин баары дүрдүгүп, Качуучудай сүрдүгүп, Канетерин биле албай, Камалышып турганда, Ордонун ханы болуучу, Мурун мында жок эле, Келип калды Орунбай. Дабытайды көргөндө, Жарадар болгон төртөөнү, Ат-атынан бакырып, Атап айтып чакырып: — Кайда кеттиң сен төртөөң, Кетеби кыргыз чачылып? Кененим элде жок чакта, Келген экен ашыгып. Ашыгыш айтат Акжолтой: — Коргондун ээси келипсиң, Айбатың бар сан колдой, Сен айткан төрткө кошулуп, Кошойдун жээни Акжол бар, Баатырдын баары жарадар, Алда кандай болот деп, Биздин элде санаа бар, Айлабыз кеткен чагыбыз, Амалын издеп табалбай. Орунбай көпкө акырып: — Мен чыгамын качырып, Калгандын баары туш-туштан, Калбай тийгин жабылып. Балта чабар мыктууң бар, Найза сайар ыктууң бар, Чокморго андес шыктууң бар, Кылыч чабар кыйын бар, Мылтык атчуу, жаа тартчуу, Четтеп элден чыкпаса, Жай-жайыңда туруңар. Салмоор урчуу камдуулар, Бойу узун шаңдуулар, Азоого чалма урчуулар, Куш кармоочу торчулар, Дайар болгун барыңар, Баарың амал кылыңар! Деп бакырып Орунбай, Манас-Манас-Манас деп, Жыргалдуу Кеңкол, Талас деп, Куу найзасын колго алып, Кулдуңдап Орун жөнөдү, Урмат кылып баарысы, Ордонун чоңу төрөнү, Найзалары сороктоп, Жөнөп берди короктуп, Кылычтары жалтылдап, Бара жатат шалкылдап, Балталары шаңгырап, Баары калбай алдырап, Чокморлуулар чогулуп, Колтуктары чойулуп, Боз топурак чаң болду, Жердин бети сойулуп. Асман ачык, жер бүркөк, Жайнап кирди дүркүрөп, Жалгыз турат Дабытай, Мас болгондой күркүрөп. Орунбай кайдан айанды, Өпкө-боордун тушу, деп, Өткүр найза урганы. Орунбайды бучкакка, Теңебеди Дабытай, Орунбай урган найзаны, Чымын-чиркей чаккандай, Элебеди Дабытай. Кайнап келген элдерди, Бендеби деп бейлебей, Бучкагына теңебей, Анткен менен Дабытай, Кененим келип калат, деп, Эси чыгат ченебей, Кененим ойго түшкөндө, Акылы калбайт кенедей. Кыйамына кирди, деп, Кыргыз колго тийди, деп, Кылычты сууруп кынынан, Кылымдын коркпой чырынан, Чамбыл ала чаң кылып, Кызыл ала кан кылып, Утур келип калганын, Кетемин деп нан кылып, Дабытайдын ойу бар. Тегеректеп кыргыздар, Дүмпүлдөккө алышты, Башын өөдө кылдырбай. Найза менен сайгылап, Чокмор менен койгулап, Балта менен чапкылап, Дабытайдын башынан, Кетпей турат чакылдак. Кылыч чабар колуна, Канча найза сайылды, Кар жиликтин булчуңга, Балта тийди далыга, Чокмор тийди чокуга, Найза урулду колуна, Өлүмдүн түшүп боолугу, Дабытайдын мойнуна: “Туруп бербей кыргызга, Жандан тойгон бурутка, Атка камчы салайын, Четке чыга калайын, Эл суйула түшкөндө, Эбин анан табайын.” Өбөктөй түшүп Тору атка, Үстү-үстүнө камчы уруп, Тулпардын салып күчүнө, Топтон чыкты суурулуп, Кар жиликтьин булчуңдан, Кара кан агып чубуруп, Кылчайып артын караса, Эл азайган суйулуп, Качырып кирди кыргызды, Кайта артына бурулуп. Сапырып келет кыргызды, Найза менен чубуртуп, Кырып келет кыргызды, Кылычтын канын куйултуп. Ал аңгыча болбоду, Күн кулпуга жашынды, Көз байланып караңгы, Бүрүлдөп бара жатканда, Четте турган мергендер, Ченебестен ок атып, Жебечилер жаа тартып, Аңдып туруп тушунан, Элүүчө киши тор салып, Ок зоотуна ширеди, Анткен менен кирбеди, Элүүчө тор мойнунда, Токтото албай сүйрөлдү. Сүйрөгөн менен Дабытай, Эл аралап баралбай, Эптеп тордон чыгалбай, Жетип келип Орунбай, Башын кыйа чабам, деп, Жойболот менен чапканы, Таамай башка чабалбай, Торго чаап таштады. Тор кыркылып кеткени, Бошонуп капыр кетти эми, Бирөө да жок кыргыздын, Жоголуп баары кетти эми. Келе жаткан Кененим, Кулагына угулду, Мылтыктын үнү тарсылдап, Адамдын үнү чуркурап, Күмбөз жактан угулат, Муну угуп Кененим, Алда