Кененимдин Кесилеттин башын кесиши
Бара жатып Дабытай, Коросонго жөн барбай, “Алгандын иши алган, деп, Душмандын качан бир кылым” Шаңкай деген кыргыздын, Бир уруусу эл эле, Жетисуу менен Коросон, Ортосунда турчу эле, Утур келип ал жерге, Шаңкай кыргыз элдерге, Кененимге айткын, деп, Азабыңды тарткын, деп, Адамына тийбеди, Басып жүргөн тирүү мал, Сандыктагы алтын зар, Орого куйган эгин бар. Жайылып чыгар мал койбой, Маана кылып жаанда, Баш калакалар үй койбой, Сойуп жерге кой койбой, Суукка кийер тон койбой, Үрүп чыгар ит койбой, Азыгы жок, үйү жок, Бут артарга тайы жок, Алсыратып шаңкайды, Таштат атып жөнөдү. Чуркурап ыйлап жабыла, Чогулушту сай-сайга, Бут артарга малы жок, Арзын айтып Таласка, Кененимге барганга. Кеңгиреп ыйлап ар кайда, Чогулуп өлүп алалбай, Казып жерге кире албай, Өлөйүн десе жан таттуу, Кирейин десе жер катуу, Ыйлабаса мал таттуу, Таттуу эмей неткени, Көрүшпөгөн көрүшсө, Аманбы деп мал-жаның, Мурун айтып мал жагын, Ал сураша кеткени. Коросон барып Дабытай, Козголбой жатып ала албай, Талап алган кыргызды, Малы-пулун айабай, Эки бөлөк кат жазып, Саламат менен Ачакан- Ал экөөнө деп, жазып, Бат жеткизип келгин, деп, Жөнөткөн эле бир күнү, Эки киши аткарып, Учурап калды Кененим, Кетемин деп келатып. Таластагы урушта, Кененимдин аскери, Тааныгандын бири экен, Кененим аны тааныбайт, Тааныды бизди деп шашып, Аша-шаша калдаңдап, Аттарынан куланып, Жыгылып-кууп тамтаңдап, Таазим кылып бүгүлүп, Катындарча жүгүнүп, Кендиргелеп бүгүлүп, Келиндерче жүгүнүп, Кеп айталбай аптыгып, Кер сары болуп өң азып, Таноолору кыпчылып, Тарамышы тырышып, Салам айтып калтырап, Корккондугу билинип, Кол куушуруп турушту, Көздөн жашы бош кетип, Мурдун тартып шор этип, Маңкалары чубалып, Эми өлдүк бүт дешип, Кененимге кезигип, Кетти деп башым кесилип, Кеп кылалбай турганда, Кейпин көрүп булардын, Мени тааныйт экен, деп, Кененим айтат мындай кеп: — Калтырап келип турасың, Кайсы жактан келесиң? Кебиңдин айткын ырасын, Кеп жашырып калп айтсаң, Чыгарамын жыласың! Кененимдин каарына, Булар кантип чыдасын, Айтты кептин ырасын, Кош колдоп суна беришти, Дабытайдын кагазын. Бендеден белдүү кара көк, Катка көзүн салганы, Катты окуп алганы, Дабытайдан кеп-кеңеш, Абдан сөзгө канганы. Карап калып кайран шер: “Кайрылбай кете берсемби, Саламат менен Ачакан, Таппай кайтып келгенде, Кантер экен Дабытай, Андан кийин көрсөмбү, Суу толкутуп чайкалтып, Толтура куйуп чайпалтып, Келген күнүн көрсөмбү? Батыш менен чыгыштан, Киши келбейт байкасам, Келип калса кокустан, Эл упурап чачылат, Арада канча киши бар, Ошонун баары кысылат. Шаңкайдын эли шалдайып, Үпөндүктөн ажырап, Боз ала болуп олтурса, Баарыдан жаман иш турат. Шаңкайдын малын берсин, деп, Саламат менен Ачакан, Катары менен өлдү деп, Буларды кайта жумшайын, Жакшы кепке келишсе, Жаңжалдашып жүрбөйүн, Дабытай менен салышып, Калдаңдашып жүрбөйүн. Элиме келдим дегенсип, Эрдемсип мойнун толгосо, Кекиликтей мойнунан, Тетир толгоп үзөйүн, Ийри жерин түзөйүн.” Деп ойлонуп кабылан, — Келген экөөң кет, — деди, Дабытайга жет, — деди, Бара жатып аларга, Учурап калдык талаада, Кененим деген балаага. Саламат менен Ачакан, Жылдыз чыкпас күн тийбес, Келбес жерге кетиптир, Жеталбадык аларга, Деп айтып бар ханыңа Катына катты Кененим, Жазып койду бетине, Айчыгы алтын чоң мөөрүн, Басып койду четине. “Шаңкайлыктын мал-пулун, Бузбай-чачпай алдыма, Айдап келгин Дабытай, Бир беттешип көрүшүп, Кайтып кеткин Дабытай, Бузулбастык убадаң, Айтып кеткин Дабытай, Бекер жерге жол салчуу, Бейкут элге кол салчуу, Мен эмесмин, Дабытай, Алты атамдан жети атам, Айтканын танган эр эмес, Ак калпак кыргыз биздин эл, Пейли бузук эл эмес, Колго тийсе кош болгон, Кишинин баары сен эмес, Ушул кылган жумушуң, Адам кылар иш эмес, Ууруча барып айлыңа, Кол салуучу мен эмес. Айткан кепке болбосоң, Арманың ичте калбасын, Айанбастан камдангын, Камың бүтүн болгончо, Камаарабай мен бармын, Кагышар болсоң бел байлап, Аркаңда аскер жардасын, Ачакан менен Саламат, Ажырап андан сен калдың.” Деп жазыптыр Кененим, Убадасын токтотуп, Бек жазыптыр Кененим. Катты алып байкуштар, Кайта жолго салышты, Карбаластап энтеңдеп, Ханына жетип барышты, Өзү жазган кагазды, Өзүнө бере салышты. — Алты күн болду кеткели, Бүгүн кайтып келгениң, Ачакан менен Саламат, Бербей кайта не келдиң? Бири мыкты жан экен, Кеп айтканы шар экен, Айткан кеби ал экен: — Буйрук алып, кат алып, Буудандан тандап ат алып, Аттанып чыктык талаага, Учурап калдык баратып, Кененим аттуу балаага. Шамал болбос, күн тийбес, Жерге кеткен эки жан, Адам жеткис аларга. Катыңды окуп кат берди, Кет элиңе, кайт, деди. Бир бетине жазылган, Колуңузда кат, — деди. Угуп туруп Дабытай, Бул эмине шумдук, деп, Бетин ачса кагаздын, Берекелүү бек айбат, Аты