Дабытайды көргөндө, Жаандан ашкан Кененим, Жагалданып турду эле, Жанаша келип Дабытай, Кебин айтты мамындай: — Эрегишке эр керек, Эр башкарган эл керек, Элебей сага катыштым, Кадырлап каңгай келди, деп, Эми таанып мен жеттим, Эрдигиңди белгилеп. Качантан бери кагышып, Кармаштым далай салышып, Испандык ханы Ачакан, Мени менен бир барган, Баарынын тарпын чыгардың, Далдал кылып тамтыгын. Өз элиңден Саламат, Сага кылды көп кызмат, Жашырбай айтам, Кененим. Бадыкөлдөн кыдыртып, Баарын айтып угузуп, Сага кылдым аны кас. Айтпады, билдиң, Кененим, Саламат тилге киргенде, Сени жеңдим дегемин. Карандатпай жаныңа, Кадемин анын катырдың, Кара жерге тапшырдың. Касташканды кем кылдың, Кара жерге тең кылдың, Калмактан келген Калдайды, Мен- мен деген чанданды, Баарысын жалмап жеп койдуң. Кишиге кылбай жылуу сөз, Жалаңгыч атка конгонуң, Бир арыш элге мен ханмын, Эби келсе жөн койгун. Беттешип көрдүм башында, Белимди такыр сындырдың, Бежайлык кылып өчөшүп, Белдүүнүн баарын кыйдырдым, Душманга салсаң жараймын, Такалышкан тар жерде, Ар иштин эбин табамын. Баашалык минген тагым бар, Маңдайымда багым бар, Жаакташса жаңылбас, Иш билги жайым дагы бар. Төрт кырым бар билгенге, Токтолбоймун ар ишке, Көөнүңө мени жактырсаң, Көргөзүп туруп ар элге. Ордума мени таштасаң. Элдер айран калгандай, Уккандар кебин салгындай, Урматтап сени узатсам. Деп Дабытай айтканда, Кененим айтат мамындай: — Ээ, Дабытай эрсиңби, Эрегишкен нечен кул, Эми айлаң кеткенби, Эптүүлөнүп келдиңби? Эрлик кандай? Эл кандай? Элдин четин бөлүнтпөй, Элди баккан эр кандай? Элөөрүп элди башкарып, Эмгекке салып кырылтып, Антип жүрүш ал кандай? Айдама кошуун кол жайнап, Алпардың элди алыска, Эл сактабай, эл кырып, Жарайсың кандай намыска? Түп атам Манас баатырдан, Бизге калган салтыбыз, Ата мурас баркыбыз. Атабыз Манас айкөлдүн, Кырк баатыры жанында, Кыркы менен жол тартып, Барып келчүү ар кайда. Аскер алып барыптыр, Чоң Бейжинге барганда. Бейжин менен башканын, Айрымы ачык ар кимге, Эки чоро ээрчитти, Семетейге келгенде. Семетей, Гүлүс, зор Бакай, Сейитекте бирге эле, Мен Кененим болгону, Кененим атка конгону, Жалгыз чором болбоду. Кечээ, Дүйшөмбүдө урушта, Бирге барды кыргыздар, Койгун десем болбоду, Унутуп калган урушту, Ат чабыш деп ойлоду. Эл багыш мурас биздерге, Эл кырмак керээз атадан, Энчиге калган сиздерге. Жанымды кой деп келипсиң, Жашырбаймын кебимди, Саламатты сага мен, Кас чыгардым дедиңби? Колуңдан келсе айанба, Өз колуңдан келбесе, Болбосту менден сураба, Кечирим кылар жерим жок, Ойлоп көрсөм мен сага. Териңди тетир сойомун, Саман салып териңе, Коросондун дарбаза, Ошого асып койомун! Катышпаймын элиңе, Карабаймын жериңе, Сенин кунуң кубам, деп, Барып калса жериме, Жамандыкка жамандык, Айабаймын дегеле. Ханы өлгөндө калкына, Катылышкан ал жаман, Эри өлгөндө элине, Эрегишкен бул жаман. Ханы жок кара букара, Камалда калган колго окшош, Эри жок ээн калган журт, Эс жыйа элек бала окшош. Элге жабыр салбаймын, Эсирген акмак, сага окшоп! Эрлигиң болсо айанба, Эч бир мага караба, Имерилер жерим жок, Эч качанда мен сага! Кененимден кеп угуп, Кепке окшобос жеме угуп, Теминип кирди