← Кененим 1/3

Семетей баштаган баатырлардын мыкаачыларга каршы аттанышы

Түп атасы Бөйөн хан, Бөйөн хандан Чайан хан, Чайан хандан Кара хан, Кара хандан тараган, Кадырлуу тууган Орозой; Орозойдун он уулу, Улуу уулу Жакып хан, Жакып хандан туулган, Алашка каршы чыкканга, Салып келген чуулган, Жайдары туулган алп Манас, Жергелей тартып жыйылган, Жергесине көп алаш. Бейжинге барган жайдарым, Намысы деп алаштын, Айкөл шерден эр Семең, Кайгырбаган эр немең, Карчашкандан кан бүркүп, Чайкап келген шер немең, Теңдешкендин баарысын, Жер тайанткан эр экен, Ошол Семетейден Сейитек, Серпишип жоосу тең келбес, Жетим калып жетилип, Өз алдынан тетилип, Желбегей Сыргак бүркүттөй, Токтоно албай желигип, Сарыбай баштап нечен дөө, Сейитектен жеңилип; Сейитекте эки айал - Чоң айалы Гүлнардан, Алымсарык туулган; Кичи айалы Куйалы, Өзү катын болсо да, Теңдешсиз балбан бу дагы, Мындан туулган Кененим, Оорагы артык чунагы, Кененимдин байанын, Кеп башынан угалы. Жашы чыгып далайга, Эр Семетей калган кез, Жалгыз уулу Сейитек, Жашы отузга жетелек, Ат көтөргүс дөө болду, Ырысы жок жөө болду. Ат көтөрбөй жөө болуп, Сейтек жаткан кезинде, Айылга келди бир топ жан, Күн кыйшайган бешимде. Эр Семетей, Гүлүстөн, Абаң Бакай ак сакал, Үйдө болчу ал кезде, Бир тилдүүсү бар экен, Келгендердин ичинде. Жасоолдордон кеп сурап, Кимдин айлы, деп сурап, Ал киши турду кобурап. Жасоол башы кеп айтты: — Хан Манастын тукуму, Ак Болотун укулу, Сейтек айлы, — деп айты. — Сейтек жайын укканбыз, Эбегейсиз дөө деген, Аты жок минээр жөө деген. Семетей өзү бар деген, Четтен келген жоо болсо, Серпишет өзү ал деген, Акылманы Бакай кары дейт, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Аттана турган чагы дейт. Арыз айтса абал угат дейт, Жеткире арызын сурайт дейт, Адам укса ачынар, Айтаар арызым турат, — дейт. Жасоол башы муну угуп, Эр Семетей үстүнө, Басып кирди жолугуп, Кирип турду какайып, Кеп кылалбай кулуйуп. Көз жиберип Гүлүстөн, Оозунда сөзү күмүштөн: — Эшик беги, не келдиң? Кирип туруш не иштен? Эңкейип жасоол баш уруп, Кеп баштады түз туруп: — Эшик сактап биз турсак, Бир топ жан келди жолугуп, Муңу бардай кеп айтып, Дегеле жаман оолугуп, Айталбай кебин бүт баарын, Ыйлап турду соолугуп, Ошончо айтты биздерге, Арыз айтам дейт сиздерге. Зеригип жаткан Семетей, Сарыбай дөөнү сойголу, Чуу көрбөгөн кенедей: — Ким болсо келсин ал, — деди, Ээрчитип кел бар, — деди. Эшиктен кирген жасоолу, Кетенчиктеп кеткени, Эшикке чыгып кетти эми: — Келген киши, кир, — деди, Уруксат берди бил, — деди. Кеп угуп тилдүү тирилип, Үйгө кирди бүгүлүп, Урмат кылып баш ийип, Келинден бетер жүгүнүп, Белин чындап ийиптир, Тизеси жерге тийиптир, Салам айтып бөкчөйүп, Уруксат менен ал кургур, Олтуруп калды чөкчөйүп. Көз жиберсе эр Семең, Эшиктен кирген кишиге, Өзү арык, мойну кез, Кызылы жок бетинде, Анын өңү сары жез, Далай заман болголу, Мындай киши көрө элек. — Кайдан келген адамсың? Кайсы жакка барасың, Не жумушуң бар эле, Ишиңдин айткын кабарын, Жүүнүн айткын кебиңдин, Жөнүн толук билейин. Семетейди тик багып, Карай албай байкуштун, Эки көзү жоодурап, Кеп баштады кобурап: — Күн Чыгышта элденбиз, Соодагербиз, кербенбиз, Бир жүз отуз киши элек, Элүү бир киши алаштан, Отузу кыргыз уруудан. Биз менен бирге Ополдон, Келген кыргыз эл эле, Эриккенде кеп салып, Алар мындай дээр эле: «Семетей бар кыргызда, Семетей тирүү турганда, Жамандык жок кыргызга.» Ошолорду уксаңыз, Бири да тирүү калбады, Баарын Чынгыш жалмады, Алдыңа келдик, Семетей, Ушул кепти айткалы. Соода кылып жүргөнбүз, Жер кыдырып айланып, Күн батышка барганбыз, Мал тапсак деп