чыкты Кененим, Андан кийин караса, Мени менен көрүш, деп Каты чыкты Кененим: “Саламат менен Ачакан, Кат берипсиң Дабытай, Жылдыз чыкпас, күн тийбес, Айылда экен ал экөө, Кайра жанды жигитиң, Хандарыңа жете албай.” Шаңкайлыктын малы бар, Баарын угуп Дабытай, Эки көзү жалдырап, Колу-буту шалдырап, Тил байланып, балдырап, Бойго кирип калтырак, Олтуруп кетип бир далай, Чоңдорун такыр чогултуп, Топтуу караан олтуруп, Коросондун Дабытай, Короосунда күпүлдөйт: — Кыргыздан келген кызталак, Тең кишидей кат жазат, Көрсөтөм деп дүпүлдөп. Кырк алты шаар Коросон, Мен коркомбу ошондон?! Кырылышып өлөмүн, Жалаңгыч сары Кененим, Ойлонбоптур өлөрүн, Көп кишинин бириндей, Мени ошондой көргөнүн! Алтымыш алты алпым бар, Кесилеттен башкасы, Тең келеби Кененим, Жалгыз кара бир башы, Өлтүрүп койсом бул жерде, Жанында караан киши жок, Кыла турган көз жашы, Жыга чаап Кененди, Өлтүрүп койуп нетемин, Не муратка жетемин? Мойнунан байлап тайгандай, Ай-ааламды кыдыртып, Аныктап берем эсепти. Алы канча экенин, Кененим анан чактасын, Уккан жандын баарысы, Дабытай деп мактасын! Деп күркүрөп бакырып, Кырк алты шаар Коросон, Кырк алты киши чаптырып, “Казык киндик калбасын, Келбей жатып албасын Келген киши жөн келбей, Үчтөн жарак кармасын. Жергесин да, жээнин да, Жергеси менен таайын да, Түп көтөрө айдасын!” Буйрук кылып кат жазып, Жакын жерин үч күндөн, Алыс жерин он күндөн, Калбай келсин деп жазып, Каран түн салып элине, Тумтак күнүн түгөтүп, Сүрдүрүп келип чогултту, Коросондун элине, Көрүнөө салып кордукту. Эл чогулуп болгондо, Жер каптап аскер толгондо, Алтымыш балбан санаты, Булардын ишин карачы, Ар балбандын колунда, Чокморлору кармалды. Башына туулга көмөргүн, Сом темирин өңөргөн, Далыга калкан жамынган, Белине темир курчанган, Беттеп кирсе майданга, Чыгарчуудай күм талкан. Кабааган иттей арсылдап, Азуулары кычырап, Жулкунуп турат токтобой, Ооздорунан көбүгү, Ууртунан агып буртулдап. Байлоодо туруп бакырып, Билектерин түрүшүп, Бирин бири качырып, Карс дедире сүзүшүп, Байлоодогу алтымыш. Он бешинин иши экен, Жөөкүрөшүп эр алган, Карсылдатып жаа тарткан, Он беш эле киши экен, Чокморлошуп чабышкан, Он бешинин иши экен, Найза сайып ат минген. Аттуулары алдырап, Чаап кирип кеталбай, Балалуу турат жалдырап. Көрккө салып эрлерди, Көрсөтүп алып келгени. Аскерин сапка тизилтип, Барабанын кактырып, Сурнайларын тарттырып, Дабытайды караса, Жөө аскерге көтөртүп, Бар сөөлөтүн көрсөтүп, Келип турду майданга, Кененим деп бакырып, Кебимди ук деп чакырып: — Мен Дабытай улукмун, Сенин алың ошобу, Жалгыз башың турушуң? Азабың айдап келипсиң, Менден кайдан кутулдуң?! Батыш менен чыгыштан, Чыйракты такыр жеңдим деп, Ойуңда келген экенсиң, Мени ошондой экен деп. Байлоодо балбан алтымыш, Сен турасың жапжалгыз, Алтымышын он бештен, Ар ишке салам кандайсың? Бирине айла табалсаң, Биринен кандай кыласың? Жөө күрөшүп он беши, Муунуңду бошотот, Жалгыз кылды жара атат, Он беши жебе жаа тартат, Жаның кантип жай табат? Он беши чокмор чабышат, Жон сөөгүңдү талытат, Он беши найза сайышат, Жүрөктөн каның агызат. Кесилет бар, мен бармын, Кандай болот Кененим, Жалгыз жан сенин амалың, Кутулар жериң калган жок, Эбиңди өзүм табамын. Сыйкырчым бар нечен түр, Колуңду байлап шал кылып, Кара бойуң дал кылып, Айлаң кетет алдырап. Амалсыз туруп бересиң, Эки көзүң жалдырап, Сөөгүң сөпөт болосуң, Устуканың шалдырап! Деп Дабытай айтканда, Кененим айтат мамындай: — Бирден-бирден келбегин, Бириңди бириң көрө албай, Бириндеп жүрүп өлбөгүн, Атам Манас айкөл шер, Алтымыш балбан дегениң, Бир кишиче көрбөймүн! Жөө чыкканга жойкума – Болутум бар колумда, Мергениңе, Дабытай, Аленгир жаа, сур жебе, Асынып турам жонумда. Он бешиңе бир жебе, Жан алычу огум бар, Чокморлууңду чогултуп, Сом темир менен сомдоймун. Жандырып кайта чаппаймын, Бирден-бирден домдоймун, Найзакерге найзам бар, Аз келесиң он бешиң, Ылганып жүзүң чыгыңар, Жалгыз башым Кененим, Жүз миңге жалгыз тийерге, Жадабай турган демим бар. Карапайым кырк миң кол, Короодоку койго окшош, Кесилет менен Дабытай, Качып келдиң Таластан, Бөрүдөн качкан тайга окшоп. Белдүү болсо балбаның, Болгун, бачым чыгаргын, Кененимдин кебине, Кеп табалбай Дабытай, Жөө күрөшчү он бештин, Мойнунан кынжы алганы, Бирден барбай он беши, Жабылып жөнөп калганы. Кыргыздан чыккан кара көк, Кызматы элден бөпбөлөк, Жойкуманы кынынан, Сууруп колдо алганы. Эки чапсам уйат деп, Дабытай карап турат, деп, Оң жагына кылт этип, Оңтойуна келтирип, Жойкума менен он бешин, Тобун бузбай жалмады. Он беши жатты торойуп, Он беши өлүп кеткенде, Коросондон оолугуп, Он беши чыкты жаа тартып, Жебенин огу зыркырап, Он беш ок тийди шака-шак. Ойротто жок Кененим, Оң айланып имерди, Сап боло түшкөн кезинде, Жебени тартып жиберди. Жебенин огу