Дабытай, Дегеле жаман оолугуп. Күркүрөтүп найзасын, Күү чыгарып качырды, Көмө сайып кетем деп, Көкжал төрө баатырды. Карап турат Кененим, Камынбай да, күтүнбөй. Дабытайдын найзасын, Сайдырбай кагып жиберип, Колундакы найзасын, Оңдоп кармап имерип, Кыйа тарта бергенде, Кыйрына кирип келгенде, Кый сүйбөөгө бир сайды, Кызыталак Дабытай, Ээрден көчүк бултайып, Үзөңгүдөн бут тайды. Кененимдин өткүр миз, Өкүм болот найзасы, Кабылдай сайды соотту. Ыкшап сайып өткөрүп, Найзага илип көтөрүп, Дабытайды калдайтып. Карап турат коросон, Жүрүп кетти Кененим, Коросондун элдери, Колунан жумуш келгени, Калбай өлгөн эмеспи, Артынан барган бир жан жок, Баш көтөргөн тир жан жок, Акыл табар киши жок, Аны менен иши жок. “Дабытайды алпарып, Бастырып жарга жоготуп, Кайта келип кырат деп, Канды суудай агызып, Баш- аламан кылат, — деп, Кылычтап башты кыйат, — деп, Баарыбызды кырат, деп, Жыпжылма түптүз кылат” деп, Коросондун элдери, Өз жанынын камын жеп, Убайым тартып сарсана, Упурак болуп турганда, Бурулбастан Кененим, Коросондун коргонго, Падышалык ордого, Тепчий сайды соотунан, Дарбазанын ортого. Өлбөгөнүн билбеди, Өкүм өскөн эр неме, Дарбазанын башына, Кемеринен илгени, Кылчайып артын карабай, Кара кошуун элдерге, Кайрылып жетип келгени. Асып койгон Дабытай, Өлгөн эмес өзү сак, Найза тийбей эти сак, Тулку бойу такыр сак. Дарбазада жолчуга, Жарлык кылды Дабытай, Бачымыраак түшүр, деп. Казынада элдерге, Жатып жеген эрлерге, Жалпы баарың жүргүн, деп, Жарлык кылды бүт элге, Жапырт баары жөнөдү, Жазайыл атып, жаа тартып, Очогор менен ок атып, Жер куйкалап топ атып, Алай- дүлөй тарсылдак, Жан алуучу барсылдак, Мунарыктап топурак, Асман ачык, жер бүркөк, Жерге кирди сүлкүлдөк, Жебенин огу зыркырап, Барабан үнү зыңкылдап, Баш аламан чуркурак, — Эми кайда барасың, Кыргыздан келген, кызталак?! Дабытай үнү угулат, Дабытайды көргөндө, Ыйлап аткан көп аскер, Баары кирди чуркурап. Салмоор менен таш урган, Жазбай кара башка урган, Таштын үнү дуулдап, Барскандары жонулду, Уста келет балбаңдап, Араалары колунда, Жыгаччы келет салбаңдап, Этегин өөдө түрүнүп, Күрөгүн ала жүгүрүп, Сугатчы келет тартаңдап, Белин бекем курчанып, Ийри орогун белге алып, Орокчу келет кыйкаңдап, Эрин ээрчип жүгүрүп, Катын келет тыйтаңдап, Жонунда жоор тери жок, Аттары келет кыйшаңдап. Өгүз минип өпөйүп, Өлөсөлүү чал келет, Карысы бар, жашы бар, Катын- эркек аралаш, Калбай баары бүт келет. Өзү жатты Дабытай, Коргонго кирип бекемдеп, Карап туруп Кененим: “Өткөрө сайбай боорунан, Кабылдай сайган экемин, Энөөлүк кылып элебей, Эл козголуп чайпалды, Түбөлүк болуп ченебей, Найзаны сайып мылгытып, Көгүчкөндөй сыргытып, Кете берсем ыргытып, Эндекей элге убал, — деп, Эми эле мени кырам, — деп, Карапайым букара, Ханы жарлык кылганга, Калбай келет бүт мында, Кай муратка жетемин, Карандай элди кырганга? Карабайын бул элге, Качырып барып көрөйүн, Коргондоку эрине. Атам Манас арбагы, Колдосо мени түбүндө, Дабытайды коргондон, Байлап чыгам көрүнөө.” Акыл ойлоп арбытып, Арстан Кенен көөнүндө, Алдында минген Кеңкула, Айбан жетпейт так буга, Коргонду карай жөнөдү, Камчы берип бууданга. Төрт айагы кула