эмне шумдук, деп, Заманасы куурулат. “Качып кеткен Дабытай, Таласка жетип келгенби? Кыргыздардын бөлүнүп, Четке чыгып мергени, Беттешип найза сайалбай, Мылтыкташып киргенби? Же болбосо Дабытай, Коргонго келип кол салып, Атышып элдер жатканбы? Коргон алыс жерде эле, Аткан менен мылтыкты, Угулбайт эле бул жерге. Күмбөздү бузуп чагат деп, Атышып жаткан эл окшойт, Ажыратып калам” деп, Мылтыктын үнүн укканда, Кош кулагын кайчылап, Кеңкула келет элеңдеп. Күндүз келбей, түн келди, Кулагы угуп чыдабай, Ызылдаган үндөрдү. Аркыратып кула атты, Эр Кененим келатат, Ботонун белин бет алып, Качып кыргыз баратат. — Дүпдүрөң түшкөн түгөнгүр, Дүбүрөбөй тур! — деди, Кыргыз болсоң коркпогун, Мен Кененим бил, — деди. Кененим деген үндү угуп, Бирин бири кыйкырып, Келди далай чогулуп. Келе жаткан Дабытай, Аркасынан оолугуп, Кененим деген кепти угуп, Тура калды бурулуп, Кыргыздардын дуулдап, Кылган кебин бүт угуп, Бура тартты Дабытай, “Кетейин качып жоголуп. Эми кайда качам? — деп, Каңгайга барсам батам, — деп, Кара кытай, манжуга, Шибе, солон, муңгулга- Беш уруктун журтуна, Арзымды айтып барам, — деп, Беш урктан беш баатыр, Кара курттай көп аскер, Ошол элден табам — деп, Кайта келип Таласка, Түп көтөрө чабам,” деп, Түн күбүрөп уйку албай, Жүрүп кетти Дабытай. Камчы басып тору атка, Дабытай качты каңгайга, Кете берсин Дабытай, Кененим кууп келет, деп, Түнүнкүсүн уйку албай. Муну койо туруңуз, Таластакы кыргыздын, Аңгемесин угуңуз. Таң агарып атканда, Тараза жылдыз батканда, Жер жаркырап, күн чыгып, Кененимди көрүшүп, Тирүүлөрү күлүшүп, Тууганы өлгөн дагы бар, Бууданы өлгөн дагы бар, Эри өлгөн катын бар, Атасы өлгөн уул бар, Баласы өлгөн кары бар, Муңдуу-чердүү – баары бар, Түп көтөрө барышты, Бири барбай калалбай. Көрүшүп көкжал төрөгө, Көңүлдөрү толушуп, Дабытайдын калтырбай, Баары кебин салышып, Балдар жүрөт жарышып, Жаңыртып кайта түлөөнү, Жаңылап малын чалышып. Арбагын тайып Манастын, Куран окуп жанышып, Жай-жайына жетишти, Тарап үйгө кетишти. Элге барып Кененим, Кеңеш кебин бериши: — Дабытай келип силерге, Далай мүшкүл салыптыр, Тың балдардан бешөөнү, Жарадар кылып салыптыр, Жараңар, балдар, айыгат, Өлүп кеткен кыргыздар, Алар кайта табылбай. Аман- эсен калганың, Оокат кылып жаның бак, Бекер бирөө аш бербейт, Өзү басып мал келбейт. Акжолтойдун айтканы, Баары акыл эмеспи, Тың балдардан ылганып, Тийип- качып жөн койбой, Тынчын ала берсеңер, Келет элем мен болсом. Сиздерде жок айып кеп, Коросондук Дабытай, Өтө балбан кара бет, Ээси жоктой, Орунбай, Кырылтыпсың кыргызды, Атийет керек урушка, Арзан эмес жумуш бу. Күмбөздө болгон шектерди, Коргондо болгон кептерди, Койбой баарын Акжолтой, Кененимге жеткизди. Кепти угуп Кененим: — Баарысы чын, көп элим, Көрүпсүңөр көрүнөө, Көкжалым жардам бергенин. Бириңе бириң жөлөк бол, Карыңа жашың өбөк бол, Азыңа көбүң одок бол, Колуңда барың тартынбай, Коржоңдобо байыңар, Колунда жокко кайрылбай. Узунун кескин четинен, Көзүнүн жашын агызган, Абалын сурап жетимден, Кедей менен сагырга, Жесир менен жакырга, Кайыр кыла жүргүлө, Колуңда барың мындайга, Бул сапаркы кебимди, Эми менден угуңар, Саламатты кетти, деп, Аркасынан баргамын, Тилине кирип Саламат, Бузулуптур хандардын, Өкүмсүгөн чочконун, Башын кесип мен алдым. Коросондун элинде, Коржоңдогон алптары, Айабаган көп экен, Көп да болсо алптары, Кененимден кем экен. Жаздымдык өттү менден да, Дабытайды өлдү, деп, Асып койдум каалгага, Андан кийин капташтым, Арылбас кара балаага, Аралап жүрдүм канча күн, Кара курттай адамга. Дабытайдын