жетиптир, Жер тайанып он беши, Жалпы баары шылк этип, Алтымыштын отузу, Ойрону чыгып кетиптир. Өлбөй калган отуздан, Он беши чокмор күүлөшүп, Он беши найза сүйрөшүп, Дабытайлап бакырып, Майдандын бети жаңырык. Ар жактакы элдерден, Сыйкырдуу дуба билгенден, Булутту кармап асмандан, Ат ордуна мингенден, Ортонуна жыланды, Камчы кылып илгенден, Жетимиш киши жабырап, Колу- бутун баатырдын, Байлайбыз деп бастырбай, Түркүн-түркүн дубасын, Түрмөгү менен салганы. Салган дуба өтөбү? Кененимдин кийгени, Жүйрүн дөөнүн көйнөгү. Каптап келген отузду, Имерип тийди Кененим, Чокморлууга чаптырбай, Найзалууга кактырбай, Аралап өтө бергенде, Найзакерден экини, Чокморлуудан бешөөнү, Томолотуп өттү эле, Мен- мен деген жетөөнү, Жыйырма үч балбан илегер, Баары мыкты кеменгер, Карсылдашып кагышып, Каарданып чабышып, Төбөдө чокмор чакылдап, Көөдөндө найза такылдап, Тегеректеп келгенде, Тентек тууган Кененим, Кайра жаачу булуттай, Кабагы катуу чүмкөнүп, Каз таман найза карманып, Манастап баатыр үн салып, Качырып кирди бет алып, Жаалысын көргөн кишинин, Жаны турбай ордунда, Аралап өтө бергенде, Жаныбарым кеңкула, Жаадай учуп зыркырап, Кагнаттуудай дыркырап, Беттеп сайып бешөөнү, Качырбай сайып жетөөнү, Он экини сайды эле, Карап турган коросон, Эс- акылдан тайды эле,. Ылачындай тийгенде, Баш тартпастан киргенде, Капташып калса баатырга, Кутулбасын билгенде, Он бири качты калдаңдап, Найзанын учу жетет деп, Как далыга бир койсо, Каражан кантер экен деп, Буттары барат тепеңдеп, Сакалдары эпеңдеп, Аркасын карап кылчаңдап, Эми жетет экен, деп, Балбандары качканда, Байкап турган Дабытай: — Элебей калсын Кененим, Сен, Кесилет, бар, — деди, Аркасынан туйдурбай, Аңтара сайып сал, — деди, Он миң балбан бирге бар, Туш- тушунан каман сал. Тордон түшсө канчасы, Кабат- кабат салгыла, Аты менен сүйрөтүп, Алып келе калгыла! Ат ойнотуп Кесилет, Арасында он миң бар, Кумурскадай быжырап, Кара курттай кыжырап, Каптап кетти коросон, Эчтекени элебей, Эрениң бара жатканда, Оролуп түштү отуз тор, Капташып калды мынча тор. Кесилетке сайдырбай, Кененимди тордоду, Мындай кордук болобу? Кудай уруп койобу? Карап турган калкы жок, Элүү- кыркын бир сайган, Кадимкидей наркы жок. Торго түшүп тордолуп, Колу- буту байланып, Жалдырап баатыр турганда, Эр Кененим көк жалды, Сүйрөтүп алып кете албай, Чөбүрөшүп жатканда, — Келе бери арканды, Мен сүйрөтүп кетем, — деп, Кесилет чочко айтканда, Үнүн угуп Кененим: Семетей бабам колдо, — деп, Абам Гүлүс жолдо, — деп, Карыйа Бакай кайда, — деп, Умай энем Каныкей, Көгүчкөн болуп кубулган, Көйкапта кохар тууру бар, Айчүрөк энем канаке, Жаадыма түштүң силер, — деп, Сыйынамын медер, — деп, Анык кайып болгондор, Жардамы болсо берер, — деп, Айабаса ат -тонун, Абам Гүлүс келер, — деп, Арканды алган Кесилет, Чырмап байлап бекемдеп, Үзөңгү боого салганда, Чиренип тартып калганда, Аты менен Кененим, Сүйрөтүп алып кете албай, Дүбүрөшүп жатканда, Жер силкинип козголуп, Топурак учуп тоз болду, Кененим деген үн чыкты, Жер жарылып суу чыкты, “Мен Гүлүстөн, сен Кенен, Турбай, балам, тебирен!” Абам айтып жатат, деп, Айкөлдү алды акылга, Кайрат келди баатырга, Бар кайратын бүт жыйды, Жаман туйлап күч кылды, Жетимиш темир тор экен, Калтырбай үзүп түз кылды. Күч келтирип айабай, Тартып жаткан арканы, Кесилетке тийиптир, Орой тийген чачылып, Күүсү менен аркандын, Элүүчөсү өлүптүр, Кеңкула менен Кененим, Кесилетти көрүптүр, Эр кененим жеткени, Кылыч менен мойнунан, Кыйа чаап өттү эми. Кесилет өлүп Дабытай Жетимиш аркан тор менен, Байланганда Кененим, Таманы менен жер баспай, Таркыла деп бакырып, Желдеп турган Дабытай, Кесилет деми суудай сууп, Кеп айталбай буулугуп, Керсары тартып өң кетип, Заманасы куурулуп, Буйрук берди аскерге, Жааган күндөй коросон, Кененимге куйулуп, Чуркурашып, кужулдап, Кара курттай кыжылдап, Тегеректеп киргенде, Дабытай турат бакырып: — Торчуң торуң таштагын, Найза сайар качпагын, Чокморлуу чапкын чокуга, Мергендин баары чогулуп, Чыгып тургун чет жакка, Арамзада Кененим, Жылыштап чыкса чет жакка, Жыдыманды житирип, Чечекейге аткыла! Элдери кабыл алыптыр, Торлорун түрүп белендеп, Беш миңи келип калыптыр. Белдүү тууган Кененим, Кылыч сууруп алганы, Кыйырын бузбай сулатып, Кылычтын канын чубалтып, Кылымдан чыккан Кеңкула, Жагалмайдай чуратып, Айдап кирди келгенди, Наркы элге чуулатып. Кылычтуу менен найзачан, Тамандан чыккан чаңды көр, Чайкалып жаткан канды көр, Чаар ичеги чубалып, Чыкпай жаны кыйналып, Чакыйып жаткан жанды көр. Бир колу бар, бири жок, Атаңдын көрү дүйнө шок, Бир буту бар, бири жок, Опасы жок дүйнө бок, Денеси калып башы жок, Теңи калып, теңи жок, Кулагы жок мулуйган, Бузулуп мурду бучуйган, Көзү чыгып олойгон, Башы жок мойун коройгон, Өлүп жаткан эрди көр, Жуушаган