аттын, Топону көккө сапырып, Жал-куйругу жайылып, Катап келген көпчүлүк, Калбай баары жабылып, Жанаша албай кула атка, Шамал артта калыптыр, Ачып көздү жумганча, Коросондон коргонго, Кененим жетип барыптыр, Дарбазасы сом темир, Коргону бийик бир сеңир, Эшик эндүү ай балта. Колуна алды Кененим. Дарбазаны бекиткен, Килити да бир темир, Кайтарган киши бир канча, Карабады аларга. Каалганын килитке, Ай балта менен какканы, Ат башындай кулпусу, Талкаланып жок калды. Чапкан балта кескени, Бир жагында каалгасы, Томкорулуп кеткени, Тостуруп койгон кишилер, Токтоо кылбай жеткени, Тобун бузбай Кененим, Тоздуруп тонун өткөнү, Мен-мендеп киши келе албай, Көрүп турган Дабытай, Кол салышып чыга албай, Тар көчөнү бет алып, Качып чыкты Дабытай, Акыл айнып көз тунуп, Шашып чыкты Дабытай, Кайда барып турарын, Абдан анык биле албай. “Изимди тетир салайын, Бир тынбастан шашыла, Таласка жетип барайын, Кененим мени табалбай, Кеңгиреп мында жүргөндө, Манастан калган Таласын, Астын- үстүн кылайын, Бул жерде турсам өлөмүн, Туруп берсем тартайып, Өзгөчө кордук көрөмүн, Жалынсам койбойт жанымды, Берсем да албайт Кененим, Малым менен шаарымды, Бекер өлүп кеткинче, Таласка жетип барайын, Колбуп жаткан кыргызды, Койдой кесип баштарын, Коондой кардын жарайын, Манастан калган коргонун, Койбой такыр чагайын, Талкалайын күмбөзүн, Күйгүзөйүн ичтерин, Деп ойлонуп арамкор, Тополоң түшкөн тоз жакта, Жердин бети көрүнбөс, Топурак учкан боз чакта, Камчы басып жөнөдү, Бул бадырек тору атка. Коросондун калаасын, Койбой баарын аралап, Табалбады Кененим, Туш- тушка киши чаптырып, Дабытайды ким тапса, Баашалыгым берем деп, Тактайга катты жаздырып, Такыр дайнын таппады, Дабытайдын жээн-тайын, Жеп жоготту бүт баарын. Уул-кызы жок экен, Ажал жетип, күн бүтүп, Үйүндө өлсө Дабытай, Ордун ээлеп тактага, Ээ болору жок экен. Күчала жеп катыны, Үйдө өлдү селейип, Дабытайдын тактасын, Тапшырып берип бирине, Кененим шаардан аттанды: “Кайда кетти Дабытай, Бир күн тыным албаймын, Аны таап баш албай, Таласка барып кыргызга, Айтып койуп журтума, Андан кийин жөнөйүн.” Дүнүйөнүн бурчуна, Кеңкула менен оң тартып, Таласты карай жол тартып, Эрте басып, кеч жатып, Караңгынын чапанын, Калдайтып чүмкөп жамынып, Ат айабай келатып, Ачамай айры бир жолдон, Туйактын ойгон жеринен, Көлчөк болуп суу толгон, Ат изин көрдү Кененим. Тулпардын изи экен, деп, Тиктеп көрсө бекемдеп, Алтымыш уруу алаштын, Такасындай из эмес. Таканын тагин карады, Коросон менен испандык, Ошо жактын такасы. Анык таанып билди эле, Дабытай кеткен экен, деп, “Каңгайды карай качканбы? Акылынан шашканбы? Же Таласты беттеп жол алып, Карамендер басканбы, Кененим жокто жетем, деп, Кеңирсип жаткан кыргызды, Асты-үстүнө кылам,деп, Коросондун каалгасын, Бузуп кирди талкалап, Күмбөзүнө айкөлдүн, Кастык кылып жүрбөсүн, Так түшүрүп баткалап, Сайа түшүп изин кууп, Сапырылтып жөнөдү, Башка жакка бурулбай, Таласты карай беттеди. Коросондо далай күн, Өтүп кеткен эмеспи, Аркасынан жетпеди. Аңгеме болуп алардын, Айтылып калды кептери. Муну мындай таштайлы, Дабытайдын кыргызды, Кырганынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.