← Кененим 6/7

Куу тайган чыкты арсылдап, Азуулары шакылдап, Баралбадым жакындап. Кылыч алдым чабам, деп, Ажылдаган тайгандын, Башын кесип салам, деп. Куйругун тайган имерди, Тору атымдын үстүнөн, Көмө койуп жиберди. Көзүмдү ачсам бир кыз бар, Кыз айтты мага мамындай: “Кетип калгын, Дабытай, Сенде аз күндүк өмүр бар, Койо берсем Кумайык, Койбой сени жеп салар, Эки күндө Кененим, Келип калат бул жерге, Анда болот күнүң тар!” Таң агарды аңгыча, Кыргыздар келди жабыла, Акжол деген эр келди, Чалбаш минип алдында. Качырып найза безедим, Каңтара койуп кеткемин, Жамаке, Бөтө, Тубаштар, Бирден келди сабалай, Көмөлөттүм баарысын, Өзүмө найза сайдырбай. Бирине бирин улашып, Тегеректеп найзаны, Дембелеп сайды чуулашып. Токтоно албай ал жерде, Тору ат менен чу койуп, Качып чыктым чуратып. Доолбас үнү карсылдап, Атылып мылтык тарсылдап. Жебенин огу зыркырап, Бараңдын огу чыркырап, Ызы-чууга аралаш, Канчалаган темир тор, Илиниптир мойнума. Кыймылдарга чама жок, Кыргыздын калдым торунда, Мыктысынган бир жигит, Жой болоту колунда, Менин башым чабам, деп, Өзүнүн чапты торуна, Бактым качкан байлоодо, Ишим кетип оңуна, Кайра кирдим жапырып, Карышкырдай качырып, Көмөлөтүп канчасын, Найза менен сулаттым, Кылыч менен кыйа чаап, Кыйланын канын агыздым, Качып жолго эл кирди, Аңгычакты түн кирди. Топтуу караан качканын, Аркасынан куугамын, Көрүп калдым баратып, Кыргыздын эли чогулуп, Кененим менен турганын, Атымдын башын бургамын, Кебин тыңшап тургамын, Канымет деп тирүүлүк, Качып келип алдыңда, Эми арзымды айтып турганым. Дабытай айтып бүтүрдү: — Атайын келип, Дабытай, Айтар кебиң ушубу? Сенден мурун Дабытай, Мен билем кыргыз түп жайын, Ыраа көрүп жаманга, Ар ким кыйбайт өз жанын. Барса барсын калгандар, Мен барбаймын кыргызга. Шибеде белдүү киши жок, Солондун мында иши жок, Манжу менен кытайда, Барчуулар болсо алып бар, Тилимди алсаң, Дабытай, Коросонго кайтып бар. Бир жетимди Кененим, Ээ кылып таштап кеткендир, Айла кылып ордуңду ал, Ээ боло алсаң тагыңа, Мурункудай багыңа, Кабар бергин сен мага, Беш урукту чогултуп, Мен барамын ушунда, Сенден кабар болбосо, Мен жатамын жайымда. Саламат өтүп кетиптир, Сага жөлөк болор жок, Маңгыттардын элинде. Эмгичекти оодарып, Кыргызды киши алган жок, Орто Асыйа жеринде, Ээрчип киши барбайт го, Буруттардын элине. Бурут үчүн, Дабытай, Калбасын көөнүң дегеле. Баатыр чыккан, эр чыкан, Ар уруунун элинде, Теңдешип адам жеңбеди, Буруттан чыккан эрине. Манастан бери карата, Буруттун эли бузулбай, Келе жатат ар качан, Эч душмандан кысылбай. Каңгайдын эли канча жол, Катышып барды бурутка, Алп Коңур баштап баарысы, Сайдырыптыр бул журтка. Урушуп барган кишини, Уйпалады ушулар, Аман жанган болбоду, Каны агып жошулбай, Муңгул барбайт бурутка, Биздин кыйал ушундай, Эми беш жыл жатабыз, Айылдан карыш бир жылбай, Калдагай кулак, Чойун алп, Темир тондуу Шалкымат, Жез киндиктүү Кикимат - Алар барып өзү өлдү, Айдап жүргөн элдери, Аз өлбөдү, көп өлдү, Аз келгенсип анысы, Сакта менен Саранжа, Айдап алып жөнөдү, Буруттан баары кырылды, Беш уруктун дөөлөрү. Андан беш жыл камынып, Кабаттап темир жамынып, Караганды таң кылып, Кара жерди чаң кылы Буруттун башын маң кылып, Барамын Отор мен өзүм. Жалаңгыч сарык Кененим, Жетимиң жаны болсо да, Өлбөгөнүн көрөмүн. Күмбөзү менен коргонду, Бузулбады дедиңби? Сенин билген турбайбы, Алың келбес жериңди. Эринбесек, Дабытай, Жылбай жаткан беш жылы, Бир которуп берейин, Ушул кезде кылымды, Кыйамына келтирип, Кыргыздан чыккан кыйынды. Жата албасаң, Дабытай, Коросонго