жаздырып, Кеткенин билбей Таласка, Жеринен карап табалбай, Элинен кабар алалбай, Коросондон жөнөдүм, Козголбой туруп калалбай, Аттын изин бир көрдүм, Экинчи карап табалбай. Кечикпестен тез келдим. Таласка келет дебедим, Каңгайга кетти деп келдим, Бекинип жатып алганда, Коргонун буздум талкалап, Келген экен бул жерге, Сыр коргонду чакмакка, Даа тутуп кире албаптыр, Кумайык үрүп турганда. Кененим келди мына, деп, Аламан салдың чуулган, Силердин кептин баарысы, Кулагына угулган, Менин атым укканда, Кең дүйнөсү тарыган, Заманасы куурулган, Кайра качса кеткендир, Коросондун жерине, Эми барып ээ болбойт, Мурункудай элине, Хандыгын берип келгемин, Өчөшкөндүн бирөөнө. Каңгайга барат маана издеп, Аттуунун баары кырылган, Аны ээрчип ким келет, Кыдырып жүрүп жер бетин, Бир күн келет темселеп. Эми көрсө Кененим, Тирүү кайдан кетирет, Кара нээт бузуку, Ажал айдап жеткирет. Изин куусам эми эле, Узатпастан табамын, Каадалуу киши кептентип, Ага кайдан барамын. Эгин эгип, мал багып, Аракет кылып мал табып, Жан сактагын, кыргыздар. Деп Кененим жатканы, Сак сакайып эр Акжол, Ал элине кайтканы, Эмне көрүп билгенин, Бактыбайга айтканы. Кепти угуп Бактыбай, Айткан кеби мамындай: — Эми кыргыз тынч алып, Болот экен көөнү жай. Үлүш берип кунан чаап, Ойноп балдар дуулдап, Акачөлүм түнкүсүн, Кыз- келиндер чуулдап, Короосун кошо кайтарып, Бекбекей айтып безилдеп, Аңчылар бөөрү кармашып, Аркар- кулжа бугу атып, Текесин таштан кулатып, Түлкүдөн кийип тебетей, Мырзалары кырдашып. Бөөрү ичигин жамынып, Абышкалар бакчайып, Элечеги казанадай, Сүлөөсүн ичик жамынып, Байбичелер чалкайып, Белдемчи жерде чубалып, Барынча кийип буралып, Жубандар басып залкайып, Акыректе чоң сөйкө, Аркасында чач теңге, Ал ханынын доорунда, Санаага албай эч нерсе, Торкодон чапан жылтылдап, Бийдана бутта кыйчылдап, Сууда сүзгөн балыктай, Келиндер басып кылтылдап, Шайы көйнөк жалт этип, Алтындан соккон билерик, Ак билекте жалт этип, Кийгени кундуз тебетей, Күлгөндө үнү шаңк этип, Төгүлгөн жерге сымаптай, Элестеп көзгө жылт этип, Алтындай топчу наар төккөн, Акак, шуру аралаш, Боору толгон асыл таш, Арасында бермети, Тал- талдан өрүп тизген чач. Башына үкү сайынып, Кемселге седеп тагынып, Чыккан күнгө туш келсе, Көз уйалтып чагылып, Кызы сонун кыргыздын, Ийни салык, мойну кез. Сыртынан кызыл жамынып, Боз уландар куш салып, Кайрыма, чүрөк, куу алып, Ак тайлактай чоң кууну, Байланып жанга кубанып, Кекилик менен чил алып, Айырдын четин жээктеп, Канжыгадан ашканын, Куйушканга тээктеп,. Каш кулактан ичиги, Суусардан жака салынып, Чыгаан байдын балдары, Алтындан кемер курчанып, Анча-мынча кишилер, Айталбай салам апкаарып. Жайдын күнү болгондо, Кысыр эмди тай сойуп, Кымыз ичип, шерне жеп, Кыштын күнү болгондо, Кырк-элүүдөн чогулуп, Бозо кайда, жарма деп, Самоор кайнап ар жерде, Сары канты чачылып, Эртеден кечке жыйналбай, Дасторкону жайылып, Балдары майга карабай, Катындар каймак жалабай, Эндегей жүргөн кыргыз жок, Эшикке күлүк байлабай, Бекер жүргөн киши жок, Ит агытып, куш салып, Сандыгында зары бар, Өрүшүндө жайылган, Төрт түлүктүү малы бар, Ак калпак кыргыз болгондун, Баарысынын көөнү жай, Өлүмдөн башка кообу жак, Катын алып, бала таап, Андан башка ойу жок. Кыргыздар жатат жан жыргап, Дүнүйөгө көз тойуп, Арбытып төлүн мал жыйнап, Кайда жүрөт экендир, Дабытай шордуу жан кыйнап? Таластан качкан Дабытай, Күнү- түнү бир тынбай, Ат чалдырып дем албай, Азык ичип жата албай, Баш калкалар жай таппай, Арызын айтар эр таппай, Балтыры батар жер таппай, Чыгышты карай бет алып, Күндүзү