← Кененим 6/8

— Биз силерди бурут деп, Канча атадан бер жакка, Карчашып келдик кан чачып, Азап тартып жол басып, Канча дүйнө мал бузуп, Нечен эр өлдү кан кусуп. Бизге улук болгондор, Тынчыбады жай алып, Аркачан барат бурут деп, Арбын кошуун кол алып. Букара келет бир кезде, Ханы өлүп чубашып, Жана кетет беш урук, Арадан аскер курашып. Чыдай албай мындайга, Шибе, солон бөлүнүп, Анжу, манжу, муңгулдун, Бели сынды, буту аксап, Отор өлдү, бел сынды, Дабытай кетти эл таштап, Ханы жок караан калган эл, Баатыр, сага арз айтмак. Кырсаң кырып таштагын, Мойнубуз сага сунулуу. Алтын алсаң, зар алсаң, Шири капка салылуу, Төрт түлүктүү мал алсаң, Өрүштө бар жайылуу. Сулуу кыз алсаң олжого, Ордодо бар багылуу. Деп божурап жатканда, Кененим айтат аларга: — Кыз баштаган малыңдын, Алтын, күмүш зарыңдын, Кереги жок баарынын, Кайда кетти Дабытай, Ачык кабар айткының. — Өткөн күнү бүрүлдө, Дабытай мында бар эле, Таң атканда карасак, Көрүнбөдү бул элде. Кай кеткенин билбейбиз, Деп жабырап турганда, Кененим айтат аларга: — Жай-жайыңа тарагын, Жамандык болсо пейлиңде, Ажалың жетсе сен баргын, Качан барсаң, анда бар, Алдыңдан чыгар мен бармын. Буратып чаңды созулта, Жүрүп кетти Карагөк, Тилеги каткан Дабытай, Түз Таласка барат, деп. Качып кеткен Дабытай, Айал кылып турбастан, Отордун барды үйүнө: — Кененимден жеңилдик, Силерди алып кетмекке, Мунда келдим, жүргүлө, Күлүктөн тандап мингиле, Буулумдан ылгап кийгиле. Отордун алты катынын, Ашыктырып Дабытай, Алты атка мингизип, Тандалган тонун кийгизип, Тамам пулун артынып, Ээрчитип алып жөнөдү. Бир катыны Отордун, Келинжыр деген болучу, Беш катынды талаага, Таштап койуп Дабытай, Келинжырды ээрчитип, Алып кетиш ойу ушу. Таң атканча Келинжыр, Талаада кетип баратып, Чандан акыл ойлоду, Дабытайдын кыларын, Таамай билип болгону: — Отор өлгөн турбайбы, Жесир калган биздерди, Коросондун Дабытай, Олжо кылмак турбайбы. Бешти таштап талаага, Тандап туруп бирди алып, Артынып жүргөн пулду алып, Индистан кетмек турбайбы. Күнүлөрүнө Келинжыр, Бирден-бирден кеңешип, Ойлогонун айтыптыр, Эртеси күнү кечкурун, Бир жерге барып жатыптыр. Келинжырды Дабытай: — Экөөбүз бирге жаталы, Балыктын сууда изи жок, Отордун болбос чатагы, Күндө бирден мен жатсам, Калгандар кабар айтабы. Болжошкомун Оторго, Индистанда болорго, Аман-эсен силерди, Баштап барам ошого. Деп Дабытай айтканда, Алты катын ажаандай, Артараптан аркырап, Канчык иттей ажылдап: — Өлүгүңдү көрөйүн, Баштап жүрүп Оторду, Кененимге өлтүртүп, Алдап бизди ээрчитип, Күндө бирден катындап, Бешөөбүздү беш күндөн, Бирден-бирден жыга чаап, Келинжыр алып сулуу деп, Эти жумшак Келинжыр, Төшөгү мунун жылуу, деп, Келинжырды олжо алып, Куржунга салган пулду алып, Индистан барып жатмаксың, Памил чайдан кайнатып. Келинжыр олжо бергенче, Өлтүрөбүз кескилеп, Сөөгүн сөпөт кылалы, Тезектей муну тепкилеп! Келинжырды, Дабытай, Сага олжо бергиче, Алып барып бурутка - Кененимге беребиз, Отордун ордун жоготпой, Иниси бар Одура, Хандыгын алып келебиз, Келинжырды буруттар, Албаса муну калмак деп, Каңгайдын алат бир уулу, Отордон калган олжо деп. Катындын баары камынып, Отордун алты катыны, Кыңырак, кестик, бычагы, Дабытайга жабылып. Отордун улуу катыны, Мужу деген бар эле, Жекелешсе эрсейген, Катындан балбан ал эле. Торгой көз темир бадана, Көрсөтпөй соотун ичине, Кийип жүрчү ал эле. Сурчабар деген аты бар, Балбандык мунун салты бар, Атын минип камынып, Далыга калкан тагынып: — Чык Дабытай! Чыккын! — деп, Келинжырды суйсалтып, Сага салып бергинче, Өзөктөн каның жайамын, Отордун өчүн аламын, Башыңды кесип байланып, Мен