койдой торойгон. Тилин салып акактап, Суу ордуна кан жалап, Өлүп жатат нечен жан, Ачып- жуумп көздөрүн, Солуп жатат нечен жан. Муруттарын сербейтип, Эр өлүгү ар тоодой, Азууларын аркайтып, Ат өлүгү бир тоодой, Жарадан каны шыркырап, Жан талашып буркурап, Өөдө бол деп жөлөсө, Көз ачалбай шылкылдап, Антип жаткан андан көп, Күндү түнгө улантып, Түн кетип, күндү чыгартып, Кеңкула чуркап чаалыкпай, Кылычты шилтеп Кененим, Кырып жүрөт талыкпай, Жердин бети чыпылдап, Жуурулуп топо былчылдап, Албарс менен кайсалап, Абыдан кырып талкалап, Чамбыл ала чаң кылып, Кызыл ала кан кылып, Арасын ачып коо кылып, Чыдай албай коросон, Чогуу турбай суйулуп, Чаң созулта качканын, Найзага илип ыргытып, Топтуу караан көп элди, Айдап кирди чубуртуп. Сыйкырчы шамал салыптыр, Кененимди бир демде, Мунарык каптап калыптыр. Көптү көрүп, көп билген, Жүйрүндүн тилин сууруп жеп, Бар өнөрүн жат билген, Колундакы найзасын, Булгап- булгап имерди, Шамалды айдап жиберди. Шамал салган сыйкырчы, Санаты анын беш экен, Үч балбан кездеп Кененим, Келип калган кез экен. Балбанына карабай, Беттеп кирди бешөөнү, Жайыла кача бергенче, Жан куткарып кеткенче, Жапшыра сайып өттү эле. Камчылап атын чуратып, Артынан чаңын чубалтып, Найзасын күүлөп бакырып, Үчөө келет бакырып, Бир тарапка Кененим, Чыга берди булт койуп. Өтө берип балбандар, Оңолуп кайра тарткынча, Эр кененим кабылан, Жебедей учуп жеткени, Жер тайантып үчөөнү, Катар сайып өттү эми. Мен-мен деген үч балбан, Катар учту камгактай, Коркуп турат коросон, Кырат экен бизди деп, Бир кишини куткарбай, Алоолонуп кеңкула, Жаңыдан кызып алыптыр, Жанашып шамал жете албай, Чаңы аркада калыптыр. Топ-топ качкан немесин, Тоодак тепкен шумкардай, Томолотуп баратат, Жалгыздап качкан немесин, Жара сайып жүлүнүн, Канын жайып баратат. Тандалган балбан зорунан, Кол салышып келгенде, Жан кутулбас колунан, Талана деген бар эле, Тармалкөк деген аты бар, Тармалкөк ташты басканда, Талкаланып кетүчү, Талана талды кармаса, Суусу агып чыгуучу. Темирден тону беш кабат, Тентектин бири кызталак, Башында туулга жети кат, Беттешкенин мерт кылат, Алып жүргөн кан жалап, Кара темир калканы, Кабаты тогуз байкачы, Барган жерден баш алган, Бадырек өзү мыкаачы. Найза, кылыч, чойун баш, Кетелек менен сом темир – Баарысын билет түгөнгүр, Мылтык атып, жаа тартып, Баарын билет Талана. Балтасы аттын башындай, Көк дөбөдөй эр болсо, Күрөшүп жүрчү жашынбай. Тапа- так найза беш кулач, Аргамжыдай өргөн чач, Бөктөргөн иттей кашы бар, Жолум үйдөй башы бар, Көзү казган ородой, Жатып копкон жерин көр, Элүү кой жатчуу короодой, Кашы менен кирпиги, Карагайдын чериндей, Тиштери арсак кырчактай, Кара бойу мунардай, Колу- буту чынардай, Оозу тоонун үңкүрү, Бул өңдөңгөн адамды, Мындан мурун ким көрдү, Касабасы калкылдап, Кара бойу бүт темир, Күн чагылып жалтылдап, Айбаты элди коркутуп, Тармалкөк менен булкунтуп, Алы келбей оозуна, Алоолонтуп жулкунтуп, Кутурган иттей арсылдап, Азуулары карсылдап, Жер дүңкүлдөп дабырты, Жетип келди чукулдап. Баатырдын белек Каракөк, Карап турду тамылжып. Жекелеп келген Талана: — Жекеге келдим мен сага, Жиним келип козголдум, Табылбайт бүгүн саа даба. Кармасам ташты талкандап, Качырышкан немени, Келатамын кан жалап. Эркиңе койдум нечен күн, Эрдик жолун талашкан, Эрди сынап көрөм деп. Мен- мен деген далайдын, Канын ичтиң, Кененим, Көрүп туруп кейпиңди, Өзүм эми келгемин, Эми кайта жер бетин, Экинчи көрөм дебегин, Талпагың ташка керейин, Тереңди тасма тилейин, Кутурупсуң, Кененим, Көөкөрлөп каның ичейин, Айтканыма жетпесем, Найзага илип кетпесем, Өзөгүңдөн жарбасам, Өпкө бооруң албасам, Бооруңду чокко салбасам, Жүрөк каның ичейин, Каныңа кылыч майласам! Жасатыңды найзага, Илип алып, Кененим, Дабытайга барбасам, Талана атым курусун, Алтын жака асыл тон, Сыйлыгымы албасам! Кененимдин айтканы: — Бөөрү-жору болот деп, Көзгө басар малына, Күлүк аттын жалына, Кыргыздар байлайт айбаалы, Айбаалысың сен дагы, Жер менен жексен кыламын, Сендей нечен айбанды! Үстүңкү ээрдин калбайтып, Көк-асманды шыпырып, Алдыңкы ээрдин далбайтып, Кара жерди шыпырып, Мактанышат чанданы, Сендей бойу беш келет, Жору куйрук кызыл алп, Кутулуп кете албады, Ашкере тийип жардамы, Атам Манас арбагы! Сегиз миң жыл жашаган, Адам ойлоп тапкысыз, Нечен ишти жасаган, Кутулбады Жүйрүн дөө, Керк көтөрбөй, пил минбей, Антип жүргөн нечен дөө, Кутула албай баарысы, Колунан кетип намысы, Кучагын жайып кулачтап, Жерди жыттап калышы. Сен ошонун бирисиң, Калыбектин алдында, Сен канчалык кишисиң?! Кененимден кеп угуп, Кекээр кептен жеме угуп, Токтоно албай Талана, Ачбөрүдөй жулунуп, Найзасын күүлөп акырып, Дабытайлап бакырып, Кененимге бул айбан, Келип тийди качырып. Ачуусунан айбандын, Оозунан көбүк чачылып, Үнү күндөй күркүрөп, Уккан