← Кененим 7/7

Мындай тентип жүргөнчө, Маа теңдеши азыраак, Талап алып испанды, Коросонго барсамбы? Испандын малын таратып, Элди өзүмө каратып, Баашалыгым алсамбы? Жантабаны карагын, Кененимге тайанып, Жаңы хан атын алганын! Катышпай башка элдерге, Кайрылбастан түз жүрүп, Коросонго барайын, Берсе алып тагымды, Мурункудай багымды, Жөн жыргатып жанымды, Тайрайып жатып калайын, Коросондо киши жок, Мен көрбөгөн -билбеген, Беттешип чыкса мен менен, Суудай канын чайкайын.” Өзүнө- өзү акыл деп, Жүрүп кетти шакылдап, Эрте жүрүп, кеч жатып, Кээ кезинде түн катып, Минген Тору тулпардын, Төрт туйагы такылдап, Коросондун шаарына, Кирип келди жакындап. Жөө жүгүргөн бирөө бар, Этегин кайра түрүнүп, Кетип барат лакылдап, Келе жаткан Дабытай, Калды буга учурап. Лакылдап келе жаткан жөө, Дабытайдын тушунда, Шаар башкарган жалгыз дөө, Дбытайды көргөндө, Көзүнүн жашын иргилтип, Төгүп ийди жөө баскан: — Кайдан келе жатасың, Ой, Дабытай, падышам? Менин күнүм сенде экен, Хандын күчү элде экен, Жаңы хан элге жагынды, Бир кишиден албады, Жоготту алык-салыкты. Бер деп киши барбаса, Жылында салам албаса, Бей- бечара табалбай, Кыйналган киши болбосо, Кишинин баары жакындап, Мааналады ошого, Менин жайым сурасаң, Алты жерде тамымды, Бирин мага калтырып, Тартып алды баарыны. Аз келгенсип анысы, Адыр толгон малымды, Сокур төө, аксак-төкөр кой, Жетим улак, чычкак уй, Аны мага калтырды, Сокур төө кетет олоңдоп, Аксак кой кетет чолоңдоп, Улак кетет сереңдеп, Жиңгек атып куйултуп, Чынак уй качат чычаңдап, Эгинге кирет бир жерге, Малыңды тосуп албай, деп, Ээси келет кызаңдап, Азабын тартып мен жүрдүм, Мана минтип кыйшаңдап, Алты айдын ары жагында, Сени келип кетти, деп, Уктум эле укмуштан. Көрүп турам өзүңдү, Оттой жанган көзүңдү, Мана минтип кыйналтып, Жоготуп койдум өзүмдү, Уккандырсың, Дабытай, Менин айткан сөзүмдү. Бура тартып бир жерге, Көмүскөгө келишти, Эми кандай кылсак, деп, Эки бузук кеңешти. Келе жаткан жөө айтат: — Сен Дабытай, эр элең, Кененимден башкадан, Кандай эрден кем элең? Менин баргын үйүмө, Далдалайын бир жерге. Күндүз баспай түн басып, Унаа минбей жөө басып, Кененимге кердүүгө, Жүрөгү зардап чердүүгө- Баарына кабар салайын, Эл башкарган эрлерден, Эдеби колго тийгенден, Эшикке чыгып сийе албай, Короосуна сийгенден, Үч айдын күнү токсон күн, Бирден бирге айттырып, Кабар алып келем мен, Элден акыл табылса, Арык жайык чабылса, Мурункудай калдайып, Падышабыз болсоң сен. Кеңеш кебин бүтүрүп, Дабытайды бир үйгө, Караңгыда түшүрүп, Бир баласын, катынын, Дабытайды күттүрүп, Өзү жүрөт тартактап, Дабытайдын тушунда, Таанымалга жүгүрүп, Дабытайды уккандар, Баарысы калды сүйүнүп. Күн күбүрөп тынч албай, Түн дүбүрөп уктабай, Убадасын бекитип, Бирин бири жекишип, Жөнөкөй жүргөн элдерди, Койгону жок шекитип. Амал ойлоп акыл таап, Болжолдуу күнгө жетишип, Айкырып чыкты ар жерден, Кызыл канды кечишип. Кыйкырык -сүрөөн угулуп, Дабытайлап үн чыгып, Калаасы калды жабылуу, Калгандын баарын Дабытай, Өз колуна алды бу. Айласы кетип жаңы хан, Эл ичин жүрбөй текшерип, Акылынан жаңылган. Тышка чыга албады, Бир жарым жыл камалдан. Ичерине аш калбай, Шаардын ичи кысылды, Мурункудай боло албай, Ынтымагы бузулду, Айласы кетип жаңы хан, Акыл ойлоп олтурду: “Шаардакы элдерди, Сапырып айдап чыгайын, Бир сапар уруш кылайын, Бир кишинин эбин таап, Шер Кененим төрөгө, Туйдурбастан жумшайын” Деп ойлонуп алыптыр, Аттанып аскер чыксын, деп, Буйрук берип салыптыр. Шаарда жаткан тамам жан, Жардык болуп ханынан, Жабыла жөнөп калганы. Шаардан чыгып сап болду, Салыша турган чак болду, Жаңы ханды көргөндө, Жаны ачыган Дабытай, Тору аты менен чу койду. Тойту деген бар эле, Беттешип чыгып жоо сайып, Неченди алган жан эле, Дабытай менен салышып, Беттешип чыкты ал эле, Беттеп булар жүргөндө, Майдандакы көпчүлүк, Жаңы ханды көргөндө, Канча күндөн бер жакка, Какжаңдаган кан жалап, Дабытайдын бийлерин, Иш башкарган эмесин, Бирде бирин калтырбай, Байлап алды бир демде, Жүз сексенди чогултуп, Мууздап салды бир жерге. Жаңы хандап чуу тартып, Дабытайга жабылды, Карамүртөз Дабытай. Каарданып камынды, Беттеп келген Тойтуну, Мунун шорун катырды, Кара жерге капшырды, Баруучу жайга тапшырды. Кылычын сууруп кынынан, Качырып кирди Дабытай, Беттеп бирөө чыгалбай, Качып берди талаалай, Агып барат кызыл кан, Ар бир жерден салаалай, Шаарга кирди жаңы хан, Шаар эли бүт калбай. Дарбазаны бетке алып, Кездеп келет Дабытай, Мылтык атып, жаа тартып, Жамгырдай кылып ок атып, Жакындатпай койушту, Далайга жүрдү айланып, Кайрат кылып каарданып, Нечен сапар калаага, Тийип көрдү заар салып. Кире албады шаарга, Ичи күйүп арданып: “Тыштан киши киргизбей, Бир жылгача тосойун, Ач калганда чыкпайбы, Бирин бирге кошпойун. Түк айласын кетирип, Түгөтөйүн муну” деп, Калааны жүрдү кайтарып, Күнү- түнү дүбүрөп, Шаардан тышта калгандан, Кабар кылып барган жок, Кененимге бир адам, Жаңы хан өзү чыгалбай, Калаадакы камалдан, Башы айланып болду тел, Ойлоп жатып санаадан. Андай- мындай иш менен, Бир жыл өттү арадан, Кененимге бир киши, Туйдурбастан жиберди, Коросондун жаңы хан. Жаңы хандын кишиси, Кененимге жетиптир, Жалпы иштин баарысын, Кабар кыла кетиптир. Кабар угуп Кененим, Бармак болду аттанып, Кабарчы кайра барыптыр, Кененим келмек болду, деп, Кабар айтып мактанып. Жаңы хандын тарабы, Кызык уруш кылышат, Жетилип көөнү шаттанып. Жаңы хандын ичинде, Запыра деген бар эле, Дабытайга билгизди, Болгон ишти кат жазып. Даыбтай угуп кабарды, Жаңыдан ойлоп амалды, Ичинде алды бекитип, Кененим элде жок жакта, Кең Таласка барарды. “Коросон келсе Кененим, Койбойт тирүү жанымды, Кетирет амал- шайымды.” Запырага Дабытай, Сырын айтйп билгизип: — Мен Таласка барамын, Кененим келсе бул жерге, Сен Запыра айтарың, “Дабытай менен жаңы хан, Кеңеш кебин бир кылган, Келишип алып бир жерге, Сизге киши жумшаган, Таласка кетти Дабытай, Саа көрүнбөй түз мындан, Таласты тартып алышып, Туруп калмак Дабытай, Коросонду жаңы хан, Жакын болгун, Запыра, Айабай малың барынча, Кененимге уу бергин, Эчтекеден тартынба, Кененимден кутулсаң, Таластакы Сыр коргон, Тактын эли болосуң, Кыргыздын чыгып кырына, Бакыт ээси болосуң. Дабытайдан кеп угуп, Кара нээт Запыра, Ээ болдум деп Таласка, Өзүнчө калды оолугуп, Алдап алып кишиден, Ичи бузук итинен, Кененим келип калат, деп, Кабар алып бел- белден, Тайарланып туруптур, Кененим келе жатканын, Анык кабар угуптур, Таласты алып көңүлгө, Кара жүз атын буруптур, Муну мындай таштайлы, Эр Кененим төрөнүн, Кабарынан баштайлы.