аз, түн басып, Өзү жадап өңү азып, Аты жадап тер басып, Атасы көргөн жер эмес, Кыргыздай тоодо жол таппайт, Энеси бычкан тон эмес, Шар аккан нечен суу кечип, Шагылдуу нечен бел ашып, Айланып канча тоолорлон, Зоңкойуп турган зоолордон, Карагандуу сайлардан, Аркайган далай каңшардан, Кабаттап жүрүп эринбей, Күн алтымыш болгондо, Каңгайга жетти капташып, Ак элечек нечен тоо, Аркада калды адашып. Калмактын ханы Оторго, Абалын айтып ошого, Алооке менен Манастан, Калмак менен кыргыздан, Кептин башын баштады, Алып келип айагын, Калдагай кулак, Чойун алп, Жез киндиктүү Кикимат, Темир тондуу Шалкымат, Тажиктердин Темирбек, Испандакы Ачакан, Кутургурдун Саламат, Коросондун Дабытай, Алып келип аштады, Жаш баладай шолоктоп, Эки көзүн жаштады, Көзүнөн аккан бурчак жаш, Жакасын жууп чыктады: — Маңгул, манжу сен элең, Шибе, солон аралаш, Канатташ жүргөн эл элең, Кара кытай кошулуп, Талабыңар бир элең, Тайыны чыккан кишини, Такыр кыргыз түгөттү, Баш көтөртпөй бүт элди, Мына минтип жүдөттү. Манастын өзү барында, Ооган менен урушкан, Коросон менен испанды, Аны да кошо куруткан, Талапташ жүргөн элбиз, деп, Калдагай кулак, Чойун алп, Атайын мени чакырткан, Испандакы Ачакан, Таштабады катардан. Түптүү муңгул эли, деп, Баш тартпастан келгенбиз, Тажик Темир, Чойун алп, Дүйшөнбүдө чогулдук, Темирбек менен Чойун алп, Ошол жерде жоготтук. Таласка бардык тебелеп, Талап алсак экен деп, Талап алмак турмайлык, Каныбыз акты себелеп. Мен Дабытай, Ачакан, Акыл ойлоп курадык: “Коросон менен испанга, Бурулбастан баралы, Сырыбыз бирге муңгулга, Айтып кабар салалы”. Кошулду бизге Саламат, Козголбос болуп ал дагы. “Муңгул, манжу, кытайды, Шибе, менен солондун, Бешөөнөн кошуун алалы. Маңгыттардын Саламат, Коросонду Дабытай, Испандакы Ачакан, Сегиз уруу эл болуп, Селдей каптап баралы” Деген кеңеш тапканбыз. Чыдай албай качканбыз, Коросонго мен кеттим, Испанга кетти Ачакан, Маңгытка кетти Саламат, Саламат кетип баратса, Кез болуптур Кененим, Кыргыздан чыккан жанакы, Жалаңгыч сарык дегениң, Аркабыздан келиптир, Саламат менен Ачакан, Жазасын колго бериптир, Экөөнү катар жалмаптыр, Андан кайта жанбаптыр. Коросон барды коржойуп, Кол салыштык коркподук, Менде балбан көп эле, Бири миңден жоо сайган, Баары мыкты эр эле, Баарысын сойду кыйратып, Он эки түн дегенде, Найзага илип өзүмдү, Көрсөтүп көзгө өлүмдү, Дарбазага илгени, Тирүүлүгүм билбеди, Шаар аралап киргени. Ордо баккан эрлерди, Бейкут жаткан элдерди, Баарысын салдым кызматка, Тегеректеп карма деп, Карыш жерге узатпа. Ошончолук көп элди, Бир көзүнө илбеди, Көптүгүн анын билбеди, Ителги тийген таандай, Найза менен чубуртуп, Аралап кирсе кылычтап, Мизинен канын куйултуп, Калың жерин суйултуп, Окчун турган элдерди, Албарс менен кайсалап, Алдына кирген ким болсо, Найза менен талкалап, Эл аралап жүргөндө, Ойума келди бир неме: “Мен барайын Таласка, Кененим мында жүргөндө. Күмбөзүн бузуп Манастын, Коргонун чагып Таластын, Ал жердеки кыргызды, Айак асты кылайын.” Бет келер мага эр жок, деп, Анда мага тең жок деп, Апыр- шапыр жөнөдүм, Таласка барсам кыргыздын, Күмбөзүнө Манастын, Чогулганын көргөмүн. Мен жеткенде четине, Бирөө келди бетиме, Аңгеме дүкөн курадым, Кетмен алып колуңа, Талкала деп көмбөздү, Буйрук кылып тургамын, Менин кебим укканда, Катындын баары ажылдап, Калбай баары бажылдап, Качырды бирөө түз мени, Көзүнүн оту жалындап. Манасташып бакырып, Баары ураан чакырып, Асман жарган чуу болуп, Чыгып жатат акырык, Анчалык ишке Дабытай, Кеткеним жок шашылып, Эрдемсип келген эренин, Аңтара сайдым