курган баш, Бир балаага капташтык. Күн батыштын жерине, Айтумуштун элине, Биз барыпбыз ал жерге, Күн кечиргис тар жерге. Жердин аты Айтүбү, Хандын аты Айтумуш, Биз калдык барып тушугуп. Айтумуштун алдында, Чынгыш деген бар экен, Баштан айак заар экен, Сураштырып угушсак, Чыгыштан барган жан экен, Чынгыштын кызы Чыныке, Алынча сулуу ал экен, Мен алам деп күн батыш, Баш билгичтер зар экен. Чоң дөөлөрдүн ичинде, Суунун уулу Суумерген, Сымбаты башка керилген, Чыныкени алам деп, Чымырканып ал келген. Бербеймин деп айтканга, Чынгыштын алы келбеген, Салынуу кашык каадасы, Калың малы бар, — деген: “Жетимиш там үйүм бар, Жеке алтынга толтургун, Жетимиш миң кул бергин, Жергелетип эл бергин, Жер жайнатып мал бергин, Күнүнө бирден адамды, Тандап сойуп мен жеймин.” Угуп муну Суумерген, Жер кыдырып келиптир, Айдап барып биздерди, Чынгыш ханга бериптир, Өзү дагы Суумерген, Киши сойуп эт жеген, Зулумдун бири ал экен. Чынгыш менен Суумерген, Күндө сойуп киши жеп, Чыгыштын эли семиз, деп, Күндө бирден бизди жеп, Кээ бирин сатты базарга, Алып чыгып эптүүлөп, Баарысында бар экен. Кишинин этин сатып жеш. Ошентип бизди түгөттү, Өлүп кетпей күн кечти, Жүз отуздан калыпбыз, Арыктап баспай беш киши. Аралап басып ылгады, Сойобуз деп шыйгарды, Сорполук чыкпайт булар, деп, Айдап бизди чыгарды. Алты жыл жаттык тутулуп, Анан чыктык кутулуп, Эн салып бизди чыгарды, Кулакты кесип мулуйтуп. Он беш күн өттү арада, Качып чыктык талаага, Андан кийин барбадык, Күн батышта калаага. Шаарга барса жат киши, Алардын жаман бир иши - Кулагын карайт адамдын, Адамы экен деп билет, Суумерген деген балаанын, Айдап барып берет деп, Энин таап алганын, Андан кийин көрбөдүк, Ал үчүн шаардын караанын, Чөбүн таап жеп келдик, Адамсыз жаткан талаанын. Айтүбүнөн чыккалы, Үч жылга быйыл нак толду, Алты айдан бер жакка, Эл аралап келебиз, Эл башкарган эр болсо, Айтып кабар беребиз. Жолдо элден кеп уктук, “Ак калпак кыргыз - алашка, Семетей улук” деп уктук, Ошол үчүн жолборсум, Сизге келип жолуктук. Айтар арызым бул, — деди, Өзүмдүн дайнын сурасаң, Каңгайдан келген кул, — деди. Айтып кебин бүтүрдү, Абакең кепке түшүндү, Ошол жерде Семетей, Гүлүскө буйрук түшүрдү: — Сен Гүлүстөн, тур, — деди, Элге буйрук кыл, — деди, Жыйырма хан элим бар, Жылдырып баарын жый, — деди. Кечээ Бейжинге атам барганда, Он төрт хан деген хан экен, Элүү төрт илек кол экен, Батышка барам бул сапар. Атамдын колу толсо экен, Атамдын колун кемитпе, Карабагын сен ишке, Камынгыла, болгула, Күн батышка жүрүшкө. Жыйырма ханды санагын, Барбай бирөө калбасын, Атка минээр эркектен, Үйдө жатып албасын. Деп Семетей акырып, Жоого тийчүү немедей, Каары жүзгө чачылып, Кабарын угуп батыштын, Абаң Семей ачынып: — Атам Манас болголу, Мен Семетей атка конгону, Адамды адам сойуп жеш, Мындай шумдук болобу?! Айтумуш менен Чынгышты, Жыпжылма кылып койолу. Суунун уулу Суумерген, Бизге алы келеби? Өзүнөн башка дөөлөргө, Барып кабар бербейби, Семетей келди деп укса, Бирөө калбай келбейби, Өздөрү келип чогулуп, Ошентип кудай бербейби, Ээн жатып ээлигип, Эчтеме көрбөй зеригип, Эрдемсиген дөөлөрдү, Эдебин колго берели. Эсирген доңуз дөөлөрдөн, Элге кылган зордугун, Эстесем уйкум келеби?! Жылдызды санап бөлөлү, Эл кыйнаган дөөлөргө, Бир беттешип көрөлү, Болгун, Гүлүс жолборсум, Көп кечикпей жөнөйлү! Кебин угуп абаңдын, Анда Гүлүс муну дейт: — Айланайын абаке, Айтканың чын, сөзүн ак, Чороң айтам бир сөздү, Акылга салып угуп бак. Айкөл атам барында, Он төрт хандын эли экен, Кара калмак манжуга, Кайнап жаткан Кытайга, Бараары мунун эп экен, Батыштагы дөөлөрдөн, Кытайча эли бар бекен?