кепке ачынып, Көзүнөн жалын от жанып, Таноосу көөп дердеңдеп, Сакалдары байпаңдап, Чылбырдай болуп чубалып, Саамай чачы салбаңдап, Жарты көлдөй жылтырап, Маңдайда көзү алаңдап, Арбашып жаткан жыландай, Ээрди-мурдун жаланып, Найзасынын учунан, Кере кулач от жанып. Карап турат Кененим, Камаарабай залкайып. Элеп койбойт кененим, Эчтемеден кайгы жок, Элинде турган немедей, Кудай артык жараткан, Кененимди ченебей, Арстан тууган каракөк, Айласы журттан ашкан көп, Талананын найзасын, Балта менен какканы, Балта тийген бул найза, Асманды карай учканы. Тараша кетип быркырап, Сыныктары асманга, Учуп жүрөт чыркырап. Темири учуп асманга, Күн чагылып жалтылдап, Кимибизге түшөт, деп, Башына калкан жамынып, Аскердин баары калтылдап, Аңгычакты болбоду, Талананын башына, Чапкан балта чакылдап, Айта- буйта кылгынча, Ана- мына дегинче, Ачып көздү жумганча, Андас тууган Кененим, Алтымыш койуп өттү эле. Калкандан кызыл от жанып, Жайнап жерде чок калып, Чарайнага найзанын, Учу тийип такылдап, Байкап көрсө коросон, Таланага кез болуп, Келгендей өлүм жакындап. Колдо турган Дабытай, Атынан айтып акырат: — Талана! — деп бакырат, Баатырлык кана, эс кана? Кененимге былк этпей, Туруп берип майданда, Андестик керек эмеспи, Аңкоолук кылбай мындайда! Дабытай үнү чыкканда, Талана таамай укканда, Андестик кылып шапа- шап, Чокморун сууруп алганы, Күүлөп- күүлөп чокморун, Кененимди чапканы, Адис көнгөн Кененим, Балтаны кармап сабынан, Талананын чокморун, Кагып ийди алдынан. Кененимдин балтасы, Сырты тийди таманга, Талананын чокмору, Каңгып кетти асманга. Чокмор кетти каңкылдап, Жер-сууну бузуп даңкылдап, Ашыккандан Талана, Арбайтып колун сунганы, Каракөк тууган Кененди, Жакасынан алганы. Кайраты артык Кененим, Бул дагы алды жакадан, Жакалашып тартышып, Тамандашып тебишип, Этектен орой кармашып, Барлык күчүн арнашып, Ээр кашына орошуп, Алалбай аттан түшүрүп, Алаканга түкүрүп, Жакаларын жыртышып, Кемерлерин үзүшүп, Ат үстүндө сүзүшүп, Мурундун каны тамчылап, Кеңкула менен Тармалкөк, Ат айабай камчылап, Ажырата тарталбай, Жанга өлчөлүү тулпарлар, Кулактарын кайчылап, Капталга атты салышып, Кандыргалап жарышып, Эңиш менен жарышып, Эликтей колун сайылтып, Асабасын жайылтып, Өргө салып тартышып, Минип жүргөн аттарын, Кулжадай төшүн салынтып, Аттар чарчап жүрбөдү, Жөө күрөшкө кирди эми. Көөдөндөрүн тирешип, Буттары жерди жирешип, Булкуп- силкип имерип, Так көтөрүп аларда, Салмагын жерге салганда, Тизеден жерге малынып, Жер чыдабай жарылып, Топурак учуп, тоз учуп, Тунарыктап боз түшүп, Жердин бети жарылып, Казан каптай нечен таш, Аңтарылып торойуп, Башбагып жерден коройуп, Тизе бойу көрүнүп, Нечени чыкты соройуп, Түбү менен өнгөн чий, Карарып калды торойуп, Кээ бир таштар көмүлүп, Жерге кирди жоголуп. Саз чылпылдап суу чыгып, Какырдар арык коо чыгып, Эки күнү -эки түн, Эрикпестен күрөштү, Эгем өзү билбесе, Эми кандай болушту. Чарчаганда дем албай, Чай кайнамга тынч албай, Дем өткөрүп бир тынбай, Талана айтат талабын, Кененимге туралбай: — Элким келген, Кененим, Эдегенде мен сенин, Эр экениң билбедим. Кол салышып кармашсам, Мен койбоймун дегемин. Ат үстүндө алыштык, Арып- чарчап талыктык. Ат олоңун бекиттик, Оодарышып кармаштык, Кылышпадык жармаштык, Багалектен алыштык, Барлык күчтү салыштык, Ийилбеген кайран бел, Балтыр этти талыттык, Орой- торой чалыштык, Ороолонуп көрүштүк, Өчүгүшүп күрөштүк, Баштан берки адатым, Балачактан санатым, Жети күндө бир тамак, Иче турган кезегим, Бирден- бирден санадым, Бүгүн болуп калыптыр, Тамак ичер убагым, Тамактанып келейин, Сенден нөөмөт сурадым, Мени менен бирге бар, Тамакты кантип айайын. — Талана, барсаң барып кел, Бачымыраак кайтып кел, Керээз ашың ичип кел, Өлүм тонуң бычып кел, Кеңешиңди салып кел, Катын -балаң бар болсо, Ыраазылык алып кел. Кайта бара албайсың, Мен барбаймын, Талана, Кароолонуп кетпеймин, Үзүлүп түшүп тамакка. Кененимден жооп алып, Калкына келди Талана, Кара тоодой калдайып, Барып түштү айлына, Көк камандай дардайып. Дабытай баштап зорлору, Баары келди чоңдору: — Талана баатыр, не болдуң? Ала келбей бул жерге, Талаага таштап не койдуң? Талана айтат мамындай: — Араң келдим жан калбай, Байлап келмек тургайлык, Мыдыр этер ал калбай. Жалынып сурап жооп алдым, Тамактанып тойунуп, Анан кайта барамын, Алым келсе аламын, Алдырсам өлүп каламын. Башы ара, буту айры, Бендеден бүткөн таш экен, Айтышынча Кененим, Барбаган жери аз экен. Жүйрүн дөөнү баш кылып, Албаганы жок экен, Уруудан чыккан эр экен, Ойротто мындай жок экен, Азыркысын Кененим, Жайнап жаткан чок экен, Катылышкан ошого, Капташкан эрдин шору экен. Болгула тамак бергиле, Дайарлагын мен жээрге. Токочтун саны жүз сексен, Тойбоймун арзан мен жексен, Ооз оту болор жерим жок, Жүз сексенди мен