баргының, Беттеп сага ким чыгат, Шаарыңды колго алгының. Сен да айанбай беш жылы, Кем- керчи жок камынгын, Сенин камың бүткөндө, Мага кабар кылдыргын. Кененим койгон испандын, Кожосун колго алгының, Испанды кошо колго алып, Кадырыңды жам кылгын. Кабарлашып болгондо, Боорунан сийген немесин, Бүткүл айдап жылдыргын, Бурутту берем колуңа, Санааңды анан тындыргын. Оолугуп Отор сүйлөдү, Ойумда кеңеш бул, деди, Сен Дабытай бил, деди. Куруп калган Дабытай, Каңгайда беш жыл жаталбай, Беш жылдык болду убада, Кайра кетти баталбай. Каңгайдан чыгып Дабытай, Күн батышты бетке алып, Коросонду эске алып, Кетип барат талпылдап, Алдындагы Тору аты, Араң барат шалпылдап, Канча күнү жол басып, Коросондун шаарына, Жетип барды жакындап. Күн барбады, түн барды, Туйгузбай кирип ордого, Түгөнгүр калба салганы, Туйунуп жаткан чоңдору, Урушуп калба тапканы. Дабытайды улук деп, Караган бенде деги жок, Карап көрсө коросон, Кылчайа турган пейли жок. Такка минген жаңы хан, Дабытай колдуу өлгөндүн, Жээни менен тайына, Жерге-жээк баарына, Катын менен уулуна, Ага тууган калгандан, Ошолордун баарысын, Жайа салып жай айтып, Баарынын көөнүн жайлаган, Кененим айткан кептерин, Чыгарбай эстен жаңы хан, Өзү мыкты неме экен, Күчү начар болсо да, Акылга дыкан эр экен, Оор салым элде бар, Борборго алса экини, Бөлүп алчуу бешөө бар, Ордодон чыккан экөөнө, Кошулган элден жетөө бар, Күндө салык дей берип, Таап бере албай салыкты, Кыйналуучу нечендер, Алтын, күмүш, төө таппай, Кыжалат болчу нечен бар. Кененим келип кеткели, Жаңы хан такка мингели, Эки жыл ашып бараткан, Салык деп бирөө келбеди, Бей-бечара байкуштар, Бир этек саман бербеди, Унутуп калды букара, Алым- салым дегенди, Эл күчүнө жөлөнүп, Дабытайга жаңы хан, Дегеле жооп бербеди, Коросондун элинен, Колу үзүлүп Дабытай, Испанды карай жөнөдү. Түз испанга барам, деп, Испандын колун алам, деп, Баштап келип кошуунду, Коросонду чабам, деп, Испанга барса Дабытай, Ачакандын баласын, Хан көтөргөн кеп экен. Кененим айтып бекитип, Хан кылып койгон киши экен, Кененим айткан акыл кеп, Ачакандын баласы, Кабыл алган макул, деп, Болбой койду Насыке, Эрчибеймин сага, деп. Опуз кылып Дабытай, Коркутуп көрдү күпүлдөп, Көрүнөө айтты Насыке, Сени ээрчибей Дабытай, Кененимге барам, деп. Кененим барам дегенде, Муңгул, манжу, каңгайдан, Андан башка чандандан, Жакындакы иштерден, Баштан айак калтырбай, Айтып өттү бир-бирден: — Сенин атаң Ачакан, Ким колдуу өлдү, билгин сен, Кененим өзү өлтүргөн, Аны толук билем мен, Насыке айтат мамындай: — Болдуңбу айтып, Дабытай? Менин да сага кебим бар, Азгырып жүрүп атамды, Сен алпарып өлтүрдүң, Кебим тургай кегим бар, Кырчаңгы болгон жылкыдай, Мага келип шыйпанбай, Кайда барсаң, анда бар! Тил албай мага катышсаң, Катыгыңды беремин, Төрт казыкка керемин, Сарпоштоп таңып Тору атка, Төрт кишиге айдатам, Алып барып Таласка, Кененимге карматам! Сен келген күнү, Дабытай, Тил билгенден экини, Мен Таласка узаткам, Кете албайсың кутулуп, Жайып койгон тузактан! Насыке хандан кеп угуп, Жан күйгүзөр жеме угуп, Кол салышса испанга, Колу жетер көрүнбөйт, Коопсуп калды Дабытай, Коркуп жаны тынч албай. Козголбой чындап жаталбай, Антип- минтип арадан, Далай күн өттү карасаң, Санаасы сан, кыйал миң, Дабытайды карап бак, Кененим атын уккалы, Жаталбады ал чыдап. Тору атты минип токунуп, Эми кайда барам, деп, Ар тарапка бой уруп: “Багдатка барсам батпасам, Иракка барсам кондурбайт, Жөөттөр камап турганда, Куткарган аны Кененим, Дегеле мени оңдурбайт, Тентип жүрүп өлөмбү?