← Кененим 1/7

Дабытайдын кыргыздарды кыргындашы

Кара нээт Дабытай, Күндү улап, түн тынбай, Келе жатат бир тынбай, Күзгү коңур салкында, Жетип келди Таласка, Кыргыздын баары жыйылып, Куран окуп жатыптыр, Сыйынып баатыр Манаска, Айгыр сойуп, бээ сойуп, Карача каймал төө сойуп, Ак сарбашыл кой сойуп, Жайа чыгар уй сойуп, Казан асып, от жаккан, Тулганын боору карарган, Эркек-айал калбастан, Барган экен тамам жан. Эл чогулуп жатканда. Кемеге казып көп жерге, Эт бышырып, май агып, Булоолонуп атканда, Керээз деген бир кыз бар, Сөзү таттуу айтканда. Кыргыздан чыккан шумурай, Уй мүйүздөн жасаган, Чымылдакты тартканда, Карылар жашып каңырык, Койнуна жашын агызып, Муңдуулар ыйлап эчкирип, Делдейип тыңшап калучу, Эчтемени элебей, Жарык күн батып кечкирип, Бээ садырбай ыр тыңшап, Жылкычылар копчу эмес, Уйу саалбай калганын, Кээ бир катын билчү эмес, Сүтү күйүп калганын, Тыңшап жатып туйчу эмес, Койлор жатчу короодо, Койчулар коппой олтуруп. Секинин чыгып башына, Чачын сылап Керээз кыз, Чымылдагын тартканда, Бекер тартпай байкуш кыз, Күү келтирип жатканда: — Атпай кыргыз алаш ук, Кары-жашың тамам ук, Катын менен балаң ук, Кыргызга бийлик тийиптир, Айкөл Манас туулуп, Каңгайдан али келбептир. Калдайлары чогулуп, Күн чыгышка жол салды, Чоң Бейжинге кол салды. Бүт дүйнөгө чуу кылып, Бейжинге кыргыз барган, деп, Кылымдын баары тең угуп, Айкөл шердин балдары, Кастарлап элин бакканы. Эмгиче кыргыз элиңди, Тыштан келип кол салып, Дегеле киши албады, Аркачандан бир качан, Каңгайдын эли тынч албай, Салып турат калбаны. Айрыкча кыргыз багыңа, Эр Кененим туулуп, Батыш менен чыгыштан, Каш кайтарар калбады, Кол көтөргөн кишини, Корпой баарын жалмады, Испан менен коросон, Кошулушуп Каңгайга, Келе албады дарманы, Коросон кетип Кененим, Эмгиче келе албады. Тигинде келет бир адам, Көзгө суук карааны, Көптү көрүп, көп билген, Таанымчылар карачы, Келатабы Кененим – Сейтек абам баласы? Кийгени көк, ат тору, Башкача турат карааны. Керээзден элдер кеп угуп, Тиктеп калды тигилип, Таанылды элге ашкере, Жат киши деп билинип. Жээнтай деген бар эле, Бир көргөнүн жазбаган, Таанымчылдын бири эле. Кийим бүтүн, карды ток, Жел өпкө өскөн жаш балдар: — Кел, Жээнбай, карагын Кененим эмес жат болсо, Аттаналы биз болсо, Курчап туруп алалы, Кутуруп келген ит болсо. Тура калып Жээнбай: — Каран күн бизге болгонбу? Кудай уруп койгонбу? Келе жаткан тору атчан, Дабытай кул окшонду. Кайра качып Таласка, Баш калкалап келгенби? Же Кененимди жоготуп, Бизди кастап келгенби? Эки кептин бири го! Жээнбай кебин угушуп, Баары турду чуркурап: — Оозуңа кара кан толсун, Баш калкалап Таласка, Дабытай келбейт, Жээнбай. Байкап айтсаң болбойбу, Сары ит кирип, оозуңдан, Кара ит кирип жин куспай! Энтери деген бар эле, Жаңы өспүрүм жаштардан, Мен элемин дээр эле, Сарыкер деген аты бар, Бар шайманы тептегиз, Чоң баатырдай салты бар, Дабытайдын алдынан, Тосо чыкты тартынбай. Эр жүрөктүү Энтери, Бөлүнгөн жери эл чети, Сайышка эчен жол чыгып, Машы чыккан эмеспи. Коросондун Дабытай, Калгандарды бачагар, Батегине албастан: — Сарыгер минген атың бар, Сайышчуудай салтың бар, Кененим өлүп сойлоду, Эми кыргыз кимиң бар? Мен Дабытай билип ал, Кары-жашың бүт баарың, Колуңа бирден кетмен ал, Сыр коргон менен күмбөздү, Талкалап жерге түзөгүн, Жаныңдан болсо үмүтүң! Айтканымды кылбасаң, Калбайт тирүү бир кишиң! Сарыкер атчан, кайтып бар, Менин айткан кебимди, Төкпөй- чачпай айтып бар. Ачууланып Энтери: — Сен Дабытай саткын кул, Оозуңа кара кан толсун, Кененимди өлдү деп, Айтканын көрчү мына бул! Ырысы качып кыргыздын, Карандай калчу эл бекен? Манастын уулу Кененим, Сен жеңичү эр бекен? Кетмен алып