жесем, Атан төө сойгун, уй сойгун, Ага кошуп кой сойгун, Чочко сойгун, ит сойгун, Алты күнгө дайарда, Арактан алты көөкөрдү, Азыр ичем экөөнү, Тамакка кошуп төртөөнү. Эшкен чеге жип болсо, Алып келгин алдыма, Жамбашыман катуурак, Өткөндө жакшы уктаймын. Деп тапшырып Талана, Жатып калды дардайып, Үңкүрдөй мурду карарып, Бута атым жерге учуруп, Мурду менен дем алып. Ашып- шашып ашпаздар, Аш -тамагын белендеп, Жүгүрүшүп дереңдеп, Алты күн өттү арадан, Тура калып Талана, Ашырбай жеди тамактан, Дайардын баарын жеп болуп, Аттанып чыкты айылдан, Тармалкөк менен зоңкойуп. Кеңкуланы чалдырып, Бир кудайга жалынып, Качан келет Талана, Шашып турат Кененим, Ач жолборстой чамынып, Талананы көргөндө, Таакаты калбай ачуудан, Бузулган күндөй бүркөлүп, Кайра жаачу булуттай, Кабагын чытып түмпөйүп, Талана келди аңгыча, Көпкөк темир чүмкөнүп. — Мен тойуп келдин, Кененим, Сен турасың ач курсак, Эми кантер экенсиң? Эркиндеп өскөн мен камыш, Сен сууда турган жекенсиң, Тагдырың ушул белем, дейм, Сөөгүңдү алар киши жок, Бул дүйнөдөн кетерсиң! Бакырыгы баш жарып, Баштан өтүп таш жарып, Качырып тийди Кененге. Найзага найза кагышты, Кадимкидей бул экөө, Бир беттешип жанышты, Өтө берип толгонуп, Жаан айланып салышты. Каарданып Кененим, Абасы Гүлүс кептенип, Заарданып Кененим, Манастап ураан чакырды, Тармалкөктөн солтойтуп, Сайып өттү капырды. Тоңкойуп барып жыгылды, Жер тайанып Талана, Бута атым жерге шаркырап, Оозунан кетти атала. Коросон жагы бекиди, Кишиси жок барарга, Дабытай калды ойлонуп, Индистан көздөй качарга. “Индистан барсам батамбы? Кененимдин айласын, Анда барсам табамбы? Индистан барып нетемин, Жөн койбой мени коргогон, Каңгайга барсам бекемин. Кудуска барсам батырбайт, Бир күнү менижашырбайт, Багдатка барсам батпасам, Мисирге кирсем кондурбайт, Дегеле мени оңдурбайт. Багдат, Мисир, Кудусту, Жөөттөр камап турганда, Жөндөп берген Кененим, Барган менен аларга, Батырбасын билемин. Индистан барсам Кененим, Кууп барса артымдан, Индистан кууп чыгарбы, Бузук деп мени калкынан? Каңгайга барсам табамын, Ким үчүн минтип калганым, Өктө кылып айтамын. Кара кытай, манжуда, Шибе, соло, муңгулда, Аркалар киши калган жок, Барган менен мен анда” Коросондо Дабытай, Баш калкалар бай таппай, Бара турган жай таппай, Көр напсиге алданып, Калмактан дүйнө алам деп, Кайран жан калды сай таппай. Санаасы санга бөлүнүп, Тирүүлүктөн өлүмү, Карыш жакын көрүнүп: “Кененимди угушта, Кең пейил деп угамын, Пейли мага кең болбойт, Саламатты бузганым. Саламатты бузбасам, Карайт беле Кененим, Талана бар менде деп, Көңүлүм ток жүргөмүн. Таланадан айрылдым, Белдүүдөн калбай баары өлүп, Канатып сынып кайрылып, Калмактан тартуу алганда, Акылымдан айныдым. “Оро казсаң тайыз каз, Өзүң түшсөң чыгарга” Оро казып Кененге, Өзүм түштүм түбүндө, Амалым кетип куурулуп, Сарсанаа болдум бул күндө. Кайрат кылып качырсам, Калбаса тирүү чымын жан, Өлтүрбөй койсо өзүмдү, Коросонду тапшырсам” Малы кетип куурулуп, Өңүнөн азып кубулуп, Чын шаштысы кеткенде: “Качырышып Кененге, Кайрат кылып көрөйүн, Качантан бери кармашта, Талыды бекен Кененим? Алда канча алп менен, Айыгышып чарчашты, Арыды бекен Кененим? Өз жеримде элимде, Өчүгүшүп көрөйүн, Өзгөчө көңүл бөлөйүн, Өлүм келсе качпастан, Кайрылбас жайга жөнөйүн. Кадимки наркым бар болсо, Канын төгүп келейин, Өнөгүмдү мен кантип, Өз колумдан берейин?” Деп ойлонуп алганы, Кайра качар жери жок, Коросондун Дабытай, Коржоңдоп жөнөп калганы. Кененим көрүп караанын: “Келе жаткан Дабытай, Келбей кайда барасың, Эч айлаңды таба албай? Жакшы айтып келсең жалооруп, Ар ишиңди кечейин, Өчөшүп келсең элөөрүп, Так башыңды кесейин” Деп ойлонуп Кененим, Жалгыз жүрүп көптү алган, Нойубаган эреним, Эрлик жолдон тайбаган, Эч кимге алын айтпаган, Көрүнүп ажал турса да, Башын булгап качпаган, Сан- санаксыз жоо келсе, Сабылып коркуп шашпаган, Көптү көрсө күч алган, Өрт жалындай тутанган, Намыска белин буунган, Кан менен колун жуунган, Кан төгүшкөн ким болсо, Чечекей чукуп көз алган, Боорун жарып өт алган, Кара дебей, баш дебей, Өзүм дебей, жат дебей, Кан агызып баш алган, Карабаган кишиге, Ошол үчүн Кененим, Жалаңгыч сарык атанган. “Жанымды айап нетемин, Качып берип ар кайда, Баш калкалап жүргөнчө, Балталашып көрөйүн. Барган жерде макул деп, Маа кошулса жакшы кеп, Калкынан качкан караан деп, Карабаса кийин кеп, Элинен азган кишиге, Эки жылга эл жок, деп, Жеринен азган кишиге, Жети жылга жер жок деп, Жеткирлер айткан бу бир кеп.” Ар бир акыл ойлонуп, Ар нерсе ичке жык толуп, Арылбаган муң бул деп, Айласы кетип Дабытай, Баш айланып тел болуп, Эшитер кулак кер болуп, Эт жүрөгү чер болуп, Качамын деп качалбай, Чыгамын деп чыгалбай, Коросондун элине, Мурункудай ээ болуп, Калдайып карап туралбай, Аманат жанга күч келип, Минген