жапырып. Буруттун эли эң сүрдүү, Кылган ишин көрдүңбү, Бири калса жыгылып, Бири тайар найза уруп, Жыгылганын чаптырбай, Бири келет жапырып, Бекер келбейт келгени, Манастап ураан чакырып. Сүйүнсө да кыргыздын, Манас экен айтканы, Күйүнсө да кыргыздын, Манас экен айтканы, Малын сойуп чогулуп, Күмбөзүнө Манастын, Баш урушуп жатканы, Күмбөзгө бардым түнүндө, Төбөсүн ойуп чаккалы. Чокмор, найза, балтамды, Колума алсам жок калды, “Аз күндүк калды өмүрүң, Чагалбайсың кеткин” деп, Бир үн мага айтканы, Кылчайып артым карасам, Чокмор, балта, найзалар, Чогулушуп жаткалы, Калтырбай баарын алгамын, Коргонуна баргамын, Коргонун баккан Манастын, Тайганына таң калдым. Куу тайган чыкты арсылдап, Азуулары шакылдап, Баралбадым жакындап. Кылыч алдым чабам, деп, Ажылдаган тайгандын, Башын кесип салам, деп. Куйругун тайган имерди, Тору атымдын үстүнөн, Көмө койуп жиберди. Көзүмдү ачсам бир кыз бар, Кыз айтты мага мамындай: “Кетип калгын, Дабытай, Сенде аз күндүк өмүр бар, Койо берсем Кумайык, Койбой сени жеп салар, Эки күндө Кененим, Келип калат бул жерге, Анда болот күнүң тар!” Таң агарды аңгыча, Кыргыздар келди жабыла, Акжол деген эр келди, Чалбаш минип алдында. Качырып найза безедим, Каңтара койуп кеткемин, Жамаке, Бөтө, Тубаштар, Бирден келди сабалай, Көмөлөттүм баарысын, Өзүмө найза сайдырбай. Бирине бирин улашып, Тегеректеп найзаны, Дембелеп сайды чуулашып. Токтоно албай ал жерде, Тору ат менен чу койуп, Качып чыктым чуратып. Доолбас үнү карсылдап, Атылып мылтык тарсылдап. Жебенин огу зыркырап, Бараңдын огу чыркырап, Ызы-чууга аралаш, Канчалаган темир тор, Илиниптир мойнума. Кыймылдарга чама жок, Кыргыздын калдым торунда, Мыктысынган бир жигит, Жой болоту колунда, Менин башым чабам, деп, Өзүнүн чапты торуна, Бактым качкан байлоодо, Ишим кетип оңуна, Кайра кирдим жапырып, Карышкырдай качырып, Көмөлөтүп канчасын, Найза менен сулаттым, Кылыч менен кыйа чаап, Кыйланын канын агыздым, Качып жолго эл кирди, Аңгычакты түн кирди. Топтуу караан качканын, Аркасынан куугамын, Көрүп калдым баратып, Кыргыздын эли чогулуп, Кененим менен турганын, Атымдын башын бургамын, Кебин тыңшап тургамын, Канымет деп тирүүлүк, Качып келип алдыңда, Эми арзымды айтып турганым. Дабытай айтып бүтүрдү: — Атайын келип, Дабытай, Айтар кебиң ушубу? Сенден мурун Дабытай, Мен билем кыргыз түп жайын, Ыраа көрүп жаманга, Ар ким кыйбайт өз жанын. Барса барсын калгандар, Мен барбаймын кыргызга. Шибеде белдүү киши жок, Солондун мында иши жок, Манжу менен кытайда, Барчуулар болсо алып бар, Тилимди алсаң, Дабытай, Коросонго кайтып бар. Бир жетимди Кененим, Ээ кылып таштап кеткендир, Айла кылып ордуңду ал, Ээ боло алсаң тагыңа, Мурункудай багыңа, Кабар бергин сен мага, Беш урукту чогултуп, Мен барамын ушунда, Сенден кабар болбосо, Мен жатамын жайымда. Саламат өтүп кетиптир, Сага жөлөк болор жок, Маңгыттардын элинде. Эмгичекти оодарып, Кыргызды киши алган жок, Орто Асыйа жеринде, Ээрчип киши барбайт го, Буруттардын элине. Бурут үчүн, Дабытай, Калбасын көөнүң дегеле. Баатыр чыккан, эр чыкан, Ар уруунун элинде, Теңдешип адам жеңбеди, Буруттан чыккан эрине. Манастан бери карата, Буруттун эли бузулбай, Келе жатат ар качан, Эч душмандан кысылбай. Каңгайдын эли канча жол, Катышып барды бурутка, Алп Коңур баштап баарысы, Сайдырыптыр бул журтка. Урушуп барган кишини, Уйпалады ушулар, Аман жанган болбоду, Каны агып жошулбай, Муңгул барбайт бурутка, Биздин кыйал ушундай, Эми беш жыл жатабыз, Айылдан карыш бир жылбай, Калдагай кулак, Чойун алп, Темир тондуу Шалкымат, Жез