← Кененим 5/7

Каңгайга барат маана издеп, Аттуунун баары кырылган, Аны ээрчип ким келет, Кыдырып жүрүп жер бетин, Бир күн келет темселеп. Эми көрсө Кененим, Тирүү кайдан кетирет, Кара нээт бузуку, Ажал айдап жеткирет. Изин куусам эми эле, Узатпастан табамын, Каадалуу киши кептентип, Ага кайдан барамын. Эгин эгип, мал багып, Аракет кылып мал табып, Жан сактагын, кыргыздар. Деп Кененим жатканы, Сак сакайып эр Акжол, Ал элине кайтканы, Эмне көрүп билгенин, Бактыбайга айтканы. Кепти угуп Бактыбай, Айткан кеби мамындай: — Эми кыргыз тынч алып, Болот экен көөнү жай. Үлүш берип кунан чаап, Ойноп балдар дуулдап, Акачөлүм түнкүсүн, Кыз- келиндер чуулдап, Короосун кошо кайтарып, Бекбекей айтып безилдеп, Аңчылар бөөрү кармашып, Аркар- кулжа бугу атып, Текесин таштан кулатып, Түлкүдөн кийип тебетей, Мырзалары кырдашып. Бөөрү ичигин жамынып, Абышкалар бакчайып, Элечеги казанадай, Сүлөөсүн ичик жамынып, Байбичелер чалкайып, Белдемчи жерде чубалып, Барынча кийип буралып, Жубандар басып залкайып, Акыректе чоң сөйкө, Аркасында чач теңге, Ал ханынын доорунда, Санаага албай эч нерсе, Торкодон чапан жылтылдап, Бийдана бутта кыйчылдап, Сууда сүзгөн балыктай, Келиндер басып кылтылдап, Шайы көйнөк жалт этип, Алтындан соккон билерик, Ак билекте жалт этип, Кийгени кундуз тебетей, Күлгөндө үнү шаңк этип, Төгүлгөн жерге сымаптай, Элестеп көзгө жылт этип, Алтындай топчу наар төккөн, Акак, шуру аралаш, Боору толгон асыл таш, Арасында бермети, Тал- талдан өрүп тизген чач. Башына үкү сайынып, Кемселге седеп тагынып, Чыккан күнгө туш келсе, Көз уйалтып чагылып, Кызы сонун кыргыздын, Ийни салык, мойну кез. Сыртынан кызыл жамынып, Боз уландар куш салып, Кайрыма, чүрөк, куу алып, Ак тайлактай чоң кууну, Байланып жанга кубанып, Кекилик менен чил алып, Айырдын четин жээктеп, Канжыгадан ашканын, Куйушканга тээктеп,. Каш кулактан ичиги, Суусардан жака салынып, Чыгаан байдын балдары, Алтындан кемер курчанып, Анча-мынча кишилер, Айталбай салам апкаарып. Жайдын күнү болгондо, Кысыр эмди тай сойуп, Кымыз ичип, шерне жеп, Кыштын күнү болгондо, Кырк-элүүдөн чогулуп, Бозо кайда, жарма деп, Самоор кайнап ар жерде, Сары канты чачылып, Эртеден кечке жыйналбай, Дасторкону жайылып, Балдары майга карабай, Катындар каймак жалабай, Эндегей жүргөн кыргыз жок, Эшикке күлүк байлабай, Бекер жүргөн киши жок, Ит агытып, куш салып, Сандыгында зары бар, Өрүшүндө жайылган, Төрт түлүктүү малы бар, Ак калпак кыргыз болгондун, Баарысынын көөнү жай, Өлүмдөн башка кообу жак, Катын алып, бала таап, Андан башка ойу жок. Кыргыздар жатат жан жыргап, Дүнүйөгө көз тойуп, Арбытып төлүн мал жыйнап, Кайда жүрөт экендир, Дабытай шордуу жан кыйнап? Таластан качкан Дабытай, Күнү- түнү бир тынбай, Ат чалдырып дем албай, Азык ичип жата албай, Баш калкалар жай таппай, Арызын айтар эр таппай, Балтыры батар жер таппай, Чыгышты карай бет алып, Күндүзү аз, түн басып, Өзү жадап өңү азып, Аты жадап тер басып, Атасы көргөн жер эмес, Кыргыздай тоодо жол таппайт, Энеси бычкан тон эмес, Шар аккан нечен суу кечип, Шагылдуу нечен бел ашып, Айланып канча тоолорлон, Зоңкойуп турган зоолордон, Карагандуу сайлардан, Аркайган далай каңшардан, Кабаттап жүрүп эринбей, Күн алтымыш болгондо, Каңгайга жетти капташып, Ак элечек нечен тоо, Аркада калды адашып. Калмактын ханы Оторго, Абалын айтып ошого, Алооке менен Манастан, Калмак менен кыргыздан, Кептин башын баштады, Алып келип айагын, Калдагай кулак, Чойун алп, Жез киндиктүү Кикимат, Темир тондуу Шалкымат, Тажиктердин Темирбек, Испандакы Ачакан, Кутургурдун