атын камчылап, Алчыланып барганда, Баш калкалап мааналап, Барбай койор айла жок, Бастырып кирди туралбай. Дабытайды көргөндө, Жаандан ашкан Кененим, Жагалданып турду эле, Жанаша келип Дабытай, Кебин айтты мамындай: — Эрегишке эр керек, Эр башкарган эл керек, Элебей сага катыштым, Кадырлап каңгай келди, деп, Эми таанып мен жеттим, Эрдигиңди белгилеп. Качантан бери кагышып, Кармаштым далай салышып, Испандык ханы Ачакан, Мени менен бир барган, Баарынын тарпын чыгардың, Далдал кылып тамтыгын. Өз элиңден Саламат, Сага кылды көп кызмат, Жашырбай айтам, Кененим. Бадыкөлдөн кыдыртып, Баарын айтып угузуп, Сага кылдым аны кас. Айтпады, билдиң, Кененим, Саламат тилге киргенде, Сени жеңдим дегемин. Карандатпай жаныңа, Кадемин анын катырдың, Кара жерге тапшырдың. Касташканды кем кылдың, Кара жерге тең кылдың, Калмактан келген Калдайды, Мен- мен деген чанданды, Баарысын жалмап жеп койдуң. Кишиге кылбай жылуу сөз, Жалаңгыч атка конгонуң, Бир арыш элге мен ханмын, Эби келсе жөн койгун. Беттешип көрдүм башында, Белимди такыр сындырдың, Бежайлык кылып өчөшүп, Белдүүнүн баарын кыйдырдым, Душманга салсаң жараймын, Такалышкан тар жерде, Ар иштин эбин табамын. Баашалык минген тагым бар, Маңдайымда багым бар, Жаакташса жаңылбас, Иш билги жайым дагы бар. Төрт кырым бар билгенге, Токтолбоймун ар ишке, Көөнүңө мени жактырсаң, Көргөзүп туруп ар элге. Ордума мени таштасаң. Элдер айран калгандай, Уккандар кебин салгындай, Урматтап сени узатсам. Деп Дабытай айтканда, Кененим айтат мамындай: — Ээ, Дабытай эрсиңби, Эрегишкен нечен кул, Эми айлаң кеткенби, Эптүүлөнүп келдиңби? Эрлик кандай? Эл кандай? Элдин четин бөлүнтпөй, Элди баккан эр кандай? Элөөрүп элди башкарып, Эмгекке салып кырылтып, Антип жүрүш ал кандай? Айдама кошуун кол жайнап, Алпардың элди алыска, Эл сактабай, эл кырып, Жарайсың кандай намыска? Түп атам Манас баатырдан, Бизге калган салтыбыз, Ата мурас баркыбыз. Атабыз Манас айкөлдүн, Кырк баатыры жанында, Кыркы менен жол тартып, Барып келчүү ар кайда. Аскер алып барыптыр, Чоң Бейжинге барганда. Бейжин менен башканын, Айрымы ачык ар кимге, Эки чоро ээрчитти, Семетейге келгенде. Семетей, Гүлүс, зор Бакай, Сейитекте бирге эле, Мен Кененим болгону, Кененим атка конгону, Жалгыз чором болбоду. Кечээ, Дүйшөмбүдө урушта, Бирге барды кыргыздар, Койгун десем болбоду, Унутуп калган урушту, Ат чабыш деп ойлоду. Эл багыш мурас биздерге, Эл кырмак керээз атадан, Энчиге калган сиздерге. Жанымды кой деп келипсиң, Жашырбаймын кебимди, Саламатты сага мен, Кас чыгардым дедиңби? Колуңдан келсе айанба, Өз колуңдан келбесе, Болбосту менден сураба, Кечирим кылар жерим жок, Ойлоп көрсөм мен сага. Териңди тетир сойомун, Саман салып териңе, Коросондун дарбаза, Ошого асып койомун! Катышпаймын элиңе, Карабаймын жериңе, Сенин кунуң кубам, деп, Барып калса жериме, Жамандыкка жамандык, Айабаймын дегеле. Ханы өлгөндө калкына, Катылышкан ал жаман, Эри өлгөндө элине, Эрегишкен бул жаман. Ханы жок кара букара, Камалда калган колго окшош, Эри жок ээн калган журт, Эс жыйа элек бала окшош. Элге жабыр салбаймын, Эсирген акмак, сага окшоп! Эрлигиң болсо айанба, Эч бир мага караба, Имерилер жерим жок, Эч качанда мен сага! Кененимден кеп угуп, Кепке окшобос жеме угуп, Теминип кирди Дабытай, Дегеле жаман оолугуп. Күркүрөтүп найзасын, Күү чыгарып качырды, Көмө сайып кетем деп, Көкжал төрө баатырды. Карап турат Кененим, Камынбай да, күтүнбөй. Дабытайдын найзасын, Сайдырбай кагып жиберип, Колундакы найзасын, Оңдоп кармап имерип, Кыйа тарта бергенде, Кыйрына кирип келгенде, Кый сүйбөөгө бир сайды, Кызыталак Дабытай, Ээрден көчүк бултайып, Үзөңгүдөн бут тайды. Кененимдин өткүр миз, Өкүм болот найзасы, Кабылдай сайды соотту. Ыкшап сайып өткөрүп, Найзага илип көтөрүп, Дабытайды калдайтып. Карап турат коросон, Жүрүп кетти Кененим, Коросондун элдери, Колунан жумуш келгени, Калбай өлгөн эмеспи, Артынан барган бир жан жок, Баш көтөргөн тир жан жок, Акыл табар киши жок, Аны менен иши жок. “Дабытайды алпарып, Бастырып жарга жоготуп, Кайта келип кырат деп, Канды суудай агызып, Баш- аламан кылат, — деп, Кылычтап башты кыйат, — деп, Баарыбызды кырат, деп, Жыпжылма түптүз кылат” деп, Коросондун элдери, Өз жанынын камын жеп, Убайым тартып сарсана, Упурак болуп турганда, Бурулбастан Кененим, Коросондун коргонго, Падышалык ордого, Тепчий сайды соотунан, Дарбазанын ортого. Өлбөгөнүн билбеди, Өкүм өскөн эр неме, Дарбазанын башына, Кемеринен илгени, Кылчайып артын карабай, Кара кошуун элдерге, Кайрылып жетип келгени. Асып койгон Дабытай, Өлгөн эмес өзү сак, Найза тийбей эти сак, Тулку бойу такыр сак. Дарбазада жолчуга, Жарлык кылды Дабытай, Бачымыраак түшүр, деп. Казынада элдерге, Жатып жеген эрлерге, Жалпы баарың жүргүн, деп, Жарлык кылды