киндиктүү Кикимат - Алар барып өзү өлдү, Айдап жүргөн элдери, Аз өлбөдү, көп өлдү, Аз келгенсип анысы, Сакта менен Саранжа, Айдап алып жөнөдү, Буруттан баары кырылды, Беш уруктун дөөлөрү. Андан беш жыл камынып, Кабаттап темир жамынып, Караганды таң кылып, Кара жерди чаң кылы Буруттун башын маң кылып, Барамын Отор мен өзүм. Жалаңгыч сарык Кененим, Жетимиң жаны болсо да, Өлбөгөнүн көрөмүн. Күмбөзү менен коргонду, Бузулбады дедиңби? Сенин билген турбайбы, Алың келбес жериңди. Эринбесек, Дабытай, Жылбай жаткан беш жылы, Бир которуп берейин, Ушул кезде кылымды, Кыйамына келтирип, Кыргыздан чыккан кыйынды. Жата албасаң, Дабытай, Коросонго баргының, Беттеп сага ким чыгат, Шаарыңды колго алгының. Сен да айанбай беш жылы, Кем- керчи жок камынгын, Сенин камың бүткөндө, Мага кабар кылдыргын. Кененим койгон испандын, Кожосун колго алгының, Испанды кошо колго алып, Кадырыңды жам кылгын. Кабарлашып болгондо, Боорунан сийген немесин, Бүткүл айдап жылдыргын, Бурутту берем колуңа, Санааңды анан тындыргын. Оолугуп Отор сүйлөдү, Ойумда кеңеш бул, деди, Сен Дабытай бил, деди. Куруп калган Дабытай, Каңгайда беш жыл жаталбай, Беш жылдык болду убада, Кайра кетти баталбай. Каңгайдан чыгып Дабытай, Күн батышты бетке алып, Коросонду эске алып, Кетип барат талпылдап, Алдындагы Тору аты, Араң барат шалпылдап, Канча күнү жол басып, Коросондун шаарына, Жетип барды жакындап. Күн барбады, түн барды, Туйгузбай кирип ордого, Түгөнгүр калба салганы, Туйунуп жаткан чоңдору, Урушуп калба тапканы. Дабытайды улук деп, Караган бенде деги жок, Карап көрсө коросон, Кылчайа турган пейли жок. Такка минген жаңы хан, Дабытай колдуу өлгөндүн, Жээни менен тайына, Жерге-жээк баарына, Катын менен уулуна, Ага тууган калгандан, Ошолордун баарысын, Жайа салып жай айтып, Баарынын көөнүн жайлаган, Кененим айткан кептерин, Чыгарбай эстен жаңы хан, Өзү мыкты неме экен, Күчү начар болсо да, Акылга дыкан эр экен, Оор салым элде бар, Борборго алса экини, Бөлүп алчуу бешөө бар, Ордодон чыккан экөөнө, Кошулган элден жетөө бар, Күндө салык дей берип, Таап бере албай салыкты, Кыйналуучу нечендер, Алтын, күмүш, төө таппай, Кыжалат болчу нечен бар. Кененим келип кеткели, Жаңы хан такка мингели, Эки жыл ашып бараткан, Салык деп бирөө келбеди, Бей-бечара байкуштар, Бир этек саман бербеди, Унутуп калды букара, Алым- салым дегенди, Эл күчүнө жөлөнүп, Дабытайга жаңы хан, Дегеле жооп бербеди, Коросондун элинен, Колу үзүлүп Дабытай, Испанды карай жөнөдү. Түз испанга барам, деп, Испандын колун алам, деп, Баштап келип кошуунду, Коросонду чабам, деп, Испанга барса Дабытай, Ачакандын баласын, Хан көтөргөн кеп экен. Кененим айтып бекитип, Хан кылып койгон киши экен, Кененим айткан акыл кеп, Ачакандын баласы, Кабыл алган макул, деп, Болбой койду Насыке, Эрчибеймин сага, деп. Опуз кылып Дабытай, Коркутуп көрдү күпүлдөп, Көрүнөө айтты Насыке, Сени ээрчибей Дабытай, Кененимге барам, деп. Кененим барам дегенде, Муңгул, манжу, каңгайдан, Андан башка чандандан, Жакындакы иштерден, Баштан айак калтырбай, Айтып өттү бир-бирден: — Сенин атаң Ачакан, Ким колдуу өлдү, билгин сен, Кененим өзү өлтүргөн, Аны толук билем мен, Насыке айтат мамындай: — Болдуңбу айтып, Дабытай? Менин да сага кебим бар, Азгырып жүрүп атамды, Сен алпарып өлтүрдүң, Кебим тургай кегим бар, Кырчаңгы болгон жылкыдай, Мага келип шыйпанбай, Кайда барсаң, анда бар! Тил албай мага катышсаң, Катыгыңды беремин, Төрт казыкка керемин, Сарпоштоп таңып Тору атка, Төрт кишиге айдатам, Алып барып Таласка, Кененимге карматам! Сен келген