Саламат, Коросондун Дабытай, Алып келип аштады, Жаш баладай шолоктоп, Эки көзүн жаштады, Көзүнөн аккан бурчак жаш, Жакасын жууп чыктады: — Маңгул, манжу сен элең, Шибе, солон аралаш, Канатташ жүргөн эл элең, Кара кытай кошулуп, Талабыңар бир элең, Тайыны чыккан кишини, Такыр кыргыз түгөттү, Баш көтөртпөй бүт элди, Мына минтип жүдөттү. Манастын өзү барында, Ооган менен урушкан, Коросон менен испанды, Аны да кошо куруткан, Талапташ жүргөн элбиз, деп, Калдагай кулак, Чойун алп, Атайын мени чакырткан, Испандакы Ачакан, Таштабады катардан. Түптүү муңгул эли, деп, Баш тартпастан келгенбиз, Тажик Темир, Чойун алп, Дүйшөнбүдө чогулдук, Темирбек менен Чойун алп, Ошол жерде жоготтук. Таласка бардык тебелеп, Талап алсак экен деп, Талап алмак турмайлык, Каныбыз акты себелеп. Мен Дабытай, Ачакан, Акыл ойлоп курадык: “Коросон менен испанга, Бурулбастан баралы, Сырыбыз бирге муңгулга, Айтып кабар салалы”. Кошулду бизге Саламат, Козголбос болуп ал дагы. “Муңгул, манжу, кытайды, Шибе, менен солондун, Бешөөнөн кошуун алалы. Маңгыттардын Саламат, Коросонду Дабытай, Испандакы Ачакан, Сегиз уруу эл болуп, Селдей каптап баралы” Деген кеңеш тапканбыз. Чыдай албай качканбыз, Коросонго мен кеттим, Испанга кетти Ачакан, Маңгытка кетти Саламат, Саламат кетип баратса, Кез болуптур Кененим, Кыргыздан чыккан жанакы, Жалаңгыч сарык дегениң, Аркабыздан келиптир, Саламат менен Ачакан, Жазасын колго бериптир, Экөөнү катар жалмаптыр, Андан кайта жанбаптыр. Коросон барды коржойуп, Кол салыштык коркподук, Менде балбан көп эле, Бири миңден жоо сайган, Баары мыкты эр эле, Баарысын сойду кыйратып, Он эки түн дегенде, Найзага илип өзүмдү, Көрсөтүп көзгө өлүмдү, Дарбазага илгени, Тирүүлүгүм билбеди, Шаар аралап киргени. Ордо баккан эрлерди, Бейкут жаткан элдерди, Баарысын салдым кызматка, Тегеректеп карма деп, Карыш жерге узатпа. Ошончолук көп элди, Бир көзүнө илбеди, Көптүгүн анын билбеди, Ителги тийген таандай, Найза менен чубуртуп, Аралап кирсе кылычтап, Мизинен канын куйултуп, Калың жерин суйултуп, Окчун турган элдерди, Албарс менен кайсалап, Алдына кирген ким болсо, Найза менен талкалап, Эл аралап жүргөндө, Ойума келди бир неме: “Мен барайын Таласка, Кененим мында жүргөндө. Күмбөзүн бузуп Манастын, Коргонун чагып Таластын, Ал жердеки кыргызды, Айак асты кылайын.” Бет келер мага эр жок, деп, Анда мага тең жок деп, Апыр- шапыр жөнөдүм, Таласка барсам кыргыздын, Күмбөзүнө Манастын, Чогулганын көргөмүн. Мен жеткенде четине, Бирөө келди бетиме, Аңгеме дүкөн курадым, Кетмен алып колуңа, Талкала деп көмбөздү, Буйрук кылып тургамын, Менин кебим укканда, Катындын баары ажылдап, Калбай баары бажылдап, Качырды бирөө түз мени, Көзүнүн оту жалындап. Манасташып бакырып, Баары ураан чакырып, Асман жарган чуу болуп, Чыгып жатат акырык, Анчалык ишке Дабытай, Кеткеним жок шашылып, Эрдемсип келген эренин, Аңтара сайдым жапырып. Буруттун эли эң сүрдүү, Кылган ишин көрдүңбү, Бири калса жыгылып, Бири тайар найза уруп, Жыгылганын чаптырбай, Бири келет жапырып, Бекер келбейт келгени, Манастап ураан чакырып. Сүйүнсө да кыргыздын, Манас экен айтканы, Күйүнсө да кыргыздын, Манас экен айтканы, Малын сойуп чогулуп, Күмбөзүнө Манастын, Баш урушуп жатканы, Күмбөзгө бардым түнүндө, Төбөсүн ойуп чаккалы. Чокмор, найза, балтамды, Колума алсам жок калды, “Аз күндүк калды өмүрүң, Чагалбайсың кеткин” деп, Бир үн мага айтканы, Кылчайып артым карасам, Чокмор, балта, найзалар, Чогулушуп жаткалы, Калтырбай баарын алгамын, Коргонуна баргамын, Коргонун баккан Манастын, Тайганына таң калдым.