колуна, Коргонун чанап Манастын, Кыл дегенди кылучу, Коркок кыргыз эл бекен? Ормолоку кеп менен, Коркутчу кыргыз сен бекен? Чогулуп кыргыз кастарлап, Көкжал төрө Манастын, Күмбөзүн тайып жатышат. Тирүүлүгүң канымет, Бүгүн барсың, эртең жок, Төбөңдөн тийген кара нээт! Кылчайып туруп Энтери, Кыргыздарга айтат кеп: — Ак калпак кыргыз баарың ук, Ак сакалдуу карың ук, Коросондун Дабытай, Айткан кеби эң бузук, Өлтүрөм дейт баарыны, Одурайып түрү суук, Кененимди жеңдим дейт, Коргон менен күмбөздү, Бузгалы мында келдим дейт. Кепти угуп болгондо, Катындын баары кажылдап, Жайма сүйлөп ажылдап: — Өлүгүңдү көрөйүн, Каракчыдай чочойгон, Жалпы катын баралы, Жан-жанына жабылып, Жара тартып салалы. Жарабаган кепти айтат, Кененимдин жанына, Бул салпайак барабы? Карылары какжаңдап, Карыган койдой чакчайып, Чач- кирпиги кибиңдеп, Кирпиден бетер бириндеп, Жаштын баары жабырап, Жабыла минип атына, Жаштын баары сороктоп, Найзалары короктоп, Энтериге сүйлөнүп, Элге айтасың несин, деп, Мен эрмин деп жүрөсүң, Керге жарар кезиң, деп, Элге айтып нетесиң, Кайда кеткен эсиң, деп, Бир кишини көп киши, Өлтүрөлү кескилеп, Былчылдатып найзалап, Өпкө-боорун тешкилеп! Элден жеме кеп угуп, Энтери кайра бурулуп, Дабытайды беттеди, Найзасын күүлөп бой керип. Энтерини киши деп, Элебеди Дабытай, Алы канча дегенсип, Кененимди Дабытай. Манастап бала бакырып, Баатырдын атын чакырып, Энтериге үн кошуп, Кыргыздын баары акырып, Дүңгүрөктү укканда, Дабытай калды шашылып, Энтерини бетке алып, Дабытай кирди качырып. Найзаларын кагышты, Кайта-кайта сайышты, Энтерини Дабытай, Аңтара сайып салышы. Энтерини өлтүртпөй, Ажыратып алышты. Бөтө баатыр кыргыздан, Кыйкырыгы таш жарып, Ач арстандай жаланып, Эрдигинен жазганбай, Дабытайга түз барып, Тиктеп калды Дабытай, Баатырдын бири экен деп, Эр бөтөгө таң калып. Кара мээнет кыргыздын, Эр немеси жокпу, деп, Тирүү басып жүргөнү, Жалындап күйгөн отпу, деп, Жандан тойгон Дабытай, Жаалысы келип жүзүнө, Ант кылышып өзүнө: “Чогулган кыргыз элдерин, Бирин тирүү койбойун, Эрдемсип келген немесин, Эсирген кул каарданып, Кандуу найза колго алып, Качырып келген Бөтөнү, Аңтара койуп өттү эле. Жамаке деген бир жигит, Жебеден мурда жеткени, Дабытайды капталга, Катуу муштап өттү эле. Ат үстүндө Дабытай, Араң-араң токтолуп, Жамаке атын бургуча, Тебетейдей ыргытып, Сайып өттү Дабытай. Өлтүрөт экен аны деп, Жамакенин камын жеп, Бала Тубаш жетти эми, Дабытайды колтукка, Муштап өтүп кетти эле. Жаны ачыган Дабытай, Качырып найза неткени, Бала Тубаш атынан, Калпактай ыргып кеткени. Кыргыздын жашы кыйкырып, Ат салуучу кептенди, Акжолтой деген карынын, Айтып турган кептери: — Кененимден мааналап, Качып келген Дабытай, Тилимди ал, жаш балдар, Ээси жоктой иш кылбай, Тарт тизгиниң токтогун, Аламан койуп ат салбай. Аламандап киргенде, Ажалыңдын жеткени, Амалыңдын кеткени. Жыыглдым деп эми эле, Намыс кылбай дегеле, Жыгылганды ажырат, Бирден барып ат улап, Алдынкыга күч улап, Кыла бергин демелге, Арбагы Манас жар болсо, Кененим келет бир демде. Баш аламан киргенде, Баданаң жок, соотуң жок, Кандагай жок, олпок жок, Каныңды суудай агызат, Кан ичме капыр бир демде. Тилимди ал, оолукпа, Тим ажалга жолукпа, Жан талаш уруш кыла бер, Бүгүн эмес эртең да, Айкөлдүн турат арбагы, Акимсинген чочкону, Эми эле арбак урбайбы, Кененим келсе кечкече, Кез ажалы жетпейби, Кесилип башы кетпейби, Балбансып жаткан жигиттер, Тонун сыйрып чечпейби, Мен балбанмын дегендер, Баданага жетпейби, Арбагы арстан Манастын, Колдогонун анык бил, Күмбөз тайып чогулбай, Күдүңдөп жүрсөң ар кайда, Чачылат болчу жиниңер, Кесилет болчу тилиңер, Чогулуп калыш, кыргыздар, Колдогондо билиңер.