күнү, Дабытай, Тил билгенден экини, Мен Таласка узаткам, Кете албайсың кутулуп, Жайып койгон тузактан! Насыке хандан кеп угуп, Жан күйгүзөр жеме угуп, Кол салышса испанга, Колу жетер көрүнбөйт, Коопсуп калды Дабытай, Коркуп жаны тынч албай. Козголбой чындап жаталбай, Антип- минтип арадан, Далай күн өттү карасаң, Санаасы сан, кыйал миң, Дабытайды карап бак, Кененим атын уккалы, Жаталбады ал чыдап. Тору атты минип токунуп, Эми кайда барам, деп, Ар тарапка бой уруп: “Багдатка барсам батпасам, Иракка барсам кондурбайт, Жөөттөр камап турганда, Куткарган аны Кененим, Дегеле мени оңдурбайт, Тентип жүрүп өлөмбү? Мындай тентип жүргөнчө, Маа теңдеши азыраак, Талап алып испанды, Коросонго барсамбы? Испандын малын таратып, Элди өзүмө каратып, Баашалыгым алсамбы? Жантабаны карагын, Кененимге тайанып, Жаңы хан атын алганын! Катышпай башка элдерге, Кайрылбастан түз жүрүп, Коросонго барайын, Берсе алып тагымды, Мурункудай багымды, Жөн жыргатып жанымды, Тайрайып жатып калайын, Коросондо киши жок, Мен көрбөгөн -билбеген, Беттешип чыкса мен менен, Суудай канын чайкайын.” Өзүнө- өзү акыл деп, Жүрүп кетти шакылдап, Эрте жүрүп, кеч жатып, Кээ кезинде түн катып, Минген Тору тулпардын, Төрт туйагы такылдап, Коросондун шаарына, Кирип келди жакындап. Жөө жүгүргөн бирөө бар, Этегин кайра түрүнүп, Кетип барат лакылдап, Келе жаткан Дабытай, Калды буга учурап. Лакылдап келе жаткан жөө, Дабытайдын тушунда, Шаар башкарган жалгыз дөө, Дбытайды көргөндө, Көзүнүн жашын иргилтип, Төгүп ийди жөө баскан: — Кайдан келе жатасың, Ой, Дабытай, падышам? Менин күнүм сенде экен, Хандын күчү элде экен, Жаңы хан элге жагынды, Бир кишиден албады, Жоготту алык-салыкты. Бер деп киши барбаса, Жылында салам албаса, Бей- бечара табалбай, Кыйналган киши болбосо, Кишинин баары жакындап, Мааналады ошого, Менин жайым сурасаң, Алты жерде тамымды, Бирин мага калтырып, Тартып алды баарыны. Аз келгенсип анысы, Адыр толгон малымды, Сокур төө, аксак-төкөр кой, Жетим улак, чычкак уй, Аны мага калтырды, Сокур төө кетет олоңдоп, Аксак кой кетет чолоңдоп, Улак кетет сереңдеп, Жиңгек атып куйултуп, Чынак уй качат чычаңдап, Эгинге кирет бир жерге, Малыңды тосуп албай, деп, Ээси келет кызаңдап, Азабын тартып мен жүрдүм, Мана минтип кыйшаңдап, Алты айдын ары жагында, Сени келип кетти, деп, Уктум эле укмуштан. Көрүп турам өзүңдү, Оттой жанган көзүңдү, Мана минтип кыйналтып, Жоготуп койдум өзүмдү, Уккандырсың, Дабытай, Менин айткан сөзүмдү. Бура тартып бир жерге, Көмүскөгө келишти, Эми кандай кылсак, деп, Эки бузук кеңешти. Келе жаткан жөө айтат: — Сен Дабытай, эр элең, Кененимден башкадан, Кандай эрден кем элең? Менин баргын үйүмө, Далдалайын бир жерге. Күндүз баспай түн басып, Унаа минбей жөө басып, Кененимге кердүүгө, Жүрөгү зардап чердүүгө- Баарына кабар салайын, Эл башкарган эрлерден, Эдеби колго тийгенден, Эшикке чыгып сийе албай, Короосуна сийгенден, Үч айдын күнү токсон күн, Бирден бирге айттырып, Кабар алып келем мен, Элден акыл табылса, Арык жайык чабылса, Мурункудай калдайып, Падышабыз болсоң сен. Кеңеш кебин бүтүрүп, Дабытайды бир үйгө, Караңгыда түшүрүп, Бир баласын, катынын, Дабытайды күттүрүп, Өзү жүрөт тартактап, Дабытайдын тушунда, Таанымалга жүгүрүп, Дабытайды уккандар, Баарысы калды сүйүнүп. Күн күбүрөп тынч албай, Түн дүбүрөп уктабай, Убадасын бекитип, Бирин бири жекишип, Жөнөкөй жүргөн элдерди, Койгону жок шекитип. Амал ойлоп акыл таап, Болжолдуу күнгө жетишип, Айкырып чыкты ар жерден, Кызыл канды кечишип. Кыйкырык -сүрөөн угулуп, Дабытайлап үн чыгып, Калаасы