бурутка барамын! Деп бакырып турганда, Коросондун Дабытай, Коркуп туруп алалбай, Эми шылтоо табалбай, Отордун алты катындан, Орунсуз өлүм кабылды. “Бешөөнүн белин сындырып, Беймаал жанын тындырып, Келинжырды ээрчитип, Кетейин деп кыдырып, Алты куржун алтынды, Эми алтымыш жыл жесем да, Жетишпейби алмага. Алы канча” дегенсип, Беттешип чыкты Мужунга. Отордун Мужун катыны, Оролонгон капыры, Бүктөмө найза колунда, Булгап катын качырды, Дабытай, Мужун бет келди, Мен Дабытай Мужунду, Ыргыта сайам деп келди. Бир беттешип жанышты, Найзаларын кагышты, Сурчабарды камчылап, Каарданган Мужундун, Көзүнөн жашы тамчылап, Балбан катын бакырып, Капкачанкы Коңурбай, Калдайдын атын чакырып, Катуу тийди кырданып, Жан алчуудай сурданып. Дабытай буга арданып, Кандуу найза карманып, Кененимге кирчүүдөй, Канча түрдүү заарданып, Салгылашты бул экөө- Мужун менен Дабытай, Чака-чака чабышып, Каңгытып найза кагышып, Чумкуй тору сурчабар, Шамалдай сызып жарышып, Азыркысын теңирээк, Келинжыр байкап караса, Дабытайдан Мужундун, Кайраты чок кемирээк: Душманга Мужун бет келип, Карсылдашып жатканда, Биздер медет бербесек, Биздерге болот каргаша. Мужунду сайып алганда, Менден башка төртөөңдү, Өз билгенин кылуучу, Мойнуңдан кесип башыңды, Кылгылыкты кылучу, Дым чыгарбай кыруучу, Андан кала бергенде, Маган зордук салучу. Басма катын болгунча, Келинжыр өлүп тынычу, Кептин түбү мана ушу, Ал көрөкчө жабылып, Мужундай балбан катынга, Жардам кыла кетели, Колго тийсе коросон, Койдой башын кесели, Эриндиктен тешели, Коктукат карай кетели. Байланып башын баралы, Баатыр Отор төрөнүн, Кунун кууп алалы, Келинжырдан кеп келди, Катындарга эп келди, Кылыч алды Келинжыр, Кыңгырак алды канчасы, Бычак алды мынчасы, Чуркурашып баарысы, Дабытайга кол салды, Алар анча барбаса, Кетип калган мужундун, Сайыша албай аргасы. Дабытай калды шашылып, Кетмек болду кутулуп, Кара башын качырып, Алы келбей Дабытай, Качты алты катындан, Куру калды айрылып, Куржундакы алтындан, Талыкпайт тилим такшанып, Мындай сөздү айтуудан. Куржунда пулун артынып, Аттарына тартылып, Алты катын элине, Жүрүп кетти шартылдап, Кайда барсам батам, деп, Кимдерге арзым айтам, деп, Уйку көрбөй сандалып, Дабытай келет кайгы жеп,: “Барарыма жер да жок, Батарыма эл да жок, Кебимди угар бенде жок, Калмактан алтын нар алып, Көр дүйнөгө алданып, Эл-журтумдан айрылып, Маминтип калдым сандалып. Коросон барсам кондурбайт, Жаңы хан эми оңдурбайт, Испанга барсам батырбайт, Испандын жерин бастырбайт. Ирак менен Иранда, Орун жок эми буларда, Баш кишисин билбесем, Күн чыгышка барарга, Күллү жердин бетинде, Батынар бенде калбады, Саргарып жүрүп ар кайда, Сары- санаа болгунча, Манастын кыргыз журтуна, Түз барайын Таласка, Катышып көрүп четинен, Алым келбей баратса, Мен барайын аралап, Түрк ичинде маңгытка - Саламаттын элине. Күйүнсө маңгыт эрине, Эки-бир жыл баш катам, Маңгыттардын жерине,” Батар жерди таптым, деп, Бара жатып Таластын, Бүлүнтүп элин чаптым, деп, Шамалдын тоосун аралап, Эрте жүрүп, кеч жатып,. Алаштын арбын жеринде, Күндүз баспай түн катып, Түсөрү качып, муң басып, Кайран жаны чыркырап, Чапанынын биттери, Учуп жүрөт зыркырап, Шамалдын тоосу бүтүн кар, Ызкаар жүрүп зыпылдап, Алтымыш азап, миң тозок, Арада көрүп Дабытай, Таласка жетти чукулдап. Мындан мурун Таласка, Эки келип Дабытай, Жерин билген болжолдоп: “Жылкысын айдап кыргыздын, Ышкырып кайдан жүрөйүн, Которуп кийим кийейин, Кутурган кыргыз бул элдин, Коргонуна кирейин, Колума тийсе Кененим, Как боорунан жирейин, Ал талапка жетпесем, Коргонуна от койуп, Эшиктерин бекитип, Андан кийин жөнөйүн.