бүт элге, Жапырт баары жөнөдү, Жазайыл атып, жаа тартып, Очогор менен ок атып, Жер куйкалап топ атып, Алай- дүлөй тарсылдак, Жан алуучу барсылдак, Мунарыктап топурак, Асман ачык, жер бүркөк, Жерге кирди сүлкүлдөк, Жебенин огу зыркырап, Барабан үнү зыңкылдап, Баш аламан чуркурак, — Эми кайда барасың, Кыргыздан келген, кызталак?! Дабытай үнү угулат, Дабытайды көргөндө, Ыйлап аткан көп аскер, Баары кирди чуркурап. Салмоор менен таш урган, Жазбай кара башка урган, Таштын үнү дуулдап, Барскандары жонулду, Уста келет балбаңдап, Араалары колунда, Жыгаччы келет салбаңдап, Этегин өөдө түрүнүп, Күрөгүн ала жүгүрүп, Сугатчы келет тартаңдап, Белин бекем курчанып, Ийри орогун белге алып, Орокчу келет кыйкаңдап, Эрин ээрчип жүгүрүп, Катын келет тыйтаңдап, Жонунда жоор тери жок, Аттары келет кыйшаңдап. Өгүз минип өпөйүп, Өлөсөлүү чал келет, Карысы бар, жашы бар, Катын- эркек аралаш, Калбай баары бүт келет. Өзү жатты Дабытай, Коргонго кирип бекемдеп, Карап туруп Кененим: “Өткөрө сайбай боорунан, Кабылдай сайган экемин, Энөөлүк кылып элебей, Эл козголуп чайпалды, Түбөлүк болуп ченебей, Найзаны сайып мылгытып, Көгүчкөндөй сыргытып, Кете берсем ыргытып, Эндекей элге убал, — деп, Эми эле мени кырам, — деп, Карапайым букара, Ханы жарлык кылганга, Калбай келет бүт мында, Кай муратка жетемин, Карандай элди кырганга? Карабайын бул элге, Качырып барып көрөйүн, Коргондоку эрине. Атам Манас арбагы, Колдосо мени түбүндө, Дабытайды коргондон, Байлап чыгам көрүнөө.” Акыл ойлоп арбытып, Арстан Кенен көөнүндө, Алдында минген Кеңкула, Айбан жетпейт так буга, Коргонду карай жөнөдү, Камчы берип бууданга. Төрт айагы кула аттын, Топону көккө сапырып, Жал-куйругу жайылып, Катап келген көпчүлүк, Калбай баары жабылып, Жанаша албай кула атка, Шамал артта калыптыр, Ачып көздү жумганча, Коросондон коргонго, Кененим жетип барыптыр, Дарбазасы сом темир, Коргону бийик бир сеңир, Эшик эндүү ай балта. Колуна алды Кененим. Дарбазаны бекиткен, Килити да бир темир, Кайтарган киши бир канча, Карабады аларга. Каалганын килитке, Ай балта менен какканы, Ат башындай кулпусу, Талкаланып жок калды. Чапкан балта кескени, Бир жагында каалгасы, Томкорулуп кеткени, Тостуруп койгон кишилер, Токтоо кылбай жеткени, Тобун бузбай Кененим, Тоздуруп тонун өткөнү, Мен-мендеп киши келе албай, Көрүп турган Дабытай, Кол салышып чыга албай, Тар көчөнү бет алып, Качып чыкты Дабытай, Акыл айнып көз тунуп, Шашып чыкты Дабытай, Кайда барып турарын, Абдан анык биле албай. “Изимди тетир салайын, Бир тынбастан шашыла, Таласка жетип барайын, Кененим мени табалбай, Кеңгиреп мында жүргөндө, Манастан калган Таласын, Астын- үстүн кылайын, Бул жерде турсам өлөмүн, Туруп берсем тартайып, Өзгөчө кордук көрөмүн, Жалынсам койбойт жанымды, Берсем да албайт Кененим, Малым менен шаарымды, Бекер өлүп кеткинче, Таласка жетип барайын, Колбуп жаткан кыргызды, Койдой кесип баштарын, Коондой кардын жарайын, Манастан калган коргонун, Койбой такыр чагайын, Талкалайын күмбөзүн, Күйгүзөйүн ичтерин, Деп ойлонуп арамкор, Тополоң түшкөн тоз жакта, Жердин бети көрүнбөс, Топурак учкан боз чакта, Камчы басып жөнөдү, Бул бадырек тору атка. Коросондун калаасын, Койбой баарын аралап, Табалбады Кененим, Туш- тушка киши чаптырып, Дабытайды ким тапса, Баашалыгым берем деп, Тактайга катты жаздырып, Такыр дайнын таппады, Дабытайдын жээн-тайын, Жеп жоготту бүт баарын. Уул-кызы жок экен, Ажал жетип, күн бүтүп, Үйүндө өлсө Дабытай, Ордун ээлеп тактага, Ээ болору жок экен. Күчала жеп катыны, Үйдө өлдү селейип, Дабытайдын тактасын, Тапшырып берип бирине, Кененим шаардан аттанды: “Кайда кетти Дабытай, Бир күн тыным албаймын, Аны таап баш албай, Таласка барып кыргызга, Айтып койуп журтума, Андан кийин жөнөйүн.” Дүнүйөнүн бурчуна, Кеңкула менен оң тартып, Таласты карай жол тартып, Эрте басып, кеч жатып, Караңгынын чапанын, Калдайтып чүмкөп жамынып, Ат айабай келатып, Ачамай айры бир жолдон, Туйактын ойгон жеринен, Көлчөк болуп суу толгон, Ат изин көрдү Кененим. Тулпардын изи экен, деп, Тиктеп көрсө бекемдеп, Алтымыш уруу алаштын, Такасындай из эмес. Таканын тагин карады, Коросон менен испандык, Ошо жактын такасы. Анык таанып билди эле, Дабытай кеткен экен, деп, “Каңгайды карай качканбы? Акылынан шашканбы? Же Таласты беттеп жол алып, Карамендер басканбы, Кененим жокто жетем, деп, Кеңирсип жаткан кыргызды, Асты-үстүнө кылам,деп, Коросондун каалгасын, Бузуп кирди талкалап, Күмбөзүнө айкөлдүн, Кастык кылып жүрбөсүн, Так түшүрүп баткалап, Сайа түшүп изин кууп, Сапырылтып жөнөдү, Башка жакка бурулбай, Таласты карай беттеди. Коросондо далай күн, Өтүп кеткен эмеспи, Аркасынан жетпеди. Аңгеме болуп алардын, Айтылып калды кептери. Муну мындай таштайлы, Дабытайдын кыргызды, Кырганынан баштайлы.