калды жабылуу, Калгандын баарын Дабытай, Өз колуна алды бу. Айласы кетип жаңы хан, Эл ичин жүрбөй текшерип, Акылынан жаңылган. Тышка чыга албады, Бир жарым жыл камалдан. Ичерине аш калбай, Шаардын ичи кысылды, Мурункудай боло албай, Ынтымагы бузулду, Айласы кетип жаңы хан, Акыл ойлоп олтурду: “Шаардакы элдерди, Сапырып айдап чыгайын, Бир сапар уруш кылайын, Бир кишинин эбин таап, Шер Кененим төрөгө, Туйдурбастан жумшайын” Деп ойлонуп алыптыр, Аттанып аскер чыксын, деп, Буйрук берип салыптыр. Шаарда жаткан тамам жан, Жардык болуп ханынан, Жабыла жөнөп калганы. Шаардан чыгып сап болду, Салыша турган чак болду, Жаңы ханды көргөндө, Жаны ачыган Дабытай, Тору аты менен чу койду. Тойту деген бар эле, Беттешип чыгып жоо сайып, Неченди алган жан эле, Дабытай менен салышып, Беттешип чыкты ал эле, Беттеп булар жүргөндө, Майдандакы көпчүлүк, Жаңы ханды көргөндө, Канча күндөн бер жакка, Какжаңдаган кан жалап, Дабытайдын бийлерин, Иш башкарган эмесин, Бирде бирин калтырбай, Байлап алды бир демде, Жүз сексенди чогултуп, Мууздап салды бир жерге. Жаңы хандап чуу тартып, Дабытайга жабылды, Карамүртөз Дабытай. Каарданып камынды, Беттеп келген Тойтуну, Мунун шорун катырды, Кара жерге капшырды, Баруучу жайга тапшырды. Кылычын сууруп кынынан, Качырып кирди Дабытай, Беттеп бирөө чыгалбай, Качып берди талаалай, Агып барат кызыл кан, Ар бир жерден салаалай, Шаарга кирди жаңы хан, Шаар эли бүт калбай. Дарбазаны бетке алып, Кездеп келет Дабытай, Мылтык атып, жаа тартып, Жамгырдай кылып ок атып, Жакындатпай койушту, Далайга жүрдү айланып, Кайрат кылып каарданып, Нечен сапар калаага, Тийип көрдү заар салып. Кире албады шаарга, Ичи күйүп арданып: “Тыштан киши киргизбей, Бир жылгача тосойун, Ач калганда чыкпайбы, Бирин бирге кошпойун. Түк айласын кетирип, Түгөтөйүн муну” деп, Калааны жүрдү кайтарып, Күнү- түнү дүбүрөп, Шаардан тышта калгандан, Кабар кылып барган жок, Кененимге бир адам, Жаңы хан өзү чыгалбай, Калаадакы камалдан, Башы айланып болду тел, Ойлоп жатып санаадан. Андай- мындай иш менен, Бир жыл өттү арадан, Кененимге бир киши, Туйдурбастан жиберди, Коросондун жаңы хан. Жаңы хандын кишиси, Кененимге жетиптир, Жалпы иштин баарысын, Кабар кыла кетиптир. Кабар угуп Кененим, Бармак болду аттанып, Кабарчы кайра барыптыр, Кененим келмек болду, деп, Кабар айтып мактанып. Жаңы хандын тарабы, Кызык уруш кылышат, Жетилип көөнү шаттанып. Жаңы хандын ичинде, Запыра деген бар эле, Дабытайга билгизди, Болгон ишти кат жазып. Даыбтай угуп кабарды, Жаңыдан ойлоп амалды, Ичинде алды бекитип, Кененим элде жок жакта, Кең Таласка барарды. “Коросон келсе Кененим, Койбойт тирүү жанымды, Кетирет амал- шайымды.” Запырага Дабытай, Сырын айтйп билгизип: — Мен Таласка барамын, Кененим келсе бул жерге, Сен Запыра айтарың, “Дабытай менен жаңы хан, Кеңеш кебин бир кылган, Келишип алып бир жерге, Сизге киши жумшаган, Таласка кетти Дабытай, Саа көрүнбөй түз мындан, Таласты тартып алышып, Туруп калмак Дабытай, Коросонду жаңы хан, Жакын болгун, Запыра, Айабай малың барынча, Кененимге уу бергин, Эчтекеден тартынба, Кененимден кутулсаң, Таластакы Сыр коргон, Тактын эли болосуң, Кыргыздын чыгып кырына, Бакыт ээси болосуң. Дабытайдан кеп угуп, Кара нээт Запыра, Ээ болдум деп Таласка, Өзүнчө калды оолугуп, Алдап алып кишиден, Ичи бузук итинен, Кененим келип калат, деп, Кабар алып бел- белден, Тайарланып туруптур, Кененим келе жатканын, Анык кабар угуптур, Таласты алып көңүлгө, Кара жүз атын буруптур, Муну мындай таштайлы, Эр Кененим төрөнүн, Кабарынан баштайлы.